“Бөрүлү” ак тулпарлуу болду

Республикабыздын эгемендигинин 19 жылдыгына карата “Ак кула” ат майданында улуттук “Көк-Бөрү” оюну боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу өткөрүлдү. Оюндун жыйынтыгында үчүнчү орун үчүн Таластын “Биримдик” командасы Нарындын “Дордой” командасы менен беттешип, жыйынтыгында теңиртоолуктар жеңишке жетишти.

Ал эми финалда атактуу “Бөрүлү” менен Ысык-Көлдүн “Кабылан” командасы кармашып, жыйынтыгында 5-0 эсебинде “Бөрүлүнүн” кыраандары биринчи орунга ээ болушту. Бул чүйлүк жигиттердин бешинчи жолу президенттик кубокту алып жатышы. Жеңиш ээлерине президенттик администрация башчысы Э.Каптагаев 100 миң сом берсе, экинчи орун алган “Кабыланга” 80 миң, үчүнчү орун ээлери “Дордойго” 50 миң, төртүнчү орунга илинген таластыктарга 20 мин сом тапшырылды.

Эң негизги баш байге – автомашинаны “Кыргызстан” коммерциялык банкы көтөрүп, ВАЗ 2107 маркасындагы жаңы жигули тартуулашты. Бул банк белгилүү ишкер Ө.Бабановго тиешелүү экендигин билебиз. Автомобилди “Бөрүлүнүн” балбан билектерине банктын өкүлү келип тапшырды. Сыягы элдин батасы улакчыларга да, аларга демөөрчүлук кылган “Кыргызстан” банкына да тийди окшойт.

«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.