Чаң баскан театрда жаңы оюн коюлду

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театры “Айлампа” аттуу спектаклди көрөрмандарга тартуулады. Спектакль жайдак сахнада, таш кумдун үстүндө өттү.

Шыбы түшкөн, жайдак театр
Негизинен театрда ыңгайлуу отургуч, жаркыраган электр жарыгы болот. Ал эми Бишкек шаардык театрында дубалдарынын ички шыбы сыйрылып, 30га чукул эскирген отургуч турат. Мына ушундай оор шарттарга карабай Бишкек шаардык театры 6 жылдан берки чыгармачылыгын үзгүлтүккө учуратпай, эксперименталдык спектаклдерди көрүүчүлөргө тартуулап келет.

Кечээ жакында элдик уламыштын негизинде “Айлампа” аттуу спектаклди театрдын аристи Алтынбек Максутов сахналаштырып, монологу жок, каармандар бири-бири менен сөз аркылуу эмес, кыймыл аракет аркылуу мамилелерин түшүндүрүп, окуяны добулбас, чилдирман менен өрчүтүп отурат.

Бийлик, байлыктын курмандыктары
Бул спектаклдин башкы каарманы Ата жана Эне. Окуянын өнүгүшүндө уулдарынын төрүлүшү, алардын бала кездериндеги кыял жоругу чагылдырылат.

Төрт уулу бой жеткенде атасы улуу баласына бийлигин өткөрүп, “эки тизгин бир чылбырды” колуна берет. Ал уулу кара өзгөй, каардуу, ач көз болуп чыгып, калган бир туугандарына үстөмдүк кылып, эзип жиберет.

Уулуна ачуусу келген ата андан бийликти алып, экинчи уулуна тактысын берет. Экинчи уулу арамза, митайым, куу чыгып, калган бир туугандарына күн көрсөтпөй, зөөкүрлүгү мурдагы агасынан ашып түшөт. Буга да капа болгон атасы үчүнчү уулуна бийлигин берип, адилет, калыс бийлик жүргүз деп суранат. Ал уулу да мурдагы агаларынын жолун жолдоп, кара өзгөй болуп чыга келет.

Уулдарынын кичүүсү гана өзүнүн боорукерлиги жана ыймандуулугу менен айырмаланып, ата-энесин, бир туугандарын кырсыктан сактап калууга аракет кылат. Бирок уулдарынын бийлик, байлыкты көтөрө албай, ырыскысын чачып, таш боор, кара мүртөз, карсанатай болуп чыга келгенине кейип, катуу капа болгон атасы курман болуп, окуя кейиштүү аяктайт.

“Айлампа” фестивалда көрсөтүлүүчү спектакль
Бишкектин Чүй көчөсүндөгү Свердлов райондук акимиатынын сол ыптасында жайгашкан Бишкек шаардык театрынын материалдык-техникалык абалы начар болсо да чыгармачылыгын токтотпой, жаңы эксперименталдык спектаклдерди коюп, жаңы багытта изденип келатканын Маданият жана маалымат министрлигинин Маданиятты өнүктүрүү башкрмалыгынын жетекчиси Кыргызбай Осмонов белгиледи.
– Мен ушул Бишкек шаардык театрынын имаратын көптөн бери көрө элек элем. Бүгүн көрүп алып шыбы түшүп, жерде тактайдын ордуна кум-топурагы чыгып, түзүгүрөөк отургучу жоктугуна зээним кейип турду. Бирок артисттердин ушундай мыкты спектаклин көрүп алып, бардык нерсени унутуп койдум. Мына, театр жаркыраган зал, жылуу жайда эле эмес, ушундай оор шартта да жакшы чыгармаларды жаратып, жүрөктү титиретип койсо болот дегенге ынанып калдым. Алтынбек Максүтов койгон бул оюнда бир да сөз, реплика колдонулбай, урма аспап, сыбызгы-чоор менен артисттер окуяны кыймыл аракет менен эле сонун кылып түшүндүрүп турушту. Бул спектакль эл аралык фестивалдарда көрсөтүлүүчү спектаклдин бири болот.

Ал эми театрдын директору Урмат Белекбаев буга чейин театрдын имаратын айрым бир чиновниктер ресторан кылабыз деп келгенин, 7-апрелден кийин Бишкек мэриясы имаратты театрга документтештирип бергенин айтты.
– Бул имаратты бизден алып, башка бирөөлөргө беребиз дегенден кийин биз үмүтүбүздү үзүп койгонбуз. Апрель ыңкылабынан кийин Бишкек мэриясы бул имаратты бизге бекитип берди. Эми оңдоп-түзөө иштерине келерки жылы шаар бюджетинен бөлөбүз дешти. Эптеп каражат таап чатырын өз күчүбүз менен бүтүрүп алганбыз. Болбосо жаан жааганда төбөсүнөн шаркырап суу агып турчу. Акча маселесин мэрия чечип берсе, буйруса театрыбыз да оңолот.

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын чыгармачылык жамааты кол куушуруп отуруп калбай, эмдиги жылы болуучу эл аралык фестивалдарга катышууга чаң баскан имаратында эле даярдык көрүшөрүн билдиришти.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 11.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.