ТИЛИҢЕ ТИБИРТКЕ ЧЫККЫР! же туура эмес котормолор тууралуу

Учурда тамак-аштын, тиричилик буюм­дарынын,кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле банктардын түрлөрү көп. Андыктан Бишкекте буларды жарнамалаган көрнөктөр да толтура. Бирок алардагы туура эмес котормолор, орфографиялык жана грамматикалык одоно каталар зээнди кейитпей койбойт.

АШКАНАДААЖАЙЫП МААНАЙ…
“Ката жазылыптыр” деп оңдогуңуз келип кеттиби, окурман? Мына ушундай ката Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тиричилик буюмдары жарнамаланган көрнөктө бадырайып турат. Сыягы, жарнама берүүчүлөр буюмдарды жарнамалагандан тышкары элди жаңылмачты бат айтып үйрөнүүгө даярдап жатабы деп кетесиң. Анан эмей, ашканадаажайып деп эки сөздү кошуп окуп жатпайбызбы…

Толугу менен

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.