Байдылда Сарногоев

Б.Сарногоев жана анын чыгармалары тууралуу

Биографиясы

«Манас дегенде жанын берүүгө даяр акын»

Байдылда Сарногоев санаадан чыгып калабы?..

«Салам сага Сарногойдун коргону»

 

Ырлары

“Байдылда” (2010-ж. жарык көргөн Б.Сарногоевдин ырлар жыйнагы, pdf форматында)

 

МЕНИН СҮЙГӨНҮМ

Эстүү болуп эстүүмүн деп айтпаса,
Көп мактанбай көйрөңдүгүн таштаса,
Токтоо мүнөз эстүү болуп ар качан,
Мен барктасам ал да мени барктаса.

Көргөн жерден күлө карап жылмайып,
Көңүлүңдү калтырбаса какпаса.
“Баланчанын сүйгөнүндөй жан жок” деп
Тууган элиң, жолдошторуң мактаса.

Бек ишенип берген антты, сырыңды
Өмүрүнчө өз ичинде сактаса.
Жүрөгүндө сага арнаган сүйүүсү
Ысык болсо, тунук болсо таптаза.

Ар убакта арман болбос жигитте,
Сүйгөн жарың ушуларды аткарса.

 

МЕНИН ЖЕРИМ

Элден угуп караганда картадан
Кыргыздардан казактардын жери кең.
Ойлой келсем, ага макул эмесмин
Өз жеримди өлчөп берем эми мен.

Түркүк болуп түшүрбөстөн көгүмдү
Толгон тоолор ээлеп жатат жеримди.
Чокусуна чыгып көрсөң, кол сунуп
Алам дээрсиң же жылдызды же Күндү.

Ошол тоолор ата-бабам курган мүлк,
Ошол тоолор чоң энекем жыйган жүк.
Моюн сунбай бороондордун дөөсүнө
Кылым бою кыйшайбастан турган тик.

Чындыгында кыргыздардын жери кең
Казактарга калп болбосмун эми мен.
Тоолорумду жазып, жайып жиберсем
Ашып түшөр Азиянын теңинен.

 

ОТ КОЙГУН МАХАБАТТЫН МИЛТЕСИНЕ

Жыттасам жыпар мончок илебиңден
Жылдызым учуп чыгат жүрөгүмөн.
Күндүзү Күнүм болсоң, түнкүсүн Ай
Экөө тең өзүң го деп жүрөмүн мен.

Бакытым сенин чолпон көздөрүңдө
Байлыгым сенин наздуу сөздөрүңдө.
Жүз жылдык ырахатты алгансыймын
Жүзүңдөн бир нур чачып өткөнүңдө.

Ак куунун моюнуна окшоп салааларың
Жиресе чачтарыңдын араларын
Тап-такыр эрип эле кетким келет
Тапшырып жан дүйнөмдүн сага баарын.

Эмесе жаным бирге жаркын жазым
Жаштык кез алмаз болуп жалтылдасын.
От койгун махабаттын милтесине
Чагылган жарк-журк этип чартылдасын.

 

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ

Асман жактан кат, кат булут калдайып,
Адыр-жонду имерчиктей айланып,
Чакмак чагып, чарт-чурт этип чагылган
Кара нөшөр төккөн турат камданып.

Ачык күндүн бүркөлгөнүн карачы,
Көйнөк кийбей ойноп кеткен баласы.
Ушул нөшөр жаабаса деп уулума
Үйдөн тынбайт энесинин санаасы.

Булут тарап асман чайттай ачылды,
Күн желкеден теше тиктеп чакыйды.
Эми уулумдун этине ысык өтөт деп,
Энесинин капааттыгы ашынды.

Уулу келди бүркөлгөнсүп кабагы
Ошол кезде даяр эле тамагы,
Куюп берип чоң ууртаса кубанып,
Курган эне калбай жатты жан-алы.

Уулу уктады, төшөгүндө жай жатты,
Ошондо да эне тынчып калмакпы?…
Кыңкыстаса кыймылдатат акырын
Кулунумду бастыбы деп «албарсты».

Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою — тилеги.
Билбей жүрем кандай заттан бүттү экен
Бизди тууган энелердин жүрөгү.

 

КЫМБАТСЫҢАР

Аз эмес дүйнө жүзүндө,
Ала-Тоо сендей жерлер көп.
Аз эмес дүйнө жүзүндө,
Ысык-Көл сендей көлдөр көп.

Пейзажы сулуу сенден да,
Мен көрдүм нечен жерлерди.
Тунугу тунук сенден да,
Мен көрдүм нечен көлдөрдү.

Бирок, сен мага, Ала-Тоо,
Кымбатсың тууган энемдей.
Бирок, мен сени, Ысык-Көл,
Сүйөмүн боордош эжемдей.

Анткени сенде, Ала-Тоо,
Мен өскөн чынар-кыргыз бар.
Сүйөмүн сени, Ысык-Көл,
Сүйүшкөн үчүн кыргыздар.

 

КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИНЕ

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

 

КЫРГЫЗЫМА

Байыртан болгон билими,
Байыртан болгон илими.
Элдерди мактап өзүңдү,
Алардын кылба кийини.

Кылымдар ачпай сабатты,
Кармабай калем, кагазды.
Караңгы болуп жүрсөң да,
Мекендеп түрлүү тарапты.
Мен туулган доорго жеткирдиң,
Мээңе сактап “Манасты”.

Эзелдеп ачпай сабатты,
Эч билбей калем, кагазды.
Кой менен кошо жүрсөң да,
Конуштап түрлүү тарапты.
Түптүгөл бизге жеткирдиң,
Тилиңе басып “Манасты”.

Мактагым келет күндө эле,
Басынтып өзүң сүйлөбө.
Эпосун ойдо жат билген,
Элдер аз сендей дүйнөдө.

 

МӨҢГҮ МЕНЕН КАРЫЯ

Күкүктөнүп күрпүлдөгөн дайралар,
Күндүр-түндүр басат жолдун неченин.
Алар билет күч-кубатын ченемсиз
Тоо башында мөңгүлөрдөн экенин.

Чалагайым кээ бир көпкөн жигиттер,
Чал сүйлөсө салбай кетет кулагын.
Билбейт алар акыл, ойдун арбыны,
Чоң тебетей карылардан чыгарын.

Кетпесе экен тоо башында мөңгүлөр,
Суу көп болсо чөл жашарып жаңырар.
Арткыларга акыл-насаат үйрөткөн
Өлбөсө экен өрнөгү көп карылар.

 

МЕН КИММИН?

Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам,
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.

Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.

 

ЖИГИТМИН

Кээ бир кыздын айтуусуна карасам,
Жылдан жылга мен улгайып баратам.
Баягыдай жакпай калды аларга,
Магнит сөз, бала кыял тамашам.

Аялымдын айтуусуна карасам,
Жылдан жылга мен жашарып баратам.
Магнит сөз жакпаса да көөнүнө,
Майдай жагат бала кыял тамашам.

Мейли, кыздар мени “чал” деп күлүшсүн,
Таарынчым жок ыгы бардыр күлүштүн.
Бирок өзүм токсон жашка барсам да,
Аялыма солкулдаган жигитмин.

 

ЖОЛДОШТОРУМА

Жакшы жолдош жанга ынак.
Жабык көөнүн бай кылат.
Жаман аттуу сөз укса,
Өэү уккандай кайгырат.

Жаман жолдош барда ынак,
Жалпак тилин бал кылат.
Көзүң жокто ушактап,
Көтөрүп чаап аңга урат.

Аяйт экен кээ бири
Айга, Күнгө жетсе деп.
Каалайт экен кээ бири,
Жардан учуп кетсе деп.

Жакшысыңар барыңар
Жалындаган чагыңар.
Байланышкан силерге,
Байдылданын багы бар.

Кагылайын жолдоштор,
Кайтпайм берген антыман.
Карааныңды көбөйтүп.
Жүрсөм болду артыңан.

 

ИЗДЕП ЖҮРӨМ

Салдырган сөздүн жоргосун
Санасаң бир топ жолдошум.
Залкарын бирок аз таптым
Салмагы жактан коргошун.

Чын жолдош болом деп бирөө,
Чырмалды чылым чеккенде.
Чычайып кетти сүйлөшпөй,
Чылымдын оту өчкөндө.

Жан жолдош болом деп бирөө,
Жармашты шарап ичкенде.
Жанымдан кетти бөлүнүп,
Бөтөлкө бошоп бүткөндө.

Акчам бар кезде бир жолдош,
Алыстан көрдү түндө да.
Акчасыз кезде көрбөдү,
Чаңкай түш ачык күндө да.

Инженер кумдан, аскадан,
Издеген сымал алтынды.
Издеп жүрүп жолдош тап,
Билгендей сырды, баркыңды.

 

КУРСАКТАГЫ БАЛАМА

Курсагында апаңдын жатып алып,
Кыймылдасаң кез-кезде чатактанып.
Кубангандан эзилип эрип кетем,
Сага жетпей энеңди эркелетем.

Көп кишинин ысымын санап чыгып,
Ошолордун ичинен тандап туруп.
Экөө болду атаңдын койгон аты,
Эркексиңби, кызсыңбы садагасы.

Ким болсоң да жарыкка келсең экен,
Кимибизге окшошсуң көрсөк экен.
Балабыз-деп өпкүлөп сүйсөк экен,
Бак аралап көтөрүп жүрсөк экен.

 

АЯЛ, АЯЛ

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Yйдүн куту, апакеси балаңдын.

Жаман дебей, жакшы дедим барысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрлбей кечирип кой анысын.

Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм парс го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

 

АЯЛДАРДЫН АЧУУСУ

Унчукпай үч-төрт айдын баарын жыйып,
Аялдар аз урушат сагындырып.
Айланып “ак жаанга” кете электе,
Айтышпайт күт акырын сабыр кылып.

Муз кылат кайнап турган арашанды,
Кыш кылат жайкы чилде саратанды.
Бээжайы безеленип тил тийгизсең,
Таанытат атаң тургай таятаңды.

Көзүнүн кирпиктерин жаш аралап,
Бакырып баласын бир матап алап.
Колуна кокус тийсек сынабыз деп,
Корголоп коркуп турат казан-аяк.

Жылытсаң жылуу сөзгө аздан-аздан,
Кабагы жарк дей түшөт кайра баштан.
Ачуусу жаап биткөн кара нөшөр,
Ал эми аял өзү тунук асман.

Күн болуп булут жарып чыга келет,
Гүл болуп кучагыңа тура келет.
Уяга үйүр алган көгүчкөндөй,
Уялып көөдөнүңө ыга берет.

Эркектен аял сырын билгендер аз,
Жат кылат жаакташып өзүнө кас.
Баа берсек зайыптардын ачуусуна,
Башы кыш, аяк жагы жаркыган жаз.

 

БИР ЖАКАДАН БАШ ЧЫГАР

Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар.
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол,бир жакадан баш чыгар!

Узак мезгил сиңип келген сезимге,
Урук, уруу керек чыгар кезинде…
Башында ой майдаланып баратса
Манас деген бабаң турсун эсиңде.

Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин малын оп тартпасын алкыңар…
Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.

Эл байлыгын не кылсам да өзүмдө…
Алам деген, жулам деген кезинде,
Жаңы гана он бешке чыккан өлкөбүз
Жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.

Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол,бир жакадан баш чыгар!

 

БИР МИСАЛ

Жумшактык кылсаң кээ бирөө,
Майталкан кылат аябай.
Катуулук кылсаң кээ бирөө,
Кабагын бүркөйт карабай.

Өтө таттуу болбогун,
Жебесин бирөө үзүнүп.
Өтө ачуу болбогун,
Кетпесин бирөө түкүрүп.

 

ДҮНҮЙӨКОР

Өткөн жыл айылыбызда адам өлдү,
Чынында адам эмес сараң өлдү.
Кээде биз кишилердин эсебине
Кошобуз «мен адаммын» дегендерди.

Ичинин таңгаламын тарлыгына,
Тапса да арбын акча ар жылына,
Тамшанып аттин ай деп ач көздөнүп,
Сук артчу башкалардын байлыгына.

Бар экен салган үйү алты бөлмө.
Чай бербейт үй куттуктап келгендерге.
Ач көзгө алты бөлмө аздык кылып,
Тактайлап там салыптыр да бир жерге.

Эл айтат: «Эмгегинен тапкан эмес,
Керилип кетмен деле чапкан эмес.
Кезинде колхоз мүлкүн камтый коюп
Кесиби чайкоочулук, жаткан эмес…»

Ошентип, чайкоочу өлдү, кирди көргө
Эки үйү ээсиз калды эки жерде.
Тирүүндө эркин жүргөн «кайран эрге»
Жаткандыр тарлык кылып «жалгыз бөлмө».

Ошентип ач көз көрдө жаткан кези
Андайды айтып койсок болбос чеки.
Тирүүндө дүнүйөгө тойбосо да
Тойгондур топуракка эки көзү.

Ошентип, саран өлду, несине убал…
«Маркумдун» кубаты жок өйдө турар.
Көрүнө кокус кирген кумурскадан
Кызганып топуракты жаткан чыгар.

Өткөн жыл айлыбызда адам өлдү
Чынында чайкоочу, ач көз, саран өлдү.
Кээде биз кишилердин эсебине
Кошобуз, «мен адаммын» дегендерди…

 

КАП СЕНИ

Түшүнбѳй сырын бойдоктун
Түрлүү сѳз айтып ойноттуң.
Түндѳсү кѳзүм илинсе
Түшүмѳ кирип ойготтуң.

Билалбай жүрсѳм сырыңды,
Бир күнү айттың чыныңды.
Жигитим бар деп жылмайсаң
Жибердим тартып чылымды.

Сууюн сенден ак пери,
Сумсайып эми как мени…
Сүйгѳнүң барын билгенде
Суусабай койбой, кап сени!…

 

ТУРА ТУРЧУ

Көктөм келсе жатып алып чалкаман,
Көп караймын булуттардын көчкөнүн.
Кээ бирине окшоштурсам өзүмдү,
Көзгө элестейт торпок минген кездерим.

Ана, тигил буурул булут төбөдө,
Окшоп кетти буурул чачтуу энеме.
Бир топ жылдар бир көрүшпөй жүрсөк да,
Мурункудай чыйрак экен дегеле.

Ал түрүнөн булут кайра өзгөрүп,
Ак сакалдуу атакемдей кейиптенип,
Минип алып мен сугарган тору атын
Бара жатат көрпө тонун бөктөрүп.

Бирок муну ук, мага күйбөй коштошуп,
Кете бербей сапарыңды токтотуп,
Тараганча далай жылкы сагынчым,
Тура турчу, ата-энеме окшошуп.

 

БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ

Өзүңчө оокат кылгың — деп
Көп бактырбай энени,
Учуруп бүркүт уядан
Баласын күүлөп жөнөдү.
Окутуп жүрдү балага
Коркпогон кыраан болууну,
Абада кандай учууну,
Аскага кандай конууну.
Окутуп жүрдү балага
Көрсөтүп түрлүү жерлерди,
Түлкүнү кандай сермээрди,
Эликти кандай эңгенди.
Окутуп жүрдү балага
Көрөгөч, сактык жактарын,
Карышкыр, каман мүнөзүн,
Кайберен кайда жатканын.
Окуу да бүтүп окуткан
Зуулады кыраан көк жарып.
Этият болуп артынан
Энеси жүрдү көз салып.
Кекилик менен уларды
Таранчы менен бирдей деп,
Коёнго койду кол шилтеп
Тумшугум булгап журбөйм — деп.
Эмгектен колун бошотуп
Энесин салды жыргатып.
Кашкулак алды кашкайтып,
Түлкүнү алды туйлатып.
Талыды бутум көп басып,
Табам—деп — кайдан тамакты.
Капчыгай өрдөп бир күнү
Карышкыр кетип баратты.
Көргөндө кыраан турчубу,
Көп турбай көккө чыкты атып.
Айланып алып азыраак
Көзүндө өрт, бойдо күч ташып.
Салмоор таш болуп заматта
Сайылды төмөн куркурап.
Асманда жүрдү энеси
Жүрөгу жүз жол зыркырап.
Жемине кыраан жетти эми,
Чеңгелдеп оозун көктөдү.
Асманга алып чыгууга
Ал-күчү бирок жетпеди.
Кай бирде томолонушуп,
Кай бирде жулмаланышып.
Өчөшүп жатты экөө тең
Өлбөгөн жерде калышып.
Далайды көргөн карт бөрү
Далайдан митаам сак бөрү.
Бошонуп темир чеңгелден
Боёнуп канга качты эми.
Жаш кыраан жатты жаны жок
Акыркы демин бүтүрүп.
Көк жалдан карды эшилип,
Көк жалдан башы үзүлүп.
Ошондо байкуш энеси
От болуп жанды денеси.
Капталдай жүргөн көк жалды
Качырып кирди эми өзү.
Көз ачып, кайра жумгуча
Көтөрүп чыгып асманга.
Кайрадан таштап жиберди
Таманы таштуу как сайга.

Аза күтүп баласын
Асманда муңдуу шаңшыды.
Аза күтүп баласын
Асманда сырдуу калкыды.
Аздан соң төмөн бурулду
Акыркы үнү угулду.
Күүлөнүп келип аскага
Өзүнүн боюн бир урду.
Балам — деп күчүн сарп кылып,
Балам — деп өзүн ташка уруп,
Өлсө да эки көзүнөн
Балам деп жатты жаш чыгып.

 

САГА АЙТКАН СӨЗ

Жыргалдын арт жагында кууралы бар,
Кууралдын арт жагында жыргалы бар.
Карды ачса кай бирөөлөр ток болбойм деп,
Жашоодон үмүт үзгөн урганы бар.
Ток болсо, токмун дайым, жок болбойм деп,
Керсейип кесир сүйлөп турганы бар.

Күлкүнүн арт жагында күйүтү бар,
Күйүттүн арт жагында күлүшү бар.
Ээрчишип жүрө берет кезектешип,
Мезгилдин күнү менен түнү сымал.
Барда бай, жокто бардай жашай билип,
Заманга салым кошуп, үлүшүң ал.

Турмушка туткун болсоң чабалдыгың,
Көрө бил жакшылыгын, жамандыгын.
Адамга кылча болбой арамдыгың,
Заманга тоодой болсун адалдыгың.
Дүйнөдө тири өлүктөй жүрө берсең,
Сөз эмес адамдыгын, амандыгың.

 

АРАККЕЧТИН АЯЛЫНЫН КОШОГУ

Бүркүтүм, өлбөйт деп сени жүргөмүн,
Бүркүтүм, өлөөрүңдү билбедим.
Арак ичип сен келсең,
Мен бейбак адыраңдап тилдедим.

Бүркүтүм, мас деле болсоң жакшы элең,
Бапестеп мени бакчу элең…
Козголуп койбой жанымда,
Бүркүтүм, коңурук тартып жатчу элең.

Бүркүтүм, жетиштүү ичте арманым
Жесир калды алганың.
Мөлт этип жашым, сени эстейм,
Мен бейбак бөтөлкө көрсөм ар дайым.

Бүркүтүм, жалгыз жан жапа чегет бейм,
Бир түндү миң жол элестейм.
Бүркүтүм, өзүң менен бир жүргөн,
Мен бейбак мастарды көрсөм сени эстейм.

Бүркүтүм, эрдүүгө өзүм теңесем,
Эри жок аял кем экен.
Кайгыртып кара жердин койнунда,
Кантейин, калдыңбы уктап берекем.

Бүркүтүм, кайратың кимден кем эле,
Мен үчүн карааның тоодой бел эле.
Бүркүтүм, мас болсоң дагы жанымда,
Балдырап басканын канча дем эле.

Бүркүтүм, ажырап сенден калдымбы…
Бул жактан жаткан жериң жайлуубу?
Тирүүңдө кулаалым деп айтчу элем,
Мен бейбак күйкөгө жетпей калдымбы…

 

КУРОРТТО

Күйөөсү жокпу, билбедим,
Күчөтүп күндө күлгөнүн,
Кубакай жүздүү, алтын тиш,
Курортто жүрдү бир келин.
Таанышпы мурун, билбедим,
Тапты бейм мүмкүн сүйгөнүн.
Карагай билди, чер билди,
Кай жерде дуулап жүргөнүн.
Бар, жокпу оору жерлери…
Ванна да алып көрбөдү.
Бүткөнчө кетээр мезгили,
Бир «жапан врач» эмдеди.
Курортто мында келгени,
Гул болду тоодон тергени.
Жыйырма төрт күнү эс алды,
Жыйырма төрт экен көйнөгү.
Аяшты бойдок экен деп,
Айтыпмын билбейм бекер кеп.
Күйөөсү келди бир күнү,
Күмүшүм алып кетем деп.
Көрүшкөн кезде бир-бирин
Көөдөндөн жалын күч алып.
Миң тонна болуп кеткенсип,
Бир айда жыйган кусалык,
Кайрадан-кайра жытташып,
Калышпай жатты жан-алы.
«Күмүшүм» десе күйөөсү,
«Айкөлүм» деди аялы.
Эске албай жүргөн демейде,
Кол булгап турган көп элге,
Айнектен башын чыгарып,
Аз калган кезде жөнөөргө.
Күлүндөп «жапан врачка»,
Күмүшү какты оң кашын.
Анысын кайдан байкады,
Айдады айкөл «Волгасын».
Курортто аял көп жүрдү,
Баары эле токтоо, эстүүбү?..
Күмүштөй күндө дуулаган,
Көрө алган жокмун эч кимди.
Аты да Айкөл, өзү айкөл,
Ак «Волгасын» зуулатып.
Айым, — деп сойку аялын
Бараткан чыгаар жыргатып…

 

МАС ЖАНА КАНЧЫК

Балдырап мас баратты көзү чакмак,
Баягы өзү тааныш жолду таптап:
Бирөөлөр сүйлөп өтсө аягансып,
Бирөөлөр тилдеп өтөт: алкаш, акмак!

Бир кезде буйга жерге барды дагы,
Сулады, сулаган соң магдырады.
Оозунан окшуп чыккан кусундуга,
Көк канчык көзүн артып жалдырады.

Жалдырап турмак эле кимди карап,
Жаткандын мас экенин билди баалап.
Ачыккан чычкысына чыдай албай,
Аймалап оозу, мурдун кирди жалап.

Мас чочуп кирпиктерин кирбиңдетти,
Аздан соң айтып кирди «ширин» кепти:
Оой катын тилим сууруп ала көрбө,
Ооздон өбүшкөндү ким үйрөттү.

Кайдагы сөздөрдү айтып тантып эчен,
Караса катыны эмес, канчык экен.
Ордунан туруп жатып балдырады,
Өлгөнүм мындан көрө артык экен!

 

АЛТЫН ТИШТҮҮ АЛМАКАН

Алма жыттуу, аппак келин Алмакан,
Ар күн сайын анда келбет, анда шаң.
Күндө бирди кийип чыгат көчөгө
Мода менен моюндашып ар качан.
Көп ооруйт — деп азуу тишин алдырып,
Көп өтпөстөн алтын тиштен салдырып,
Эми жүрөт эл көрбөйт — деп күлгөндө
Эртели-кеч өз ичинен кайгырып.

Күлө берет күлүүчү жер кез келсе
Жамажайы кулагына жеткенче
Кээ бирөөлөр кеп кылышып сын тагат
Оозун жыйрып, аз күлбөйбү эп көрсө.
Көнгөн адат калбас болду жоголуп,
Көп сын сөздөн кеткен да жок оңолуп.
Көп көрүнбөс алтын тиштин айынан
Кетмек болду оймок оозу чоңоюп.

 

БУГУБАЙДЫН БЕЛЕГИ

Бугубай Фрунзеге барып
Аялына келиптир,
Алты жоолук алып.
Аялы сындап жатты
Ар бирин алдына жайып.
Анан күйөөсүнө кайрылды
Каштарын кагып:
Күндө бирин салынып,
Сени кетемин го чанып.
Анда Бугубай
Сөзүн чуурутту шуруудай:
Кызыл жоолук алганым,
Сени кыз кезиңде сүйгөнүм.
Жашыл жоолук алганым,
Жанаша басып жаныңда,
Жаркылдап ойноп күлгөнүм.
Сары жоолук алганым
Сени менен
Сагынышкан күндөрүм.
Чаар жоолук алганым
Чарт-чурт этип кээде сен
Чатак салып ийгениң.
Ак жоолукту алганым
«Ала жипти» аттабай,
Сенин аппак бойдон жүргөнүң.
Кара жоолук алганым,
«Өлүгүңдү көрөйүн» деп
Мени эчен жолу тилдедиң.
Ошондонбу билбедим
Ооруп жүрөт бир жерим…
Анын да тиет кереги
А дүйнө кетсем кокустан
Айылдан издеп жүрбөгүн.
Анда аялы
Бүркөлө түшүп кабагы
Бугубайын кучактап
Мурдунан өөп
Бутуна чейин ызаттап,
«Оозуңа ок, өлбө» деп
Ыйлап ийди бышактап.
Букем болсо
Ого бетер оюн-чындап:
«Эмитен машыга бер ыйлап,
Оозума ок тийсе
Желкемден чыгат
Бул мени эми эле
Өлтүргөнү турат.
Кудайым берсин кубат.
Ошентип
Аялы салынып жүрөт
Бугубайдын белегин,
Бирок кара жоолуктан бөлөгүн.
Эми оозунан
Чыкпас болду эгерим
— Деген сөзү жеңенин:
«Өлүгүңдү көрөйүн».

 

«ИМПОРТ» ООРУСУ

Менин бир аяшыма
«Импорт» деген илдет жабышты,
Импорттук кийим жагынан
Аялдарга
Алдыра элек намысты.
Советтик, сонун кийимдер
Ал үчүн
Сөз болбой деле калышты.
Пальто, көйнөк, кофтасы
Бельгиялык,
Саат сайын күзгүгө барып,
Он кийинип, он чечет.
Эргип алып:
Карачы, — дейт, — күйөөсүн,
Кадимки турпатыма
Келдим анык!
Кандай укмуш кийимдер,
Бельгиялык! Бельгиялык!
Байпак менен эмчек кабы,
Парижден.
Запас кылып камдап койгон
Дагы үчтөн.
Венанын кийимдери келе элек,
Бир көрсөм деп даа күткөн.
Күйөөсү дүкөнчү,
Кантээр экен «күп» дей түшсө
Ал иштен…
Костюм, өтүк, туфлиси
Лондондон.
Аралап өтүп келип,
Океан, дайра, тоолордон,
Как раз мени тапты, — дейт,
Издеп жүрүп
Ушунча узак жолдордон.
Анан
Индиянын жалтырак тапочкасын
Илип алып бутуна,
Эринин кымтып чормойгон,
Ойлонгону ойлонгон.
Өткөн жумада
Ай канчасынан тоголду?
Айтор билбейм, аяштын бир
Кымбат буюму жоголду.
Кырсык мындай болоорбу…
Ичи күйүп тызылдап,
«Импорт» деген илдет оңойбу..
Жайып койгон жеринен,
Кандай бир
Жарыбаган неме тооруду,
Жашырынып жок болду,
Япондун жалтырак жоолугу.
Аза күтүп аяшым,
Алты күнү ооруду.
Ордун толуктап күйөөсү,
Ошондон кийин
Оңолду ден соолугу.
Аяшым
Тбилисинин кийимин көрсө
«Тьфу» деп калат.
Фрунзенин кийимин көрсө,
«Фу-фу» деп чанат.
Ташкенттин кийимин көрсө
Таңгала карап
Табылгыс жеринен,
Дардайган кемтикти табат.
Москванын кийимин көрсө
Башын чайкап,
Кийбесе да, кичине
Турат байкап.
Анан
Импортко кайдан жетсин деп,
Ичинен айтат.
Дүкөндөрдү түгөл кыдырып,
Чаалыгып-чарчап,
Чалкалай басып үйүнө кайтат.
Кайын сиңдиси
Кай бирде минтип сөз курат:
— Ээ женеке, жеңеке,
Угуп турчу чыдап.
Биздин өлкөдөн деле
Укмуштай кооз кийимдер чыгат.
Улгайып калдын, ойлочу,
«Импорт», «импорт» дегениң уят.
Анда женеси
Ачууланып карашы,
Көзүнүн агын айлантат,
Көрүнбөйт ички карасы:
— Мунун айтканын карачы…
Кийгенин
Кара-Балтанын халаты,
Бир жери кир, бир жери жамаачы.
Деги запас кийимин барбы?
Саначы!
Чолчойтуп бутка кийгениң,
«Чолпон» фирмасынын чокою.
Джемпер, кофтаң Токмоктон,
Жетишкен жагың ошобу…
Мен өңүмде эмес,
Түшүмдо кийбейм ошону!
Кантсин кайын синдиси…
Карапайым бир киши.
Импорт эмес…
Иш жагынан данкталып,
Жаштарга жаккан үлгүсү.
Жеңесинин сөзүнө,
Кээде ызаланса,
Кээде келет күлкүсү.
Ошентип аяшымдын
Паспорту гана советтик.
Бардык кийими чет элдик.
Каалаганын ичсин деп,
Каалаганын кийсин деп,
Кадырлап далай котөрдүк.
Тапканы менен эринин,
Тайраңдад алды жетээрлик.
Өткөндө күйөөсүнүн,
Жеп-ичкени билинип,
Кызматынан сүрүлүп,
Арамдан тапкан олжосун,
Аш казаны
Ала албаптыр сиңирип.
Аяшым
Үйүндө онтоп жатат дейт,
Түпкүч болуп ийилип,
«Импорт» оорусунан
Ичегиси түйүлүп.

 

ЧЫДАЙ ТҮШ

Ортодон кээде чыр чыкса
Ороңдоп жарың кыйкырса.
Оозуңду бекем кулпулап
Олтура бергиң, унчукпа.
Ачуусу келип кекете
Алкына берсин жекече.
Айтышчу болсоң теңелип,
Ал сенден ашат эки эсе.
Ызасы сага ашынат,
Ыйлап да ийип азыраак.
Буулуккан буусун чыгарып,
Бүткөндөн кийин басылат.
Чаң салып үйгө бакырат
Чатагың бүтпөй батыраак.
Чамына берип акыры
Чарчаган кезде басылат.
Басылган кезин билип кой,
Бакытым сен — деп сүйүп кой.
Арияң бүткөн окшойт деп,
Азилге салып күлүп кой.
Ал кезде өзүн күнөөлөп.
Аз экен сенде күнөө — деп
Айга окшоп чыккан булуттан,
А дагы күлүп жиберет.

 

ДУДУКТУН ТИЛИ

Жаңжалын күндө салган көп,
Жададым бейжай жардан деп.
Түрткүлөп, жандап сүйлөшкөн,
Дудук кыз алды Абжалбек.
Кеп-сөз жок уккан мурдагы,
Кулагы тынчып жыргады.
Урматтап, сыйлап аялы,
Унчугуп койбойт бир дагы.
Күн өтүп айга байланды,
Ай өтүп жылга айланды.
Балалуу болуп Абжалбек,
Бар жактан көөнү жайланды.
Калбайт го ушак дегени…
Кай бирөө айтты жемени…
Кай жактан таап алган деп,
Карангы, макоо немени.
Болгон соң жашоо, жай бирге,
Болот го чатак ар кимде.
Дудугу менен Абыш да,
Түртүшүп жүрдү кай бирде.
Балапан окшоп жөргөлөп,
Баласы чыкты экиге.
Аталап чуркайт алдынан,
Абжалбек калса кезиге.
Аялы анда кол жансап,
Алганын карап күлүндөп, –
Уулунун өбөт ууртунан:
Мынакей менин тилим — деп.

 

ЧАЛ КЕМПИРИН АЗИЛДЕЙТ

Билесиң го кемпирчем,
Биз жылгындай чактарда,
Бир керебет, бир жаздык,
Кеңдик кылчу жатканда.

Азыр неге кемпирчем,
Алтымыштан ашканда,
Кош керебет, кош жаздык,
Тардык кылат жатканда?

Болбос жерден мен эми,
Полго кулап өлөмбү?
«Бери жатың» азайып,
«Ары жатың» көбөйдү.

Узун берсин өмүрүн,
Уулум менен келиним.
Жаны калбай турушат.
Жаман көрөт мени ким?..

Көрүнбөсөм кээде мен,
Чон аталайт неберем.
Жактырбайсың сен гана,
Жадаттымбы… бул эмнең?

Бармактайдан баш кошкон,
Абышкаңмын, аны бил.
Айтсаң сотко беремин,
«Ары жат» деп дагы бир.

 

ЧАЛДЫН АЯЛЫНА

Баа бербей жаштык чагына,
Ээ болуп байлык, малына.
Дүйнөдөн жыргап өтөм деп,
Тиерин тийдиң чалыңа…
Ооруса кээде абышкаң,
Өң-түсүн байкап, калып таң.
Ооз учун менен айтасың:
«Онолсоң жаным, айыксаң».
Ойношуң келсе үйүңө,
От болуп көзүн чачырап.
Ооруган чалга угузбай,
«Өлсөкен, — дейсиң, — батыраак».
Имерип келсе шум ажал,
Иргебейт жашты, карыны.
Өзүңдү билбейм… жүз жашка,
Чыгаргай эле чалыңы.

Соц тармактар:

5 thoughts on “Байдылда Сарногоев

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.