Көк-бөрү боюнча республикалык чемпионат

26-31-октябрда Бишкекте Көк-бөрү боюнча 10-республикалык чемпионат өтмөкчү. Бул тууралуу Кыргызстандын көк-бөрү федарциясынын генералдык катчысы Темир Дүйшекеевдин сөзүнө таянуу менен «24.kg» МА билдирет.

Т.Дүйшекеевдин айтымында, мелдешке республиканын ар аймагынан 10 команда катышмакчы. Белгилеп кетүүчү жагдай, акыркы 5 жылда “Бөрүлү” командасы чемпиондукту эч кимге алдырбай келет.

Башында Чемпионатты Талас жергесинде өткөрүү пландаштырылган болчу, бирок 13-октябрда аны Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынган.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.