АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО-МАНАСТЫН ЖОЛУ МЕНЕН

Ала-Тоодон аттанып чыгып, Россия Федерациясынын карамагындагы Тоолуу Алтай Республикасына барып, тарыхыбыздын унутта калган барактарын жаңыртууну эңсеп, тээ байыркы бир заманда жарык дүйнөгө келип, ушул Алтай жергесинде төрөлүп, тестиер чагынан эзилген кыргыз элинин жүгүн артынып, катылган душмандардын катыгын колуна карматып, чачылган элди чогултуп, курама жыйып журт кылган Айкөл атабыз Манастын киндик каны тамган жерге барып келдик. Чынында эле, мындай жүрүш кыргыз элинин эгемендик алганынан бери биринчи ирет уюштурулуп отурат. Советтик доордо бир мамлекет болуп жашаганыбыз менен, бабабыздын туулган жерин эңсеп барган жан деле болбоптур. Мунун негизги себеби, ошол кездеги мамлекеттик идеология Манасыбызды жомок катары кабылдатып, кыргыз элинин байыртадан келаткан тарыхын будамайлап келген эле.

Кудайга шүгүр, минтип кыргыздын кырк уруусунан бирден азамат өздөрүн чоро шайлап, белсенип белдерин күмүш кемер менен байлап, ээр токумдарын артынып, Алтайды көздөй тобокел салып аттанган элек. Бул жүрүшүбүздү уюштуруу үчүн убакыт аябагандай тар болгонуна карабай, уюштуруу тобу күндүр-түндүр аракеттендик.

Бул улуу жүрүшүбүздү Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арнадык. Туура, алдыбызда келаткан 31-августта эгемендүүлүктүн 19 гана жылдыгы белгиленмекчи. Демек, биздин бул жүрүшүбүз али аяктай элек, жүрүшүбүздүн экинчи, жана үчүнчү этаптары бар.

Кудай буюруса, экинчи этабы үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында, ал эми үчүнчү этабы келерки 2011-жылдын жазына белгиленүүдө. Экинчи-Тоолуу Алтай Республикасында Айкөл атабыз Манастын убагынан бери өскөн Кыдыр (орусчасы Кедр) дарагынын он-он, беш жылдык көчөттөрүн алып келебиз. Талас дарыясынын боюндагы Каныкей энебиздин булактары жайгашкан жерге алынып келинген көчөттөрдү отургузабыз. Бул маселени чечүүдө Таластагы “Манас ордо” улуттук комплексинин директору Ормошбек Чоюнбаев мырза менен макулдашылды. Көчөттөрдүн соолуп калбашы үчүн “Манас ордодон” атайын кызматкер бөлүнүп, аларды такай көзөмөлгө алмакчы.

Ал эми үчүнчү этапта Алтай асыл тукум жылкыларынан 41ди алып келмекчибиз. Ала-Тоодон Алтайга барган жигит-чоролорубуз бул барышта Алтай асыл тукумдарын көрүп, алардын кыялдарын байкашып, кичинеден үйүр алдырышып, ала барган ээр-токумдарын токушуп, кыргыздын байыртадан келаткан салттык оюну болгон “Көк бөрү” тартышып, алтайлыктардын командасы менен таймашып келишти. Алтай аттарын жигиттерибиз тез эле үйрөтө минишип, командабыз каныккан көкбөрүчүлөрдүн командасы болбосо да, алтайлык бир боорлорубузга намысыбызды алдырган жокпус. Аттын башы тийген беттер айрылганына карабай, биздин азаматтар каршылаш команда менен тең ата таймашып, эки тайм учурунда мөрөй алдырышкан жок.

Кыргыз чоролорунан Рахат менен Арсен алтайлык бир боорлорубузга кыргыз каскадерлорунун өнөрлөрүн көрсөтүшүп, алтайлык жигиттер “канткенде ушундай өнөргө жетише алабыз” дешип, каскадерлордун тартылган дисктерин сурап алышты. Кудай буюруса, биздин келерки келишибизге чейин Алтайда да “каскадер жигиттер” даяр болот деген ойдо калдык.

Жүрүш чукул даярдалып, Кыргыз Президенти Роза Отунбаеванын атайын Тескемеси кабыл алынганы менен “Алтайдан Ала-Тоого – Манастын жолу менен” жүрүшү өтө турган Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн атайын кызматтары менен келишимдердин жоктугунан жүрүшүбүзгө эки өлкөдө тең каршылык-тоскоолдуктар болду. Андыктан, жүрүшүбүздү бир-нече этапка бөлүүгө туура келди.

Белгилей кетчү жагдай, эң негизгиси – кыргыз чоролору Улуу жүрүштө аткарчу вазийпасын аткарып келишти: 1. Манас бабабыздын төрөлгөн жери – Тоолуу Алтай Республикасынын Манас туу (тоо дегенди алтайлыктар туу дешет экен) б.а. Кантуу тоосунун сол жак тарабында жайгашкан Бөйрөктүү жайлоосуна барып, атабыз төрөлгөн жердин кутун (энергиясын) дене бойго сиңирип келдик. Эми КУТ тун эмне экенине токтололу:

Кут – кыргыз элиндеги байыртадан келаткан ишеними боюнча сейрек гана адамдарга жолуккан эриген коргошундай көлкүлдөгөн материалдык зат. Аны тапкан кишиге бакты-таалай, түбөлүк жыргал турмуш берүүчү кочкул кызыл түстүү нерсе. Аны күнөөсү жок, таза жүргөн киши гана көрөр замат “Айланайын, ак сары башыл!” деп таза чүпөрөккө ороп, катып алууга тийиш. Эгерде ниети бузук адамдын колуна тийсе, ал эриген коргошундун калдыгына айланып калат дешкен ата-бабаларыбыз.

Ал эми, Тоолуу Алтайда “кут” деген түшүнүктү адамдын жаны катары эсептешет. Жана кут бир нече түргө бөлүнөт: буер кут ( жерлик кут), салгын кут (абадагы кут), ийэ кут (эне кут). Буер кут-кичине киши түрүндө адамдын денесинен бөлүнүп, жанында айланчыктап, аны сак-сактап жүрөт. Салгын кут-адам уктаганда анын денесинен бөлүнүп саякаттап жүрөт (адамдын ар кандай түш көрүшү ошого жараша болот). Ийэ кутту – карасанатай духтар уурдап кетсе, адам өлөт.

Айрым этнографиялык фактыларга таянганда байыркы кыргыздар да адамдын жанын (кутун) ушу түрдө элестетишкен. Кут жашоого, өмүргө, дегинкисин айтканда, тиричиликке түрткү берүүчү кубат-күч катары жеке адамдарга гана эмес, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө да таандык экенин бабаларыбыз байыртадан эле билишкен. Ошондуктан, кутмандуу деген сөз-куту бар, кут конгон, кут колдогон адам деген мааниде колдонулуп келет. Кутмандуу адам көбүнчө дөөлөттүү, бактылуу адам маанисинде түшүндүрүлөт. Кээде касиеттүү деп эсептеген адамды да кутмандуу деп айтылганын кезиктиребиз.

Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ, журналист,
“Айат пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.