Абдылдажан Акматалиев: “Манас” саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек?

– Кийинки кездерде “Манас” эпосунун текстерин жаш манасчылардан эмне үчүн Улуттук илимдер академиясы жазып албайт деген суроолор пайда болуп жатат. Бул боюнча араекет жасап жатасыздарбы?
Түшүндүрүп кетейин, совет учурунда манасчылардын жазып алуу үчүн атайын каражат, техника жана транспорт бөлүнүп, манасчыга гонорар чегерилип, чыгармачылык шарттар түзүлүп берилген. Ошонун негизинде азыр “Манас” үчилтигинин 80ге жакын варианты окумуштуулар тарабынан жазылып Институттун кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Мисалы, С. Орозбаковдун “Манас” варианты 1922-1926-жылдар жазылган. Көлөмү 180378 сап ыр . С. Каралаевдин “Манас” варианты 1935-1937-жылдар жазылган, көлөмү 84513 сап ыр. Ш. Ырысмендиевдин “Манасы”- 1935-1938-жылдар жазылган, көлөмү 24588 сап ыр. Тоголок Молдо өзү жазып өткөргөн. Көлөмү 53045 сап ыр. Б. Сазановдун “Манасы” 1938-1940-жылдар жазылган. Көлөмү 41147 сап ыр. М.Мусулманкуловдун “Манасы” 1944-1945- жылдары жазылган, көлөмү 57718 сап ыр.

Бүгүнкү манасчылардан жазып алуу үчүн 1991- жылдан б.а. Союз кулагандан бери каражат, техника барбы, бөлүнөбү деген суроо берген эч ким жок. Жардам кылайын деген Өкмөт да, демөөрчүлөр да, коомчулук да жок. Ал эми “Манасты” популистик менен өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, пайдасына, атын чыгарууга аракет кылгандар көбөйүп кеткени тынчсыздандырат. Мен таң калып келем, “Манас” эпосунун өзүнө каражаттар табылбайт да, “Манастын” тегерегиндеги шоуларга асмандан түшкөндөй акчалар жаап турат. Түшүнбөйм.

– Сиздердин институтта “Манас” боюнча элүүдөй кызматкер иштейт деп укпадык беле? Азыркы манастаануучумун дегендерге көз карашыңыз кандай?
Андай болсо гана. “Манас” бөлүмүндө болгону беш-алты киши иштейт. Бөлүмдө бир дагы компьютер жок, айлыктары 4000 сом. Бир кызматкерди да алуу мүмкүн эмес, ага кошумча каражат бөлүнүп, штаттык орун ачылышы керек. Манастаануучу Самар Мусаев бар кезде өзүнүн иштеген иштери, тажрыйбасы менен эле бир институттун ишин аткарып жүргөндөй болчу. Жүргөн – турганы, сүйлөгөнү, караганы бизге моралдык күч берип турчу. Азыр Самар агай бизге жетишпей турат. Манастаануу илиминин акыркы могиканы эле. Бул бийиктикке жетүү үчүн ал өмүрүнүн алтымыш жылын сарптаган. Бүгүнкү жаштар мындай бийиктикке качан жете алат?! Чыдай алышабы?! Ким билет?!…

– Манасчылардын чыгармачылыгына кызыккандар материалдарды кайдан тапса болот?
“Кыргыз адабиятынын тарыхы” китебинин 2- томунда жыйырмадан ашуун манасчылардын чыгармачылык портреттери берилген. Том дагы атайын “Манастаануу жана манасчылар” деп аталат. Манастаануу илиминин калыптанышына жана өнүгүшүнө абдан көңүл бөлүнгөн. Манас илиминин ар түрдүү проблемаларына Б. Юнусалиев, З. Бектенов, К. Карасаев, К. Рахматуллин, Т. Байжиев, С. Мусаев, Р. Кыдырбаева, К. Кырбашев, Э. Абдылдев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, сыяктуу окумуштууларыбыз кайрылышкан. Булардын эмгектери Союз мезгилинде жарык көргөн. Ал эмгектерди азыр китепканалардан да табуу кыйын. Ошондуктан, мамлекеттик колдоонун негизинде “Манастын” үчилтиги боюнча фундаменталдуу эмгектерди кайрадан көп нускалар менен чыгаруу зарыл. Манасчылар менен манастаануучуларды прапогандалоо максатында республикалык, областтык, райондук машстабдарда фестивалдарды, конференцияларды, симпозиумдарды өткөрүү, көргөзмө уюштуруу, басма сөз беттеринде атайын беттерди ачуу, радио- теле уктурууларды, көргөзүүлөрдү системалуу берүү керек. Мектептерде сочинение, Жогорку окуу жайларында курстук, дипломдук иштер жазылып, КВН сыяктуу оюн – шооктор кеңири уюштурулса жакшы болоор эле.

Манастаануу илиминин жемиштүү баскычы – 1970 – 2000 – жылдар. Окумуштуулардын ири плеядасы калыптанды. Бирок азыр чоң проблеманын үстүндөбүз. Кадр маселеси түйшөлтөт. Чыныгы жаш манастаануучуларды тарбиялоонун жолун табуу керек. Материалдык жана моралдык жактан колдоо зарыл. Үй шартына да кол кабыш жагын ойлоо керек. “Манастаануучумун” деген айрым бир популисттер “Манасты” илимий принциптин негизинде изилдебестен, үзүл – чолуп алып, илимге каршы жыйынтыктарды чыгарып жатышат.

Мен айткан китепте манасчылар Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Шапак, Сагымбай, Багыш, Молдобасан, Дуңкана, Акмат, Саякбай, Мамбет ж.б. жөнүндө эң кеңири материалдар бар. Манасчылык өнөрдүн негизги үч баскычы дайыма элдин көз алдында болуп келген.

Биринчиси – үйрөнчүк учур. Мында манасчылыктын сырын түшүнүп, эпостун сюжети менен таанышып, устатынан жаттап үйрөнгөнүн айтат.

Экинчиси – чала манасчылык учур. Бул топко эпостун мазмунун кеңири өздөштүрүп, айрым эпизоддордо өз кошумчаларын кошуп айткандар кирет.

Үчүнчүсү – манасчылык өнөрдүн эң жогорку жеткен чеги – чоң манасчы болуу. Биз жогоруда атаган манасчылар чыныгы манасчылык деңгээлге өсүп чыгышкан. Илимде манасчылык негизинен ушундай классификацияланат. Бүгүнкү манасчыларды дал ушул принциптин алкагында бөлүштүрүп, электесек, ким кандай экендиги чыга келет. Мурун илим – билим менен иши жок ата – бабаларыбыз манасчылык өнөргө жооптуу карашып, ар кимдин ордун аныктап койгон. А азыр болсо биз бардыгын тең эле манасчылар деп бир топ менен чоң деңгээлге чыгарып коюп жатабыз. Бул туура эмес. Фольклордо текстологиялык изилдөө деген бар, бир да манасчынын тексттерин башка манасчыга кеңири салыштырып чыга элекпиз. Жада калса Жусуп Мамай деп бирде көкөлөтүп, бирде сындап келе жатканыбыз менен тексттологиялык териштирүү боло элек, жазгыч манасчынын өзгөчөлүгү терең көрсөтүлө элек. “Манастагы” туруктуу сюжеттик к төмөнкүлөр: Манастын туулушу жана балалык чагы, алптык эрдиктери, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, “Көкөтөйдүн ашы”, Чоң Казат, Манастын өлүмү. Азыркы жаштар “Манасты” толук айтышабы?! Ким кандай эпизоддорду айтат?! Бул сыяктуу суроолорго жооп табуу кыйын.

Эмне үчүн Манастын урапктары тууралуу сөздөр айтылбай келет?
Туура айтасың, “Манас” эпосунун көлөкөсүндө “Семетей”, “Сейтек” эпостору калып, көпчүлүк учурда алар айтылбай келет. Биз үчилтикти бирге карасак жакшы болоор эле, Бирок, “Манас” деген “Манас” болуп жатпайбы!

“Семетейди” айткандарды (Дыйканбай, Жаңыбай, Жакшылык, Сейдене ж.б.) семетейчилер деп бекеринен айткан эмес. “Семетей” да чет элдик окумушчуларды кызыктырып келген. Бекеринен Чокан Валиханов “Семетей” буруттардын (кыргыздардын) “Одиссеясы” деген жыйынтыкка келбесе керек. Эң уникалдуу көрүнүш – Кенжекарадан жазылган “Семетейдин” үзүндүсү фоно жазууга кыл кыяк менен жазылып калган. 1925 – жылы Тыныбектин “Семетейи” Москвадан жарык көргөнү эле бул эпостун маанилүүлүгүн билдирип турат. Сагымбай Орозбаков “Семетейди” менин пирим – деп эсептеген. Эпостогу “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Каныкейдин жомогу”, “Айчүрөктүн окуялары” сыяктуу сюжеттик эпизоддор угармандардын эстетикалык талабын канааттандырып келген. Саякбай Каралаевдин айтуусунда “Семетей” 316000 саптан көп. Мындай көлөмдө болушунун бир себеби – “Манастагы” айрым окуяларды “Семетейде” Саякбай Каралаев кайрадан кыскача эскертип отурганында. “Манастагы” баатырларды сыпаттаган айкөл, шер, кабылан, көк жал, арстан деген эпитеттер “Семетейде” кеңири кездешет.

“Сейтек” – “Манас” трилогиясынын жыйынтыктоочу бөлүгү эмеспи. Бул эпостун материалдарын С. Каралаевдин, М. Чокморовдун, Ж. Сарыковдун жана Ы. Абдрахмановдун варианттары түзөт. “Сейтек” эпосу Тоголок Молдодо 2.230 сап ыр, Шапакта 11.600 сап ыр, Ы. Абдрахмановдо – 7. 840 сап ыр, Багышта- 5.580 сап ыр, Мамбетте – 23.340 сап ыр, Саякбайда – 108.000 сап ыр, Жакшылыкта – 27.000 сап ыр. Бирок, окурмандарга “Сейтектин” варианттары да “Манас”, “Семетей” эпосторунун варианттары сыяктуу жете элек. Кыргызстандык кыргыздарда эле Манастын урпактары катары Кенен, Алымсарык, Кулансарыктар жөнүндө айтылып келген. Бирок, алардын көркөмдүгү солгун жана варианттарында композициялык туруктуулук жок болгондуктан жана эпикалык жүктү көтөрбөгөндүктөн алар эл ичинде кабыл алынбаган, ошондуктан “Манас” трилогиясынын генеологиялык циклициясынын корутундусу “Сейтек” болуп саналат.

Сагымбайдын тексттерин реакциячыл деп эсептеп жүрүшпөйбү?
– Сагымбайдын текстинде ислам дини кеңири берилген. Сагымбайды панисламист, пантюрист деген туура эмес. Ошондон улам 50 – жылдарда “Манас” эпосуна каршы чабуул башталып отурбайбы! Сагымбай чоң манасчы катары ислам динин эпоско киргизбей кое албайт болчу. Себеби кылымдар бою сиңип калган кыргыз элинин аң – сезиминен жана өзүнүн жеке ишенүүсүнөн исламды алып таштабайт эле. Ошондуктан, Манастын Мекеге барып сыйынып келиши өңдүү материалдардын текстке кириши законченемдүү көрүнүш болчу. Ал эми бул варианттагы Манастан Түндүк менен Батышка жоортулунун орун алышы эпизоддордун да өзгөчөлүк катары кароого болот. Алсак, Радлов жазып алган вариантта орустардын ак падышасы менен Манастын достук мамилеси сүрөттөлөт эмеспи! Албетте, мындай окуялар эпостун негизги туруктуу тексти катары кабыл алынбайт. Ошондой эле Сагымбайдын үй- бүлөлүк оор шартына жараша кайгы – капасы, арыз -муңу текстке кирип кеткени да манасчынын эпосту айтып жатканда көңүлү бир жерде эместигинен кабар берет. Жардам беребиз деп, убада кылышкандар манасчыга жардам жасашпагандан улам алардын аты – жөнү да айтылып кеткен. Манасчыдан “Манасты” жазуунун ошол мезгилдеги шартын көз алдыга элестетип көрчү. Манасчыны Токтогул калем сапты сыя челекке улам салып, ак баракка жазып отурганды. 180.378 сап ыр. Мына ошол кол жазма болгону бир эле нуска, болгондо да араб арибинде жазылган, шурудай тизилген, азыр биздин институттун кол жазмалар бөлүмүндө жазылып турат. Совет бийлигинин алгачкы жылдары оор шарттарга карабай “Манасты” жаздырып алууга ар – намыс каражат жетсе, а бүгүнкү илим – техника өнүккөн заманда “Манасты” жаздырып алууга кайдыгер болуп отурабыз. Мындайда кумга сиңген суудай болгон миллиондогон каражаттарды ойлоп, биз “Манаска” кандай камкордук, эмне кылдык деп, жооп таба албай, бушайманбыз. Жок дегенде кол жазмаларды ирээтке келтирип, компьютерге салып, дисктерге түшүрүп сактоого каражат табылбаганы абдан өкүндүрөт. Бул бир кишинин жеке иши эмес го, мамлекеттик жоопкерчилик керек деп айтып келе жатам. “Манас” боюнча небак эле маанилүү даярдалган декретке эмдигиче эмне үчүн кол коюлбай, жарыкка чыкпай жатканына түшүнбөйм. “Манас” саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек.

Маектешкен Ч. Кутманалиева, «Асман.KG» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.