«Адеп» журналынын жаңы саны жарыкка чыкты

Ноябрь айынын алгачкы жумасында «Адеп» журналынын кезектеги, №3 саны жарык көрдү. Басылманын бул саны Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий иштер боюнча өкүлү Мохаммад Хоссейн Абедининин маеги менен башталган. Ал аталган өкүлчүлүктүн аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берген. Маданий өкүлчүлүк өз ишмердүүлүгүн баштаган алгачкы күндөн баштап эле кыргыз жана иран элдеринин достугун чыңдоо максатында адабият, маданият, искусство тармагында бир топ иш чараларды өткөрүп келатат. Мисалы, Кыргызстан – Иран достук коому аркылуу республикабызда жашап жаткан ирандык атуулдар менен байланыш чыңдалган. Мындан тышкары Кыргызстанда фарси тилин тереңдетип окутуу маселеси каралып, байыркы иран адабиятынын белгилүү акын, жазуучуларынын чыгармалары менен кыргыз окурмандары таанышууда. Ошол эле учурда ирандык окурмандарга да кыргыз элинин эпос, дастандары менен кошо учурдагы акын, жазуучуларынын чыгармалары тартууланууда.

Кыргыз жана фарси тилдеринде үч айда бир ирет жарык көрүүчү журналда мындан тышкары Мухаммад пайгамбардын хадистеринен үзүндү берилген. Ошондой эле педагогика илимдеринин кандидаты Асылбек Эшалиевдин «IX – XI кылымдардагы фарс-тажик поэзиясындагы гумандуулук идеялары» аттуу макаласы, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин ырлары, публицист Абдыкерим Муратовдун «Ата-энеге» мамиле кылуу адеби, жаш калемгер Айзада Абазованын «Кичинекей үйдөгү чоң бакыт» аттуу аңгемеси жана Венера Тагаеванын “Нукура кыргыз тамактары” деген аталыштагы китепчеси тууралуу маеги жарыяланган. Ушул эле макалалар журналдын экинчи бөлүгүндө фарси тилине которулуп берилген.

Белгилей кетүүчү жагдай, «Адеп» журналы Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданият иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн демөөрчүлүгү менен 2010-жылдын башынан бери кыргыз жана фарси тилдеринде жарык көрүүдө.

М.Момунов, «Кабар» МА, 10.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.