Бишкекте балдар үчүн «Тумар» комикси тартууланат

Бишкекте 8-ноябрда балдар үчүн «Тумар» комиксинин бетачары өтөт. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташуу бюросунун коомчулук менен байланыш түзүү адиси Турсунай Чодурова билдирет.

Комикстин негизги идеясы – рухий жана турмуш баалуулуктарын көрсөтүү, ошондой эле ар бир баладагы рухий маданияттын күч алышын колдоо жана өнүктүрүү. «Тумар» кыргыз элинин салт-санаасын, республиканын географиялык маалыматтарын өзүнө камтып, окуялуу жанрда түзүлгөн. Анын сюжеттик негизи өлкө аймагында ар кыл мезгилде жашаган уруулардын жомок, уламыштарынын негизинде жазылган.

Комикс 36 барактан турат, 2 миң нускада басмадан чыгарылып, кыргыз, орус тилинде басылып чыгат да, Кыргызстандын бардык аймагына таркатылат.

Аталган долбоор Швейцария бюросунун искусство жана маданиятты колдоо боюнча программасынын каржылык колдоосунда “Эл аралык укук мектеби” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган.

А.Бенгард (которгон А.Мураталиева), «Кабар» МА, 01.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.