Быжы

Керектелүүчү азыктар: Койдун кара ичегиси, 1-1,5 кг эт, 350-400 грамм ич май, 400-450 грамм күрүч, 3-3,5 кашык талкан, жарым боор, 1 көк боор, 500-1000 грамм нан, 200 грамм пияз, бир баш сарымсак, бир боо ашкөк, татымына жараша туз, зире, калемпир, мурч.

Даярдоо ыкмасы: быжыны бышыраардан мурда ичеги-карындарды таза жууп, тазалап, туз татытылган муздак сууга чылап коюп, фаршын даярдоо керек. Ал үчүн сулп этти 2-3 литр азыраак туз кошулган муздак сууга салып, бир аз кайнатуу талап кылынат. Кайнаган этти чыгарып, колго майда туурайт. Эттин шорпосуна таза жуулган күрүчтү салып, күрүч жумшаганча кайнатат. Тууралган этти шорполуу күрүчкө кошуп, үстүнө калемпир-мурч, зире, ич май, пияз, сарымсакты туурап, татымына жараш туз салып демдеп коет. Андан кийин боор менен көк боорду жыгач кашык менен эзип, фарштын үстүнө куюп, 1-2 аш кашык талкан же ун салып аралаштырат. Даяр болгон фаршты тузу сиңген ичгегиге куюп, 1-2 саатча жай кайнатып бышырат. Фарш салынган ичегинин ар бир 30-35 см аралыгы жип менен байланып турушу шарт. Бышканча ичегинин көөп чыккан жерлерин ичке ийне менен сайып туруу керек. Антпесе, жарылып кетиши ыктымал.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин «Кыргыз даамы» китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

 

Быжы “Өрдөк”

Керектелүүчү азыктар:
Эт – 150 гр
Кан – 300 гр
Күрүч – 120 гр
Боор – 250 гр
Пияз – 100 гр
Сабиз – 1 даана
Сарымсак – 4 тишче
Татымына жараша туз, мурч, калемпир

Жасалуу ыкмасы:
Жаңы союлган койдун же эчкинин ич канын идишке өзүнчө куюп алабыз. Быжыга кошулуучу күрүчтү тазалап, туз татытылган сууга бир кайнатып алып, суусун сарыктырып төгүп салабыз. Уюп калган канга эт туурагычтан өткөрүлгөн боор, ич май, күрүч, майда тууралган сарымсак, көк чөп (ашкөк, жусай), кара мурч кошуп, бир азга үстүн жаап, тыныктырып коёбуз. Быжынын туурамжысы канчалык майлуу болсо, быжы ошончолук жегиликтүү болот. Даяр туурамжыны таза жуулган жумуруга салып, учун чий менен төөнөп, чарык жип менен бекем бууйбуз. Эскерте кетчү нерсе, жип менен байларда бир аз боштук калтыруу керек. Анткени, күрүч бышканда көбөйүп кетет. Эми туурамжыга толтурулган жумуруну муздак суу куюлган мискейге салып, 50-60 мүнөт кайнатсак, быжы даяр болот. Быжыны өзүнчө идишке бышыруу керек. Бышып жаткан ичке ийне менен ар жеринен сайып коюу кажет. Аткени ал жарылса, шорпо кермек тартып, даамы бузулат. Даяр болгон быжыны ысык бойдон дасторконго коёбуз.

Дамира Арстанова, Супер Инфо, №320

 

* * *
Быжы – улуттук коюу тамак. Жаңы союлган койдун же эчкинин ич канын өзүнчө куюп алат. Ага кашык менен, же сүргүчкө эзилген  боорду колго, же эт туурагычка майда тууралган боор этин жана жүрөктү, ич майын, күрүч, пияз, татымал чөп (ашкөк, шибит, жүсай), суу кошот, туз, кара мурч же калемпир салат, баарын жакшылап аралаштырып, бир азга жаап коёт. Быжыга кошулуучу күрүчтү тазалап, туз татытылган сууга бир кайнатып алып, суусун сарыктырып төгүп салат. Даяр туурамжыны (фарш) таза жуулган мөөнгө, же жоон ичегиге салып, учун чий менен төөнөп, чарык жип менен бекем бууйт. Эгерде туурамжы көп даярдалса, карынга, жумурга салса да болот. Туурамжы канчалык майлуу болсо, быжы ошончолук жегиликтүү болот.

Боор (күрүч кошулганда андан бетер) майды көп талап  кылынат. Быжы 50-60 минутада бышат, ысык бойдон дасторконго коюлат. Быжыны этке кошпой, өзүнчө идишке бышырган оң, анткени ал жарылса, сорпо киргил тартып, даамы кермек болуп калат.

«Эл таануу» китебинен алынды

 

* * *

Кандай азыктар керек?

койдун моону: бир койдун
ич май: 200 г
боор: 300-500 г
пияз: 2 тоголок

күрүч: 100 г
кан: 50 г
суу: 100-150 мл
туз, калемпир, мурч: татымына жараша

Кантип жасалат?

  1. Боорду, ич майды эт туурагычтан өткөрөсүз.
  2. Пиязды майда туурап, жуулган күрүч менен тууралган боорго кошосуз.
  3. Ага татымына жараша туз, калемпир, мурч кошуп аралаштырасыз.
  4. Кошулмалар кошулган соң быжы ширелүү болуш үчүн сууну, канды кошуп аралаштырасыз.
  5. Андан соң моонго өтө толтурбай саласыз, себеби, күрүчтөр сууга түшкөндө көөп, быжы жарылып кетет.
  6. Жасалган быжыны татымына жараша туз салынган сууга салып 2 саат кайнатасыз. Кайнап жатканда быжыны жарылып кетпеш үчүн ийне менен 3-4 жеринен сайып желин чыгарып коюу керек.

Жаңылай Бурканидинова

 

* * *

Быжыны жасаш үчүн, койдун кара жана майлуу ичегисине 1-1,5 килограмм эт, 350-500 грамм ич май, 400-500 грамм күрүч, боор, 500-700 грамм нан, 200 грамм пияз, бир баш сарымсак, татымына жараша туз-калемпир керектелет. Быжыны жасаш үчүн, адегенде ичеги-карынды таза артып, анан 4-5 жолу суу жүргүзүп чайкап, туз салынган муздак сууга чылап коёт. Алар тузга каныкканча, быжынын фаршын даярдоо зарыл. Ал үчүн сулп этти шылып, аны 2-3 литр тузу кем сууга салып, бир аз кайнаган соң чыгарып, майдалап туурайт. Тууралган этке таза жуулган күрүчтү кошуп, үстүнө калемпир-мурч, ич май, пияз, сарымсак туурап, туз салып аралыштырып, даамы чыккыча, туурамжыны тындырат. Боорду жыгач кашык менен эзип, туурамжыга кошуп аралаштырат. Кара ичегини 20-30 сантиметрдей кылып кесип, фаршты салат, жарылып кетпес үчүн, бир аз бош таштаган эки учун ийип бириктирип, бекемирээк байлайт. Даяр болгон быжыны сууга салып бышырат. Ал эми куурума быжы жасаш үчүн, сууну 3-5 мүнөт кайнатып алат да, быжыны көмгүдөй майга оттун табын азайтып алып кууруйт. Бышканда, жашылча салаты менен кошо берсе болот.

Эля Муратбек кызы, Шоокум Журналы, 01.01.2008-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.