Биздин Элнура “Алтын медалды” жеңип келди

Ар бир улуттун  атын чыгарган айжаркын таланттары, улуу инсандары болот. Улуттун жүзү тарыхта ошол аркылуу башкаларга таанылат. Боордош казак туугандардын маданиятынын тарыхында дагы өчпөс ысымга айланган залкар таланттардын катары көп. Алардын бири – легендарлуу ырчы, казак элинин булбул кызы, СССРдин эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Бибигүл Тулегенова. Казакстандын маданий турмушунда анын аты өтө жогору сыймык менен аталып турат.

Жакында Казакстанда Бибигүл Тулегенова атындагы Борборазия боюнча вокалисттердин эл аралык 4-кароо-сынагы өттү. Бул конкурсту Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев колдоого алган. Андан сырткары  Казакстандын маданият министрлиги, Алматы шаардык бийлиги ж.б.  искусттвону сыйлаган жамааттар, жарандар сүрөөнчүлүк кылышты.

Кароо-сынак дүйнөлүк деңгээлде өттү десек болот. Буга өтө абройлуу, таанымал деген искусство чеберлеринен калыстар тобунда болду. Мисалы,  РФнын эмгек сиңирген артисти, Санкт-Петербург консерваториясынын профессору Тамара Новиченко, Болгариянын София жана Бургасск театрынын ырчысы Орлин Горанов,  Эстониянын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Мати Пальм, Эл аралык конкурстардын жооптуу катчысы Раиса Рузавина, академик Шахмардан Абилов, конкурстун директору Гузель Тулегенова, К.Байсейитова атындагы улуттук опера жана балет театрынын башкы дирижеру  Абзал Мухитдинов, СССРдин эл артисти, Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору, Москвадагы эл аралык чыгармачыык академиясынын академиги  Кайыргүл Сартбаева болду.

Бул конкурска жакынкы жана алыскы өлкөлөр – Болгария, Казакстан, Кыргызстан жана Россия Федерациясынын аймактарынан 22 жаш таланттуу ырчылар катышышты.

Биздин өлкөдөн 5 ырчыны даярдаган элек, тилекке каршы,  каржылоо кыйынга тургандыктан, бир гана ырчы барып калды. Ал биздин булбул үндүү ырчы кызыбыз Элнура Самарбекова болду. Бул үчүн биздин А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын генералдык директору Т.Саламатовго ушундан пайдаланып чоң рахмат айтуум керек. Мына жыйынтыгы минтип жеңиш менен аяктап олтурат. Конкурста Элнура  Кыргызстандын намысы үчүн чоң жеңиш алып, биринчи сыйлыкка ээ болуп “Алтын медалды” жеңип, өз өлкөсүнүн атын чыгарып келди. Кудай буйруса, жеңиштери али алдыда деп ойлойм.

Элнура кароо-сынактын талабына ылайык  орус, казак, кыргыз жана европа классикасынан опералык арияларды аткарды. Үчүнчү финалдык турда Д.Вердинин, П.Чайков-скийдин операсынан аткарган номерлери калыстар тобу тарабынан жогору бааланды. Биздин ырчы кызыбыздын мындай чоң конкурста өзүнүн бийик таланты менен терең билимин таанытып, келечектен чоң үмүттөрдү жаратканы сыймык кылып айтууга татыктуу.

Бул кароо-сынактын максаты элдердин ортосундагы достукту бекемдөө, руханий байланышты арттыруу, өсүп келе жаткан жаш таланттарды колдоо десек болот. Экинчиден алганда казак элинин маданиятынын өсүшүнө да чоң  таасир калтыргандыгы, ага чоң аброй алып келе тургандыгы чындык. Казак искусствосунун тарыхында дүйнөгө таанымал залкар ырчылары К.Байсейитова, Е.Серкебаев, Р.Жаманова, А.Днишевдин жолун улаган таланттардын чыгышы – элдин байлыгы. Маданияттын касиети ошондо – ал элдин жүзүн жаркытып таанытат, ал түбөлүктүү искусство.

Бибигүл Тулегенова атындагы кароо-сынагы чыныгы музыкалык форум катары салтка айланды. Бул жерден мен конкурстун уюштуруучуларына чоң ыраазылык билдиргим келет. Себеби, кароо-сынак дүйнөлүк стандартта абдан бийик деңгээлде өттү. Мында Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындан көңүл буруп, жаш таланттардын өсүшүнө чоң колдоо көрсөтүшү алкоого татырлык. Бизде дагы мамлекеттик деңгээлде колго алынып, залкар талант­тарыбыз Абдылас Малдыбаев,  Сайра Кийизбаева, Хусейин Мухтаров,  Болот Миңжылкыевдин атындагы эл аралык кароо-сынактар өткөрүлүп турса деп тилек кылаар элем. Ан­түүгө эмнеге болбосун, биздин да улуттук профессионалдык искусствобуз Кудайга шүгүр, деңгээли бийик. Болгону аны учурда колдоо зарыл.

Мен кыргыз элине намыска жарап, жеңиштүү келген менин шакиртим Элмира кызыбызга чыгармачылык ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалайм. Чыгармачылыкта токтоп калууга эч качан болбойт, алдыга гана өсүүнү тилек кылам.

Кайыргүл САРТБАЕВА, СССРдин эл артисти, Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору, Москвадагы эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги, Бибигүл Тулегенова атындагы Борборазия боюнча вокалисттердин эл аралык 4-кароо-сынагынын калыстар тобунун мүчөсү.
«Кыргыз туусу», 15.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.