Куурдак

Керектелүүчү азыктар: 1 кг эт, 250 грамм май, 3-4 баш пияз, 4-5 баш картошка, 3-4 көк калемпир, 1 баш сарымсак, ашкөк, татымына жараша калемпир-мурч, туз.

Даярдоо ыкмасы: жаш, сулп этти майда туурап, пияз, сарымсак, көк калемпирди туурап алуу керек. андан кийин казанга майды куюп, алгач пиязды салып бир аз кууруп, экинчи этти салып 10-15 мүнөт кууруп, отту азайтып, картошканы туурап, калемпир-мурч, тузду салып дымдап коебуз. Жыйырма мүнөттөн кийин ачып, табактарга салып, дасторконго коебуз.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин «Кыргыз даамы» китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

 

* * *
Куурдак – Орто Азия элдеринде кеңири тараган чүйгүн эт тамактардын бири. Куурдак  кууруунун  улуттук ашка тамактарды даярдагандай   эле   өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздарда куурдакты жаңы союлган малдын кой, уй,  эчки) ич этинен (боор, жүрөк, бөйрөк, чучук жана башка), моюн, боконо, арка эттери кошулуп куурулат. Адегенде карын менен бөйрөк майларын көөлгүтө сызгырып алат, ага анча чоң эмес бөртө-бөртө тууралган этти салат, кыя тууралган пияз, сарымсак кошот, баарын аралаштырып куурат, туз, мурч салат, отту кичирейтип, 30-40 минута бышырат. Анда-санда аралаштырып туруу керек. Куурдак куурулган майы менен бирге берилет, көбүнчө ысылык катары желет, майы жүрөккө тийбейт. Жаңы союл­ган малдын өз майына куурулган куурдак даамдуу.

Куурдактын бир нече түрү куурулат.

Кара куурдак уйдун, койдун, эчкинин, эликтин, бугунун этинен жасалат. Эт күрөң тартканга чейин майга куурулат. Бөртө тууралган боор, жүрөк, бөйрөк кошулган куурдак ширелүү, даамдуу, тузу өткүрүрөөк болот.

Солкулдак куурдак куш тил тууралган жаш эттен бууга демделип, жай күйгөн отко бышырылат. Бул куурдактын эти жумшак жана жегиликтүү келет.

Борпошо куурдак куурулган этке бир аз суу куюлуп, андан кийин жай күйгөн отко 30-40 минута бышырылат. Борпошо куурдак чыгы менен дасторконго коюлат.

«Эл таануу» китебинен алынды

 

* * *

Кара куурдак

Бодо малдын (уйдун), майда жандыктын (койдун, эчкинин) жана кайберендин (эликтин, бугунун ж. б.) эти күрөң тарткыча майга куурулат. Бөртө-бөртө тууралган боор, жүрөк, бөйрөк менен жасалган куурдак ширелүү, даамдуу келет. Мындай куурдактын тузу бир аз өткүлүүрөөк болот. “Кара куурдакка” 1 килограмм сулп эт, 300 грамм ич эт, 400 грамм ич май же сары май, 2 баш пияз, 1 түп сарымсак керектелет.

 

Солкулдак куурдак

Куш тил кылып тууралган жаш эттен жасалган куурдак бууга демделип, жай күйгөн отко бышырылат. “Солкулдак куурдактын” эти жумшак жана жегиликтүү болот. Бул куурдакты жасаш үчүн 1-2 килограмм эт, 250 грамм ич май, 2 баш пияз, 2 көк калемпир, 1 аш кашык томат керектелет, туз менен мурч болсо тамактын даамына жараша салынат.

 

Борпошо куурдак

Куурулган эттин үстүнө бир аз суу куюп, андан кийин аны жай күйгөн отко 30-40 мүнөттөй бышырат. Борпошо куурдак чыгы менен кошо дасторконго коюлат. Куурдакка 1-2 килограмм эт, 2-3 баш пияз, 2-3 помидор, 2 сабиз, 1 түп сарымсак, мурч, лавр жалбырагы, татымал чөп кошулат. Тузду тамактын татымына жараша салышат.

Мээрим Абдыкадырова, Шоокум Журналы, 01.06.2007-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.