Бейшебай УСУБАЛИЕВ, жазуучу-окумуштуу: «Азыркылар өлүмдү кайдан билишет!..»

– Бейшебай байке, сиз менен баягы эле экөөбүздүн ортобуздагы көнүмүш адат болуп калган адабияттын тегерегинде сөз кылганы келдим.

– Келсең-кел, силер, гезитчилер, саясат, анан артисттер жөнүндө жаза берип, а биз, окурмандар, силердин коендой окшош макала, баяндарыңардан чарчадык. Кызык, жылдардын бир жылдарында азыркы жамырап чыккан кыргыз гезиттерин окугандар эмне деп ойлошот? Алар Кыргызстанда саясатчылар менен артисттер гана жашаган эке-ен, булардан бөлөк тирүү жан жашабаптыр дешет ко…  Анда адабият, аны жараткан жүрөк жөнүндөгү суроолоруңду жаадыра бер, «кандуу кармашка» мен даярмын.

– Жакында жарык көргөн «Түн» аттуу повесттер жыйнагыңызды окуп чыктым. Буюрса, акыркы 10-15 жылдан берки жарыкка чыккан китептердин арасынан «Түнүңүз» колго аларлык жыйнак болуптур. А өзүңүздүн баамыңыз кандай? Адатта, китеп жарыкка чыккандан кийин автор тарабынан өзүнчө көңүл кайт болгон сезимдер да кошо келет эмеспи. Ошондой сезимдер болдубу?

– Ырахмат, Олжоке, жылуу пикириңе. Мындай бүтүмгө келгениңе караганда, кийинки жарык көргөн чыгармалардын далайын окуган көрүнөсүң. Болбосо, биз, кайран кыргыздар, бири-бирибиздикин окубай туруп, сыртыбыздан тон бычып, күпүлдөй бермейибиз бар. Мен прозаиктердин ичинен Султан (Раев) менен Маматтын (Сабыров) жыйнактарын окуп чыктым. Султандыкы драмаларынан башкалары, мурда басмасөздөрдө жарык көргөн чыгармалар экен, а мен драмаларды окубайм. Маматты жазуучу катары биринчи көрүшүм, мурда аны таланттуу журналист катары билчүмүн. Менимче, экөөндө тең жазуучуга эң зарыл касиеттер  –  жаралуу жана аялуу жүрөк, мүнөз түзө билүү, тилдик туюм бар. Султан башынан эле адабиятка өз үнү, өз көзү менен келген талант. Драматургия  таасириби – билбейм, айтор, кийинчерек анда шарттуулук күч алгандай туюлду. Мисалы, «Соцреализм» аңгемесин ушул шарттуулуктун кесепетинен  толук түшүналбадым. Ал эми жазуучу Маматка журналист Мамат өзүнүн терс таасирин тийгизгендей туюм калтырды. Сыягы, жазуучулук ой жорум менен журналисттик ой жорум өзара байланышта болсо да, эки башка кубулуштар окшойт. Анан да Мамат кеп мүнөзүн реалдуу берем деп отуруп, диалектиге ашкере берилип кетет экен. Мен аны бул жагынан Мурза (Гапаров) байкеден үлгү алууга чакырар элем.

«Түнгө» келсек, аны айрымдар окуп чыгыптыр. Көзүмө жамандамак беле, негизинен, жылуу пикирлерин айтышууда…

Акын-жазуучу дегениң күнөөкөргө окшош: колуң менен кылганды мойнуң менен тартышың керек. Жыйнагың жарык көргөндөн кийин, ким эмне деп жиберет деп аркимди жалтаң карап, култуюп отурасың. Өзүмдүн баамымды сурап атпайсыңбы, өзүмө жаккан үчүн чыгармаларымды жарыялоого батындым да. Бир чыгармаңды кээде окуганда көңүлүңө жагат, анан башка бир учурда окусаң эле жакпай калат, көңүлүң кайт болот. Эмне үчүн мындай, билбейм. Мен чыгармаларым жарык көргөнгө чейин аларда кандайдыр бир мандем бар экенин сезем, бирок ал мандем эмне экенин билбей атпаймынбы, аны билүүгө да, оңдоого да кудурет-күчүм жетпейт экен…

– Негизинен чыгармаларыңыздын дээрлик көпчүлүгү качандыр бир кездеги атаңыз экөөңүздөрдүн ортодогу мамиледен чыккандай туюлат. Балалык кездеги сезимдер адам эс тутумунда эмнеси менен сакталып каларын сиздин чыгармаларды окуп атканда көп ойлоном. Чындыгында, сиздин эс тутумуңуз ушунчалык тунукпу же апыртмаларыңыз көппү?

– Экинчи сурооңдон баштайын. Өзүң жакшы билесиң, көркөм чыгарма – чындыкты кайра жаратуу. А кайра жаратуу дегендик – бул, тергебей айтканда, апыртуу. Бирок бул аркылуу мен чыгармаларымда чындыктын негизи жок дегим келбейт. Чыгармаларымда атам экөөбүздүн ортобуздагы мамилеге кайрылбай өталбайм, мен муну атайы деле жасабайм, буга кандайдыр ички муктаждык, мага башийбеген сырдуу күч мажбур кылат окшойт, анткени бул темага кирип кеткенимди көбүнчө кийинчерек билип калам. Сыягы, мен балалыгымдан айрылып жашай албайм го, балалыгымды боорума бекем кыскан бойдон бул дүйнөдөн өтөт окшойм. Менин балалыгым – бул менин атам, экөөнү ажыратып жиберүүгө болбойт.

Аталар жөнүндө узун сабак сөз кылсак болор эле, ага кийин өзүнчө кайрыларбыз, азырынча кичине чекмелеп өтөйүн. Атам менен бирге өстүм, бирге жатып, бирге туруп дегендей… Апамдын апам экенин кийин мектепти бүткөндөн кийин билдим. Атамды дайыма бучкактап ээрчип жүрөр элем, жадагалса өлүккө барса да. Апам ыйлактап кала берчү. Атам унчукчу эмес, келатасыңбы дегендей сырдуу карачу. Атамды, негедир, албарсты көп басчу. Мен уктабай, соксоюп жанында отура берчүмүн. Албарсты баса баштаганда, аталап жулкулдатып ойготчумун. Атам өлүп калса эле мага бул жашоо токтоп калчудай сезилчү. Атам жакшы жашады, сексен экисинде көзжумду. Бир-эки ай түшүмдөн кеткен жок. Кичине дымый түшкөн, кийинчерек кайра түшүмө кирчү болду. Экөөбүз түшүбүздө бир да сүйлөшпөйбүз. Ал негедир мага нааразыдай, мени дайыма муңайым тиктеп турган болот. Чочуп ойгоном да, «кап, эмне эле мени минтип тиктей бересиң?» деп сурап калбаганыма өкүнөм. Мени аяйбы, же чын эле мага нааразыбы – билбейм. Көкүрөктө уюп калган даа бир эки нерсени айта кетким келип атат.

Атам кийин төшөк тартып жатып калды. «Балам, менде эмне арман бар. Мына, атадан жалгызмын деп арман кылчумун, эми минтип он эки балалуу болуп отурам, арманым калган жок… Өлүмдөн коркпоймун, жандын чыкмагы тозок дейт, ошондон корком…» деп калчу. Арман демекчи, атам: «Чоң атамдын колунда өстүм, өз энемди бир да жолу «эне» деген жокмун, «жеңе» дечүмүн. Көзү тирүүсүндө «эне» дегенимди бир да жолу укпай кетти, байкуш!..» деп өкүнөр эле. Өзү өлөрүндө: «эне…», «эне…ой…» деп жатып үзүлдү, ошентип, өлөрүндө «эне» деп айтып кетти. Атам үчүн эң ыйык нерсе – тукум эле, бирөө көзжумганда, «артында тукуму калбадыбы» деп өзүн-өзү жооткотчу, тукумсуз өтүп кетсе, «атаңдын көрү ай, тукум калбай калбадыбы!» деп тегеренип-тегеренип кетчү… Атам революцияга чейин кашкарлык молдодон билим алган, арабча жакшы эле кат-сабаты ачылган адам эле. Бирок негедир молдо болууну каалабады. Бир жолу гана (сексенге чукулдап калганда) айылга молдо болуптур. Бирок жарым жылга жетпей ордун бошотуп берди. Себебин сурасам: «Ээ, балам, бу молдолук дегениң ниетиңди бузуп салат окшойт. Эртең менен үйдөн чыгып баратып, каяктан өлүк чыгаар экен дегенсип, соксоңдоп эки жагыңды карай баштайт экенсиң» деп койду башын чайкап…

Мен атам менен гана эмес, анын курбалдаштарынын баары менен камыр-жумур өстүм, абышкалар командасында, чөйрөсүндө чоңойдум десем болот. Арбири азыр да көзалдымда турат. Арбиринин өзүнчө кыял-жоругу бар эле, арбири өзүнчө бир аалам, баарынан да арбири чыныгы абышка эле. Азыркы абышкалардын бирөө да аларга окшобойт. Мына ушул чөйрө менин балалыгымды атама, атамды, тескерисинче, балалыгыма айландырып салса керек…

– Эмнеге сизге окшоп атасын бучкактап ээрчип жүргөн көп эле балдардын эсинде сиз кармап же кармай албаган сезимдер сакталып калбайт?

– Өтө оор суроо экен, бир беткей кароо да, жооп берүү да кыйын. Чын эле, атасын бучкактап ээрчип жүрүп эле, анан өзүң айткандай, эч бир сезим сактап калалбагандар да четтен табылат. Мени бул өтө түйшөлтөт. Бул эми атадан баланын, а баланын атадан тирүүлөй айрылуусу деген эле сөз, мындан өткөн шор жок. Мунун көп себептери бардыр. Ошолордун ичинен эки себепти өзгөчө бөлүп айткым келет. Биринчиси, ошол баланын жүрөгүнө балалык кезинде атасынын дүрбөлөң, козголоң салууга жарабай калгандыгы. Ким болбосун бала чагында сөзсүз жүрөк дүрбөлөңү менен козголоңун баштан кечирүүгө тийиш. Экинчиси, биологиялык коддо, жатын маселесинде… Буга байланыштуу дээр деген өтө олуттуу маселе калкып чыгат («дээринде жок болсо кантейин!» деп далайлар жер сабап жүрөт го), демек, тукумду оңдоо маселеси биздин көңүл чордонубузда турушу керек.

– Атаңыз сизди какыс-кукус кылып урган күндөрү болгонбу?

– Ушу суроону жакшы бердиң. Кичинемде какыс-кукус кылса кылгандыр, бирок ал эсимде жок. Эми ойлосом, эс тартканы атам элүүдөн өткөн, азыркы менин курагымда экен. Ошондо эле капкара сакалы көкүрөгүнө түшкөн, чап жаак, узун бойлуу киши эле. Ал менин көзалдымда түбөлүк ушул бойдон калды. Атамдын сакалын карап отуруп: «Атам эки жүзгө же миң жашка чыкса керек» дечүмүн. Биз он эки биртууган элек, баарыбыз бирге эки бөлмөлүү жер тамда өстүк. Мен ортончусумун. Атамдын менден улууларын деле, кичүүлөрүн деле чындап «ийлегенин» бир да жолу көрбөдүм. Тентек кылгандар болсо, «сениби, колума тиерсиң!..» деп силкинип атып эле, бир убакта жазылып кетчү. Кээде жакшы эле качырып, тап берип келатып, анан урууга колу барбай, туруп калчу. Биз күлүп жиберчүбүз, бизге кошулуп өзү да күлчү. Бирок биз андан сезип турчубуз. А айылдагы балдар титиреп коркуп турушчу. Алар, сыягы, атамдын сырткы турпатынан, анан көзүнөн коркушса керек. Аларды атам коркутуп-үркүтчү деле эмес, болгону: «Балдардын кулагын кесип жүрүп чарчадым, бир баштыгым толду. Эми бир баштыгым калды, кана кимиңер тентек кылдыңар, кулагыңарды тоскула!..» десе, алды өкүрүп-бакырып ыйлап, арты тызылдап каччу. Мындан бир канча жыл мурда айылга барсам, элүүгө чыгып калган айылдашым: «Кудая тоб-оо, эмне экенин билбейм, Шеңке байкемди (атамдын ысымы) азыр көргөндө да титиреп коркуп кетем…» дейт.

Азыр ойлосом, атам бизди катуу деле кармабаса керек. Улуу агам мектепти аяктап, университетке тапшырды. Экзаменди Нарындан берди. Нарын менен биздин айылдын ортосу – 30 чакырым. Атам анан он чакты пачке тамекини алып, апта айланбай эле агама жөнөп калчу: «Баламдын тамекиси түгөнүп куурап кетти го, кой, жеткирип келейин…»

Биз бала кезде жай айында көп «жоголуп кетчүбүз». Сууга түшмөй, чикит ойномой… үй унутулат. Аркайсы үйдөн эле апаларыбыз «сайрап» аткан болот: «Дагы жылт койгон тура, сени карап тур, кечинде келгенде, атаңа айтып шыйрагыңды чактырбасамбы!..» Кызык, анда аталарыбыздан биз, балдар, гана эмес, апаларыбыз да коркушчу, аталар алар үчүн кудай болучу. Мындан да кызыгы, аталарыбыз үйдө отурчу эмес. Иштешеби же иштешпейби, барыбир, эркек аттуулар күндүз үйдө болчу эмес, кечинде гана пайда болушчу. Өзгөсүн билбейм, мен үйдө отуруп, аялы менен акыйнек айтышкан эркекти жолуктурган эмесмин. Кер-мур айтыша кетишсе, аялдарын жаман көзү менен бир карап коюшчу, же бир чаап, артын карабай басып кетишчү. Аялдарынын сайраганын кулактарына илип да коюшчу эмес. Жанале жетер жерибизге жеткирген апаларыбыз, кечинде өздөрү кайра бизди «өлүмдөн» сактап калышчу. Күүгүмдө баарыбыз шелпейип, «фронттон» кайтып келебиз, курсак ач, сууга он жолу түшсөк да, топуракка оонап келгенсип, карала-торалабыз. Үйгө кирмек кайда, картошканын солдоруна сойлоп кетебиз да, «команданы» зарыгуу менен күтөбүз. Бир маалда апаларыбыз акырын чыгат да, үнүн жасап белги берет. Бул – атаңар уктады, кирсеңер болот дегени. Биз шырп алдырбай киребиз да, төшөгүбүзгө култ-култ кирип кетебиз. Кечке чейин «туз арткан» жаныбыз тырп этпей уктайбыз. Биз турганда атабыз ордунда жок болуп чыгат. Азыр ушуларды эстеп таңдана берем, ошондо эмне кудайдын азабын тартып, картошканын арасында жатчубуз деп, башыбызды шылкыйтып үйгө кирип барсак, аталарыбыз жеп ийбейт эле го…

Атам бир атадан жалгыз болсо да, чоң атамдын биртуугандарынын балдары көп болчу. Алардын баары атамдан кичүү, баарын атам титиретип кармачу. Кадыр-баркына, мансап-бийлигине карачу эмес. Мына, ошондо бир агам бригадир эле, ал учурда бригадир чоң активдердин бири саналчу. Айылыбызда карапайым адамдардан эчким деле арак иччү эмес, актив чалыштар гана ууртап-татышчу, ага булар кадимкидей сыймыктанышчу. Ошол ууртап-татыгандардын көрүнүктүүсү биздин бригадир агабыз эле. Ал мас болгон күнү биз үчүн майрам. Атына минип алып тоого атырылтып чыгып, атырылтып түшкөнү, аялын айыл аралата кубалаганы… айтор, биз жабалактап эле артынан ээрчип жүрчүбүз. Ал «концертин» эртең менен баштайбы, шашкеде баштайбы, айтор, атам келмейинче соолукчу эмес. Кечинде атам келчү да, чамгарактаган эргулду короонун дал ортосуна көтөрүп уруп, желкесинен ныгыра-ныгыра басып, анан зым карагайга былк эттирбей байлап таштачу. «Кичине бала, катуу байлап таштадың окшойт, абайласаң…» деп анын энеси күйпөлөктөп жанында жүрөр эле. Кызык, ал канчалык мас болбосун, бир да жолу атама үнүн бийик чыгарганын көрбөдүм. Желкесинен ныгырып атканда да, карагайга таңып атканда да, болгону: «Байке, улуусуң да, болбосо…» деп булдуруктап коер эле. Эртеси эртең менен эрте башын шылкыйтып үйгө кирчү, үндөчү эмес, чай иччү. Туруп баратканда гана: «Байке, кечээ ит болупмун» дечү. «Сен дайымеле ит болуп жүрбөйсүңбү!» деп койчу атам үшкүрүнө.

Инилери атамдан көп эле токмок жешти окшойт, көбүнчө аялдарынын азабынан таяк жешчү. Үйбүлөдө кагылышуу болбой коймок беле, мындай учурда атама кабар заматта жетчү. «Эх, жаман кудай урган!..» деп күңгүрөнүп, атам жөнөп калчу, артынан мен. «Тигине, молдокем (келиндери атамды «молдоке» деп тергешер эле) келатат!..  – дечү, «сорпо» ичип аткан аялы ыйлактап. – Карап тур сени..» Күйөөсү тып токточу, токтобосо, тийиштүү «сорпосун» атам ичирип койчу. Ушундан уламбы, менин бир мезгилдеги солкулдаган жеңелерим азыр – алды жетимишти, арты алтымышты чапчыган байбичелер.

Атам мурун деле, кийин деле эчкимибизди жекирип каарыган жок, тегерете отургузуп алып, акыл деле айтпады. Болгону: «Эми өз акылыңар өзүңөрдө…» деп коер эле сырдуу. Баса, ушунчалык баласаак эле. Баланын ыйына таптакыр чыдай алчу эмес. Кийин-кийин төшөккө жатып калган учурда деле, көчөдөн кичинекей баланын ыйлап жаткан үнүн укса: «Кудай мени а-аал, кудай мени албай койбодубу… Ой мусулмансыңарбы, кой деп койсоңор боло, уруп жатып өлтүрүп коймой болбодубу баланы!..»

Сенин какыс-кукусуң мени ушулардын баарын эстөөгө мажбур кылып отурат, Олжоке! Жүрөктү бир жылуу нерсе өрдөп өтөт. Анан… Ооба, биз какыс-кукус менен чоңойгонбуз, мунсуз балалыгымды элестете албайм. Эчбир кол тийгизбей эле, ата-энебиз какыс-кукус кылышчу. Ашынып баратсак, сөз укпай кейкеңдесек, муштум менен деле ийлеп коюшчу. Ата-энелерибиз гана эмес, эже-агайларыбыз деле «муштум» куралын колдонушчу. Биз эчбир деле эрөөн-төрөн алчу эмеспиз, муну кандайдыр бир жазылбаган закон катары кабыл алчубуз. Бирок ата-энелерибиз да, мугалимдерибиз да бизди кор тутушчу эмес, чээнден чыккан тентектерге да кандайдыр бир ишеним менен карашчу. Анан…жүрөк таарылат. Өткөнгө эмес, азыркы учурга, азыркы балдарга. Өзгөчө өлүмдү оюнчук катары көрүшкөнүнө. Мен өз жанын кыюуга дити барган мадырабаштарды айтам. Азыр какыс-кукус жегенди мындай кой, анча-мынча ачуу сөз укса же айтканын аткарбай, айталы, кечинде кечеге жибербей койсо, мойнуна жип салып, муунуп калышчу болду. Бу эмне деген шумдук! Өлүш керек дегенди булар кайдан ойлоп табышкан, мындай ой кайдан келген, деги алар өлүмдү кайдан билишет!.. Буга ким күнөөлүү? Бу балакет бара-бара адатка айланып кетсе не болот? Ойлогондон коркосуң, жүрөк титирейт. Ошондуктан какыс-кукус маселесин ушундай деңгээлде көтөрүп чыксаң жакшы болор эле…

– Жазуучулук турмушта көбүнчө эмнеден азап тартасыз? Сөз издегенденби же ой-идеяданбы?

– Ой, идеяны издебейм деле го. Ал өзү келет, келгенде да капысынан. Даана, ачык эле келгенсийт, «ушуну жазышым керек!» деп өзүңчө өкүм чыгарасың. Жаза баштасаң баягы дааналык, ачыктык жок, чокмороктошкон, бүдөмүк бир нерсе болуп чыга келет. Дал ушу бүдөмүктүүлүк сени жей баштайт, сен аны. Бир бүдөмүктүүлүктү ачыкка чыгарганың – бул сен аны жегениң, ал эми ошол бүдөмүктүүлүк ачыкка чыгып, дагы бир бүдөмүктүүлүктү тууп кетет – бул анын сени жегени… Чыгарма жаратууну азап дешет, бул – болбогон сөз. Эгер ал чын болсо, эчким чыгарма жазмак эмес, анткени адам аттуунун баары жан кыйнагысы келбейт. Чыгармачылыктын азабы – анын жыргалында. Сага толук эркиндик бергенинде, изденүүгө толук жол ачканында. Чыгарма жазып аткан учуруңдагыдай эчкачан эркин да, бактылуу да болалбайсың. Чыныгы адамдык кудурет-күчүңдү, касиетиңди чыгарма жазып атканда сезесиң, анткени ушул учурда гана чыныгы изденүүгө кабыласың. Ал эми сөз издөө – ушунун эле бир бөлүгү. Ой менен сөз эки бөлүк жашай албайт, чыгармадагы сөз – бул бир нерсенин аты эмес, а анын жандуу элеси, чыгармадагы сөз шакардай кайнап да, таштай муздап да турат.

– Адам куйма кулак, акмак кулак, таш кулак болуп үчкө бөлүнөт экенбиз. Сиз кайсы тобундасыз?

– Башка курагымды анча жакшы билбейм, бирок биринчи классымда куйма кулак болсом керек. Эжейим «Алиппени» кандай окуса, дал ошондой шар окур элем. Эжей таңданчу, үйдөн такай көзөмөлгө алчу атам андан бешбетер. Бирок мындай ашкере «жөндөмүмдүн» сыры бат эле ачылып калган. Канчалык шар окуганым менен «кана, «ата», «апа» деген сөздөрдү тапчы» десе, кашайып тапчу эмесмин. Ошентип, эжейимди да, атамды да далай түйшүккө салдым окшойт. Өзүм да булардан кем азап тартканым жок. 4-5-класстарда араң кошуп окууга жетишип калдым окшойт…

Физиологиялык жактан алганда, мурда менде куйма кулактык касиет үстөмдүк кылса керек, жаш өйдөлөгөн сайын, тиги «кулактардын» да белгилери кошула баштайт экен. Нравалык жагына келсек, мен сага мындайча суроо бергим келет: «Деги азыркы адамдарда кулак барбы?..»

– Китептеги «Акча» повестиңиздеги кыш куйган баланын төшөккө ушатып койгон деталын эмнеден улам алгансыз?

– Ал бала чын эле ушатып койчу да, ошондон алгам. Повесттеги каармандарымдын баары реалдуу адамдар. Апам менен атамдан бөлөктөрүнүн баарынын көзү тирүү. Кыш куйдурткан кишинин аты – Курманбек, азыр жетимиштен өтүп калды го, биздин коңшубуз болчу, азыр деле коңшу жашайт. Аялы – Турар жеңе, азыр алтымыштан өтүп калды. Ошол Турар жеңе бир күнү үйгө атайы келип, баланын төшөккө такай коё берип коёрун апама «сүйүнчүлөп» кеткен. Аны мен илип алсам керек. Бирок бул жөнүндө мен баланын өзүнө «сүйүнчүлөдүм» беле же жокпу – азыр эсте жок. А повестимде «сүйүнчүлөпмүн».

– Дегеле акча жөнүндө чыгармада айтылбай калган философиялык оюңуз?

– Мен философиялык ой айтайын деген эмесмин, философиялык ой деген эмне экенин деле оңгулуктуу билбейм. Кыш куйган бала жандүйнөмө эмнеси менен бүлүк салганын билбейм, бир күнү эле ошол бала эсиме түшүп, «Бир бала…» деп жазып келатып, таштап койгом. Кийин аны кайрадан колума алып, аягына чыгардым. Атын «Акча» деп өзгөрттүм.

Адам баарына (согушкабы, айрылуугабы ж.б.) чыдайт экен, баарын көтөрө алат экен, бардык азап-тозоктордо өзүнүн адамдык касиетин сактап калууга кудурети жетет экен. Бир гана көртирилик бороонунун алдында туруштук бералбайт көрүнөт, каалайсыңбы, каалабайсыңбы, бул бороон сени майыштырат. Ушундан улам, адам физикалык жактан өлгөнгө чейин эле өлүп, жарым өлүк болуп өмүр кечире баштайт окшойт. Мына ушул адамдык трагедияны, көртирилик маңкурттугун, менимче, кыргыз акындарынан Алыкул Осмонов «Жибек кийген эрке кыз» деген ыры, прозаиктеринен Мурза Гапаров «Байчечек» аттуу аңгемеси аркылуу биринчилерден болуп сыздап кыйытып чыгышкан. «Акча» повестимдеги акча да ушул көртирилик маңкурттугунун бир көрүнүшүбү деп ойлойм. Бирок мойнума алышым керек: повестимди жазып атканда, мындай ой башыма таптакыр келген эмес, бул жөнүндө таптакыр ойлобопмун…

Олжобай ШАКИР, «Аргумент»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.