Талантка таазим

Бул маек 2009-жылдын март айында курулган. Элибизге акын, журналист, искусство изилдөөчү катары Сарман Асанбековдун көптөгөн макалаларын, ырларын, эскерүү, талдоо сөздөрүн окушпаган, угушпаган кыргызда чанда эле болуш керек. Сакемдин дагы бир эрдиги катуу ооруда, жаны алакетке түшүп жатса да: – Жоок сүйлөшө албайм, -дебестен бир жарым саатка созулган маеги болду. Албетте, бул убакта далай сөз ортого салынды. Маектешүүнүн соңунда бир катар досторун, калемдеш, замандаштары жөнүндө сурообузга татына жооп кайтарды. Алардын бири жана өтө керектүүсү чоң жазуучу Ашым Жакыпбеков болду.

О. Тенти: Бүгүнкү дил маегибизди дагы андан ары уланта берели. Элибизде “Эр жигитке 70 өнөр аздык кылат” деген эң сонун сөздү өзүңүз жакшы билет эмесизби? Сиз дагы ошол эр жигиттин бири болгондо да, бир башыңызда 70 болбосо да онго жакын ар кыл өнөрдүн, кесиптин ээси, болгондо да кыйла иштерманы экениңизди көпчүлүк билишет. Ошондой болсо эки , үчүн эскере кетип, акын десе акын, сүрөтчү десе сүрөтчү, мыкчыгер журналист десе ал жагынан да көптөрдү алдыга салдырбайсыз.

Кыргызда “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деген да сонун сөз бар эмеспи.? Кана суроону да өзүңүз менен кеңешүү- аркылуу улантууну жөн көрүп турам?
А.Сарман: Бул жерде да чындыкты айтууга туура келет. Мен өзүмдүн талантым ашып кетпеген менен өзүмө-өзүм ыраазы боло турган жерим бар. Ал кайсы дегенде, кыргыздын көркөм адабияты менен искусствосунда көп жылдар чеке терлерин агызышкан эң сонун адамдары менен алакада болуу, сүйлөшүү, сырдашуу, дидарлашуу бактысына туш болдум. Бул жагынан алганда өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм. Мен алгач университетте окуй баштаганымдан тартып керемет адамдарга, сонун илимпоз, педагогдорго туш болдум. Менден мурункулар да, кийинкилер да алардан билим алышкан жок. Мисалы, Константин Юдахин, Болот Юнусалиев, Калкабай Сартбаев, Бегималы Жамгырчиевдер бизге сабак, таалим-тарбия беришкен кыргыз тил илиминин алгачкы да, эң сонун да өкүлдөрү менен байланыштык. Экинчилер, кыргыз адабиятын изилдөөчүлөр Кеңешбек Асаналиев, Шаршенбек Үмөталиев, Камбар Бобуловдордун иштерин биринчилерден болуп эскерүүгө тийишмин. Бул кудай акы калыстыктан тайбашым керек.

О. Тенти: – Суу кошпой чындыкты чындыктай, калыстыкты калыстай аткандай деңизчи?
А.Сарман: – Оо, дал ошонун өзү үчүнчү курска чейин университеттен билим деле алганым жок. Муну ойлоп кээде таң калып коер элем. Анда орто мектептин жогорку класстары менен университеттин биринчи, экинчи курстарында айырма жок деп ойлочумун. Анан үчүнчү курстан баштап жогоруда аттары аталган мыкты илимпоздорго туш болгонумду жашыргым келбейт. Көрсө көп кишилер мени менен окушкан Камбар, Муктарлар: – Ой Кеңешбек, Шаршенбек, деп сүйлөшчү. Мен өзгөчө жаш жагынан айырма анча деле болбосо да -Ой Кеңешбек, Шаршенбек деп тике качырып айта албайм. Бул ошол кездеги айылдык таалим тарбиядан болсо керек. Мен университетти аяктаар алдындагы дипломдук ишимди ошол мезгилдеги биринчи кыргыз философу Максут Садыкович Юнусовдун жетекчилигинде жаздым. Ошол дипломдук ишти жазып жүргөн учурда эң жакшына дагы бир кыргыз философу Асанбек Таабалдиев менен чогуу жолдош болуп калдым. Биз бир курста Ашым Жакыпбеков, Бексултан Жакиев, Жалил Садыков, Сейит Жетимишов, Камабар Бобулов, Мырзабек Тойбаев, Эрнис Турсунов баарыбыз чогуу окудук. Мындай курс азыркы университеттин тарыхында мурда кийин болгонун айта албайм. Мына ушундай чөйрөнүн түзүлүшүнө туш болушум, чыгармачылык сапарымда тоону томкоруп, ойду омкоруп жибердим деп айтпайм, бирок азын-оолак иштедим го?

О.Тенти: – Саке, жогоруда сиз мугалим устаттарыңыз баш болгон, андан соң кийин чыгаан акын-жазуучулар чыгышкан замандаш, курсташ, санаалаш достор, калемдештериңиздин аттарын да кыйла сыймык менен атап өттүңүз. Бул чындык жана чындап эле мактана турган сөз. Эми ошол таланттар тиги тигиндей, бул мындай деп узун сөз кылса болот. Мына мунун баарын көп көп жылдар жүрөгүңүздө жүргөн ой. Эми ошолордун ичинен кимдер канчалык жана кандай таасир эткенине токтолсоңуз жакшы болоор эле? Жалаң эле педагог устаттар эмес өзүңүздүн досторуңуздун да таалим-таасири болгондур?
А.Сарман: – Күнүмдүк жашоо-тирдик боюнча баарыбыздын аксакалыбыз Жалил Садыков болду. Студенттик учурда жазгыбы, күзгүбү кандай майрамдар, кубанычтар окуялар болобу ошолордун көпчүлүгүнүн башында да Жалил тураар эле. Андан соң өз доорундагы окумал, үйрөнүүгө сергек балдардын ичинен эң мыкты деп Ашым Жакыпбековдун атын биринчи атаар элем. Чынында Ашымдын түздөн-түз таасири аркасында дүйнөлүк, орус, казак адабияттарынын таалим таасир, маалымат алуулар көбүрөөк болду. Биздин Орто Азия элдеринин адабияттары менен кеңирирээк таанышуу эмес ошол элдердеги жазуучулар жөнүндө Ашым менен көбүрөөк пикир алышаар элем. Ашым аябагандай терең жигит эле.

О. Тенти: – Саке, ушул сөзүңүздү улаган бир оюмду да кыстара кетейин. Мен Ашымды билип эле эмес урматтап калганым немистердин Стефан Цвейг деген чоң новелист жазуучусу бар эмеспи. Мен Цвейгдин тээ 20дан өтө берген кезимде бир катар новеллаларын окуп ушунчалык таасирленгем. Сиздин бул сөзүңүзгө менин да башыман кечирген турмуштук жагдай туш келип жатат. Мына ушул сыяктуу жеке турмуштук мисалдар менен бекемдесеңиз? Ошол сиз менен окуп жүргөн жылдарында Цвейгдин чыгармаларын которо баштабаса да ага чейин окуп жүргөндүр? Сиз ушул сыяктуу көрүнүшкө кез болгон дагы чыгаарсыз? Бул жерде Ашым ага жөнүндө эң сонун сөз баштадыңыз?
А.Сарман: – Ашым тууралууу бир, эки ооз сөз эмес узун жомок сөз кылсам болот. Ал ар дайым бир калыпта жүрүп, басса-турса колунда китеп болоор эле. Мен Ашымдан Mухтар Ауезовдун айтылуу “Абай”, “Абай жолу” романдарын эң алгач көрдүм жана андан алып өтө кызыгуу меннен окуганымды айтсам болот. Ошондой эле Драйзердин жана орустун мыкты-мыкты жазуучуларынын китептерин окушума да чоң өбөлгө түзгөн Ашым деп айтаар элем. Ашым кыргызда чанда кездешүүчү стилист деп айтсам аны курулай эле мактагандык эмес. Ашымдын стилистигинин өзгөчөлүгүн даана баамдаса болот. Ашым өзү төрөлүп өскөн Шекер айылынын тил байлыгын ченемсиз өздөштүргөнү бөтөнчө кубандырат. Анын кайсы чыгармасын албайлы шекердиктердин жөнөкөй сөзүнөн тарта көпчүлүк анча этибарга алышпаган диалог сөздөрүнө чейин кеңири жана орду менен пайдалана алган. Экинчиден Ашым экөөбүз тиги Казакстан жак эмес, көп учурларда Төө- Ашуу, Суусамыр аркылуу барып биздин үйдө болушубузда Асанбек атам Ашымды көргөн сайын кубанып:
– Ашыкем келген тура, айланайын төргө өт, деп үйдөн чыгып Таластын токоюна кирип кетишип экөө далай сырдашып отурушаар эле. Үйдө бир нече күн өткөн соң Шекерге бараар элек. Ал жерден Ашымдын Турдубек деген молдо чоң атасы тозуп алаар эле. Турдубек атанын колунда ар дайым куран китеби бар болчу. Ал жеке эле “Куран” эмес башка китептерди да көп окуган маалыматы чоң адам эле. Мен Шекерге барганда Турдубек ата: – Сарман келиптир, мен намаз окуп келейин, балдарым отуруп тургула, -деп ошол учурда гана бөлүнүшөөр элек. Экөөбүз далай сааттап молдолук жөнүндө эринбей сүйлөшүп отурчубуз. Ал киши жеке эле дин жолу, дин китептери жөнүндө эмес өткөн-кеткен окуялар, тарыхый баяндар, адамдар жөнүндө эринбей сөз козгочу. Мисалы, Иманбек болуш, Чыңгыз Айтматовдун ата-бабалары кимдер жана кандай кесиптен ээлери болушкандыктары тууралуу сөз кылаар эле. Ал киши көп жашап 96 жашында дүйнөдөн өттү. Өзү да зымпыйган жыйнактуу, сөзмөр Турдубек атадан көбүрөөк нерсени билип калдым. Кийин ошондой катташууларыбызды Таластагы Манас чокусуна чейин саякат жасоо менен уланттык. Ал кезде жашпыз да, Манас чокусунун бооруна отуруп, туш-тушка көз чаптырып, өзүбүз таткан бөтөлкөлөрүбүздү ар кайсы жерге көөмп ойногонубуз ошол калыбында бузулбай элесте турат.

О.Тенти: – Эми Саке, мындан туура 22 жыл илгээри Чыкемдин 60 жылдыгында чогуу болгонбуз. Ошондо Ашым аганын да үйүнөн даам сызбадык беле? Ал окуя, ал күндөр өзүнчө бир тарых. Сиз жогоруда Ашымдын окурмандыгы жөнүндө сөздүн четин гана чыгардыңыз. Ашым агабыз, сиздин курдашыңыз “Теңирим Манас” деген улуу чыгарма жазды. Ошол тээ 30-35 жылдар илгери бул чыгарманы баштаган кез беле, же баштай элек беле анысынан кабардар эмесмин. Бирок ошондо эле Сагынбайдын вариантыбы, Саякбайдын “Маанстарыбы” окуп ой жүгүртүү башталып калган болушу керек? Мына ушул жагдайда өзүнүн айткан дегени, же өзүнөн уккандарыңыз барбы? Өзүңүз сөз кылгандай Таластын башынан аягына, Манас чокусуна чейин кыдырган учурлар болуптур?
А. Сарман: – Кээ бир учурларда Суусамыр аркылуу Таластын башына түшкөнүбүздүн себеби да жөн эмес. Мисалы, Манас Алтайдан Чүйгө келип, ал өзүнүн каардуу душмандарынын баарын жеңип, эми Таласка кандайча кайсы жол менен өтүш керек деген ой Ашымга да туулбай койбогон. Бул биринчи ирээт Манас ата алыстан көчүп келатканда болгон иш да. Биринчи ирээт Суусамырда болгондо мен: -Мына бул жер Өтмөктүн ашуусу, мына ушу Кара-Кыштак, Чөмөр, Кара-Колдун бели, бул жерди Бакайдын кызыл ташы деп аташат деп ар бирин көргөзүп, аттарын билишимче атап, тааныштырып гид болчумун. Андан ары өрөөнгө түшө бергенде Манастын желеси, -деп бүтүндөй аймакты тааныштырчумун!

О. Тенти: – Калемди машинага алмаштырган экен да?
А.Сарман: – Ооба, анан күндөрдүн биринде ал мага кайрылып: -Ай баягы сен айткан ашуулар, төрлөрдүн аттары бирөө да эсимде калбаптыр. Алардын одуна Сарман ашуу деп уруп жибердим. Ал айткандай китепке да “Сарман ашуу” болуп чыгып кетти. Бул тамаша сөз болгону менен чындык. (күлүп). Ашымдын чыгармачылык өзгөчөлүгү ал бир нерсени баштан аяк кынтыксыз жасоочу.

О. Тенти: – Ашыкем таза иштөөчү экен да?
А. Сарман: – Ал Чыкемдин кыйла чыгармаларын ашык кеми жок кыргыз тилине которбодубу. Алар жарыкка чыккан сайын:- Саке кунт коюп окуп жүр, -деп мага берип турчу. Алар менен жогоруда өзүң эскерип кеткен Цвейгдин новеллалары жана М.Ю.Лермонтовдун “Биздин Замандын баатыры” аттуу романын которуп жатып айрым жерлерин да мага окуп берип пикир алышып калчубуз. Ушул жерде бир нерсени айта кетейин Ашымдын мыкты стилист- котормочу экенин “Түпкүрдө” деген драмасын, андан кийин В.Шекспирдин бир трагедиясын которуптур, күндөрдүн биринде Искра Раимкулова, Ашым кайтыш болгондон кийин : – Сиздин досуңуздун котормосун аягына чыгарып бербейсизби?- деп калды. Мен ал котормону кайра-кайра карап окуп отуруп Ашымдын стилине таң калдым. Ойлоп отуруп Ашымдын деңгээлине жетип Ашымдай кылып которуш колдон келбейт экен деген ойго келип, Искрага:
– Мен Ашымдай котормочу, стилистти жолуктурган эмесмин- деген жоопту айтууга аргасыз болдум. Мына менин эле досторумдун ичинен Эрнис Турсуновго көп котортуп жүрүшөт. Анын үстүртөн кетмей адаты бар да!

О. Тенти: – Саке, анын баары белгилүү, сөздү башынан келе жаткан “Теңирим Манаска” бурсаңыз? Жогоруда айтып келатып кайкып кеттиңиз. “Теңирим Манас” жазылып жатканда айрым бөлүмдөрүн окуган учурлары болгон экен?
А.Сарман: – Ооба, ал азын-оолак айтылды. Мисалы, Манас эмнеге Таласты тандап калды? Эмне үчүн Таластын башындагы Кең-Колдогу Кароол-Чокуну тандап алды? Ушулардын баардыгын иликтеп чыгып туруп андан соң гана жазууга киришкен да!

Мисалы кышында душман келип калса бир гана жактан, Төмөн Капка жактан келиши керек. Ал эми кышында ашуулардын баардыгы жабык, ат менен да, жөө да өтө албайт. Анан ушул себептүү болгон. Бүгүн баамдап ой жүгүртө келсек Манастын өзү да, жан жөкөрлөрү да мыкты экен. Манас боюнча тарыхый экспонат- жерден үчөө бар. Бул Кароол-Чоку, Кең-Кол жана түштүк тарабындагы Манастын чокусу. Манастын кыштоосу Таластын башында Кең-Колдо болгон. Түндүк тарабы Капкадан башка жол жок. Тиги Капканын тегерегинде жети байланыш түйүнү бар болчу. Эгер душмандын келе жаткан шеги билинип калганда азыркы эле тил менен айтканда жарым саатта Кароол-Чокуга кабар жетмек. Тиги Капкадан өткөн ар бир жеринде атайы аралыкта от күйгүзүлүп турган. Ал отторду биринен экинчиси, экинчисинен үчүнчүсү көрүп отурган. Мына булардын баарын биринчи иликтеп чыккан соң романын жазууга отурган. Ашымдын дагы бир артыкчылыгы, биз Манас, Манас дегенибиз менен аны жарытылуу билбейбиз. Ал “Манастын” бардык варианттарын окуп чыкты. Кийинчерээк болсо да Жусуп Мамайдын жанында болду. Анын Манасын прозадагы манасчы деп айтууга толук негиз бар. Бул прозадагы Манастын ичиндеги каармандар биз менен чогуу окушкандар деп айтсак да болот. Бул образ жагынан алганда деген ойду айтып жатам. Мисалы, Качкынбайдын жана башка өзүнүн досторунун да камтый кеткен.

О. Тенти: – Ошол Манас аркылуу өз замандаштарын да кошо кеткен дегениңиз да өзгөчө кызык экен. Демек, “бир ок менен эки коен аткан” тура? Муну сиздей аны жакшы билген калемдеши, замандашы айтпаса ким айтмак эле?
А.Сарман: -Ии, кеп ушунда жатат, аны окуган кишиге көзгө сайгандай эле көрүнүп турат. Экинчиден, кимдин образы кандай берилгенин бизге жакшы маалым. Биз романды окуп алып өзүбүзчө күлүп, жыргалга батабыз. Бул Манастын прозадагы варианты тууралуу Чыңгыз Төрөкулович: “Ашым Жакыпбеков дагы Манасчы” деп ток этээр жерин айтып кеткен. Бул жагынан кагазга түшкөн, чыккан, чыкпаган варианттардан Ашым пайдаланбаганы калган жок деп айтсам деле болот. Бул биринчи жагы, экинчиси, тигилерден тышкары көптөгөн илимий иликтөөлөр, Жирмунский, Ауезов, Юнусалиев сыяктуу толгон- токой окумуштуу, Манас изилдөөчүлөрдүн ондогон, жүздөгөн макалаларды айтсак болот.

О.Тенти: – Тээ 19-кылымдарда башталган Радлов, Валиханов жана башкаларды айтпай эле койгондо дегиңиз келип турат сыяктанат?
А.Сарман. – Ооба, ошондой. Алардын баарын бул жерде санап отуруу зарылбы? Манас эпосун романга салуудагы эң башкы касиет көптөгөн апыртылган көрүнүштөр, салыштыруулар, ой жүгүртүүлөр, сүрөттөөлөр, миф, уламыштардын баардыгы окуучуну өзүнө тартып турат. Чын-чынында апыртуулар турмушта болушу мүмкүн болбосо да ишенбей кое албайсын! Ашымдын “Манасынын” дагы бир мыкты касиети дал ушул. Жогоруда эскерип өткөн Ашымдын котормочулук талантына кайрадан кайрыла турган болсок, Ошол эле Цвейгтин керемет новеллалары менен М.Лермонтовдун “Биздин Замандын каармандарын” которгондой эмес кыргыз тилинде жазгандай окулат да!

О.Тенти: – Бул байкооңуз да жөндүү.
А. Сарман: – Ал иштеген учурда кол менен жазып же машинкага басып такалбай кете берчү. Ал улам-улам өчүрүп, оңдоп да отурчу эмес. Адатта, көп кишилер сөзмө сөз которуп коюшат. Кыргыз котормочуларынын ичинен Олжобай Орозбаев гана мыкты котормочу болчу. Ал кишинин ички маданиятына котормочулугу төп келген адам эле. Ал киши алгач жакшылап окуп чыккан соң иштеп кетчү.

P.S. Бул бир жарым саатка созулган дил маектен бир ай өтүп Сарман замандашыбыз, калемдешибиз келгис сапарга кете берген. Ат-тиң дүйнө “Өңгө жалган өлүм ак” деген сөз ушундай жоготуулардан, бала ата-энесинен, ата-эне жакын туугандардан, деги эле ар бир жандын башына келе тургандыктан айтылган тура!!!

Маектешкен Тенти ОРОКЧИЕВ, “Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.