Байдөөлөт. Азирет Аалы.Мышык

Аскараалы Абдылдаев – бүгүнкү күнү 86 жашта. Ал Тогуз-Тородо 63 жыл айыл чарбасында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Айыл чарбасынан тышкары кыргызчылыкка байланыштуу айта турганы арбын аксакалдын төмөнкү баяны окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз.

Байдөөлөт калпа жылына эки маал: жазда, күздө жоголуп кетчү экен. Мергенчилер кийиктин аркасында жүргөнүн, атайын кийик аталы деп барып, ата албай койгондуктарын айтышчу экен. Ошол мезгилдерде Жалал-Абаддан эшен хамра деген бекти өзүнө чакыртып калат. Бек Байдөөлөт калпаны калканч кылып, сизди эшен чакыртып атат деп, жанына беш дубананы кошуп жиберип ийет. Эшен кой союп коноктоп, анан меймандарына Азирет-Айыпка (илгери эл сыйынчу мазар болгон, азыркы Жалал-Абад курорту) сейилдеп келүүнү сунуштайт. Үч булагы бар. Бир булагы 40 градус жылуу, күкүрттүү суу. Экинчиси сасык. Айыкпаган жараларды жуушат. Азыр мамлекет грязолечение кылып бөлүп койгон. Байдөөлөт калпа: “Ал – өлүк мазар, биз тирүү мазарбыз. Азирет Аалы өзү келип учурашсын”, – деп барбай коет. Кечки намаздан кийин Байдөөлөт калпа: “Ассалоому алейкум”, – деп коет. “Кимге салам айтып атасыз?”. “Азирет аалыга салам айтып атам. Ал өзү келди”.

Бек Байдөөлөт калпаны сынап көрмөкчү болуп, мышыктын этине палоо бастырат. Бир жигит табакка толо ысык палоону көтөрүп келип койгондо, калпа мурдун көтөрүп “пыш-ш” деп коет, табактан мышык ыргып чыгып, эшикти көздөй жүгүрөт. “Болду, болду таксыр”, – деп ыраазы болгон эшен эртеси башына ак топу кийгизип, үстүнө ак чапан жаап, “Сиз мурда калпа эле болчусуз, эми эшен-калпа болдуңуз”, – дейт. Ошондо баягы коштоп барган беш дубана: “Ушунча жыл ушуга кызмат кылып, малын багып жүрсөк, бир келген Байдөөлөттү эшен калпа кылып, бизди дубана бойдон кетирет” – деп өз ара сүйлөшүп, нааразы болушат. Аны эшиткен эшен “Кыргыздын кара мылтыгын билесиңерби. Байдөөлөт баарын даярдап келип, мен болгону ошол кара мылтыкка от коюп койдум, Байдөөлөт мурда эле эшен экен. Силер, макул калпа болгула” – деп кенендик кылган экен.

Кызыл буудай. Эшендин кою
Бир жылы ачарчылык болуп, уй жазында кеч тууп, эл катуу кыйналган экен. Талаадан келген Байдөөлөткө байбичеси жеп-ичээрге эч нерсе жок, балдардын ачка экендигин айтат. Чоң казанга суу куйдуруп, калпа байбичесинин эшикке чыгып туруусун өтүнөт. Канча бир убакыт өткөн соң: “Байбиче кел, сүтүң жылыды, жаап кой. Эртең менен ачасың”, – дейт. Байбичеси эртең менен казанды ачса эле, чын эле айран болуп калыптыр. Ошол айран түгөнбөй, он күнчө он үйлүү айылды багыптыр. Бул бир сыры экен.

Экинчиси, жаз маалы, эгин айдаганга үрөн жок. Арып-азып турган эл Байдөөлөттүн айтуусу менен арык чаап, жардын боорунан суу алып келишет. “Сугаргыла”, – дейт Байдөөлөт. “Үрөн жок, эмнени…”. “Табылат”. Баягы жерди бүт сугартып, айдатып, айдоонун башын каздырат. Каздырып, жаргылчактай ташты оодартса, астынан кыпкызыл буудай чыгыптыр. Септирип, ороону кайра жаптырат. Элдин көңүлү тынат. Эшен кеткенден кийин туугандарынын беш-алтоо: “Бул эмне болду экен, калган буудайды ачып ичели”, – дешип, түндөсү келип ачып көрүшөт. Ташты оодарышса, буудай жок, кыпкызыл эле кум экен. Берки жерге себилген буудайдын түшүмү болсо совет мезгилине чейин эле эшендин буудайы болуп түгөнбөптүр.

Бир күнү айылдагылар: “Эшен буудай деле, айран деле чыгарып атат. Жандыгыбыз. Жандык кылып бербейсизби”, – деп кайрылышат. “Жандык зарылбы?”. “Зарыл”. “Көрөлү. Кудайдан тилеп көрөлү”. Эки-үч күн өтүп кетет. Бүт айыл дым жатат. Түн. “Байбиче, эшикти жаап, түндүктү чүмкө. Эшикке чыкпа, чүмкөнүп жат, чыга калба”, – деп буйруйт Байдөөлөт. Күн күркүрөп, катуу күн жаайт. Жамгыр түшөт. “Абышка, эмне болуп атат деги?”, – дейт тынчсызданган байбичеси. “Жат, жат”. Бир маалда эле малдын маараганы угулат. Каяктагы кой деп, чыдабаган кемпири эшикти ачып жиберсе, “Болду, байбиче, болбой калды. Эшик ачылбаганда бир кочкор да түшөт эле, бул саналуу мал бир короо кой болот эле. Он чакты эле түшүп калды, эми ушуну күтүп алгыла”, – деп Байдөөлөт, анын ошол койлору эшендин кою болуп көпкө чейин элди баккан экен.

Байдөөлөт калпанын Нурдөөлөт калпа, Жапан калпа деген уулу жана небереси дагы ата касиетин бир аз аркаламыш болушту. Бүгүнкү күндө калпанын чөбөрөлөрү бар, бирок аларда баягы улуу касиет уланган жок.

Молдаалы калпанын айтымчылыгы. Аракбай. Кут
“Эмдиги жылы согуш болот…”
Тогуз-Торонун Атай айылында да бир олуя чыккан. Ал Молдаалы калпаны өзүм көрдүм. Бүгүнкү күндө неберелери бар. Төрт баласы бар эле, бир баласы жакында өлдү. Молдаалы калпа окубаган, сабатсыз киши болгон. Кой кайтарып жүрүп, талаада уктап калат.

Үйүнө келип эле, ар кайсыны айтып, бул мындай болот, тигил тигиндей болот деп ардемени айта берсе, агасы урушуп, башка айылга көчүрүп ийет. Баланчанын аялы төрөйт, баланчанын тигиниси өлөт деп айтып калчу экен. Согуш болоордун алдында 1939-жылы 17-18 деги баласын учкаштырып алып, бир күнү агасыныкына келет. Үйүндө коногу бар экен. “Эй жинди, сен бирдеме айта койчу элең, бу заман эмне болуп атат?”, – дейт агасы оюнда эч нерсе жок, сөз арасында.

(Уландысы кийинки санда)

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА, “Айгине” маданий изилдөө борборунун илимий кызматкери,
«Адилет пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.