Тилим менин – дилим менин

“Мажүрүм тал Оштун символу” деп обон салса, бул сөз курамы нукура кыргыз тилине көп коошпогондой түр калтырат. Азыркы кезде мындай коошпостуктар, өөн учураган сүйлөм-сөздөр кыргызча теле-радио, рекламага окшогон калктын табитин калыптандыра турган маалымат каражаттарынан көп эле кездешип, адатка айлана баштады. Көп учурда мындай көрүнүш орус ж.б. тилдерден сөзмө-сөз механикалык которуудан келип чыгууда.

Ушуну кеңейтип айтканда, кыргыз тилинин жашоосу көп жагынан эркин өнүкпөстөн жасалма түрдө өтүп жатат. Бул коркунучтуу көрүнүш.

Тилдин өнүгүп-өсүүсүнүн башкы белгиси анын көкүрөктөгү сезимди, кырдаалды, ар кандай кубулуштарды, түпкү ойду, учурду туура жана так айкындап-ачып, жеткирип бергенинде. Тилдин өнүгүүсүнүн алгачкы белгиси ушул. Кайсы акын, жазуучу ушундай касиетке ээ болсо гана көпчүлүктүн назарына илинет. Кыргыз тилинин далай заманды карытып келе жаткан салты, бийик деңгээли жаңы муун тарабынан жеткиликтүү өздөштүрүлүп аталган максатта пайдаланылбай жаткандыгы да мамлекеттик тилдин жолун тосуп турат.

Тил – бул символ
Символ дегенибиздин сөзмө сөз грек тилинен котормосу – белги, аяндуу көрүнүш дегенге жакын. Бирок анын илимий чөйрөдө колдонулган терең маанисинде – адамзатынын ички дүйнөсүнүн түпкү маани-маңызын билдирип туруучу образ, белги, көрүнүш, материалдашкан форма деп айтсак жакындайт.

Мындай көз караш менен карасак, анда, эне тил дегенибиз – бул ар элдин кулк-мүнөзүн, көргөн-билгенин, мурдагы жашоо тажрыйбасын эле эмес, анын жан дүйнөсүн чагылдырып турган нерсе, же тагыраак айтканда, символдордун системасы. Мисалы, кыргыз тилинде этиштердин кыска жана түз айтылышы (барат, келет, тур, кара, жаса д.у.с.) түбү бир казак-өзбек тилдеринен айырмаланып (барады гой, келеди ж.б.) жеке кыргыз элине таандык менталитеттин белгиси болушу мүмкүн. Аскердик буйруктай түз айтылган сөздөр катаал кырдаалда жашаган тажрыйбаны эле эмес, кыйпычыктаган кошоматтан алыс турган мүнөздү да белгилеп өтөт.

Ал эми “Мажүрүм тал Оштун символу” деп калыбы мажүрүм тал Оштун көркү, аны көрсөң Ош эске түшөт маанисинде ырдалгандай. Бирок, “мажүрүм талга” карай эл арасында кайгынын, көз жаштын, айрылуунун белгиси (символу) катарында караган түшүнүк да бар. Албетте Оштогу кандуу окуяларды эч ким аян кылып тилеген жок. Бирок мындай көрүнүштөр биз үчүн ар нерсеге олуттуу жана терең карап, таанып билүүгө үйрөтүшү керек. Мисалы, совет мамлекетинин туусу, герби, беш жылдызы, Лениндин мавзолейи, мамлекеттик имараттарынын курулушу ж.б. символдор – булардын баары жөн жерден эле чыга калган нерселер эмес. Ар биринин артында айтайын деген ой жана элдин аң-сезимине таасир калтыруу максатында терең катылган сыр-белги бар. Мындай сырлардын арты миңдеген жылдардын аркасында.

Чыңгыз Айтматовдун керээзи
Символ геометриялык белги же тамга гана эмес, жандуу көрүнүш болушу да мүмкүн. Мисалы, азыркы учурда кыргыз жеринде болуп өткөн окуялар кыргыз элинин ар бир мүчөсүнүн жан дүйнөсү менен байланышкан. Кайда гана болбосун кыргыздын ар бир намыстуу уул-кыздары элим-жерим деп деп жүрөк оту күйүп турган учур. Россиянын шаарларынан түштүктөгү элге жардам деп болгон каражатын бөлүшүп жаткандар, Кытай эл республикасындагы жүрөгү чыдабай, тияктагы элибизге кандай кызмат кылабыз деп элге күйгөн кыргыз бир боорлорубуз, Европа, Америкада жүрүп кыргыз-геноцид деп жалаа жапкан чет элдик ММКлардын маалымат согушуна каршы турууга аракет кылган жаштар булардын бардыгы кыргыз элинин, кыргыз дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү. Дененин бир жерин кессе, бүтүн жан сыздагандай, элдин өзүнчө бир шаар болуп, бир уютку организм болуп тургандыгынын жандуу символу.

Эгер мына ушундай сезим бүтүн түрк дүйнөсүнө тараса, анда түрк элдеринин келечеги бар деп айтууга болот. Бирок тамыры, жан дүйнөсү бир элдин өкүлдөрү дүйнөнүн ар кайсы жеринде жүрүп өз мекенинен, дили-тилинен алыстап кетпейби деген ой көкүрөктү өйүйт. Ошол чачылганды чогултуп, өчкөн отту тутанта турган нерсе – азыркы кезде ар түрдүү күчтөрдүн арбоосунда турган кыргыз мамлекети. Бүтүн дүйнөлүк аты бар, ар бир советтик адам сыйлаган кыргыз уулу Чыңгыз Айтматовдун да акыркы керээзи ушул болгон. “Элибиздин эгемендүүлүгү, кыргыз мамлекетинин турушу – бул биздин бактыбыз. Чыныгы байлыгыбыз. Биз баардыгыбыз элдин ушул эгемендүүлүгүн, өз тагдырын өзү чечип, өсүп өнүгүшү үчүн кызмат кылуубуз керек”, – деп насаат калтырган, дүйнөдөн көзү өтөөр алдында.

Так ушул баа жеткис байлыкты тартып алууга, өлкөнүн эгемендүүлүгүн кургак сөзгө айлантууга аракет кылган душмандар ичте да, сыртта да абдан көп. Бирок алар, кошуна жашашкан бир тууган өзбек эли жана анын азыркы мамлекеттик бийлиги же казак эли эмес. Канчалык азап менен ызага батканда да муну унутууга болбойт. Биз ушул күндөрү эле көрүп жатабыз: Өзбек бийлиги Кыргызстандагы кагылышка барган өзбектерге, “силер кыргыз мамлекетининде жашайсыңар, ошол өлкөнүн элин, мыйзамын сыйлап жашагыла. Кандуу кагылышты уюштурган сырткы күчтөр” деп калыс сөзүн айтып, ошонусу менен биздин мамлекеттин кызыкчылыгын гана эмес, өзүнүн коопсуздугун да коргоп жатат. Ага салыштырмалуу чет элдик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, НПО (өкмөттүк эмес уюмдар) дегендер адам укугун бетке кармап кыргызстандык өзбектерди кайрап, өч алууга чакыргандан кайра тарта турган эмес.

Атайын жасалган ишпи?
“Мындай аракеттер терең катылган бөлүп-жаруучу ойдун, белгисиз максаттардын ээси болгон жандимилердин жан-дүйнөсүн бир символу болот”, – деп ой жоруп көрөлү. Мисалы кыргыз элине улутчул-шовинисттердин тар дүйнөсүн жасалма түрдө таңуулоонун, фашизмдин жарлыгын иле салуунун канчалык кереги бар эле. Анда, мындай сырдыкана аракеттердин артында элдин духун түшүрүп, эгемендүү мамлекеттик бийликти жана элдин ырыскысына жазылган байлыкты колдон чыгарбай кармоо максаты турбасын? Биздеги саналуу улутчулдарыбыз айтышат: “кыргыз элинин көбү тигилер айтып жаткандай чындап эле улутчул болсо, биз кубанат элек. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатпайбы”. Кыргызда улутчулдук канга сиңген нерсе эмес. Байыртадан, эл кубатка толуп, эң бийик деңгээлге жеткен учурда болсо, адамдын адамгерчилигине, акыйкаттыкка карап мамиле түзүү салтка айланган. Бирок, кийинки кездерде ата-бабадан калган салтка жарака кетип, шартка жараша иш кылуу, жеке кызыкчылык үчүн адамгерчилик, бир туугандык дегенди тебелеп тепсеп башкаларга жанын сатып күн көргөн адамдардын тобу өсүп чыкты. Мындай адаттардын изин оозеки фольклордон, совет доорунда чыккан кыргыз адабий чыгармаларынан да тапсак болот. Бирок ушул заманда “журт башкарабыз” деген жандимлердин залалынан бул көрүнүш оору-өнөкөткө айланып турган учуру.

Алардын изин улуттун руханий жашоосунан эле эмес, мамлекеттин жүзү болгон сырткы символикалык белгилерди кабыл алуудан да көрүүгө болот. Мисалы, азыркы кыргыз мамлекетинин символу болгон күн караманы элестеткен түндүк тартылган “кызыл туу” байыртадан бери колдонулуп келген деп айтып жүрүшөт. “Манасты” мисал тартышат. Бирок “Манаста” кыргыздын туусу дайыма кызыл болгон деп айтылбайт. Бирде “Ак асаба, кызыл туу” деп сүрөттөлсө, бирде көк түстө деп айтылат. Мисалы, Манасты кан көтөргөндөн кийин айтылат:

“Ошондо Жакып,
Ороздунун көк туусун,
Оболотуп аштады”.
Орозду Манастын чоң атасы, демек илгертеден кыргыздар көк тууну алып жүрүшкөн деп да бүтүм чыгарууга болот. Бирок, тереңирээк иликтеп көргөндө байкасак болот, туунун түсү шартка же боло турган окуяга жараша өзгөрүп турган. Ар бир түстүн өзүнчө орду менен мааниси болгон. Ушул өңүттөн алсак, анда илгери “кызыл түстөгү тууну” согуштун, өлүм-житимдин белгиси катары пайдалынышкандай. Азыркы кезге чейин кытай мамлекетиндеги кыргыздар өлүк чыга турган боз үйгө туу тигишет. Эгер каза болгон адам жаш болсо туунун түсү кызыл, кары адам болсо туунун түсү ак. Зордук менен өлтүрүлгөн адамга да кызыл желек илишет.

Элдин маданиятындагы кылымдарды чапчып турган мындай салт-санааларды жана символикалык көрүнүштөрдү эсепке албастан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында кабыл алынган малекеттүүлүктүн символдору, аларды кабыл алып бекитип берген “интеллектуалдуу” жетекчилердин чыныгы деңгээлин ачып көрсөтөт. Же алардын бул жоругу да ошол “жетекчилердин” жандими жаратылышынан кабар берген дагы бир символикалык көрүнүшпү? Атайын жасалган ишпи?

Канткен күндө да, символ болгону чыныгы дух-рухтан кабар берүүчү, аян берүүчү гана белги катары кызмат өтөйт. Аларды алмаштыра албайт. Бирок баш айландыруунун, адаштыруунун заманы болгон ушул заманда анын мааниси андан бетер зор.

Эмиль Каниметов, философия илимдеринин кандидаты,
«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.09.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Тилим менин – дилим менин

  • 05.09.2014 at 18:36
    Permalink

    тилди сактай турган- эл!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.