Бишкекте япондордун “Бон” бийинин фестивалы өтөт

18-сентябрда Бишкекте жаштар аллеясынын  аймагында «Бон» деген аталышта япон бийинин фестивалы өтөт.

Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары билдирди. “Бон” бийи япондордун салттуу оюндары менен коштолот. Фестивалды өткөрүүнүн башкы максаты Кыргызстан менен Япониянын элинин ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүүнү тереңдетүү болуп саналат.

“Бон” бийине быйыл 500 жыл толот. Ал өз убагында каза болгондордун арбагына сыйынуу катары жаралып, убакыттын өтүшү менен диний багытын жоготуп, япондордун салттуу бийлеринин бири болуп калган.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 06.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.