Сабиз, жумуртка жана кофе тууралуу

(икая)

Бир күнү кызы атасына келип арызданат:

– Атаке, жашоом ушунчалык оор, кыйынчылыктардан арылбас болдум го… Өмүр бою аракет кылам, бирок, майнап чыкпайт. Мындан ары эмне кылышым керек?!

Атасы кызына боору ооруп, жооп кайтарыштын ордуна, унчукпастан, үч казан асып, ага суу толтуруп коёт. Биринчисине – сабиз, экинчисине – жумуртка, үчүнчүсүнө – кофенин дандарын салат. Бир аз убакыт өткөн соң сабиз менен жумуртканы чыгарып, кофени чынысына куюп алат. Анан кызынан:

– Эмне өзгөрдү? – деп сурайт.

– Сабиз менен жумуртка бышты, ал эми кофе сууда эрип кетти, – дейт кызы.

– Сен үстүртөн гана карап жатасың. Ойлонуп көрсөң! Сабиз мурда катуу болчу, кайнак сууга түшкөн соң, жумшак, эзилме болуп калды. Жумуртка тескерисинче, буга чейин морт, суюк болсо, эми катууланды. Сабиз менен жумуртка бирдей эле шартта ар башка кейипке түштү. Адамдар да ушундай, кыйынчылыктарга бирөөлөр моюн сунуп берсе, экинчилери бышып, кайрат күтүп калышат.

– А кофечи?

– О-о, бул эң кызыгы! Кофенин дандары кайнак сууда ээрип, аны менен кошо аралаша кайнап, кадимки сууну эң сонун даамга айлантты. Арабызда да кофе сымал өзгөчө адамдар бар. Алар кыйынчылыкка кабылса, ошол кырдаалдан сабак алып, жаңы сапаттарга ээ боло чыга келишет.

Наргзиа Апасаматова

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.