Сахна чебери Сергей Борисов дүйнө салды

Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын артисти Сергей Борисов 88 жаш курагында дүйнө салды. Ал орус-кыргыз театр өнөрүнө опол тоодой салым кошкон сахна чебери катары замандаштарынын эсинде калды. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 16-октябрда саат ондо Орус драма театрында өтөт.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сергей Никитович Борисов 1922-жылы 18-октябрда Орусиянын Алтай крайындагы Солоновка айылында жарык дүйнөгө келген. Улуу Ата мекендик согуш маалында эмгек жоокерлеринин катарына чакыртылып, Кемерово облусунун Прокопьевск шаарында таш көмүр кенинде иштейт. 1945-жылдан баштап Кемерово, Новокузнеск, Чита шаарларындагы театрларда артист болуп чыгармачылык менен алп урушат. 1958-жылы ал кезде Фрунзе шаарындагы Н.Крупская атындагы орус драма театрына чакыртылып, 52 жылдан бери ушул театрдын сахнасында өнөрүн тартуулап келген.

Сергей Борисов орус-кыргыз театрына опол тоодой эмгек сиңирип, жаштарды театр өнөрүнө тарбиялоодо зор салымын кошту дейт, Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев.
– Мен аны орус театрына жаңы келип иштей баштагандан бери билем. Ал менин биринчи жолу орусча коюлган «Поезд дальнего следования» деген пьесамда башкы каармандын бирин ойногон. Образды ушунчалык таамай ачып берген. Мына ошондон ушул күнгө чейин мен аны менен чыгармачылык байланышта болдум. Анын кыргыз театр өнөрүнө кошкон салымы ат көтөргүс. Ал кыргыз драматургдарынын бир топ спектаклдеринде мыкты ролдорду жаратты. Бир образы экинчисине окшобогон, кейипкерлердин кайталангыс мүнөздөрүн таап алчу. Анысын жаштарга да үйрөтүп жүргөнүнө күбө болгом. Ал мени дайыма 60 жылдык, 70 жылдык, 80 жылдык, 85 жылдык мааракелерине чакырып турчу. Театрга жан дүйнөсүн берип коюп, актерлук кесипке өтө жоопкерчилик менен караган мындай адамдар чанда гана кездешет. Бүт өмүрүн театр өнөрүнө арнаган адам болчу.

Эл артисти Сергей Никитович Борисов менен отуз жылдан ашуун мезгилден бери үзөңгүлөш бир театрда иштеп келаткан Кыргыз эл артисти Анатолий Адали аны сахнанын чебери эле эмес, адамгерчилиги жогору, жароокер, иштерман инсан катары театрда аска-тоодой орду бар эле дейт.
– Сергей Никитович эки-үч күндөн кийин, тактап айтканда 18-октябрда туура 88 жашка толмок. Өкүнүчтүүсү ошол туулган күнүнө жетпей калды. Ал атайын актердук билим албаса да, жаратылыш ага талантты аябагандай бериптир. Жан-дүйнөсү театр үчүн жаралгандай инсан эле. Сергей Никитович ушул Орус драма театрында дүйнөлүк, орус, кыргыз классикалары боюнча коюлган спектаклдерде 150дөн ашуун ар түрдүү кейипкерлердин ролун зор чеберчиликте ойногон улуу актер, даанышман устат катары эсибизде калат.

Анатолий Адали айткандай Кыргыз эл артисти Сергей Борисов актердук чеберчиликти иш тажрыйбасы аркылуу арттырып, 52 жыл аралыгында театрдын сахнасында ондогон ажайып образдарды жаратса да кечээ жакында эле 9-октябрда Гоголдун «Үйлөнүү» драмасы боюнча коюлган «Сүйүүнү орустар ойлоп тапкан» аттуу спектаклинде Анучкиндин ролун зор чеберчиликте аткарган. Бул каарманы анын акыркы ролу болуп калды.

Орус драма театрындагы акыркы могикан Сергей Борисовдун жүрөгү түбүлүккө сокпой калды…

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 15.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.