Ойноок балалык, боз улан кез, жигиттик курак, карылык

Ойноок балалык, боз улан кез, жигиттик курак, карылык. Булардын ар биринин өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү азыркы маалыматтык технологиялардын заманында баштагыдай болбой башкача абалда экендиги мыйзам ченемдүүлүкпү же адашуубу, ааламдашуунун аргасыздыктарыбы же руханий кризиспи, кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн атайылап жасаган аракеттеринин натыйжасыбы же мамлекеттик деңгээлдеги кыргыз элдик терең идеологиялык иштердин жоктугубу, эл башчылыкка кыргыз жандуу татыктуулардын тандалбай жаткандыгыбы, деги биз эмне деген эл болуп баратабыз, кайдан келдик, кайда баратабыз, кыргыз элинин элдик келечеги кайда, биз каяктабыз, же чын эле: “алардын нарк-насилдерин байкаттырбай жалган жасалмалуулуктар менен алмаштырабыз, ошого ынанууга мажбурлайбыз, ал жактан өзүбүздүн санаалаштарыбызды, бизге кошула тургандарды табабыз, калайык-калктын жандүйнө тереңинде эмне болубатат, ал жагын изилдей тургандардын көнүлүн бузабыз, элдин нарк-насилинин ашмалтайын чыгарабыз, жаштарын жаш кезинен уятсыздыкка жатыктырабыз” деп жөөт Ален Даллес 1945-жылы иштеп чыккан программа ишке ашып жатабы? А мүмкүн айтылуу Калыгул олуя алдын ала ошол кезде эле эскертип: “карыядан каада кетер…, уулдан урмат кетер…, арасы жыш айыл конор, айткан сөзү айың болор, тектирге теңселип буудай чыгар, тегизиң куурап куурай чыгар…, орой киши баатыр болор…, каапыр менен аралашып айыл конор…, карыяң каада көрбөй, кайран элим кантер экенсиң?…артына көз жетпей калды, жер туманы коюу, капырай, капырай, ал заманың кетер, арты оңолор!!!” деп айткан абалды башыбыздан өткөрүп атабызбы?

Кыргыз кыргызга кыянатчылык кылган, кыргыз кыргызды атып, көзүн тазалап жок кылган, дүнүйөсүн тартып алган, кыргыз кыргызды куугунтуктаган, кыргыз кыргызга чыккынчылык кылган, бири-бирин саткан, бири-бирин каралап шыбаган азыркы абалыбыз, заманыбыз кандайча келип чыкты жана кантип тазаланабыз? Арга барбы, айла барбы?

“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деп айтылат эл оозунда. А бул жерде, ойлогон ойду кыстаган система жеңип аткан жокпу? Айтор суроо, суроо, суроо… Жооптору кайда? – Турмуштун өзүндө, кыргыздын канында, бийлик башына батышты баарлагандар, башкаларга ыктагандар эмес, өз элинин өзгөчөлүктөрүн, тилин, дилин, тарыхий табыятын туу туткандардын келишинде, бүгүнкү күндө эл арасында кыргыз элдик коомчулуктун өзү тарабынан жасалып аткан көптөгөн аракеттердин бийликте отургандар тарабынан колдоого алынып, аларга мамлекеттик деңгээлде шарт, өлкөбүздө бул жагынан идеялык, идеологиялык ыңгай, жагдай түзүлүшүндө.

Кыргыздар кыргыз болуп төрөлө берсин, бирок кыргыз болбой калсын, тил безер, дин безер, дил безер эл болсун, алардын кыргыз өзөгүн жаш кезинен, бала кезинен соолтобуз, чек арадан ары өтпөй, куралдуу баскынчылыкка барбай туруп эле, өзүбүзгө кол жоолук кылып алабыз дегендердин көздөгөнүн ишке ашырбаш үчүн азыркы сөз башында айтылган жаш курактардын ар бирин камтыган, терең акыл калчап аныкталып иштелип чыккан, мамлекеттик маани берилген иштер жүргүзүлмөйүн элибиздин элдик нарк дөөлөттөрүнөн алагды кылган, адаштырган таасирлерге туруштук бере албайбыз. Батыштын дүкүлдөгөн музыка, жүрүм-турум дүйнөсүнө сугарылган, тили, дили орусчага ооп калган жаштарыбыз карыган кезде кандай эл болот, элестетип көрүңүздөр. А азыркы алтымыштан жетимиштен ашкан карылардын арасындагы коңур добуш комуз жандуулук, кыргыз элдик салттуулук, карыялык каада нарктуулук дем биротоло жок болуп кете элегинде үзүлгөндү улоо деген зарылчылык туруп аткан кез. Бара-бара кандай эл болобуз деген маселеден кыя өтө албайбыз.

Кырылык, карыялык-тирүүлүктөгү, ар бир адамдын өмүр сапарындагы өзгөчө мезгил, көптү көрүп көптү билгендик турмуштук тажрыйбалуулук тыянак мезгил, кыргыз коомчулугуна карыялар институту, карыялар кеңеши тарыхий зарылчылык болуп турган мезгил. Өткөн жылы демилгечилер тарабынан коомдук башталмада ушул иш колго алына баштаган эле, бирок ошол кезден ушул кезге чейин мамлекет тарабынан маани берилбей, маселе биржаңсыз өңүт албаган бойдон туруп атат.Эли-миллиарддан ашык Кытай Эл Республикасында, дүйнөнүн далай башка өлкөлөрүндө бул ишке зарыл шарттардын баары түзүлүп берилген. Бизде болсо, элдин өзү тарабынан уюмдашылган аракеттер, сунуш пикирлер көп, мамлекеттик колдоо жок, кадырман карылар керек болуп калган учурларда гана эске алынып, туруктуу, расмийлештирилген ырааттуу ишке өтө албай келебиз. Кесепеттүү кемчиликтердин бири ушул, деп эсептейм.

Сунуш: уставы, жоболору такталып, каттоодон өткөрүлгөн Карыялар Кеңешинин иштерине өлкө тарабынан зарыл мүмкүндүктөр толук түзүлүп берилиши керек, мунун өзү-элибиздин элдик келечеги деген маселе экендиги эске алынсын.

Кенжалы Сарымсаков, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.