Чүчпара

Керектелүүчү азыктар: 500 грамм эт, пияз, 1-2 түп сарымсак, бир боо ашкөк, калемпир мурч, шорпосуна: бир пияз, 2-3 помидор же томат, эки чакан зубала камыр жумуртка.

Даярдоо ыкмасы: Этти колго майда кылып туурап, ага пияз, сарымсак кошуп, калемпир, туз, мурч сээп дымдап коет. Андан кийин жумуртка кошуп камырды жууруп, тыныктырып коет. Камыр даяр болгончо, казанга май куюп, ага пиязды кууруп, мурч, туз салып шорпо жасайт. Тыныккан камырды 1-1,5мм болгуча жука кылып жайып, төрт чарчы кылып кесип, даяр болгон фаршты салып түйөт. Даяр болгон чүчпараны шорпого салып, кайнатып бышырат.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин «Кыргыз даамы» китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.