С.Бактыгулов: Обончулар чыгармачылык жоопкерчиликти жоготуп коюшкан

13-октябрда обончулардын республикалык кароо-сынагына коюлган чыгармалардын деңгээли төмөн экенин калыстар тобу бир добуштан белгилешти.

Обончулар болсо уюштуруу иштери начар болгонун, Маданият жана маалымат министрлиги аларга моралдык-материалдык колдоо көрсөтүүсү зарылдыгын билдиришти.

Обончулар чыгармачылык жоопкерчиликти сезбей калышкан.
Бишкекте Маданият жана маалымат министрлиги менен Элдик чыгармачылык борбору уюштурган обончулардын республикалык кароо сынагы өтүп, ага 31 обончу катышып, алтымыштан ашуун аваздарын тартуулашты. Аткарылган чыгармалардын басымдуу бөлүгүн авторлор өздөрү аткарышты. Сынакка коюлган обондуу ырлардын көпчүлүгү лирикалык, эл-жерди даңазалоо темасына арналып чыгарылыптыр.

Калыстар тобунун мүчөсү, композитор Сталбек Бактыгулов сынакка коюлган чыгармалардын деңгээли төмөндөп кеткенин, обончулар чыгармачылык жоопкерчиликти сезбей калышканан билдирди:
-Бул ишти уюштуруп жаткан Маданият министрлигинин демилгеси жакшы тилек. Бирок обончулар ал тилекти актаган жок. Менимче обончулар чыгармачылык жоопкерчликти жоготуп коюшкан. Ал түгүл аттуу-баштуу эл артистеринин чыгармачылыкка болгон мамилеси мени тынчсыздандырат.

Сталбек Бактыгулов белгилегендей обончулар дагы саясатка, көр оокатка аралашып, чыгармачылыкка тийди-качты мамиле кылышкандай.

Калыстар тобунун төрагасы, композиторлор биримдигинин жетекчиси Турдубек Чокиевдин пикиринде өлкөдөгү саясий-экономикалык туруксуздук обончулардын деңгээлинин төмөндөп кетишине, чыгармачылыгына кадыресе таасирин тийгизүүдө:
-Биздин өлкөдөгү экономикалык-саясий абалга жараша жан дүйнө дагы жарды болуп турат. Обон деген жан дүйнөдөн чыгат да. Бул жан дүйнөнүн продукциясы. Ошондуктан обончулардын жан дүйнөсү жакшы обондорду жарата албай калган. Бүгүнкү обондордун деңгээлинин төмөндүгү менин жанымды кейитип, «биз каякка баратабыз?»,- деген суроону пайда кылды.

Турдубек Чокиев мурдагы муундагы залкарлар Муса Баетов, Атай Огонбаев, Жумамүдүн Шералиевди айтпаганда, Калыбек Тагаев, Ырысбай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сыяктуу таланттар, жаш обончулардын арасынан суурулуп чыгуусу күмөн туудурат дейт.

Маданият жана маалымат министрлиги иштөө системасын өзгөртүүсү зарыл

Калыстар тобунун дагы бир мүчөсү, композитор Жамила Муратованын көз карашында көркөм өнөр жаатындагы чыгармачылыкка тиешелүү бардык тармактардын деңгээлин көтөрүү үчүн Маданият жана маалымат министрлиги мурдагыдай эскиче иш алып барбай,  иштөө системасын өзгөртүп, уюштуруу, маркетинг жагын заманга жараша өздөштүрүүсү зарыл.
-Ал эми музыкалык чыгармачылыкка профессионалдык көз караш керек. Эгерде обончу өзүнүн музыкалык билими жок болсо дагы, өзүнүн ички маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүү чыгармачылык инсандардын парзы деп ойлойм, -деди Жамила Муратова.

Ал эми обончулардын кароо-сынагында биринчи орунду жеңип алган нарындык обончу Калыгул Самаковдун пикиринде, мындай иш чара коомчулукка жарыяланып, ыр ышкыбоздорунун, көрөрмандардын катышуусунда өтүүсү керек эле.
Сынакты уюштуруу иштеринде көп кемчиликтерге орун берилип, эптеп-септеп өткөрдү аты болду. Маданият министрлиги жок дегенде беш-алты жакшы обонду теле-радиого жаздырып, элге тартуулаганга, аранжировкалап студиядан жаздырууга көмөк көрсөтсө жакшы болмок”,-дейт Калыгул Самаков.

Бир катар обончулар болсо Маданият жана маалымат министрлигинен моралдык жана материалдык колдоого муктаж экендиктерин айтышты.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 14.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.