Түркия “Манас” эпосу кыргыз элине гана таандык баа жеткис мурас экенин ЮНЕСКОго билдирет

Түркия “Манас” эпосу кыргыз элине гана таандык баа жеткис мурас экенин ЮНЕСКОго билдирет. Бул туурасында бүгүн КР Маданият жана маалымат министрлигинде өткөн жыйында Түркиянын “Мармара Групп” фондунун төрагасы Аккан Сувер мырза билдирди.

Аккан Сувер ушул жылдын 14-сентябрында ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушаарын, анда “Манас” эпосунун Кытай Эл Республикасынын атынан Уюмдун Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилип калышына байланыштуу маселени козгой тургандыгын билдирди. “Бул улуу эпостун кыргыздарга гана таандык экенин эч ким тана албайт. “Манас” дүйнө элине кыргыздардын гана атынан таанылышы керек”, – дейт ал.

Мындан тышкары А. Сувер жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу боюнча аракеттер көрүлөөрүн баса белгилеп: “Улуу жазуучунун көзү өтүп кетсе да, анын чыгармаларынын өмүрүн улантуу биздин милдет болуп саналат”, – деди.

“Мармара Групп” фонду 1985-жылы түзүлгөн жана Түркиянын БУУдагы Экономикалык Кеңешинин өкүлү болуп саналат. Аталган фонддун төрагасы Кыргызстанга болгон иш сапарында Президент Роза Отунбаева баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушкандыгын билдирип: “Мамлекет башчылыгына аял кишини алып келүү менен Кыргызстан анык демократиялык өлкө экенин көрсөттү. Бул жалпы түрк дүйнөсүндөгү жакшы жаңылык болуп саналат”, – деген оюн айтты.

М. Ибраева, “Кабар” МА, 02.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.