Акын Алик АКИМАЛИЕВ: “Дөөлөрдүн кичинекей аялды сүйүүгө убактысы жок”

Адабиятка сырттан көз салып жүргөн кээ бир окурмандар тамаша-чынын аралаштырып “Мамлекет адабият менен маданиятка көңүл бурбай калгандан бери көпчүлүк калемгерлер чыгарма жазбай башка иштер менен алектенип кетти. Бирок жалгыз гана Алик Акималиев тээ союз учурундагы акын, жазуучулардай эле эч жерде иштебей чыгармачылыктын артынан түшүп, догурунуп болсо да ыр жазып жүрдү. Ошол гана чыныгы акын экен” деп калышат. Бул сөздүн чындыгы бардай. Себеби жеке мен бу киши менен тааныш болгондон бери (он беш жыл аралыгында) аны көчөдөн дайыма өзүнүн кол жазмалары, ар кандай гезит-журналдар, ким бирөөнүн же өзүнүн китептери салынган кытай баштыгын көтөрүп алып, кайдан келип кайда жөнөгөнү белгисиз шадаңдап баратканын көрөм. Сүйлөшө келсең кандай ыр жазгандыгын, алдыда кандай китеп чыгарганы жаткандыгын айтып кирет.

Чындыгында Алик Акималиев кыргыздын сүймөнчүк акындарынын бири. Ал элге жугумдуу ырлары, оригиналдуу мүнөзү менен белгилүү. Анын байлык менен бийликтин артынан куубай, ыр деп жүрүп алтындай асыл курагын, бир берилген өмүрүн өткөргөнү түшүнбөгөн кишиге акылсыздык, түшүнгөн кишиге баатырдык. Биз Алик АКИМАЛИЕВди таап, аны менен болгон маегибиз ушул өңүттө уланды.

Алик байке, сөздү эмгек китепчеңизден баштайлы. Сиздин бир жерде иштеген учуруңуз болду беле?
Мен поэзиянын көзүнө чөп салган жокмун. Поэзия бул – сулуу аял сыяктуу. Ал сенин жарымыңан ылдый же жарымыңдан өйдө каалабайт, ал сени бүтүндөй каалайт. Мен деле эл сыяктуу саясатка, бизнеске кетип, болбосо кызматка байланып көртириликке көмүлүп же арактын артынан кууп кетсем ким кой дейт эле. Бирок мен поэзияны башка нерсеге алмаштырып кеталбадым. Поэзияга мен баарынан кечип салып, ач-жылаңач калсам да, өксүсөм да ага берилген кечил сыяктуу мамиле кылдым. Жанымды кыйнап тынымсыз изденүүдө болдум.

Бир өмүрүңүздүн ушинтип өткөнүнө өкүнбөйсүзбү? Башка эле бир жол тандап, мисалы, ишкерлик менен алектенип “мерс” минип же жылуу бөлмөдө отуруп алып эл башкарсаңыз болбойт беле?
Антип кеткендер болду. Мисалы, менин көптөгөн досторум, калемдештерим чыгармачылыгын токтотуп башка жолду тандап кетишти. Бирок алардын өкүнүчү ичинде жүрөт. Алар кө-өп нерсени, эң негизгиси, адамкерчиликти жоготуп алышты. Көрсө, акча, саясат деген адамды аябай кирдете турган оокат турбайбы. Ал жолдо жүрсөң көп адамдарды алдап, ким бирөөлөрдү курмандыкка чалышың керек экен. Антип жүрсөң сыртың байыганы менен өз абийириңден кетип, ичиң талкаланып бүтөт да.

Сиз талкаланган жоксузбу?
Жо… анда мен акын да, адам да болбой калмакмын. Ошентсе да мен акын деген сөздүн нукура маанисин эми гана түшүнүп келатам.

Азыр канча жаштасыз?
Элүү төрттөмүн. Көрсө, акын деген бул өтө ыйык нерсе экен. Буга керек болсо Алыкул да жетпей кетти десек болот. Орустардын кыйын деген акыны Есенин да акындык даражага жетпептир. Маяковский “Как быть поэтом” деген макала жазган. Далай адамдар акын болууга умтулушкан. Бирок акын болууга мен деген генийлердин да ал-күчү жеткен эмес.

Сиз эми качан акын деген даражага жетесиз? Жашыңыз болсо 54кө келип калыптыр?
Мен бул даражага сексен жашымда жетем деп ойлойм. Азыр мен өзүмдү жазуучу деп эсептейм. Эл мени гений дегени менен чындыгында мен али акын деген атка татый элекмин. Мындай атка азыр кыргыздын мен-мен деген ыр жазгычтары да жете элек.

Сиз жөнүндө калемдеш досторуңуздун биринин “Достору аны кармап жүрөт акын деп, аялы аны кармап жүрөт эркек деп” деген сабы бар экен. Бул тууралуу эмне дейсиз? Дегеним, сиз досторуңуз үчүн акын катары гана, ал эми аялыңыз үчүн эркек катары гана керексизби?
Эми бул азил түрүндө жазылып калган да. Досторумдун сыйлаганына ыракмат. Элдин ошончолук айтып-деп турганы мени аябай кубандырат. Бирок түшүнө келгенде, азыр калем кармап акын болуу деген бул чок баскан менен барабар тура. Аны Гамзатов да жазбады беле. Мен азыр поэзия, акын деген сөздөрдөн коркуп калдым. Булар өтө ыйык нерсе экенин сезген үчүн айтып жатам. Мурун баатырдыкка, жаштыкка салып жүрүптүрбүз да. Көрсө, аябай чоң нерсеге урунуп алган экенбиз. Бирок мен ага өкүнбөйм. Эми ошол нерсенин ажарын ачып, чырайын чыгарып дегендей, аны маңыздуу кылып акташка аракет кылабыз.

Сиз үй-бүлөңүз үчүн кимсиз? Акынсызбы, атасызбы?..
Хе-хе-хе… Мен үйдө эч ким эмесмин. Мени үйдө акын дешсе, анда түзүк болбойбу. Кезинде Шукшиндин 12 жаштагы кызы мектептен чуркап келип “ата, сиз жазуучу турбайсызбы, мектептегилер айтып жатышат” дегенде бечара Шукшин бир саат ыйлаган экен. Бир жолу менин кызым да “мектепте сизди акын деп айтып жатышат” дегенде мен деле бир эмес эки саат ыйладым… Үй-бүлө деген акыныңды, генийиңди уруп койбойт. Сен алар үчүн жемди мол тапкан ата болуп аларды багышың керек.

А сиз үй-бүлө бакпадыңызбы? Өзүңүздү кандай ата деп эсептейсиз?
Жакшы эле ата болдум деп ойлойм. Мен өзү табышкермин да. Байлардан эки эле сабым менен 100-200 доллар шыпырып алам.

Анда чыгармачыл интеллигенция арасында айтылып жүргөн Алик Арзымат атамдын арбагы колдосун деп эле колунда барларды мактап ыр жаза коюп акча таап алат деген кеп чын турбайбы.
Эгер Арзыматтын өзүнө токтоло турган болсок, тарыхта мындай киши болгон эмес. Арзымат деген уруу болгон. Аны Жоомарт Бөкөнбаев Токтогулдун образын ачып бериш үчүн эле ойлоп тапкан. Ал эми ода деген нерсе керек болсо Пушкинде деле бар. Кезегинде мындай ырларды Шота Руставели да жазган. Алыкул деле Сталин менен Ленинге арнап ыр жазган. Эми көңүл үчүн мындай ырларды жазып деле коюш керек. Бирок мен ода жанрын эч качан поэзия деп эсептебейм. Мындай ырларды үчүнчү ырлар деп коем.

Кыскасы, сиз ода жазып жүргөнүңүздү танбайсыз…
Жазам, бирок бул эми жөн гана өзүңдүн чеберчилигиңди сыноо үчүн жазылган уйкаштыктар деп койсо болот.

Анан үй-бүлөгө да акча табыш үчүн да, ээ?
Ооба, сөзсүз калем акы болот да.

Сиздин кайсы бир ырыңызда “Бир жакшы кыз сүйгөн жок, бир жакшы кыз күйгөн жок, армандуу Алик жалбырттап барат” деген саптарыңыз бар. Сүйгөнүңүзгө жеткен эмессизби же жеңебиз сиздин кадырыңызга жетпедиби?
Эми ошо мени сүйө турган аял жаралбаса керек. Же жаралса да мен ага жолуга албай калсам керек. Анан бу акынды көтөрө ала турган аял чанда болот турбайбы. Менин өзүмдүн ырым бар, акынга аял алпы Каныкей да чыдай албайт деген. Каныкей Манаска чыдаса чыдагандыр, эгер ал акынга тийип калганда аны Каныкей энебиз жалпайта муштап жолуна түшмөк. Акын деген тозоктун иши да. Анын кыялын түшүнүш кыйын. Ал бирде бала, бирде пайгамбар, бирде император, бирде селсаяк. Керек болсо мен өзүм да акындыкты түшүнө албайм. Аларды адамзат ичине батырып, жердин көтөрүп турганына ыракмат деш керек.

Ток этер жерин айтыңызчы, жеңебизге ыраазысызбы?
Эми аны… ага мен ыраазы болбосом Кудай ыраазы болгондур. Аны мен “железобетонный аял” деп коем. Түшүнө албаса дагы түтүп келатат, айла жок.

Азыр кайсы бир аялзатын сүйүп калышыңыз мүмкүнбү?
Дөөлөрдүн кичинекей аялды сүйүп отурууга убактысы жок.

Сиз тууралуу Алик Акималиев адам болбой туруп эле акын болуп алган деген кеп бар. Буга жообуңуз?
Адам болуп алыш оңой эле. Акын болуш кыйын. Алар миллиондогон адамдардын жүгүн көтөрүп жүрөт. Айтып атпайымбы, мен дале акын боло албай жүрөм. Мындай касиетке эгедер болгондор чанда. Ал эми дүйнө жүзүндө адам деген толтура. Бирок кашайып аларың деле көр пенде боюнча калып адам боло албай жатпайбы. Алар адам болуп алышса мен уялганымдан болсо да эчак эле акын болуп алмакмын. Ошолорду адам кылам деп поэзиянын азабын тартып жүрбөймүнбү. Эзелтен эл үч “П”га баш ийет. Правитель, поэт, полководец. Ал эми партия деген төртүнчү “П”га баш ийбейт. Аны жөн гана колдоп коюшу мүмкүн.

Сиз учурда эч жерде иштебейсиз. Кирешеңиз каяктан болот?
Кудайдан болот. Мага киреше өзү эле түшө берет. Кээде каяктан акча түшүп жатканын деле билбей калам. Анна Ахматованын “Я уважаю богатых” деген ыры бар эмеспи. Мен да байларды сыйлайм. Мени багып жаткан ошолор.

Бүгүнкү күнгө чейин канча китептин автору болдуңуз?
Кайра-кайра басылып жатып төрт жолу китеп чыгардым.

Сизди өзүнүн китебин сатуу боюнча да уста дешет…
Менин тээ илгерки чоң таяталарымдын бири өзбек улутунан болгон экен. Анын кызы таенемдин апаларынын апасы болуп кетет го. Ал киши чоң соодагер болуптур. Генетикалык жактан кан өтүп келе берет да. Кыскасы, мен жүргөн жерде эле соода боло берет. Байлар мага акчаларын кантип бергенин да билбей калышат. Анан базарга китептеримди көтөрүп келатсам же жылдызым барбы эл колуман талашып, бура бастырбай калышат. Өзүм ойлоп коем, бул таяке журттан келген касиет го деп.

Сиз кээде чоңдор арасында өз китебиңизди аукционго да коюп калат турбайсызбы. Бир китебиңизди эң көп болгондо канча сомго саттыңыз эле?
Бир китебимди бер жагы жүз доллардан, кээде он миң сомдон саткан учурларым болгон. Алар баасын билет да. Өзү түшүнүктүү, акылдуу киши бай болот. Бир сом чыкпаган зыкым кишилер байлыгын кармап кала албайт.

Балдарыңыздан сиздин жолду жолдочулар барбы?
Жок. Мен балдарымдын бири акын болуп калгандан корком. Бул өнөрдөн менин жүрөгүм канап калды. Эч кимге акындык тагдыр каалабайм. Ал өтө коркунучтуу жол. Акындык өнөрдү миллиондон бирөө гана көтөрүш керек. Калгандарына бул кесипти ыраа көрбөйм. Мендей азап тартууну балдарым эле эмес башкаларга да каалабайм. Мунун жүгүн көтөрө албай өлүп калышың да мүмкүн.

Поэзия менен ырдын айырмасы барбы?
Ырды көрүнгөн адам эле жаза берсе болот. Ал эми поэзия жаратуу тозок иш. Ал өтө чоң чеберчиликти, керек болсо сенин өмүрүңдү талап кылат. Поэзия жаратуу үчүн чоң даярдык керек. Гамзатов айткандай, акын деген миңдеген сапаттарды алып жүрөт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.