“Сагынганда бир келээрсиң” Чыңгыз Айтматовдун жубайына арналган…

“Сагынганда бир келээрсиң” аттуу ырдын тарыхы абдан кызыктуу. Аны КР эмгек сиңирген архитектору Аскар Исаев ашык болгон кызы Мария Урматовнага арнаган. Ал айым улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун экинчи жубайы экени баарыбызга белгилүү. Мария Урматовна жаш кезинде Ленинграддагы кинематографиялык институка тапшырып, окуп калат. Ал жерден Япон жигити менен таанышып, алардын сүйүүсү күч алып, бир нече убакыт сүйлөшүп жүргөндөн кийин баш кошушат.

Үйлөнгөн соң Японияга кетишип, ал жерден бир кыздуу болушат. Бирок, бир жылдан кийин тилекке каршы япон жигити Мария Урматовнаны кызы менен таштап кетет. Баш калкалаган үйү жана башка керектүү буюмдары менен Японияда жалгыз калат. Кыргызстанга кайтып келе албай, бир туугандарын, эли жерин сагынып, абдан кыйналат. Эмне кылуу айласын таппай жүргөн убакта Японияга Чынгыз Айтматов атайын иштери менен барып калат. Анда жазуучу Кыргыз кинематогрофисттер союзунун төрагасы болуп иштечү. Бүткүл дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун Японияга келгенин угаары менен Мария Урматовна атактуу мекендешине жолугуп, бактысыз никеси жөнүндө жашырбай айтып берет. Жаш келинге боору ооруган жазуучу Кыргызстанга ала келип, кинематогрофистер союзуна катчы кылып орноштуруп коет. Ошол убакта Чынгыз Айтматов Бүбүсара Бейшеналиевадан айрылып, жүрөгү сыздап, сүйүүгө суусап турган чагында Мариядан кандайдыр бир окшоштукту табат. Балеринанын кандайдыр бир элесин эске салган татына келин Айтматовду жүрөгүндөгү жарадан алаксытып, Марияга баш кошуп, Ширин аттуу кыздуу болушат. Убагында Мариянын аркасынан сансыз жигиттер чуркап, арзуусун арнаган. Алардын сабында Аскар Исаев да бар болчу. Сүйүүсүн билдирип, колун сураса дагы Мария Урматовна теңине албай, башка улуттагы жигиттин колун кармап, Японияга кетип калганда жан дүйнөсүндөгү ыйын ыр менен басып, “сагынганда бир келээрсиң, эстегенде сермелээрсиң, Ала-тоону көргөндө” – деген ыр саптарын жараткан экен.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.