Көчмөндөрдүн кайталангыс өнөрү

30-октябрда “Санат-Кумай” федерациясынын,  Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Дасмия” компаниясынын колдоосунда “Ак кула” ат майданында болуп өткөн “Ынтымак” фестивалы адам азыркыдай техникалык мүмкүнчүлүктөргө, мылтыктардын түрүнө ээ боло электеги, накта мээнети жана эмгекти талап кылган мергенчилик салтына кайрадан жаңы дем берип, улуттук мергенчилик салттарын өнүктүрүү жана элди ынтымакка чакыруу максатында уюштурулду. Анын уюштуруучулары жаратылышка шайкеш жашоо мергенчиликте гана көрүнөт дешүүдө.  Фестивалга өлкөбүздүн эң мыкты деп таанылган бүркүтчүлөрү, тайганчылары, кушчулары катышты. “Бүркүт салуу”, “Тайган салуу”,  “Кыз куумай”,”Жаа атуу” оюндары көрсөтүлдү. Улуттук ыр-күүлөр жаңырып, фестивалды таза кандуу жорголордун жарышы жыйынтыктады. Мелдеште жеңишке ээ болгон Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Бишкектин командаларына президенттик администрациянын 10 миң сомдук байгелери тапшырылды. Мындан сырткары жеке ишкерлер менен күйөрмандар да өз байгелерин жаккан командаларга, оюнчуларга беришти. Фестивалдын кызуу өтүп жаткан учурунда өз колу менен тапталган тайгандарын алып келген жана жогоруда аталган федерациянын түптөлүшүнө салымын кошкон тайганчы Майрамкул Асаналиевди кепке тарткан элек.

– Майрамкул ага, көп жылдардан бери тайган таптап жүргөн адис катары айтсаңыз, тайгандын башка иттердин түрлө­рүнөн кандай артыкчылыктары бар?
– Кыргызстаныбыз тоолуу өлкө болгондуктан, ит аттуунун баары эле тоолорго чыдай албайт. Бир гана тайгандар  жердин катаал шартына, кычыраган суугуна чыдамдуу болушуп, кээ бир учурда бир-эки сутка бою деле ачка  жүрө беришет. Тайгандын дагы бир артыкчылыгы – коркпогондугу, мисалы, башка иттер карышкырдын терисинен коркуп, ал турсун жыты келгенде куйругун кыпчып жашынып калат. А тайган коркпой, тартынбай барып карышкырга кол салат.Карышкырлар дагы кыраан тайган бар жерге жолой алышпайт. Ошондуктан, кыргыздардын илгертеден кыраан тайганды аздектеп калгандыгынын бир себеби ушундан.

– Анда баардык эле тайгандар бирдей эмес турбайбы?
– Ооба, тайгандардын бардыгы кыраан боло бербейт. Анын үстүнө ээсинен дагы көп нерсе көз каранды, кандай таптап, кандай салат, кеп ушунда. Тайган жөнүндө эл оозунда  уламыштар,  тарыхыбызга байланышкан көп маалыматтар бар. Мисалы, Балбайдын  Актаманын эле айталы, Балбай баатыр тайганын бир эрдин кунуна дагы бербей койгон. Ошондой эле Баястандын Көкдобулу дагы бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда айтылып келүүдө.

– Азыркы учурда Кыргызстанда мыкты тайганчылар барбы?
– Бар, бирок, саналуу гана. Нарындан Элчибек, Марс деген жигиттер тайганды карышкырга салып жүрүшөт. Таластан дагы Бекен жана Белек аттуу жигиттерибиз тээ бала күнүнөн эле тайган таптап жүрү­шөт. Кара-Балтадан Салмоор, Мику, Кочкордон Нияз, Сагын, Көлдөн Баатырбек, Элдос, Азат, Чүйдөн Бекмырза, Бекжан, Толкун, Чоро, Мирлан деген жигиттер бар. Жогоруда айтып өткөндөй, саналуу эле жигиттерибиз бар. Белгилей ке­түүчү нерсе, тайган таптагандан сырткары Кадыров Ишенбек былтыр карышкырга бүркүтүн салды. Ителги таптагандардан Карыпбаев Улан, Жунушов Жакшыбек, Фархад, Жаку деген жигиттер бар.

– Тапталып жаткан тайгандардын ичинен карышкыр алган учуру болду беле?
– Болгон. Болотбектин Сактан, Көккуш деген тайгандары элге таанымал. Булар тууралуу атайын фильмдер тартылган. Демек, бү­гүнкү күнү дагы тайгандын чыныгы тукуму сакталуу. Азыр биз тайгандын тукумун көбөйттүк, эми сапатына иштеп жатабыз.

– Сиз кандайча тайганчылыкка кызыгып калдыңыз?
– Мен бала күнүмдөн таекелеримдин тайган таптаганын көрүп, кызыгуум артып, кийин өзүм дагы алардын жолун жолдоп тайган таптап  келатам. Бирок, чөнтөк жука болгондуктан, 15-20 жылдап улутубуздун бул өнөрүн ачыкка чыгарып, элге жеткире албай келгенбиз. Менин бул ишимди Рыспай Исаков, Сыртпай Мусаев, Турусбек Маразыков, Үмүт Баймуратова сыяктуу адамдар колдоого алып, жардам берип келишти. Далай азап-тозогун тартып, анан элге тайгандын касиетин далилдөө иретинде , өнөрүмдү тартуу кылган соң, эл ишенип колдоого алып кетти. Азыр Ысык-Көлдө, Шалтада чакан тайганканаларды кармап турабыз, аларды мамлекеттик деңгээлдеги тайганканаларга айландырышыбыз керек болуп жатат.

– Айтмакчы, “Санат-Кумай” федерациясынын түзүлү­шүнө сиздин салымыңыз дагы бар экен го…
– Негизи биздин Федерация мүнүшкөрлүккө, тайганчылыкка кызыгып, бул өнөрдү эл колдогонунан улам уюшулуп калды. Мындан сырткары, акыркы жылдары элибиз тынчыбай, кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрүп жибердик. Биздин дагы бирден бир түпкү максатыбыз ушул – элди тынчтыкка үндөп, ынтымакка, биримдикке чакыруу. Азыр эл күнүмдүк саясаттан чарчап бүттү. Чакырат десе эле биз чыгып алып куру кыйкырык кылбай, ушундай улуттун аң-сезимин ойгото турган иштерди жасоо менен элибизди келечектүү, түпкүлүктүү бир багытка буруп, жан дүйнөсүнө жаратылыштын сырдуу касиетин тартуулоо. Кыргыз элиндеги асыл тукум тайгандарды, куштарды сактоо менен тайганчылык, мүнүшкөрлүк өнөрлөрүн өнүктүрүп, жалпы элге жайылтуу негизги тилек-ойлорубуздун бири . Бул маселе өзү бышып жетилип калды. Кечээ жакында эле Таласта “Соноор” деген фестиваль болуп, бүркүт, ителги таптаган мүнүшкөрлөр, тайганчылар башыбызды бириктирип, чогулуш кылдык. Белгилей кетүүчү нерсе – каражат жок, ишибиз жылбай жатканда “Дасмиянын” ээси Турусбек Мамашовду аталган федерациянын президенти кылып дайындадык. Бул киши искусствого жакын, кыргыздын улуттук аң-сезимин дагы терең түшүнгөн инсан. Мүнүшкөрлүктү, тайганчылыкты өнүктүрүүнүн көп азап-тозогу бар экенин угуп, кыргыздын келечеги, ынтымагы, кызыкчылыгы, тынчтыгы үчүн бир топ жардам берди. Өлкө­нүн булуң-бурчтарынан мүнүшкөр­лөрдүн, тайганчылардын чогулганы, билинбегени менен элдин улуттук касиет-өзөгүн элге жайылтууга салым болмокчу.

Маектешкен Азима АКУНОВА, сүрөттөрүн тарткан Дайырбек МЕЙМАНОВ,
“Кыргыз туусу”, 02.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.