«Оң», «сол» деп элди бөлбөгүн, Манасты кайра көмбөгүн!

Ата-Мекенине жан дили менен кызмат кылган кыргыз элинин даңктуу уулу Исхак Раззаковдун жаркын элесине арнайм.

Түндүкмүн деп элирбей,
Түштүкмүн деп көбүрбөй,
Ортосунан оң солдун
Мен чыккам деп сөгүнбөй,
Уруум да кыргыз деп,
Улутум да кыргыз деп,
Жүрөлүкчү бөлүнбөй.
(Б.Сарногоев)

Мына ушундай УЛУУ, БИЙИК ой-пикирди ар бирибиз туу тутуп, жан дүйнөбүздө ар дайым бекем сактап, сүйүктүү ата-журтубуз Кыргызстанды – бирдиктүү улутубузду ар тараптан чыңдоо­го, өстүрүп өнүктүрүүгө камкордук кылуу биздин негизги атуулдук милдетибиз.

Тескеринче, кийинки кездерде байыркы уруучулукту, анын санжыралык маанисиндеги «оң», «сол» жана «ичкилик» аталыштагы үч канатын калыптандыруу аркылуу мамлекетти бекемдөө, ошонун негизинде келечекте түзүлө турган Элдик Курултайды башкаруунун жогорку органына айландыруу жөнүндө ой-пикирлер айтылып, уруулардын курултайлары биринин артынан бири өтө баштады. Өзгөчө, бул багытта акыркы эки жылда мезгилдүү басма сөздөрдө, теледе үстөкө-босток макалалар, интервьюлар чыгып, көрүнүктүүсү  Д.Сарыгулов болууда. Атүгүл, ошол жогорудагы маселе боюнча республиканын мурунку президентине дагы кайрылуу кабыл алып жиберишкен. Алар Эне-Сай, же Алтайдан элибизди жаңыдан көчүрүп келип жатышкансып «Эл биримдигинин декларациясын» кабылдашканы (кыргыз эли акыркы 100 жылга жакын  бирдиктүү эле жашап келди го)  күлкү келерлик жорук демекчимин. Д.Сарыгуловдун  жана анын пикирлештери тарабынан (К.Кошалиев, А.Усупбаев ж.б. мындан ары алар кыскача «үч канатчылар») жогорудагыдай уруучулуктун кайрадан көтөрүлүп, таңуу­ланып жаткан ал-ахвалына карата аргасыздан калем сап алып жооп жазууну жана булар боюнча замандаштарым менен кеңешүүнү туура көрдүм. Мен өзүм тарыхчы, же санжырачы эмесмин. Бирок, изилдөөчү (иликтөөчү) катары аларды тарых илиминин талаптарына (салыштыруу, историзм) ылайык объективдүү изилдөөгө билимим, күч аракетим жетиштүү деп айта алам.

Жогорудагы сөз кыла турган татаалдашкан маселеге карата аргасыздан төмөнкүдөй су-роолор коюлат.  «Оң», «сол», «ичкилик», «курултай» түшүнүктөрү кайсы мезгилде (доордо) пайда болгон жана алар түпкүлүгүндө эмнени түшүндүрөт? «Оң», «сол» аталыштагы уруучулук биримдиги бир туугандык (кандаштык) маанини билдиреби? Эгерде, алар кандаш болушса, «ичкиликтеги» уруулар кайдан пайда болушкан? «Оң», «сол» түзүлүшкө чейин кыргыздарда уруулук биримдик болгон жок беле? Жогоркудагы түшүнүктөр тарыхый чындыкка канчалык деңгээлде туура келет, же алар санжыра, уламыш маанидеги божомолду билдиреби? ж.б.

Мына ушундай чиеленишкен көп кырдуу суроолор өз ара байланышкан тактыкты, негиздүүлүктү талап кылгандыктан, белгилүү тарыхчы Ө. Караев  айткандай «бир барак санжырага он барак жооп берүүгө туура келип», санжыралык жана тарыхый далилдер аркылуу кененирээк жооп берүү зарылчылыгы келип чыкты. Кененирээк жооп берүүнүн дагы бир орчундуу себеби, менин баамымда ошол жогорудагы сөз кыла турган уруучулуктун оң, сол, ичкилик түзүмдөрү боюнча көптөгөн санжыралык жана тарыхый варианттардын жалпыланган (системаланган) изилдөөсү болбогондугу (кезиктире албагандыгым) эсептелет. Ошондуктан, жогорудагы суроолорго мүмкүнчү­лүктүн жетишинче ирээти менен жооп тапканга аракет кылып көрөлү.

Оң, сол канат качан пайда болгон
1. Аксикентилик Сайф-ад-дин дамулла Шах Аббас жана анын уулу Нооруз Мухаметтин «Мажму атут-таворих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу XVI кылымдын башындагы кол жазмасы кыргыздын жазма санжырасынын да, тарыхынын да башаты болуп эсептелингендиктен, ага кеңири токтолууга туура келет.

Белгилүү котормочу, публицист жана акын Омор Сооронов, Мамасабыр ажы Досболов менен бирдикте араб арибиндеги бул кол жазманы кыргызчага чеберчилик менен которушуп, кыргыз коомчулугуна тартуулашты. (Бишкек, “Акыл” басмасы. 1996-ж.). Му­ну менен эле чектелип калбай О.Сооронов «Тарых менен санжыраны  ашташтырган кол жазма» аттуу макаласында (“……-таворихти») тү­шүнүктүү мазмуунда чечмелеп бергендигине карата ал алкышка татыктуу дээр элем.

Молдо Сайф-ад-дин чоң эрдикке бел байлап «…. таворихти» жазууда ааламга белгилүү тарыхый китептерди («Тарых-и жахан кушай», «Касасул амбия», «Тарых-и-мугулия», «Тарых-и-зубдатул-башардан») жана кылымдар бою таанылып келген улуу билерман, даанышмандардын айткандарын пайдалангандыгын  О.Сооронов өзүнүн эскерүү­сүндө  ачык көргөзөт. Ошондуктан анын «…. таворихи» кыргыз санжырасын, тарыхын изилдөө  ишинде колдоно турган чоң жазма табылга, чоң тарыхый булак болуп кала бермекчи.

Бул  эмгектин дагы бир өзгөчө баалуулугу Манаска байланышкан окуялар, ошондой эле Манастын өзү реалдуу каарман катарында биринчи жолу жазма түрүндө баяндалып жаткандыгында.

«Мажму атут-таворихте» Нух пайгамбардын баласы Иафас, андан Карахан, Карахандан Огузхан, Огузхандан Могол кан болуп,  анын баласы Гыз –«кыргыз» деген эл биздин доордон ХХХ-ХХV кылым мурда пайда болгондугу кол жазмада көрсөтүлүп турат деп белгилейт О.Сооронов. Тактап айтканда, Могол кандын үч топту түзгөн балдарынын бири Гыз (Гызыддин) болуп, андан тарагандар анын аты менен аталган элди түзүп, ошол катаал мезгилдеги кырчылдашкан урушта аман качып кутулган кырк гыздар («кыргыз») Ходжент тоолоруна кирип кетишип, кийин көбөйүп, өсүп-өнүгүүдөн пайда болгон эл деп чечмеленет «…. таворихте».

Андан ары Гызиддиндин 6-чы тукуму Аналхактын Лархан, Ларбүзүрүк аттуу эки уулу болгондугу, ошол Лархандын 15-чи тукуму Долон, Долондон Аркукемиш, Аркумиштен Бозуглан, андан Ак уул (Отуз уул) аталып, анын: Адина (Адигине), Мунгуш,  Кара багыш, Тагай аталыштагы 4 уулу болгондугу, ал эми Ларбүзүрүктүн 16-тукуму Кувуул (Кара уул) аталып, анын: Басыз, Кушчу, Мундуз, Чоңбагыш, Сару, Кытай аттуу 6 уулдары болгондугу айтылат.

Мухаммед пайгамбардын уруктарынан Имам Ибрагим Султан аскер чогултуп Ходжентке келгенде Лархан менен Ларбүзүрүк тосуп чыкканда Имам Ибрагим Ларханды оң канатындагы, Ларбүзү­рүктү сол канатындагы аскерге башчы кылып алат. Кыргыздардын оң канаты, сол канаты дегендери ошондон пайда болгон го деп божомолдосок болчудай.

Жогорудагылардын канчалык туура экендигин ким билсин, кантсе да эгиз төрөлгөн балдардын оң бөйрөгү тараптагысы «оң», сол бөйрөгү тараптагысы «сол» деп айтылган санжырага караганда (кыргыздын көпчүлүк санжырасында ошондой айтылат, алар жөнүндө кийинчерээк сөз болот) XVI кылымдын башында жазып калтырган молдо Сайф-ад-диндин уулу Нурмухаметтин санжырасы бир топ чындыкка окшошот деген О.Соороновдун ой-пикири колдоо табат деген ниеттемин.

«Мажму атут-таворихтеги» Нурмухаметтин санжырасында айтылган Ак Темир кыпчактын 7 уулу (Давлатияр, Кудояр, Бердияр, Алияр, Мусаяр, Исаяр, Толояр) жана Салусбек Булгачынын) 6 уулу (Бостон, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Кыдырша, Каңды) (көпчүлүк санжырада булар ичкиликке кирет), Ак уулдун 4 уулу (Адигине, Мунгуш, Карабагыш, Тагай) жана Кувуулдун 6 уулу (Басыз, Кушчу, Мундуз, Чоң багыш, Саруу, Кытай) кыргыздардын бардык иш-чараларында бирге катышкан. Ак Темир кыпчактын 7 уулу менен Салусбек Булгачынын 6 уулу жогорудагы Ак уул менен Кувуулга кайсы уруктан кошулары санжыра тарыхында ачык көрсө­түлгөн эмес. Бирок, Ак Темир кыпчак, Салусбек Булгачы, Ак уул, Кувуулдардын бардыгы бирдей Кыргыз атанын балдары катары мүнөздөл­гөн­дүгүн өзгөчө белгилегим келет.

«Мажму атут-таворих» кол жазмасы 500  жылдан ашык мезгилден бери таптакыр жоголуп кетпей, анын бир түп нускасы Ала-Бука  районундагы Баймак айылынан   Н.Жайлообаевден табылгандыгы түрк, араб тилдүү элдерде, ошонун ичинде кыргыздарда дагы санжыра тарыхынын сакталып, айтылып келүүсүнө өз таасирин тийгизип келгендигинен кабар берет. Анткени, ошол жогорудагы кол жазмадагы бир катар окуялар, көрү­нүштөр көптөгөн элдик санжырада окшоштурулуп, жакындаштырылып айтылып келе жатпайбы.

2Чоюн Өмүралы уулунун котормосундагы Казан имамдарынан акун Хасан Гажы молдо Махмуд уулу ал Габбашынын 1897-жылы чыккан «Түрк уруулары» аттуу эмгегинде азыркы жер жүзүндөгү калк­тар Нух пайгамбардын үч уулунун (Иафас, Сам, Кам) насилинен таралып, Иафестин улуу уулу Түрк Туранийлер коомунун журт башы болгондугун, жалпысынан Хун бутагынын ичинен кыргыздар тарап, кыргыз шагындагы түрктөрдүн карамагына: кыйандар, хакастар, хыр-хыздар, кемжүттөр, кыргыздар, кайсыктар-казактар кире тургандыгы көрсөтүлөт. Кыргыздар бир жактан эле жыйылыштыбы же түрлүү шактардан куралдыбы? деген суроо коюлуп, кыргыздар бир шактан гана таралбай, аларга түрк урууларынын ар башка шагынан да
куюлуп кошулгандыгынын натыйжасында болгон деп, жооп берилген. Кыргыздардын оң, сол, же ичкилик болуп бөлүнүшү жөнүндө бул эмгекте маалымат берилген эмес. («Асаба». 1992-ж. №7).

3. XIX  кылымдын аягында кыргыз тарыхчыларынын көч баштоочусу Осмонаалы Сыдыков (1875-1940-ж.ж.) 1913, 1914-жылдары Уфада араб арибинде чыгарылган «Муктасар тарых кыргызия» жана «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу эмгектеринде Адам ата, Обо энеден азыркы кезге чейинки уруучулуктун таралышын алгачкылардан болуп изилдөөгө алган. Ал өзүнүн ошол мезгилдеги илим, билим деңгээлинин мүмкүнчүлүгүнө жараша жогорудагы эмгектерди  эл ичинде сакталып, айтылып келген санжыра,уламыштардын негизинде жазган, тагыраак айтканда алар кыргыздын санжыралык гана тарыхы болуп саналат.

Ал эмгекте Нух пайгамбардын Каам, Саам, Жаппас аттуу 3 уулу болуп, Жаппастын 8 уулунун улуусу Түрк аталгандыгы айтылат. Түрктүн сегизинчи тукуму  Угузхан. Ал бардыгы 24 уул, неберелүү болуп, ошонун бири Кыргыз аттуу уул болгон. О. Сыдыков өзүнүн эмгегинде ошол Кыргызды Мухамед пайгамбардан 3400 жыл мурун төрөлгөн деп тыянактайт. (Эгерде Мухамед пайгамбар биздин замандын 570 жылында туулган болсо, Кыргыз атабыз биздин заманга  чейинки 2800 жылдан мурун төрөлгөн болот. Б.Ж.) Кыргыз атабыздын дарегин толуктоо ирээтинде XVII  кылымда жашаган Хиванын ханы, көрүнүктүү тарыхчы жана санжырачы Абул-Газы Бахадурдун изилдөөсүндө дагы Огузхандын небересинин аты Кыргыз болгондугу, анын тукумдары кыргыздар деп аталышкандыгын эске алып коюшубуз керек. («Кыргызы». Бишкек, 1996-ж., 54-бет.)

Кыргыз атабыздын 33-тукуму Долон бий болуп, андан Агуул, Куу уул, ал эми Агуулдан Адигине, Тагай, Мунгуш аттуу 3 балдары болгондугу көпчүлүккө маалим. О.Сыдыковдун бул эмгегинде «оң», «сол» деген уруучулуктун маанилери жөнүндө сөз кылынбагандыгын белгилеп кетмекчимин. («Ала-Тоо», 1999-ж., №3, 108-109-беттер).

4. Алгачкы тарыхчыларыбыздын дагы бир көрүнүктүүсү Белек Солтоноев (1878-1937-жж.) Өзүнүн «Кызыл кыргыз тарыхы» эмгегин жазууда мүмкүн болушунча илимий, тарыхый далилдерди пайдаланууга аракет кылган. Ал тарыхка ак ниет мамиле кылгандыктан жеңил ойлуулуктан качып, тарыхый окуяларды баяндоого, баа-лоого олуттуу мамиле кылган.

Кыргыз урууларынын таралышы («оң», «сол», «ичкилик» болуп бөлүнүшү ж.б.) боюнча чаржайыт, карама-каршылыктуу, а түгүл кээ бир санжыра таржымалында күлкү келерлик ой-пикирлер бар экендиги көпчүлүккө белгилүү. Ошондуктан Б.Солтоноев ошондой көрү­нүштөрдү мындайча эскерет. «Адигине, Тагайдын атасы ким экени талаш (көпчүлүк санжырада Долон бий Чыңгызхандын заманында Долонго (ашуу) келип жайланышкан)”. Осмонаалы Сыдык уулу жазган шежиреде (санжыра) кыргыз Аналак-муналак олуядан таралгандыгын кайдан алгандыгы маалимсиз. Казактын айтуусунда дагы кыргызды кулдан, күңдөн, иттен таралды дейт. Кыскасы, Адигине, Тагайдан мурунку кыргыз тарыхын кыргыз карыялары анык биле албайт. Ата-бабаларын айтымыш болуп жана оң-солдон таратат»  дейт  Б. Солтоноев.

(Уландысы бар)

“Кыргыз туусу”, 02.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.