“Башкалардын жаманаттысы филармонияга калбаса”

Өлкөбүздөгү оор абал элди мындан ары да жакырчылыкка батырып, эртеңки күнү дагы төңкөрүш болуп кетпейби деген чочулоо менен жашап калганыбыз жашыруун эмес. Театрларда, сахналарда адамдын көңүлүн көтөрчү концерттер да болбой калды. Болсо да эл ага учурдагы абалдан улам баргылары жок. Ошондон улам борбордогу улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониянын чыгармачыл таланттар тобу жакшы жөрөлгөнү баштайлы деп атыптыр. Филармониянын көркөм жетекчиси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Келдибек ТУРГУНБАЕВ менен ушу багытта маектештик.

– Өлкөбүздө өткөн 7-апрелдеги коогалаңдан кийин филармониянын чыгармачыл тобу жаңылап концерт берелек. Ошондон улам быйылкы концерттик сезонду 15-октябрда ачууга даярданып атабыз. Негизи бул иш-чара сентябрдын аягына пландалган. Бирок жакында өтө турган парламенттик шайлоого карата өзгөрүлүп кетти. Анткени филармониянын ырчылары, музыканттары шайлоого катышкан партиялар менен келишим түзүп, үгүт иштерине аралашып жүргөндүктөн 9-октябрга чейин акысыз эс алууга чыгышкан. Бул концерттик сезондун ачылышына филармониянын жалпы чыгармачыл тобу катышат. Иш-чаранын ачылышына Манас атанын арбагы колдосун деп пролог жасап, анын тилеги, каалоосу элибизге тынчтык, жыргал заман алып келсин деген максатта сценарий жаздык.

Филармонияда канча музыкалык топ бар?
Бизде чыгармачыл жети топ бар. Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, “Ак марал” бийчилер тобу, “Камбаркан” этнографиялык фольклордук тобу, Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” тобу, “Эл ырчысы Эстебес” тобу бар. Андан тышкары, камералык оркестр, хор, симфониялык оркестрлер иштейт. Симфониялык оркестр менен хорду телевидениеден филармонияга бөлүп берген. Ошону менен бизде сегиз музыкалык топ болду. Жакында ачыла турган концерттик сезонду шайлоонун өтүшүнө карата эл арасында ынтымак, тынчтык орносун деген ниетте элге белек кылалы деп атабыз. Андан кийин 20-октябрда “Ак марал” бийчилер тобу өздөрүнүн программасын көрсөтсө, 22-октябрда камералык оркестр дүйнөлүк классикалык чыгармалардан концерт берет. 28-октябрда К.Орозов атындагы оркестр өздөрүнүн чыгармачылыгын тартуулашат. Ал эми 27-октябрда Кыргызстандагы диаспоралардын чыгармачыл таланттары менен кошулуп, филармониянын жамааты элибизде тынчтык, биримдик болсун деген темада чоң концерт даярдап, көрүүчүлөргө тартуулайлы деген оюбуз бар. Эгер шайлоо тынч өтүп, парламент ордуна келсе, директорубуз З.Үсөнбаев өкмөт менен сүйлөшүп, алыска гастролго чыгып концерт берсекпи деп атабыз. Түндүк-түштүктү кыдырып ар тарапка ар кайсы музыкалык топту жиберип, алыскы аймактагы элдин көңүлүн ачып, жакшы жакка үндөсөкпү деген ойлор бар. Эгер өкмөт транспорт жагынан жардам берип, жер-жерлердеги бийлик биздин артисттерди жатакана, тамак-аш менен камсыздоону колго алса, элге бекер эле концерт берели деп турабыз.

– Филармониянын абалы кандай, концерт берүүгө даярбы?
Элге концерт көрсөтүүгө филармония имараты даяр. ШКУ саммити алдында жасалган ремонтто кичине катачылык кетиптир, экинчи кабатты дагы бир жолу оңдоп чыктык. Концерттик сезондун ачылышына карата оңдолгон бөлмөлөргө, коридорго филармония жамааты ак тилек менен өзүбүз алгач кирип, анан башкалардын концерти болсо берели деген ой бар. 15-октябрда өткөн иш-чарадан кийин башкаларга да ижарага бере баштайбыз. Анүстүнө биздин үстүбүздөн арызданып, концерттик залды бербей атышат дегендер бар. Жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчылардын, сырттан келген артисттердин концертинде көрүүчүлөр мекемени булгап кетишет. Ошондуктан азыркы жетекчибиз да жеңил концерттерди коюуга уруксат бербей атат. Бирок маданият министрлигинен ушуларга жардам берип койсоңор деп деңгээли төмөн ырчыларды колдоо боюнча кат келип калат. Филармонияда өткөн концерттердин сапаты төмөн болсо, биздин атыбыз булганат экен. Сырттан келген көрүүчү кимдин концерти экенин анча баамдабай филармониянын артисттери деп ойлоп калышат. Мисалы, өткөндө эле Жамбыл Камчиев баш болгон куудулдар филармонияга эки күнгө концерт беребиз деп үчүнчү күндү дагы коштуруп алган. Концерт өз деңгээлинде болбой эл да аз келип, ижара акысын төлөй албай карыз болуп калышты. Ошондон улам мындай концерттерге жол бербейли деп атабыз. Эгер бизге концерт коебуз дегендерге маданият министрлиги тарабынан уруксат берилсе, анда ошолордун концерттик программасын өзүңөр текшерип, анан бизге жөнөтсөңөр деген талапты койдук. Антпесе биякка келип концерттик программасын ушул жерден түзгөндөр да болот. Концерт өтүп атканда азыр сен, андан кийин сен чыгасың дегендер да болуп келатат. Алардан ижара акы алып аткандан кийин каршы чыгалбай калабыз. Бирок койгон концерттеринин жаманаттысы филармонияга калат.

Жазында болгон коогалаңдан кийин чыгармачыл топтун чет өлкөлөр менен иштөөсү кыйындаган жокпу?
– Казакстандын филармониясы менен биргеликте концерт берүү боюнча сүйлөшкөн элек. Алар бир аз кое туралы, Кыргызстанга стабилдүүлүк орносун деген оюн билдиришти. Парламенттик шайлоо тынч өтүп кетсе Алматыга барып концерт берип, Казакстан филармониясындагы чыгармачыл топту биякка чакырсакпы деген оюбуз бар. Эми мунун баары канчалык деңгээлде ишке ашат, аны убакыт көрсөтөт. Өлкөбүздөгү абалдын оордугуна карабай сырттагы чыгармачыл топтор менен иштешүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Мурда 7-апрелге чейин Кыргызстанга чет мамлекеттен аттуу-баштуу чыгармачыл адамдар келип өнөрлөрүн тартуулап кетишчү. Коогалаңдан кийин мындай иш-чаралар токтоп калды. Камералык оркестр чет мамлекет менен интернет аркылуу сүйлөшүп атышат. Украинанын дирижерлору келип концерт беребиз деген. Америкадан белгилүү дирижер келип, биздин камералык оркестр менен дүйнөлүк классикадан элге угузуу оюн айткан. Бирок ал дирижер жакында дүйнөдөн кайтыптыр.

Мамлекеттен айлык алып аткандан кийин ага пайда алып келип, же кетирген чыгымды акташ керек дешет эмеспи. Жаздан бери филармонияда концерт коюлалек болсо кантип пайда таап атасыңар?
Биз бюджетте иштейбиз. Ал эми чыгымдардын баарын имаратты ижарага алган мекемелерден түшкөн каражат менен жаап, кырдаалдан чыгып атабыз. Жакында карылар күнүнө карата филармонияда иштеп кеткен ардагерлерибизди чакырып, сегиз жүз сомдон белектерибизди тапшырып майрамы менен куттуктадык. Өткөндө филармонияда иштеген ар бир жумушчу, кызматкерлерге сыйлык иретинде 1000 сомдон айлык маянабызга кошуп беришти.

Мамлекеттик бюджетте иштегендердин айлык маянасы аз эмеспи, ошондон улам кесибин таштап кеткен таланттар да болобу?
Чыгармачыл адамдардын жүрөгү жалаң гана чыгарма деп соккондон кийин канчалык турмуш кыйын болсо деле өзү сүйгөн кесипти таштай алышпайт. Бирок биздин симфониялык оркестрдин, камералык оркестрдин музыканттары башка опералык оркестрлерде, шаардык симфониялык оркестрлерде иштеп каражат таап турушат. Биз аларга каршы эмеспиз. Себеби биздин кызматкерлердин айлыгы болгону 2500-3000 сомдун тегерегинде. Муну менен үй-бүлө багуу кыйын.

Көп учурда таланттуу адамдардын эмгеги көмүскөдө калып, мамлекет убагында сыйлыкка көрсөтпөйт деген дооматтар болот. Бул маселе силерде кандай?
2-ноябрда театр күнү өтөт. Ошого карата биздеги сыйлыкка татыктуу, эмгеги сиңген адамдарды өкмөткө, маданият министрлигине наамга көрсөттүк. Биз көрсөткөн таланттардын эмгеги жогору жакта канчалык деңгээлде каралып, кандай наам берилет деп күтүп атабыз. Былтыр жети адамды сыйлыкка көрсөтсөк, бирөө да каралбай калган эле.

Филармониядагы улуттук кийимдер жетиштүүбү, жаңыланып турабы?
Бизге жаңы жетекчи келгенде филармонияга эмне каражат топтолсо дароо эле чыгармачыл топтун костюмдарына, музыкалык аспаптарды жаңылатууга, оңдоого жумшайм деген. Эки-үч жылдан бери кылдуу музыкалык аспаптарга кыл таппай жүргөн элек. Андай кылдар бизден чыкпайт, Москвадан сатып алынгандар туура келбейт, Кытайдан келген кылдардын сапаты начар экен. Азыр Германия менен сүйлөшүп, кылдуу музыкалык аспаптардын маселесин чечип алдык. Чындыгында биздеги музыкалык аспаптар деле эскирип бүткөн. Филармония пайда болгондон берки аспаптар бар. Өткөн жылы оркестрге он алты өрүк комуз алдык. Щвейцарияда музыкалык аспаптар менен иштеп келген кыргызстандык жигит бар экен. Анын талантын европалыктар да баалап, өз учурунда көңүл буруптур. Жакында аны кызматка алдык, ал биздеги инструменттерди калыбына келтирип, жаңы музыкалык аспап жасоо да оюнда бар экенин билдирди. Ал чыгарган аспапты дирижер, музыканттар менен сүйлөшүп, оркестрлердин курамына кошуп жиберсекпи деген оюбуз бар. Ал мурда Европада скрипка да жасачу экен. Негизи мамлекет тарабынан сахнадагы көшөгөлөргө, кийимдерге каражат бөлүнбөйт. Биздин филармония 1981-жылы курулса, сахнанын сыртындагы чоң көшөгө ошондон бери жаңыртыла элек. Азыр үлбүрөп эскирип, араң эле турат. Ушуларды да бир сыйра жаңыртып алсакпы деген ойдобуз. Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чаралар, салтанаттар өтө турган жалгыз эле ушул мекеме. Мамлекет бизди техникалык жактан да камсыздап турса жакшы болот эле.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 08.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.