АСАН КАЙБЫЛДАЕВ

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Шум ажал чыгаан педагог жана илимпоз, чебер комузчу, музыка изилдөөчү жана жазуучу Асан Кайбылдаевди арабыздан алып кетти.

Асан Кайбылдаев Ысык – Көл облусунун Ак – Суу районундагы Боз- Учук айылында 1929- жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктап, педагогдук кесипке ээ болгондон кийин, 1949 – 1974- жылдар аралыгында Ысык – Көл облусунун Ак- Суу районундагы Боз – Учук мектебинде директор болуп иштөө менен жаш муундарга татыкттуу билим, таасын тарбия берген. Андан тарбия алышкан бир катар уландар жана кыздар кийин элдин керегине жараган коомдук, мамлекеттик жана саясый инсандардан болушту.

Андан кийин 1974- 1976 – жылдары ошол эле райондогу Ак- Булуң орто мектебинин директору болуп эмгектенди. Табиятынан зирек Асан Кайбылдаев кызмат тепкичинен жогорулап, 1976 – 1978 – жылдары Ак- Суу райондук маданият бөлүмүн башкарды.

Андан соң илимий майданга өтүп, 1978- 1989- жылдар аралыгында Кыргыз илим изилдөө институтунда эмгектенип, бир катар илимий эмгектерди жаратты. Алсак, 8-9- класстар үчүн окуу китебин жазган авторлордун бири катары кыргыз тилинин синтаксизин өркүндөтүүгө өз салымын кошту. Ошондой эле, “4-8-класстын окуучуларына кыргыз тилин окутуунун айрым маселелери” деген методикалык колдонмону жазып, тил илиминин өркүндөөсүнө бараандуу салым кошту.

Асан Кайбылдаев 1989- 1999-жылдарда Кыргыз улуттук теле- радио корпорациясында иштеп, бул жерге да өзүнүн изин калтырды. Тактап айтканда, кыргыз радио берүүлөрүнө кошкон олуттуу салымы үчүн аталган корпорациянын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Чебер комузчу Асан Кайбылдаевдин кыргыз музыкаасына кошкон салымы да аз эмес.Атап айтканда, Улуттук музыканын проблемалары жана күү өнөрчүлүгү боюнча көп сандаган публицистикалык макалаларды жазган. Анын натыйжасында “Күү баяны” аттуу эмгеги үчүн “Жылдын мыкты китеби” деген адабий сыйлыкты 2000- жылы алган. “Аял, Билим берүү, Келечек” деген темалар боюнча журналисттер арасында уюштурулган конкурска активдүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан аялдар конгрессинин жана Фридрих Эберт фондусунун диплому менен сыйланган. Манас -1000- мамлекеттик дирекциясы тарабынан Сыйлоо баракчасын алган.

Асан Кайбылдаев кыргыздын музыкалык аспаптарын жасоонун ыкмалары тууралуу да эмгектенген. Колдонулушу жагынан музыкалык аспаптарды топторго бөлүп классификациялаштырган. Мисалы, анын бөлүштүрүүсү боюнча кыл аспаптарга: комуз, кыл кыяк, үйлөмө аспаптарга: чоор, чопо чоор, сыбызгы, сурнай кирет.

Өңгө жалган, өлүм ак демекчи, өлүмдөн эч ким качып кутулган эмес, ошондой болсо да, Ардактуу Асан Кайбылда уулу эли эскере турган эмгектерин калтырып кетти, байбичеси Тоту экөө алты кыз, эки уулду тарбиялап, жогорку билим берип, эл катарына кошту. Мына ушуга каниет кылалы. Анын жаркын элеси аны билгендердин , чогуу иштешкендердин кесиптештеринин, бардыгынын жүрөктөрүндө ар дайым сакталып кала берет. Кош Асаке, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко, ыйманың жолдош болуп, Алла таала жаннат бейишинен жай берсин.

Үй-бүлөсү, кыздары, балдары, небере, чөбөрөлөрү,туугандары, жолдоштору.

“Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.