Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты: “Жетим кылып өстүрүп ырас кылган экен…”

– Сөздүн баркын билип, сөз баккан адам катары сөз сандыгын кантип толтурасыз?
– Сөз баккан адам деле мал баккан адамга окшош. Балким, ырахаты бирдей болгон менен түйшүгү андан да оор. Наматбек деген атактуу чабан агам бири-биринен айрымалоого мүмкүн болбогон 700 ак койдун ар бирин өңүнөн таанычу. Мен да өмүр бою сөз менен иштеп, сөз багып келаткандыктан ар бир сөздү колум менен “кармалап”, өңүнөн тааныйм. Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту быйыл 50 миң сөз камтыган “Кыргыз тилинин сөздүгүн” чыгарды. Ага мен көптөн бери өзүм багып келген “короомдогу” 40 сөздү “айдап” барып коштум…

– Мисал келтире кетсеңиз?
– Мисалы, “Улутман” деген сөз. Муну бүгүн улуттун рухий, атуулдук ар-намысын ойготуу үчүнТүгөлбай Казаков Коомдук 1-Телеканалда өз берүүсүнүн баш темасы кылып колдонуп келе жатат.

“Бөтөнзордук” деген сөздү киргиздим. Мааниси- күчүнө, байлыгына жана бийлигине таянуу менен өзүнөн алсыз өлкөлөрдү, же жеке адамдарды тебелеп-тепсеген, кысым жасаган өлкөлөрдүн, мамлекеттик же мамлекеттик эмес уюмдардын, уюшкан топтордун, жеке адамдардын зомбулугун аныктаган түшүнүк.

“Отмуздак” деген сөз – от менен муздун ашташкан жерин туюндурат.

“Жолбүгүн” – коомдун саясий, социалдык, экономикалык жашоо-турмушун, учурдагы алган багытын, баскан жолун түшүндүргөн сөз. Муну айтылуу журналист Алым Токтомушев макаласында ийгиликтүү колдонууда.

“Мүрзөгүл” – бул сөз бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарында көзү өтүп кеткен адамдардын кайгысын тең бөлүшкөн “некрологдун” ордун алмаштырып келатат.

“Сыйабан” – меймандарды, чакырылган конокторду сыйлоочу бөлмө.

Бышырылган, жетилген, жашоого атказа турган мындай сөздөр көп. Маселен, ак сакал касиетинен кетип, кан күйүп турган учурда кашайып калыс сөзүн айталбай, кайпактап, кошоматка кой союп турган карыларга айтылган – “Ак шакал” деген сөзүм да элге сиңип кетти окшоду.

Жакында эле өзүм иштеген “Азаттык” радиосуна “Сөзбөрү” дегенимди бердим. Бул сөз – үч же андан көп адамдардын коомдун ар кайсыл турмушун кызыл чеке болуп талашкан талкуусун туюндурат.

– Сиз сөз жасайсызбы?
– Нурак комуз чаап, Курмангазы чопо чоор, чоор жасагандай эле мен да сөз менен узанып, сөз жасайм. Бир айырмам- алар жасаган буюмдарын сатып пайда көрсө, мен бекер берип ырахат көрөм.

Бирок кейигеним – кыргыз бүгүн сөзүн унуткан элге айланды. Сөзүн унуткан эл акыры өзүн унутат, кебин унуткан эл эртең тегин унутат. Билбегенге не чара? Билгендерге биздин ата-бабаларыбыз Асман- Жерди тиреген сөз мунарын тургузуп кеткен “Манас” деген сөз аркылуу. Он сегиз миң аалам аласалган мухитти алаканга батырган Жеңижок чыккан бизден. Уул-кыздары менен урпактарына көрдүйнө менен кошо кетчү бөз калтырбай сөз калтырган дүйнөдөгү жападан – жалгыз эл биздин эл болгон. Тилекке каршы, бүгүн биз ушуну унуттук. Сөз тоосуна алып барчу жолду унуттук. Мен азыр ушул унутулган жолду, унутулган сөздү издеп жүрөм. Мен аны өмүр бою издейм…

– Ошондойлордон тапканыңыз болдубу анан?
– Болду. Кыргыз унутуп калган, байыркы музыкалык аспап болгон “Кырк Элек” дегенди таптым.

– Муну мен деле биринчи жолу угуп атам?
– Кыргыз илгери да кудум азыркыдай ынтымагы ыдырап, душмандын жемине айланып, туш-тушка тентип жок болорунда Бакай бабаң кырк уруу кыргыздын мыктыларын жыйнап, кырк уруу кыргыздан бирден кыл апкелдирип тагып, анысын “Кырк Элек” деп атап, эзели ажырашпоого, бөлүнбөөгө ант берген. Анда мындай деген саптар бар, үзүндү келтирели:
Кырк Элек деген кыл аспап,
Кыргыздардын чын аспап.
Буруттардын бул аспап,
Булбул үндүү муң аспап.
Кысыталак бу кыргыз,
Кыяматтан сураган.
Кырылып бара жатканда
Кыялынан кураган.
Айланайын, бу кыргыз,
Ажалынан сураган.
Адашып бара жатканда,
Акылынан кураган.

Сал Устадан сураган,
Сандалып бара жатканда,
Санаасынан кураган.
Тири карак Кырк Элек,
Тизелеп калган кыргыздын,
Тизмесин кайра жоктогон,
Тизгинин колго топтогон.

Тил-ооздон калган кыргыздын
Тилегин кайра жоктогон,
Тизгинин колго топтогон.

Дегени кымбат Кырк Элек,
Деңизден кирип сайды алган,
Денеден кирип жанды алган.
Ак таңдан кирип кечти алган,
Акылдан кирип эсти алган.
Жүрөктөн кирип ойду алган,
Жүлүндөн кирип бойду алган.

Кыдыр даарып бак берип,
Кылчактабай бат берип.
Кыйшайып калган кыргыздан
Кырк уруу көсөм бат келип.
Кырк уруудан бирден кыл,
Кыркып алып апкелип.
Кыямат бирге болууга
“Кырк Элек” деп ат берип.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Алайган Көктүн астында,
Албырган Жердин үстүндө
Ай туяк чалып ант берип:

– Араздашсак, Кыргызды,
Асман урсун! Күн урсун!
Ай караңгы Түн урсун!
Ак жамгырдын Оту урсун!
Ак кыяндын Тоосу урсун!

Төрт бөлүнсөк, Кыргызды
Төрөбүз көкжал Бөрү урсун!
Төбөсү түшкөн Көр урсун!
Төшөгү төмөн Төр урсун!
Төшү түктүү Жер урсун!
Төбөсү бийик Көк урсун!- деп Кырк Электин алдында антташкан.

Баса жакында казак жигити кайдан угуп алганын билбейм, мага келип: “Кырк Элек деген бар экен, ошонун дайнын сурап келдим эле, силер жасабасаңар, биз жасайлы дедик эле” деп жанымды койбойт. “Биз аны жасап бүтүп калдык” деп айтпай койдум. Айлам кеткенде ушинтип калп айттым. Курмангазы жасайм деп убада берип, жасаган жок. Колунан келе тургандар болсо мага байланышсын, учурдан пайдаланып айта кетейин. Дагы жакшы. “Кырк Элек” “Кыргыз тилинин сөздүгүнө” кирип, элдин энчисине айланды. Эми бул керемет музыкалык аспапты жасап чыгуу гана калды…

– Акындыктын убайын көрдүңүзбү? Эң чоң байгеңиз эмне болду?
– Сөз менен иштеп, сөз менен сүйлөштүм, сөздүн убайын аябай көрдүм. Кыргыздын сөз баккан Улуу Эл экенине көзүм жетип, таң калдым, жер-сууга батпай сүйүнүп, сыймыктандым. Кубат алдым.
Эң чоң байгем – сөздүн күүсүн тыңшап, гүлүн таанып-билгеним болду. Сөз менен сүрөтчүлөр тарталбаган сүрөттөрдү тарттым. Табият менен тамырлаштым. Мындан өткөн убай, мындан өткөн байге болобу?

– Сиз үчүн акындык жемиштүү болдубу, же журналисттик эмгек жемиштүү болдубу?
– Журналисттигим акындыгыма материалдык колдоо көрсөтүп, өмүр бою бирөөнүн көзүн каратпай жан багуума жөлөк-таяк болуп келди. Мени акын кылган журналисттигим болду.

– Өзүңүздү кантип сындайсыз?
– Көп ирет ичип сындаган күндөрүм болду. Эми анын баары артта калды. Сын өтпөс куракка келдим.

– Өткөн чактарга кылчая саресеп салганда неге өкүнүп, эмнени ырас кылган экемин деп ойлойсуз?
– Жаш кезде жетим экендигиме көп өкүнгөм, эми Кудай жетим кылып өстүрүп ырас кылган экен, жетим болбогондо көп нерсени көрбөй сокур болуп өсмөк экемин деп сүйүнөм.

– Жашоодо дайым жеңип гана өмүр сүрүүгө мүмкүн болсо, күчүңүздү кайсыл багытка жумшайт элеңиз?
– Кыргызды эл кылганга.

– Адамдардан көңүл калган жагдайлар көп болду беле?
– Көңүл калган сайын көбүрөөк тазарат экенсиң.

– Бирөөгө көрсөтө көз жаш төккөндөн тартынбайсызбы?
– Кайгыга көзүмдөн жаш чыкпай калганына көп болду. Ал эми жакшы ыр уксам, жакшы күү уксам, жакшылыкты көрсөм, элдин арасында олтуруп да жашый берем. “Жашасын жакшылыктын жашы!” деп тилейм.

– Санаа кыйнаган маалда кайда качып кутуласыз?
– Кагазга. Манаска кире качам…

– Ичкиликтен баш айланып, көпкөн учуруңуз болдубу?
– Эмне жасасам да жан дилимден, акыр аягына чейин жасадым. Ичкиликти да кара санабай, төгүлүп-чачылып, чын пейлимден, алка-шалка түшүп ичтим. Көпкөн жокмун, жек көргөнүм ушул көпкөндүк эле. Бирок далай жолу аялымды кыйнап: “Башым кана? Башымды кайда каттың эле”? Башымды көрдүңбү?” деп кыйнап, акыры аны башкалардын үйүнөн таап алган күндөрүм көп болду.

– Акындар дайыма сүйүп туруш керек дегенге кандай карайсыз?
– Кимде-ким акындар сүйгөндөй сүйсө, адамдардын көбү айбан болуудан көбүрөөк кутулмак.

– Сиздер жаш кезде кантип сүйчү элеңиздер?
– Биз кыздарды жамандык ойлобой туруп сүйөр элек, азыркылар адегенде жамандык ойлоп алып анан сүйүп атышпайбы. Ошон үчүн тез эле ажырашып кетип атышат…

Айсулуу ЭСЕН кызы, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.