УНУТТА КАЛГАН МАДАНИЯТ, УБАРА ТАРТКАН УЛУТ

Маданияты жок эл болбойт. Кылым кыргыздын да терең маданияты бар. Анын туу чокусу “Манас”. Аалам маданиятына кошкон салымыбыз, аны байыткан да ушул “Манасыбыз”. Албетте “Манастай” “жети укмушту” жараткан элдин көрөңгөсү тайыз болчубу. Театр, адабият, кино ж.б. искусствонун түрлөрү боюнча деле четте сүрүлүп калбадык. Ч.Айтматов, Б.Миңжылкыев өңдүү залкарлар биздин эле эмес, дүйнөлүк маданияттын сыймыгы. Бирок ушундай улуу дөөлөттөрүбүздүн бүгүнкү абалы, ага карата мамлекеттик салкын мамиле ар бирибизди ойлонтууга тийиш эле.

Кондучаловадай бирөө чыкпады
Бизди улут катары таанытып, көркөм дүйнөгө жетелеген, бүтүндөй муундарды тарбиялаган маданият тармагыбыздын гүлдөгөн, же ренессанс мезгили союз мезгилине туш келди окшойт. Ал кезде маданият коммунисттик идеологиянын түркүгү, массаны тарбиялоодогу маанилүү куралы эмес беле. Канчалык асман-айга түйүлүп жерибейли, коммунисттик идеология жалпы адамзатка таандык баалуулуктарды танчу эмес. Ага ылайык, кыргыздын доор арыткан көрөңгөлүү маданияты, көркөм дөөлөттөрү өсүп-өнүгүп, атургай айрым тармактары боюнча (адабият, кино, театр искусствосу ж.б.) ааламдын оозун ачырган бийиктиктерге жеткенбиз. Ошол түптөлгөн, негизи бар маданиятыбызды 19 жылдык жаңы тарыхыбызда жарытып өнүктүрбөдүк. Уңгусу даяр улуттук идеологиябызды иштеп чыга албадык. Натыйжада эл чыгармачылыгынан тартып, академиялык театрга чейинки материалдык базабызды аз жерден майкандап жибере жаздадык. Маданияттын кайсы гана тармагын албайлы (адабият, театр, кино, сүрөт искусствосу, эл чыгармачылыгы ж.б.) азыркы күндө мышык ыйларлык абалда калган. Мунун башкы себеби, кыргыз мамлекетинин башына маданияттын маанисин жеткире түшүнбөгөн, ага кам көрүүнү, каржылык камсыздоону ойлобогон президенттердин келиши болгон. Баарынан өкүнүчтүүсү, азыр улуттун төрүндө олтурган “эл баатыры” Күлүйпа Кондучаловадан кийин маданият министрлигине анын деңгээлиндеги бир дагы министрдин дайындалбагандыгы да бул тармакты оожалтпай койду окшойт. Атүгүл маданият министрлиги жоюлуп же агенттик деңгээлге түшүп кеткен учурлары болду.

Учурда буга чейин маданиятка күйөрмандыгын эмес иши менен көрсөтүп келген, айтыш өнөрүн жолго салып, жаш төкмөлөрдүн бүтүндөй жаңы муунунун келип чыгышына өбөлгө болгон, кино тармагына да кийлигишип жүргөн Садык Шер-Нияздын бул министрликке келиши көпчүлүктү көптөн үмүттөндүрүп турат. Саясат майданында ызы-чуу басыла элек. Жаңы парламент келатат. Эми жаңы өкмөт түзүлсө бул жигит ордунда калабы-калбайбы, айта албайбыз. Ага жан тартып жаткан жерибиз жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өчөйгөн маданияты Садык Шер-Нияз өңдүү жаш, жигердүү, маданиятка жүрөк-оту менен күйгөн жетекчини талап кылып турат.

Эл чыгармачылыгы эстеби?
Азыркы кыргыз маданиятынын аксаган жери айланып барып эле айылга, жер-жерлердеги маданий жайлардын майкан болушуна барып такалат. Бүгүнкү күндө 700дөн ашык айылдык клубдар иштейт дешүүдө. Анын ичинен 20 клуб жаңы курулуптур. Ал эми Кыргызстандагы клубдук мекемелердин гүлдөп турган учурунда, мисалы, 1983-жылы жер-жерлерде 5 миңден ашык көркөм кружоктор иштеп, ага 102 миң киши катышчу экен. Азыр бул жөн эле жомоктой туюлушу мүмкүн. Учурда бул клубдардын көпчүлүгү таланып-тонолуп, кээси кафе-ресторандарга айланып кеткен дешет. Ал эми иштеп жаткан айылдык клубдардын кызматкерлери жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат. Андыктан маданият министрлиги анчалык таасир эте албайт. Кыргызстандын 60%ы айылда жашайт дейбиз. Ошол айыл жерлериндеги таланттуу адамдарды баш коштурган, айыл маданиятынын очогу болгон клубдарда 1938-жылы негизделген эл чыгармачылыгы аталган маданий борборлор иштечү. Иштегенде да композиторлор союзу менен үзөңгүлөш иштеп, эл арасындагы не бир комузчу, кыякчы, ырчы-чоорчуларды, эң мыкты аткаруучуларды таап, республикалык деңгээлге алып чыгаар эле. Алардын элегинен өтмөйүн бир дагы обон, күү кыргыз радиосунан уктурулуп, теледен көрсөтүлчү эмес. Азыркы учурда кыргыз музыкасы эстрада жанрынын төө бастысында, жылдыз аталган аткаруучулардын астында калган. Көркөм табиттен алыс, же сөзүнүн, же обонунун мааниси жок, эстетикалык жактан жугумсуз, тарбиялык мааниси тайкы көптөгөн ырларды кантип тыярды билбей, маданият министрлигинен тартып катардагы угуучуга чейин башын катырууда. Бирок бир да бирөөнүн башына азыр улуттук маданият борбору аталып калган мурунку эл чыгармачылыгы борборлорунун тажрыйбасын эске алуу келбей жаткансыйт. Бүгүнкү күндө маданият министрлигинин алдындагы бул мекемеде 9 гана киши иштейт. Ачык айтканда, эмне иш кылып жатканын билбейбиз. Дагы облус борборлорунда айлык албаган жардамчылары, мекемелери сакталып калган. Жогорудагы табитсиз ырларды “талкалоо” үчүн дал ушул маданий борбордун маанисин көтөрүп, алардын жактыруусуз бир дагы обондуу ырды элге чыгарбай койсо эле дагыранын калдыраганындай далай ырлардан кулагыбыз тынчып калмак. Айтмакчы, маданият борбору 19 жылдын ичинде биринчи жолу обончулардын кароосун өткөрүп, жакында жыйынтыгын жарыялады. Бул кеч болсо да дурус кадам.

Көчөдө калган театр, төбөдөн тамган тамчы
Учурда Кыргызстан боюнча 16 миң маданият жана искусство кызматкерлери бар экен. Баш-аягы 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 музыкалык мектеп иштеп жатыптыр. Ошондой эле маданият жана искусство кызматкерлерин даярдоочу 2 ЖОЖ жана 8 атайын окуу жайлары бар. Булардын баары уучубуздун кур эместигинин далили. Баса, кыргыздын туңгуч драматургу Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” пьесасы коюлган күн (1926-жылдын 2-ноябры) маданият кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет. Ушу жуманын башында 16-жолу белгиледик. Кыргыз маданиятына М.Рыскулов, С.Күмүшалиева, Д.Күйүкова, С.Жаманов. Б.Кыдыкеева, Т.Турсунбаева, С.Жумадылов ж.б. ондогон жаркын таланттарды берген театр искусствосу бүгүнкү күндө көрүүчүнү тарталбай калды. Кыргыз театр искусствосунун флагманы болгон Т.Абдумомунов атындагы мамлекеттик академиялык драм театры акыркы жылдары ремонттон башы чыга элек. Бөлүнгөн акчага суу аккан чатырын оңдобой, ичин оңдоп, кайра эле суу кирип, бекер “комедия” коюп отурушат. Ушул эле учурда Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы театры элдин баарын батырган Сары Өзөн Чүйдөн баш калкалаар жай таппай, ар кайсы жерде андаалап жүргөнү да өзүнчө эле “трагикомедия”. Бир жагынан маданиятка жасаган маңкурттук мамилебиздин анык үлгүсү.

Бүгүнкү күндө театрларга эл келбей калды дейбиз. Мунун себебин искусствонун башка түрлөрүнөн (кино, телевидение, эстрада,) башыбыз чыкпагандыгы менен түшүндүрүп келебиз. Менимче, акыркы жыйырма жылга чукул аралыктагы мамлекеттик масштабдагы талап-тоноочулук, анын моралдык кесепети, көркөм дүйнөдөн мурда көрдүйнө кызыкчылыгы алдыга өткөн кырдаал, улуттук идеологиянын жоктугу (анын ордуна абийирсиз кино-телекөрсөтүүлөрдүн агылып кириши) жандүйнөбүздү жардылантып, кыргыз маданиятынын кайсы тармагы болбосун катуу жабыркатып кетти. Элден безген эки президент да маданият тармагын көтөрүүдө жарытылуу эч нерсе жасай албады. Ошону менен кыргыз театр искусствосу очорулган абалда. Кезегинде маданиятыбыздын күзгүсү болгон театр өнөрү заманга жараша репертуарын жаңыртып, көрүүчүлөрдү тартуунун жолдорун табалбай жатышат. Ошол эле учурда борбордогу Ч.Айтматов атындагы орус драм театры мамлекеттин көзүн карабай өзүн-өзү каржылаганга жетишип калды. Кыргыз “эшегине жараша тушагы” дечү эле. Бул жерде театрга барбаган өзүбүздү (ачыгын айтсам, өзүм деле акыркы 19 жылдын ичинде бир да жолу театрга басып барбаптырмын) күнөөлөйбүзбү, же өзүнө тарта албаган театрдын чыгармачыл труппасы күнөөлүбү, айталбайт экенсиң. Айтмакчы, кезегинде ушул эле кыргыз драма театрынын, кыргыз филармониясынын эң мыкты техникалык паркы бар эле. Маал-маалы менен алыскы айылдарга чейин жетип, катардагы обон-күүдөн, татаал драмага чейин коюшуп өнөр тартуулап турушчу. Эл да артисттерди, режиссерлорду жакшы билише турган. Сагынып, күтүп калышчу. Азыр эл аралап айрым гана эстрада ырчылары чыкпаса, классикалык искусствонун өкүлдөрү, элдик өнөрпоздор баралбай калган. Биз жогоруда бекеринен айылдык клубдар жөнүндө кеп кылган жокпуз. Ошол эл аралап чыккан эстрада жылдыздары “айылдык клубдар жылытылбаган ат сарайга айланып калган, ага карабай арендасы асмандын башы” деп жүрүшөт. Өзүбүз деле көрүп жүрөбүз. Анан ким барып концерт коюп элдин көңүлүн ачайын десин. Демек, мунун баары маданият министрлиги тарбанан комплекстүү чечиле турган, биринен-бирин бөлө албаган, белгилүү каражатты талап кылган маселелер.

Ишпалдасы чыккан имарат, ичиндегиси кантти?
Бүгүнкү күндө кыргыз маданиятынын дагы бир мактанычы болгон музейлерибиздин акыбалы деле анчалык эмес. Алардын маанисин атуулдарыбыз анчалык түшүнбөгөндөй таасир калтырат. Болбосо, борбордун көркү болгон мамлекеттик тарых музейинин, же болбосо Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин жанынан өтсөңүз, кезинде ак мрамор менен салынган имараттардын абийирин айрандай төккөн жазууларды көрөсүң. Аталган мекемелердин жамааты жууп-тазалап жатып тажашканбы же көңүл бурбайбы, белгисиз. Бир гана сырттан келген бирөөлөр көрүп калса эмне дейт деген кабатыр ойлор кабыргаңды кайыштырат. Бул гезитке жазчу деле маселе эмес эле. Болгону маданиятка болгон жалпы мамилебиздин жакырданып баратканынан улам айтып жатканыбыз. Ал эми аталган музейлердеги экспонаттардын сакталышы кандай болду экен деген суроо туулбай койбойт. Айталы, Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинин директору Ю.Шыгаев мындагы кайталангыс шедеврлер белгилүү бир температурада сакталышы керек экендигин, ал температураны камсыз кылып турган жабдуулар эскирип калгандыгын, чукул алмаштырбаса болбой тургандыгын, кокус музейдин үстүнөн тамчы тамды дегиче далай эмгектен ажырап каларыбызды дайыма айтып келет. Бул музейде жалпысынан 17279 экспонаттар сакталууда. Арасында 1934-жылы Москвадагы Третьяков музейинен алынып келинген, кыргыз сүрөт музейинин ачылышына негиз болгон дүйнөлүк шедеврлер, ошондой эле С.Чуйков, Г.Айтиев, С.Чокморов, К.Керимбеков, Б.Жумабаев ж.б. жаркын таланттардын да эмгектери бар. Бул кунсуз сүрөттөрдү көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга калтыруу баарыдан мурда мамлекеттин башкы милдети.

Жакында президент Р.Отунбаева музей кызматкерлеринин айлыгын 80%га көтөрдү. Сыягы, улуттук масштабда музейлердин абалына көңүл бурулат окшоп калды. Ылайым эле ошондой болсун.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым», («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.