“Кыргыздын адамзатка үлгү көрсөтө турган доору келди”

Демократия менен базар экономикасы өкүм сүргөн чалкеш заманда, рухий дөөлөттөргө, маданий баалуулуктарга маани берилбей, адамзат жан дүйнөсү терең кризиске учурады. Натыйжада, дүйнө-мүлктүн арааны жүрүп, теңсиздиктин, адилетсиздиктин доорун башыбыздан кечирип жатабыз. Мына ушул жагдайдан чыгуунун жолун бүткүл адам баласы издеп жаткан учур. Ошого байланыштуу өткөн жумада Казакстандын борбору Астана шаарында адамзаттын башына түшкөн кризистен чыгуунун жолун талкуулаган Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий курултай болуп өттү. Аталган курултайга Кыргызстандан кыргыз деп күйгөн белгилүү коомдук ишмерлери Дастан Сарыгулов, Анарбек Усупбаевдер барып катышып келишти. Анда сөз башынан болсун.

Дастан ага, Казакстанда болгон Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий курултайга катышып келиптирсиздер, эмне маселелер талкууланды?
18-19-20-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий курултай болду. Жетимиштен ашык өлкөдөн белгилүү адамдар келишти. Курултайдагы талкууланган негизги маселе учурдагы адамзаттын рухий-маданий кризистен, жалпы эле адам баласынын башына түшкөн кризистен чыгарып кетүүнүн жолдору барбы? Эгер бар болсо, кайсы жолдор?-деген суроо коюлуп, талкууга алынды. Биринчи күнү жалпы жыйын болду, экинчи күнү секцияга бөлүнүп, өз-өзүнчө маселелер талкууланып, үчүнчү күнү жалпы корутунду жыйын болду.

Биз алтынчы – “Кризистин философиялык жана дүйнө таанымдык жагдайлары жөнүндө” деген секцияга катыштык. Анарбек Усупбаев “Манас” – Борбордук Азиянын байыркы көчмөндөрүнүн тирүү мурасы” аттуу доклад жасады. Конференцияга келгендер абдан кызыгуу менен угушту. Мен болсо дүйнө тааным жагдайына көбүрөөк көңүл буруп, сөз сүйлөдүм.

Үчүнчү күнү ар бир бөлүнүп талкуу кылган топтор өздөрүнүн корутундусун жалпы жыйында айтышып, бул иштин үстүндө дагы бышырып иштөө зарылдыгы белгиленип, 10-15 күндүн ичинде жалпы дүйнө элине жайылтуу маселеси бекитилди.

Жыйында кандай маселелер көтөрүлүп, кандай сунуштар айтылды?
Курултайда бүгүнкү адамзат тагдыры маданий-руханий, саясий, экономикалык, экологиялык жарга такалып турган кезде, “ушундан чыгып кетүүнүн жолдору барбы же жокпу деген суроого жооп изделди. Экологиялык Конституцияны иштеп чыгуу керекпи?”-деген сунуштар түштү. Этикалык кодексти кабыл алуу боюнча да пикирлер айтылды. Аны бүт дүйнө эли аткара тургандай кылып жазуу зарылдыгы белгиленди. Адамзат бүгүнкү күндөгү жол менен кетсе, келечеги жок экени туурасында ойлор айтылды. Таза суу, экология булганып бүттү. Токой аянттары, жер аянттары, жайыт аянттары адам баласына жетишпей барат. Ошол эле убакта адам сатуу күч алды. Учурда төрт жарым миллион адам кулдукка сатылып жатпайбы. Илгери орто кылымдарда да мынча адам сатылчу эмес экен. Бүгүн адамдардын бөйрөк, жүрөк сыяктуу ички органдары сатылып жатат. Андан тышкары СПИД оорусу, экстремизм, терроризм күчтөрү, мындан сырткары дүйнөдө теңсиздик, адилетсиздик күч албадыбы. Мына ушул адилетсиздик кайсы жол менен күч алып жатат? Ушул дүйнөлүк көйгөйлөрдү адам баласы кантип чече алат?- деген суроого адамзаты азыр жооп таппай жатат.

Мен жыйында бүгүн дүйнө үч негизги күчкө: мыйзамдын күчүнө, акчанын күчүнө, куралдын күчүнө таянып турганын айттым. Маселен, Иракта, Афганистанда Америка курал менен күчүн көрсөтүп жатат. Дүйнөлүк каржы кризиси деп баарыбыз жүгүрүп жатабыз. Мыйзам, мыйзам деп, маселен, Жогорку Кеңешти шайлай албай ит болуп жатабыз. Ушул үч күч бириксе дагы, же ар бирин өзүнчө алсаң дагы дүйнөлүк көйгөйлөрү чече албай турган абал туулду. Дүйнөлүк көйгөйлөрдү мыйзамдын, акча, дүйнөнүн, куралдын күчү менен чечүүгө мүмкүн болбой калды. Мына Ирак, Афганистанды көрүп жатпайбызбы, куралдын күчү менен талкаланып жатат. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандай кылыш керек? Адам өзүнүн дүйнө таанымын өзгөртүшү абзел. Эң биринчи коло доорунан баштап адам өзүнүн дүйнө таанымын өзгөртө баштады. Ал кандай болуп өзгөрдү. Биринчиден, ал доордо курал топтоо менен дүйнө топтоо мүмкүнчүлүгү ачылды. Мына ошондон бери 4 миң жыл бою адамзат бузулуп бүттү. Курал, байлык топтогондордун арааны жүрүп, дүйнө-мүлк бул адам жашоосунда негизги күч болуп калды. Салттар унутулуп, мыйзамга таянганыбыз менен, жашообуз бузулгандын үстүндө бара жатат.

Батышта жараткан дүйнөдөгү баалуулуктун жеткен чеги бул – адам. Адамдан баалуу эч нерсе жок деп айтышат. Кыргыз эч качан “адам баарынан баалуу, баарынын үстүндө турат” деп айткан эмес. Кыргыз: “Жандуунун баары адамга шерик” – деген. Жөнөкөй эле айтылган сөз. Бирок бул сөздүн ары жагында чоң философия жатат да. Кыргыз жандууларды бөлгөн эмес. Ал эми батыш болсо, дүйнөнүн баарынан өйдө адамды коюп койгон. Адам болсо баарын кырып келе жатат. Адам табиятка согуш жарыялады. Натыйжада эмне болду? Дүйнө жүзү боюнча 80 пайыз эл таза суу иче албай жатса, 50 пайыз эл таза аба менен дем ала албай калды. Канчалаган оорулар чыгып жатат. Ар бир үчүнчү оору табияттын булганышынан пайда болууда. Адам өзүнүн өмүрүн өзү кыйып, жылына бир миллион адам көз жумууда. Өзүнүн кызын аял кылып бала төрөтүп жатышат. Эркек эркекке үйлөнсө, Америкада бул кудайдын колдоосуна төп келет деп жатат. Айбан кылбаган акмакчылыкты адам жасай турган болуп калды.

Мына биздин качып кеткен президенттин банктагы бир эле кутучасында 3 миллиард 780 миң акчасы бар экен. Дагы канчасын алып чыгып кетти ким билет. Байкуш кыргыз тентип жүрөт. Нарындын суусун сатып, тезек тердирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда абал кандай болуп жатат? Бийлик бар, өкмөт бар. Ким эмнени кааласа ошону жасап, айтып жатат. Баарына кудай берди. Ушундай да доор болобу?.. Курултай дал ушундай көйгөйлөрдүн баары талкууга алынды. Курултайга жетимиш өлкөдөн келген делегаттар: “Кайсы өлкө болбосун, бийлик аталган маселелерди чече албайт”- деп айтышты. Демек, демилгени эл өзү колуна алышы керек, бийликке ишенген доор тарыхка кетти. Бийликти эл өзү жүргүзүшү зарыл.

Ошондо адам баласы азыр кандай доорду башынан кечирип жатат?
Адамзат өткөөл мезгилге учурады. Ал кайсы өткөөл мезгил? Дүйнөнүн кулу болуп, материалдык байлыкка малай болгон доор бүттү. Эми рухий доордун үстөмдүгү келе жатат. Дүйнөдөгү 6, 5 миллиард адамдын 6 миллиарды дүйнөнүн кулу болуп калган. Эптеп эле материалдык байлык топтоону көздөп калышкан. Ал эми рухту баалаган эл барбы? Бар. Ошолордун бири – кыргыз эли. Анткени кыргыз эли көчүп-конуп жүрүп, рухий дүйнөнү бийик коюп келген. Кыргыз: “байлык деген колуңдагы муз, ээрип кетет. Мансап ийниңе конгон куш, учуп кетет. Сенин байлыгың – элиңе кылган кызматың” – деген. Демек, дүйнө элдеринин катарында кыргыз эли – байлыкка, бийликке умтулбаган дубана эл.

Мына кыргыз доору келе жатат. “Адамзатын акыр замандан Манас атанын урпактары сактап калат” деп айтылган. Мына азыр ошол доорго келип калдык. Казактын академиги, бүткүл дүйнөлүк Түрк элдеринин федерациясынын президенти Ерментай Султанмурат: “Бүткүл адамзат, кыргыз улуту жаңы жол көрсөтө турганын күтүп отурат” – деп жазып жатат. Бул эмне деген кеп? Ошол үчүн кыргыз эли ата-бабасынан калган улуулукка кайрылып, өзүнө гана таандык улуу даанышман жолуна түшүшү керек. Биз курултайда ушуга ынандык. Кыргыздарды дүйнө эли күтүп отурганына ынанып келдик.

Аталган курултай мындан ары да ишин улантабы?
Бул форум туруктуу шартта иштей турган болду. Турмуш зарылдыгы ошону талап кылып жатат. Жумушчу тобу түзүлдү. Ошол жумушчу топко мен жана Анарбек Усупбаев кирди. Бул курултай жылда Астанада болуп турат. Казактар да рухий дүйнөнү баалаган адамдар. Муну эмне үчүн Европадагы эл демилге көтөрүп чыккан жок? Себеби алар “адам бийик, калганынын баары адамга кул болуп жашаш керек” деген дүйнө тааным менен жашап жатат да. Же болбосо кудайды өздөрүнө менчиктештирип алгандар. Кыргыз: “Иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар” – деп айткан. Кыргыз кудайды менчиктештирген эмес. Кудай баарыбызга бирдей таандык.

Сиз айтып жаткандай Ерментай Султанмураттын: “Бүткүл адамзат, кыргыз улуту жаңы жол көрсөтө турганын күтүп отурат” – деген мүмкүнчүлүктү кантип ишке ашырабыз?
Курултайды бийликтин башына коюш керек. Адилеттүүлүк менен акыйкаттыктыкты бийик кармаш абзел. Мекендин, улуттун улуулугу даңазаланышы зарыл. Андан кийин дүйнө элине үлгү болуп көрсөтүшү кажет. Кыргыз: “Эл байлыгы-адилет, таянычы-калыстык, келечеги – акыйкатык”- деген. Муну бир да эл айткан эмес. Ошондуктан кыргыз эли өзүнүн ички маселесин жөнгө салып туруп, жарга такалган адамзатына жол көрсөтүп, ээрчитип кетиши керек. Кыргыздын адамзатка үлгү көрсөтө турган доору келди. Ал үчүн кыргыз майдаланбашы парз.

Кыргыз – улуу “Манас” эпосун жараткан даанышман эл. Дүйнөдө 190 мамлекет, 6 миллиард эл бар. Эч кимиси “Манастай” эпосту жарата алган эмес. Ордо деген оюнду кыргыздан башка эч ким ойнобойт. Бул жоокерлерди даярдоо. “Намыс өлүмдөн өйдө”-деген кыргыз. 7-апрелде эмне болду? Эч ким муну күткөн эмес. Токсонго жакын адам шейит кетти. Революцияны партиялар эмес, улутчул, мекенчил кыргыздар жасады. Биз бейиштин төрүндө жашайбыз. Бирок эмнеге тентип жатабыз?

Азыркы депутаттардын, министрлердин баары уурулар. Мени сотко беришсин. Баарын уруу деп айта алам. Азыр көрсөң, ошол өлкөнү тоноп жегендер бийликке келип жатышат. Эмне 90 адам ошон үчүн окко учту беле? Эмне үчүн бийлик элден өзүн төмөн койбойт? Биринчи жараткан, андан кийин эл дейт. Эл ыйык делген. Элге пайдаң тийбесе, тирүүнүн өлүгүсүң. Бийлик элдин көзөмөлүндө болушу керек. Эмне үчүн бизде тескери. Турар Кожомбердиевдин: “Жыттабай калдык чөптү, тиктебей калдык көктү” – деп жазганы бар. Кыргыз көктү карап, жылдыз санап, философ болгон.

Кыргызстандагы болуп жаткан кыйчалыштыктар эмнеден улам чыгып жатканына илим эмне дейт?
Быйыл июль айында Улуттук университетте “Апрель айындагы окуялардын себептери жана сабактары” аттуу илимий конференция өткөн. Буга Америка, Турция, Өзбекстан, Казакстандан окумуштуулар келген. 2005-жылдагы март окуясын кокустук десек, 2010-жылдагы апрель окуяны кокустук деп айтууга эч бир илим негиз бербейт. Бул закон ченемдүү көрүнүш. Илимпоздор мындай жыйынтыкка келишти. Союз урагандан кийин Кыргызстанда түзүлгөн саясий башкаруу, миң жыл бою кыргызды сактап келген коомдук түзүлүшкө карама-каршы келди. Бул карама-каршылык жоюлмайын Кыргызстан системалык кризистен чыга албайт. Муну илим айтып жатат. Демек, биздеги системаны түп тамырынан бери өзгөртүш керек. Кыргыз эли экономикалык эркиндикте жүргөн, саясий, рухий эркиндикте жүргөн. Бир эле башкарууну мүмкүндүк кылган. Ал – элдик курултай. Биз элдик курултайга кайтмайын өспөйбүз. Элдик курултай кыргыздын канына сиңген. Башмыйзамга эл бийликтин башында көзөмөлдө турат деп киргизиш керек. Ошондо эл бийликке баа берет. Адилеттүүлүктү камсыз кылат. Ошондо революция болбойт.

Мына парламенттик системаны алып келишти. Анысы Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам бере албайт. Азыр эле ич-ара келише албай, эки-экиден тытышып жатышат. Партия деген “жаат” дегенди билдирет. Америка “жаатташ” деп жатат. “Жаат” деген жаман сөз да. Бизге ушул керекпи?..

Маектешкен Алмаз Темирбек уулу, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.