“Салбурун” – кыргыздардын аңчылык өнөрү

Улуттук аңчылык спорттун түрлөрү боюнча уюштурулган “Салбурун” фестивалы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өтүп жатат.

«Салбурун» федерациясынын түзүлгөнүнө беш жылдын жүзү болот. Бул федерация кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүү максатында ачылган. “Салбурун” деген сөз – кыргыздын нукура сөзү. Мындай сөз «Манас» эпосунда да кездешет. Илгери кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа асынып, тайгандарын ээрчитип ууга чыгышканы белгилүү.

“Салбурун” деген сөз мына ушундай жагдайда аңчылыкка чыгуу дегенди түшүндүрөт. Аталган федерация жаа атуу, тайган агытуу, куш салуу өнөрлөрүн маданияттын бир тармагы катары өнүктүрүү менен келечекте спорттун түрүнө айлантууну максат кылып келатат.

Кыргыздын улуттук өнөрүн кайра жандандыруу, дүйнөгө даңазалоо максатында акыркы беш жылдан бери “Салбурун” фестивалы өткөрүлүп келүүдө. Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ат майданында өлкөнүн чар тарабынан эл келип, “Салбурун” фестивалына катышканы мүнүшкөрлөр, тайганчылар, жаа мергендери өнөрлөрүн көрсөтүүдө.

Бул демилгени ар тараптан колдоп келаткан Тоң районундагы “Айкөл” үрөнчүлүк чарбасы болуп саналат.

Оюндардын түрлөрүнө: жааны алыстыкка атуу, жааны бутага атуу, коёнго, түлкүгө, карышкырга тайган агытуу, ушул эле айбанаттарга бүркүт салуу өнөрү чет элдиктердин дагы адаттан тыш кызыгуусун жаратууда. Мурдакы жылдары фестивалга Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Тажикстандан мүнүшкөрлөр, өкүлдөр келишкен. Быйылкы Тоңдогу 6-фестивалга иргелген 70 өкүл катышып, өнөрүн көрсөтүүдө.

“Салбурун” федерациясынын негиздөөчүсү, грек-рим жана эркин күрөшү боюнча спорттун чебери Алмаз Акундун пикиринде улуттук өнөрдү кайра жандандырып жайылтуунун максаты тереңде:
Монголияда көчмөн элдин абалтадан келаткан маданиятын, каада-салтын, улутту айырмалап турган бардык баба мурастарын сактап калгандыктары үчүн дүйнө туристтеринин ошол өлкөгө көбүрөөк кызыгуусу байкалууда. Испаниялыктардын бука челиш улуттук оюнуна дүйнө эли кызыгып, аны алардын бренди катары санашат. Биздин улуттук оюндардын салбурун фестивалын өткөрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келатканы, ишкерлер дагы кайдыгер мамиле кылганы абдан өкүндүрөт. Салбурун – бул жөн эле улуттук оюн-зооктун түрлөрүн жайылтып тим болуу гана эмес. Мергенчилик, мүнүшкөрдүк, саяпкердик өнөрдүн баары кыргыздын турмуш-тиричилигине, жашоосуна тыгыз байланышып келген. Ал көчмөн элдин цивилизациясынын айрылгыс бир бөлүгү болуп саналат.

Жаш муундарга салбурунду спорттун түрү катары өнүктүрүп жайылтуу кажет. Себеби кыргыз баласы 200 жылга чамалаш мезгилдерден бери дээрлик жаа атпай калган. “Салбурун” буга чейинки кылымдардан бери тиричилик үчүн керектүү ата -бабадан келаткан салт, зарылчылыктан чыккан спорттун түрү болуп келген болсо, ал эртеңки күнү Кыргызстандын туризм тармагынын брендинин бири болуп калары бышык.

Улуттук өнөрдү аздектеген, атасы мүнүшкөр болгон коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин айтымында куш салгандын да эрежелери, ирети болот. Үндөөк деп коет, куш канчалык алыстан ээсин таанып учуп келсе, ошончолук ага жогорку баа берилет:
-Ата-бабаларыбыз сактап келген улуттук оюндарды ойноп, куштарланып жүрсөк кандай сонун болор эле. Биз деле өзүбүз менен ала кетмек белек, өнөрүбүздү жаштар алып калса дейбиз. Себеби менни атам мүнүшкөр болгондуктан, бүркүт салууну жакшы билем. Учурда компьютер, техника заманында жашап атабыз, бирок ага карабастан кыргыз болгондон кийин, каныбызда, дилибизде жашаган мүнүшкөрлүк, саяпкерлик, тайганчылык өнөрдү ойготсок, улут катары бекемделип, түбөлүккө жашайбыз.Мына ар жыл сайын Англияда куш салуу боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Ага да кыргыздар жолдомо алып, эки ирет катышып келишкен. Биздин жигиттер Англияга ителги эмес, бүркүттү алып барып, аларды таңгалдырса деймин.

Мындан төрт жыл мурда “Кыргызфильм” киностудиясынын таанымал режиссерлор менен бирдикте “Салбурун – бабалардын аңчылык өнөрү” деген 55 мүнөттүк даректүү кинотасма тарткан. Аны эл жакшы кабыл алды.

Ителги деген куштун кырктай түрү болот. Эң бийиги, алп кырааны Ак шумкар менен Кара шумкар. Баары тең эле бир тукумдан тараган ителгилер, аттары гана башкача аталып калган. Ителгини ылаачын деп да атаса болот. Ал калган куштардан айырмаланып, алгыр келип, адам колуна бат көнөт. Бирок бардык кишиге эле дароо көнө бербейт, тандап конот.

Кеминдик мүнүшкөр, уста Ислам Исраиловдун айтымында тайгандар илгертен эч качан короо да, мал да кайтарбайт. Булардын мүнөзү иттердикиндей эмес. Үйгө чоочун адам кирсе ажылдап үрүп, тиштегилебейт. Жөн гана жата беришет. Тайгандарды аңчылыкка гана алып чыгышкан. Алардын жүрөктүүлүгүн ошондо билип турушкан:
Кыргыз тайганы жүгүргөндө ага адам эмес, эч бир жандык жетпейт. Бир карасаң тигил тоонун башында, бир карасаң бул тоонун башында дегендей. Аркар- кулжалар биякта эле калышат. 10 чакырым алыска качып кеткен текеге жөн эле жетип коёт. Илгерки убакта кызга сеп бергенде, тайган кошулса ал кыздын барган жерине даңкы чыгарылчу. Негизи, тайгандар 12-13 жашка чейин жашашат. Бирок 8-9 жашка чейин күч беришет. Кыргыз тайганы жүгүргөндө ага адам эмес, эч бир жандык жетпейт. Бир карасаң тигил тоонун башында, бир карасаң бул тоонун башында дегендей. Аркар- кулжалар биякта эле калышат. 10 чакырым алыска качып кеткен текеге жөн эле жетип коёт.

Накта кыргыз тайгандарынын тукуму аз калып, кызыл китепке түшкөндүктөн, республикадан сырткары чыгарууга тыюу салынган.

Эртерээк чара көрүп, салбурунду улуттук оюн катары ЮНЕСКО уюмунан расмий түрдө каттап алыш зарылдыгы дагы айтылып келатат.

Кыргыз тайганы жөнүндө кыскача маалымат:
Боюнун бийиктиги – 65-70 сантиметр.
Куйругу -чыгырык тартып турат.
Көзү – күрөң, кызыл түстө.
Бели – ичке.
Көөдөнү – кең.
Кулагы – шалпаң кулак.
Өңү – кара, куу, көк.
Жүнү – тыбыттуу.
Буттары – арткы 2 буту иймегирээк келет.

Кабыл Макеш, «Азаттык», 24.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.