Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары

Жыргалбек Касаболотовдун жакында жазылган жаңы эки ырын сунуштайбыз.

Кырктын кыры
Айтканын окуп жүрүп акындардын,
Артынан ээрчип жүрүп закымдардын,
Кызыгын көрүп келип тирүүлүктүн
Кырк жаштын кыр белине жакын калдың.

Кырктан соң жаштык калбай, милдет калаар,
Кыялың көп нерседен кирдеп калаар.
Кыз-келин кылчайса да сөз айта албай
Кызыгып «Тигил байке ким?..» деп калаар.

Балдарың басканыңды түздөп калаар.
Башкалар «сен» дей албай «сиз» деп калаар.
Күзгүдөн көргөнүңө көөнүң толбой
Күбүлгөн күч-кубатын издеп калаар.

Мейкинде көздөн учкан бүркүт калаар.
Мезгилиң бел кырчоону түртүп калаар,
Сүрүңдү сүрөттөргө окшото албай
Сүйгөнүң көк түтүнүн бүркүп калаар.

Жоготуп жолдон далай асылдарды,
Жортуулдан жооруп кайткан атың калды.
Тур, жөнө, турмушуңдун кыйрын көздөй,
Тулпарым!.. Эшек жашың жакын калды.

Баткак оюн
Булбулдун тили так катты.
Бузуктар ишин башташты.
Ойрондор чыгып кыргыздан
Ойноду, чачып баткакты.

Башкага жукса сүйүндү,
Башына тийсе күйүндү.
“Жардам бер, утмак болдум” деп
Жат элге барып жүгүндү.

Чыккынчы болуп, сырдашты.
Чылада жатып, чырдашты.
Ыгы жок жерден сөз кылып
Ыйыктын баарын булгашты.

Чачылган жерин терген жок,
Чачканы жардам берген жок.
“Ордомду бузуп жатам” деп
Оюна такыр келген жок.

Өлкөбүз байкуш ээси жок,
Өзгөртө турган дөөсү жок.
Табактап чачкан ылайдан
Тазармак беле, мээси жок!..

Таймаша турган талаш жок,
Такташа турган кагаз жок.
Баарысын бирдей өз санап
Башкарып кетчү Манас жок.

Жарыгы жанган жылдыз жок,
Жарымы кеткен, кыргыз жок.
Карааны тоодой көрүнгөн
Кайраның эсил Чынгыз жок.

Камалып тыштан чеп калды,
Калың журт санаа жеп калды.
“Ишенип жүрсөк, буларың
Ит экен баары” деп калды.

Максатсыз элди камашып,
Мал кылып бирден санашып,
Көрүнгөн жакка сүйрөштү
Көкбөрү кылып талашып.

Башкача жолго барсакпы?
Баарысын жыйнап алсакпы?
“Арбашып жата берсин” деп
Ак Үйгө камап салсакпы?

Баарылап тышка куусакпы?
Башкабыз белди буусакпы?
Өзүбүз эле колго алып
Өлкөнүн ичин жуусакпы?

Оюмду жаздым, мен, кыргыз,
Ойлонуп көрчү, сен, кыргыз.
Эртеңки күндөн кечикпей
Эсиңе бүгүн кел, кыргыз.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.