Кытайлар, орустар, түрктөр “кырып” жатышат

Ар бир улутту анын чыгаан уулдары таанытат эмеспи. Көрөңгөлүү элибизди ааламга алып чыккан атуулдардын бири, КМШ боюнча эл аралык фитоборборунун президенти, Калифорния илимдер академиясынын академиги, КР илимге эмгек сиңирген ишмери ж.б. толгон-токой наам, эл аралык сыйлыктардын ээси, академик Оморбай НАРБЕКОВ. Азыркы учурда саламаттык сактоо министринин орунбасары болуп иштеп жаткан Оморбай агага төмөнкү суроолор менен кайрылдык.

– Оморбай ага, сиз Кыргызстандын ар бир чөбүнүн кадырын билген кишисиз. Жакында эле Орусияда 14 тонна чекенди менен бирөө кармалды. Бизден алып чыгып кеткен экен. Бул чөптөрдү өзүбүздө дарылыкка пайдалансак болот беле?
– Кыргызстанда алтын тамыр, ак кодол, уу коргошун, чекенди өңдүү көптөгөн өсүмдүктөр стратегиялык мааниге ээ. Дүйнөдө өтө сейрек кездешкен бул өсүмдүктөрдү мамлекеттик жашыруун сыр катары сактасак да болор эле. Бизде алтын тамырдын жүздөн ашык түрү өсөт. Мунун үчөө ашкере баалуу. Биздики дүйнөгө аты чыккан Алтай алтын тамырынан ашса ашат, асты кем эмес. Ал эми чекенди алтымыш миң ааламда Кыргызстан менен Казакстанда гана өсөт. Бул дарылык касиети өтө күчтүү өсүмдүк. Азыр наркозат катары колдонулуп, чекенди дегенде чекчейип көзү өткөндөрдүн саны арбып, наркы боюнча апийимге чукулдап баратат. Контрабандалык жол менен эбегейсиз өлчөмдө ташылып кетүүдө. Бир мисалын өзүң айтып жатасың. Кыргызстандын жаратылышында өскөн чөптөрдүн билген кишиге куну жок. Алтын мунун жанында чендебей калат. Ошонун кадырын билбей жатабыз. Ушул эле учурда Кытай, Түркия, Индия, Орусия ж.б. өлкөлөрдүн фармакология өндүрүшүнүн агенттери, же болбосо атайын келген жеке адамдар дары чөптөрүбүздү эбегейсиз чоң өлчөмдө алып кетип жатышат. Алардын ар бир айылда, тоолуу жерлерде дары чөптөрдү жыйнап берип турган “кыргыздары” пайда болду. Кээ бир жерлерде бүтүндөй айылдар мал бакпай эле чөп жыйнап кетишти. Баасын асмандатып төлөп жаткандан кийин, акча үчүн чөп эмес атасын сатчулар четтен чыгат тура. Өкүнүчтүү жери, кээ бир чөптөрдү тамыры менен жулуп алып жатышат. Тамырсыз кайсы өсүмдүк кайра өсмөк эле? Айрымдарынын дал ошол тамыры дары. Минтип массалык түрдө кол салып кирсек, Кыргызстанда кылымдардан бери өсүп келген, бир жоголсо табылбай турган дары чөптөрдөн айрылып калабыз. Мындан тышкары, кызыл китепке кирген, дүйнөдө өтө сейрек, Кыргызстан боюнча Кочкордо гана кездешүүчү кызыл колтук баканы кытайлар кырып жиберишти тимеле. Колго чаап койгон бирөөбүз болбодук. Баладан чоңго чейин саз кечип жыйнап берип жатабыз. Ал эми орусиялыктар биздеги сүлүк курттарды сүлүктөй соруп, өздөрүнө алып барып көбөйтүп жатышат. Түштүктөгү жыландарыбыз да кытайлыктардын колунан жылас болуп кетти. Ошондой эле алгы деген ата-бабалар эзелтеден ашказан, уйку без ооруларына колдонуп келген тамыры картөшкөдөй болгон тоодо өсчү чөп бар эле. Муну да тонналап казып кетишип түбүнө жетмей болду. Ошондуктан чукул арада мамлекеттик деңгээлде чара көрбөсөк болбойт. Көпчүлүк чет өлкөлүк чөп жыйноочулар анча-мынча тыйын төлөп коюшуп лицензия да алып алышкан. Эми буларга тыюу салууга мезгил жетти.

– Өзүңүз чөптөрдөн дары жасаган айтылуу академиксиз. Башкалардан кызганып жаткан жоксузбу?
– Кыргызстандын жаратылыш байлыгын баарыбыз кызганышыбыз керек. Анын пайдасын биздин өлкө, элибиз көрсүн. Жогоруда айтканымдай, дары чөптөр, дарылык касиети бар жаныбарлар улутубуздун байлыгы. Аны чен-өлчөмдө пайдалана билсек, өзүбүздүн фармакологиялык өндүрүшүбүздү жолго коюп алсак, экономикабызга эбегейсиз зор каражат түшөт. А тиги сырттан агылып келгендер биздин жаратылышты аямак беле. Аларга күнүмдүк пайда болсо болду да. Кыргыз табиятынын келечеги аларды кызыктырбайт.

– Азыр сиз саламаттык сактоо министринин орунбасарысыз. Бул багытта өзүңүз айткандай, чукул чараларды качан көрөсүздөр?
– Мен дал ушул кыргыздын керемет чөптөрүнүн аркасы менен академик болдум. Илимге таянуу менен көптөгөн касиеттерин ачтым. Бул кадамым союз мезгилинде эле башталган. Менин түздөн түз демилгем менен үч институттун негизинде 1990-жылы 20-мартта кыргыз эксперименталдык илимий-өндүрүштүк курортология жана салттуу медицина борбору түзүлгөн. Аны ачтырууга көп күч жумшаганбыз. Бул илимий өндүрүштүк, дарылоо жана окутуучулук өтө абройлуу мекеме эле. Дал ошол мезгилде сен жогоруда айтып жаткан Кыргызстандын дары чөптөрүн сыртка чыгарбоо, бажыканаларда көзөмөлдү күчөтүү иштерине жетишип калганбыз. Ошондой эле Чоң-Туз, Эфиронос, Барбулак санаторияларын уюштурган элек. Кийин мени көрө албастардын айынан бул иштен четтеп калгам. Азыр булар чачылып, айрымдары менчиктештирилип кетиптир. Алардын бири апрель революциясынан кийин элдин колуна тийген Чоң-Туз. Бул жер аллергияны дарылоодо миңдин бири. Союз мезгилинде путевкалар бир жыл мурун сатылып кетчү. Жакында Чон-Туздун азыркы ээси Туз айыл өкмөтүнө барып, “силер Чоң-Тузду жакшы күткүлө, муну бир кезде уюштурган киши катары талашпайм, өтүнөөрүм эле медперсоналын чачыратпагыла, материалдык базасын талкалап албагыла, мен дарылануучуларды таап берейин” деп келдим. Алар буга кубанып калышты. Буюрса, мурдагыдай дарылануучуларды чакыра баштайбыз. Бирөөлөр ден соолугун оңдосо, жергиликтүү эл пайда-батасын көрөт, жумуш менен камсыз болот дегендей. Булар дагы Кыргызстандагы фармакология өндүрүшүнүн бир бутагы болуп калат. Ошондой эле Көлдө “Арашан” аталган дары чөптөрдү өстүрүүчү чарба бар эле. Барсам анча-мынча калдыгы калыптыр. Жетекчисинен мурдагыдай дары чөптөрдү өстүр, жаңы уюштурула турган фармакология өндүрүшүнө пайдаланабыз деп айтып келдим.

– Демек, Кыргызстанда жаңы фармакология өндүрүшү пайда болот экен да?
– Ооба. Бул жагынан Кыргызстандын уучу кур эмес. Жеке эле мен деп көкүрөк какканда болбойт. Фармакология жаатында дары чөптөрдү ийгиликтүү пайдаланып жаткан, кыйла тажрыйба топтоп, бизде гана эмес чет өлкөлөргө чейин дайыны угулуп калган өндүрүшчүлөрүбүз арбын. Айталы, Валерий Иванович Вольвич деген менин үзөңгүлөшүм өзүнүн “Вольвич медициналык борбору” аталган фитоборборун ачып иштетип жатат. Ошондой эле А.Надирова, И.Рахимова, Р.Свистунова, Б.Иманкулов деген фармакологдорубуз бар. Булардын баары мени менен бирге иштешип, чогуу дары жасаганбыз. Демек, Кыргызстандын фармакологиясын өнүктүрүүгө кадрлар да, материалдык, лабораториялык база да толук жетиштүү. Болгондо да илимий негизде. Илимсиз, көптөгөн жылдарга созулчу лабораториялык изилдөөлөрсүз кайсы дары чөп сырын ачсын. Кээде бир дарыны жасоо бир өмүрдү алчу көрүнүш эмеспи. Мени бул министрликке орунбасар кылып алып келүү менен ушул фармакология өндүрүшүн жолго салууну көздөп жатышат. Аны улутту дүйнөгө тааныткан деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буга чейин да таанытып келгенбиз. Эң негизгиси, Кыргызстандын миң түркүн ооруга даба жаратылышын, дары чөптөрүн, минералдык булактарын, жан-жаныбарларын ар кимдерге талатпай өзүбүз пайдаланып, элибизге эмибизди тийгизип, экономикабызды көтөрүү башкы максатыбыз. Бул жылаңач сөз эмес. Көзүбүз жетип турат. Дүйнөдө бир эле дарысы, ага керектелген компоненттери менен ааламга аты чыккан калк жок эмес. Азыр керектүү документтерди, далилдерди даярдап өлкө жетекчилигине кирели деп жатабыз. Анүстүнө азыр аалам баштагыдай эмес. Көпчүлүк экономикасы чың мамлекеттер, бай адамдар экологиялык жактан таза, натуралдык чөп дарылар менен дарыланганга тап коюп баратат. Бир жагынан адамды айыктырмак турсун, ажалга алып бара турган жасалма дарылар күчөгөн. Ал эми чөп дарылары айыктырбаса эле асты зыяны жок. Ошон үчүн чет өлкөлүк фармакология өндүрүшчүлөрү Кыргызстанды таламайга алып, дары чөптөрүн тонналап ташып, вагонго жүктөп кетип жатышат. Мындан ары буга жол берүүгө акыбыз жок. Кыргызстандын фармакология өндүрүшүн, фитотерапиясын жөнүктүрүп кетсек, бул тармак алтындай, нефтидей эле мамлекетке пайда алып келет эле. Муну түшүнүүгө мезгил жетти. Дагы бир аз жыл убакыттан уттурсак, дары чөптөрүбүздү коргоп калалбасак, анда бир кыйла чөптөрүбүздөн айрылып таш жалак калабыз. Атаңдын көрү, көр оокаттын айынан буга кол кабыш кылып жаткан өзүбүздүн карапайым адамдарыбызды айтпайсыңбы…

– Оморбай ага, макул, чет өлкөлүктөрдү тыялы. Фармакология өндүрүшүн ачсаңыздар сиздер деле чөп жыйнайсыздар да?
– Чөп жыйноонун да эрежеси, мезгили, белгилүү өлчөмү болот. Баарыдан мурда аны жакшы таануу керек. Жогоруда алтын тамырдын жүздөн ашуун түрү өсөт дебедикпи. Ошонун үчөө гана жарактуу. Алар сыртынан баары эле окшош. Катардагы чөп жыйноочулар окшоштуруп эле үзүп алышып, далай чөптүн убалына калып жатышпайбы. Бул жерде жаратылышты жабырката бербей, айрым өсүмдүктөрдү атайын чарбаларда өстүрүүгө басым жасалат.

– Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандын фармакология тармагы гүлдөп кетсе бүгүнкү күндө медицинада колдонулуп жаткан дарыларды алмаштыра алабы?
– Белгилүү бир багыттарда (рак, кургак учук, грипп, кан ооруларында, бүтүндөй терапияда) алмаштыра алат. Мына бизде адырашман деген айтылуу чөп бар. Ошонун негизинде жасалган “Нарбековдун антигриппини” деген дары чыгаргам. Азыр өзүңүздөр көрүп жатасыздар, ааламда күндө грипптин жаңы түрлөрү чыгып жатат. Дүйнөлүк медицина алардын ар бирине карата дары жасоо менен алек. Европада, башка чет өлкөлөрдө сыноодон өтүп атайын сертификатка ээ болгон менин бул дарым грипптин кайсы түрү болбосун чаап түшөт. Ал турган жерге грипп аттууну чакырсаң келбейт. Ошондой эле бүгүнкү күндө бөйрөк ооруларынын айынан канды улам тазалап турууга туура келет. Буга өтө кымбат аппаратуралар талап кылынат. Итмурун, адырашман ж.б. чөптөрдөн жасалган менин дагы бир “Сорбент Кара-Бото” аталган белгилүү дарымды бул эле Бишкекте канды тазалоодо колдонуп көрүшкөндө уникалдуу жыйынтык берип отурат. Ал үчүн оорулуу кан тазалоочу аппараттын кезегин күтүп отурбай эле, бул дарыны үй шартында иче берсе каны тазаланат. Ошондой эле Ош облустук кургак учук ооруканасында ушул эле “Сорбент Кара-Ботону”, “Тян-Шань мүрөгү” дарыларымды пайдаланып көрүшүп, жакшы жыйынтык бергендигин айтышты. Мындан тышкары, иммунитетти көтөрүп, ондогон ооруларга себеп боло турган “Универсал”, нерв ооруларына миңдин бири болгон “Чагылган”, кан тамырларды кеңейтип, эркектин дараметин арттырган “Нежность” бальзамы ж.б. мени дүйнөгө тааныткан дарыларымдын бардыгы дал ушул кыргыз жаратылышынын чөптөрүнөн жасалган. Эмне үчүн буларды өндүрүштүк негизинде кеңири чыгарып, массалык колдонууга болбосун. Демек, Кыргызстандын фармакология өндүрүшүн жолго коюу жеке менин ишим эмес, элибиздин саламаттыгын ойлогон бардыгыбыздын ишибиз болууга тийиш.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.