Кыз-келиндердин зер жасалгалары

XIX-XX кылымдарга таандык күмүштөн, шурудан, каухардан, мончоктон ж.б. түстүү металлдардан жаралган асем буюмдарына: шакек, билерик, топчу, оймок, сөйкө, бой тумар, желбирөөч, чолпу, чач учтук, чачпак, күбөк, чачкап ж.б. өңдүүлөр кирип, үлгү кармоодо зергерлер “сыя төгүү” (“мина төгүү”, “себет төгүү”), “тордоо”, “ийүү”, “эшүү”, “согуу”, “сиркелетүү”, (“таруулатуу”), “калыпка куюу”, “чегүү” (“чапкылоо”) сыяктуу ыкмаларды колдонушкан. Кыз-келиндер тагынган күмүш буюмдарынын көбү күндөлүк жашоо тиричиликте жаш өзгөчөлүктөрүнө карата жасалгаланып, акак таш, айнек, шуру, маржан таш сымалдар менен “тогуз төбөлөнүп” (куткундалып), жумуру, төрт кыр, жалпак билерик, шакек, сөйкөлөргө шибеге аркылуу көркөм ою түшүрүлүп, ага себет төгүлгөн. Күндөлүк тагынган сөйкөлөргө караганда мааракелерде, айт, аш-тойлордо атайын тагынуучу сөйкөлөр беркилерден кооздугу жагынан айырмаланат. Алар эшилип да, торчолонуп да, учтарынан майда калакчалар чыгып да, зергерчиликтин көпчүлүк ыкмаларын ичине камтуу менен бүткөрүлөт.

Зер топчулары түрдүүчө формаларда: жалпак, тоголок, томпок (купа), сүйрү, төрт бурчтук түрүндө болуп, шуру, түстүү айнек, маржан, таш жана сирке, сыя төгүп, көркөм оюу түшүрүлүп кооздолгон.

Кыз-келиндерге таандык сөйкө-желбирөөчтөр – сейрек кездешүүчү жасалга. Бул бири-бирине куюлуша шайкеш келген оймо-чиймелүү жумуру күмүш жана ар кыл түрдөгү жалпак, чачы-чачы болуп бириккен шакекчелерден турат. Аны ашынган күмүш усталар гана жасаган. Көркөмдүгү жогорку чекке жеткен, муундан-муунга өткөн мындай нускаларды музейлерден да чанда жолуктурууга болот.

Аялдар чачка тагынуучу кооз зер буюмдарынын түрлөрү: чолпу, чач папик, чач учтук. Чолпунун тумарчасы болуп, оюу түшүрүлгөн, төрткө чейин тегерек канаттан чыгат жана алар шакекчелер менен даанакерленет да, асыл таштардан “тогуз төбөлөнүп”, анын четин сиркелетип, күмүш шакекчелер, “чаян түйүм” менен кооздолот.

Чач папик формасы конус же көмкөрүлгүн калпакча болгон күбөктөрдүн бетине оюм-чийим түшүрүлүп, кебезден, жүндөн, жибектен ийрилип, чыйратылган жип чачыктары күбөктүн көңдөйүнө бекитилет.

Музейде XIX-XX кылымдарга таандык болгон кыз-келиндердин көркөм жасалга буюмдары болжол менен 2000 дей. Эң бир таң калаарлык күтүлбөгөн кереметти жаратууда кыргыз эли менен бирге канаатташ жашаган элдердин салымдары бардыгын, өнөрдүн бири-бирине өтүшүн эстен чыгаруу жарабайт. Чыгаан зергерлерибиз алардын салттуу узанууларын кайрадан карап, өздөрүнө ылайыкташтыра сиңире өздөштүрүп, өзүбүздүн чеберчиликти өркүндөтүү менен өнөрдүн бул түрүн байытышкан.

Амантур Акматалиев элдик этнограф,
«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.