Бүткүл дүйнөнүн кыргыздары бириккиле!

Акай мырза, Кыргызстанга куш келиптирсиз. Биздин окурмандарыбызды өтө кызыктырган суроодон баштасак. Биринчиден, өзүңүздү кенен тааныштырып кетсеңиз. Сизди алтайлык кыргыздардын рухий лидери (духовный лидери) катары кабыл алышса, дагы бир маалымат боюнча сизди алтайлык шамандардын башчысы (верховный шаман) катары айтып жатышат, дагы бир маалымат боюнча сизди олуя, көзү ачык деп жатышат. Деги сиз кимсиз?
Өзүм жөнүндө кененирээк айтсам, мен кыргызмын. Кыргыздын дөөлөс уруусунанмын. Кине бабамдын тукумумун, атамдын аты Ким, тагыраак айтканда менин атам Ким коммунист болгон, жана коммунистик доордо төрөлгөн. Ким деп аталып калганы Коммунистический Интернациональный Молодежь дегендин кыскартылганы. Мен төрөлгөндө атымды Сергей коюшуптур, кийинчерээк атымды которуп, Акай деген ат алдым. Жубайым жана төрт уулум бар.

Жогоруда сиз дөөлөс уруусунанмын деп айттыңыз, алтайлык кыргыздар негизинен кайсыл уруулардын курамынан турат?
– Алтайда 79 000 кыргыз жашайт. Бизде, Алтайда, урууну сөөк деп аташат. Алар негизинен дөөлөс, мундуз, кыпчак, басыз урууларынын курамынан турат жана сиздерге белгисиз, көптөгөн уруктарга бөлүнүшкөн. Саяк уруусу Тува элинин курамын түзөт.

Сиз көзү ачыксызбы, же шамансызбы. Ушуну тагыраак айтсаңыз?
(Каткырып…) Мен кыргызмын. Манастын тукумумун.

Алтайга барып келген биздин жигиттерибизден уктук, сиз жаап жаткан жаанды токтото алат экенсиз, же тескерисинче жаан, кар жаадырганды билет экенсиз. Башкача айтканда жайчылык жайыңыз бар экен, ушул чынбы?
Баардыгы Көкө Теңирдин колунда. Биз жөнөкөй гана адамдарбыз. Көкө Теңир бизди укса, биздин тилегибиз кабыл болот. Жаап жаткан жаанды токтотконум – Көкө Теңир бизди укканы.

Сиз өзүңүздү кайсыл диндин өкүлүмүн деп эсептейсиз?
Бүгүнкү күнү жер үстүндө жашап жаткан кыргыздар ар кайсыл диндерге бөлүнүп кетишкен, көпчүлүк басымы мусулмандар. Орусиядагы байыркы кыргыздын тукумдары буддизм, христиан диндерин кабыл алышкан. Сиздерде жашаган кыргыздар акыркы жылдары союз кулагандан тарта көптөгөн майда секталарга кирип кетишкен. Биздин алтайлык кыргыздарга мусулман дини жеткен эмес. Мен Теңирчимин. Ал эми Теңирчилик бул дин эмес, жөн гана ата-бабаларыбыз ыйык сактап келген каада-салт.

Орусиядагы байыркы кыргыздар деп айттыңыз, ушуга кененирээк токтолсоңуз?
Байыркы кыргыздар дегенибиз, бир мезгилде күч кубаттуу Кыргыз каганаты болгон. Кыргыз каганаты талкаланып, кулагандан кийин, кыргыздар ар тарапка чачырап кеткен. Алардын башында силер, ала-тоолук кыргыздар, турасыңар. Бүгүнкү күнү Орусияда жашап жаткан хакас, тува, шортцы, башкырлар, жана башка улуттар баары кыргыздар болушкан. Алар азыр өздөрүн кыргызбыз деп эсептешпейт. Баарыбызды бириктире турган бир кана күч бар, ал алп Манас.

“Алтай – Ала-Тоо Манас жүрүшү” деп жүрүш жасадыңар. Сизди кыргыз элине кырк жылкы берди деп уктук эле.
Кырк жылкы эмес, кырк бир жылкы. Манастын кырк чоросу жана кырк биринчи Манас баба өзү. Менин 200 жылкым бар, ошонун 41ин кыргыз элине бердим.

41 жылкы белекке берүүңүзгө эмне себеп болду?
Мен Манас тоосунан, Манас атадан аян алганмын. Ошол себептен 41 жылкы тартуу кылдым.

Алтайга барган жигиттерибиз жылкыларды алып келишкен жок деп уктук.
Биринчиден, ал жылкылар кайыптын жылкылары (небесные кони) Алтайга барган жигиттер ал жылкылардын образын, элесин алып келишти. Эң негизгиси, силердин жигиттер Алтайга барды. Канча кылымдын бери Манас ата Ала-Тоого кеткенден тарта кыргыздар биринчи ирээт Манастын туулган жерине барып таазим кылышты. Арбак ыраазы болду. Арбак ыраазы болмоюн, кыргыздардын иши оңолбойт. Манастын туулган журтунан топурак алып келдик, Кут алып келдик. Бул чоң жакшылык. Ал эми жылкыларды жашыруун алып келип, Ала-Тоонун ичинде элге көрсөтпөй багышыңар керек.

Акай мырза, мындан ары Кыргызстандын келечеги кандай болот?
Кыргыздардын келечеги абдан жакшы. Кыргыздарга ынтымак менен биримдик гана жетишпей жатат.

Сизге деле жаңылык болбосо керек, күзүндө бизде шайлоо болот, бул шайлоо тынч өтөбү же кайрадан кагылышууга барабызбы?
Астыда боло турган шайлоодо кыргыздар сырткы душмандардан сак болушу керек. Менин билишимде кыргыздардын эркиндиги, өнүгүп өскөндүгү башка мамлекеттерге жакпагандай сыяктуу. Кыргыздар биримдикте болсо, сырткы душмандардын кыргыздарга алы жетпейт. Кыргыздар баатыр эл. Өз ичиңерде кыргызмын деп, бирок кыргыз эмес, калмактар көп экен. Мына силердин душмандарыңар. Жана дагы, башка улуттун кыздарынан туулган уулдарыңар бар экен, булар кыргызды сатып жибериши мүмкүн.

Энесинин улуту башка кыргыздар эмне, кыргыз эмеспи?
Жок, сиз мени түшүнбөй калдыңыз, Манастын аялы Каныкей да башка улуттун өкүлү. Манастын энеси да Булгар хандын кызы. Булгар хандын улуту да башка болгон. Мисалы, мен жакшы тааныган агам Чыңгыз Айтматовдун энеси татар болгон. Кыргыздар башка улуттун өкүлдөрү менен баш кошуп балалуу болушса жакшы болот, бирок кыргыздарга жүүт, цыган, күрд, калмак, кытай аялдан туулган балдар хан болбошу керек.

Орус улутунан туулган балдар болсочу?
Жогоруда айтылган улуттун өкүлдөрүнөн башкасы туура келет. Орус аялдан туулган бала кыргызга хан болсо, Кыргызстан өнүгүп өсөт.

Сизди бийликтин өкүлдөрү кабыл алдыбы? Алар менен маектештиңизби?
Бул жолу кыргыздардын бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгү менен жолугуп маектештим жана белгилүү адамдар менен да кезиктим. Убакыттын тардыгына байланыштуу калгандары менен кийин кездешмек болдум.

Кимдер менен кездешкениңизди тагыраак айтып бере аласызбы?
Мага чоң таасир калтырган Ташкул байке болду. Ал киши менен көчмөндөр маданияты жөнүндө көпкө маек курдук. Жазында Ташкул байке 7-апрелде кайтыш болгон кыргыз баатырларына Аалам ордосунан чоң аш берсек деген ойдо экен. Ал ашка мен алтайлык кыргыздарды, хакастарды, туваларды, шорлорду ээрчите келмей болдум. Бул ашка бүткүл кыргыздарды чакырмак болдук. 7-апрелде болгон кыргыз элинин баатырлыгын 21-кылымда башка элде, башка жерде эч кайталанбайт. Бул өзгөчө баатырлык.

Акай мырза, бийликтин өкүлдөрүнөн кимге жолуктуңуз?
Ха – ха – ха… сиз бардык сырды билгиңиз келет экен, мен кыргыздын мурунку бийликтегилери менен да байланышып турганмын. Акаев менен Бакиевдин чөйрөсү менен, алар мен айтканды аткарышкан жок. Менин айтканым Манастын айтканы эле. Азыркы бийликтегилер алардан айырмаланып турат экен. Азыркы бийлик абдан жөнөкөй, элге жакын экен. Манастын айтканын аткарат деп ишенем.

Белгилүү саясатчылардан кимге жолуктуңуз?
Ал саясатчынын уруксаты жок мен анын атын айта албайм. Саясатчыга мен алган аяным аркылуу келип кезиктим. Ага мен: “Сиз Манастын жоопкерчилигин мойнуңузга алыңыз, Манастын жоопкерчилиги Кыргызстандагы кыргыздар гана эмес, бүт дүйнөдөгү кыргыздар же тагыраак айтканда “кыргыз дүйнөсүнүн” жоопкерчилиги” – деп айттым.

Акай мырза, сизди коштоп жүргөн Мелис Карыбеков да бизде белгилүү адам. Бул адам да келечекти алдын ала айтып, элим, жерим, Манасым деп жүрөт. Экөөңүздөрдө окшоштук абдан көп экен.
Мелис менин бир тууганым жана досум. Мелиске жолукканыма абдан кубанычтамын. Мелис касиеттүү адам экен.

Мелис байкенин касиети күчтүүбү же сиздики күчтүүбү?
Ха – ха – ха… кызык суроо болду. Бул сурооңорго Мелис өзү жооп берсе жакшы болмок. Мелис экөөбүз элден алыс жашынып күч сынашып көрдүк. Мен билбегенди ал билет. Ал билбегенди мен билет экенмин.

Кененирээк айтсаңыз болобу?
Бир мисал, Хан Теңири тоосуна барганыбызда ашуудан кар жаады. Мен Мелиске бир күн мурун айтканмын, ашууга барганда кар жаадырамын деп.

А Мелис байке эмне кереметти көргөздү?
Мелисте чоң касиеттин сыры катылып жатат. Ал коомго чоң таасир бере алат экен. 7-апрелде укмуштай таң калычтуу көрүнүштү Мелис кыймылга киргизген экен. Мен муну байкадым. Мелис кыргыздардын чоң байлыгы.

Акай мырза, акырында кыргыз элине, кыргыздарга каалоо-тилектериңизди айта кетпейсизби?
Кыргыздар аман болсо, биз алтайлык кыргыздар аман болобуз. Ала- тоолук кыргыздар дүйнөдөгү башка кыргыздардын астында чоң жоопкерчилиги бар. Ушуну унутушпаса. Кытайдагы кыргыздар, Орусиядагы кыргыздар, Оогандагы кыргыздар, Түркиядагы кыргыздар, бардыгы ала-тоолук кыргыздарды таяныч кылышат. Силердин биримдик, ынтымагыңар күчтүү мамлекет болгонуңар бизге абдан керек.

Маектешкен Эрнис Балбаков, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 31.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.