Чарчап, чарчабас Омор

Далай китептер текчеме батпай ыргытылды. Же бирөөлөргө берилди. Бирок, Омордун “Чарчоонун жүзүнчү ыры” деген жыйнагын мурда окугандыктан нечен жолу ыргытып жиберейин деп ыргыткан жокмун. Ыргыта албай койдум. Анткени, андагы “Кусалык” деген биринчи эле ыр алгачкы жолу окуганда эле жанымды сыздаткан. Ырда согуш маалында энеси көкүрөк оорулуу болуп, тоодогу жылкычынын боз үйүн каралап алачык тигип, кымыз ичсем дарттан айыгар бекем деп жан айласы кылып жаткан энесине болгон кусалык айтылат. Бала жакада экинчи, же үчүнчү класста окуйт. Каникулдун эртеси эле энесине жөнөйт.

Алыстан
Же бийиктен караганда
Жердин бити сыяктуу
Болсом керек.
Колумда таягым бар
Өзүмдөн чоң.
Жол билбейм
Бирок барам тоо аралап,
Апамды издейм.

Жердин битиндей баланын арымы кайсы дейсиң. Андан калса, тоо жолунун өйдө-ылдыйы, таш-машы, шар суунун кечмеликтери ар бир тоо баласына белгилүү го. Бала эрбелеңдеп көз байланып калган кезде, алачыкка кирип барып бир гана “баа-а” деп канат жа йып жыгылат.

Бар эле анда
Коркунуч да,
Кубаныч да,
Кусалык да
Бир өмүргө созулган ошол “баа-а” да.

Балада энесинин өмүрү тууралуу “туюк” коркунуч да, энесин көргөнү үчүн кубаныч да бар эле. Бирок анын кусалыгы – тек гана жөнөкөй кусалык эмес, энесинен түбөлүк ажырап калуу трагедиясы бар, наристе баланын адамга түшүндүрө алгыс азаптуу кусалыгы эле.

Мени оорулуу көкүрөккө кысып алып,
Апам дагы ыйлап жатты,
Кусалыктын бугун жарып.
Ошондо чарчаптырмын ушунчалык –
Эстей калсам азыр да
Бардык жолду басып өткөн
Таманымдын алдында
Зуу-зуу этип жер зуулдайт
Башка эч нерсе угулбайт.

Ушул саптарды окуганда ырдын күүсүн сезе билген окурмандын да таманынын алдында “зуу-зуу этип жер зуулдайт”. “Угузуу” деген экинчи ырында Төлөмүш аттуу өспүрүм баланын согушта курман болгон агасын угузат.

Төлөмүштүн согушта өлгөн агасын угузушту.
О, Кудай пенде?!
Андай үндү угузбасын
Пендем десе!
Энеси жок, атасы өлгөн
Төлөмүш он төрт жашка жаңы келген
Күнүгө таң кулан өөк
Эртең менен
Э-эң тереңден
Озондогон үн чыгарып турчу белем:
“Эми кайдан көрөйүн, байкем!” деген.

Мындай турмушту согуштун муундары баарыбыз көргөнбүз. Өкүрүп жаткан Төлөмүш сыяктуу курбуларыбызга, карыя аксакалдарды туурапбы, же чын эле жан дүйнөбүздөнбү, аны ачык ажырата албайм, “боору бүтүн, башы эсен жан жок” дейт. “Бу тукумуң курган согуш, ажалсыз болбойт тура!” – деп кайрат айткан болуп колтуктан жөлөп өкүрүгүн токтотобуз.

Ошол күндөн ушул күн
Турат бүгүн
Ошол үн:
“Эми кайдан көрөйүн, байкем!” – деген.

Каныма сойлоп кеткен ийне болду –
Кулагымдан суура албай
Чарчай берем,
Чарчай берем
Чарчап калат бүт денем.

Ырда айтылып жаткан лирикалык каар мандын денеси миң ирет чарчап, миң ирет кайратына келген касиеттүү дене, касиеттүү турпат.

Омор бүгүнкү Ысык-Көлдүн тагдыры тууралуу да чыйрыга ойлонот. Кыясы, көлдүн таза күтүлбөй, кор боло баштаганына, ар кимдердин көз артканына кайгырат окшойт.

Ушул менин
Жаны калбай толкуп жаткан,
Тоолор менен алкакталган,
Ушул менин
Көк жашыл жүрөгүмдү
Кайда алпарам?!

Күмөн менен коркунучтан
Жаман экен
Жүрөк калган.

Бул чындап сезген кишиге денени дүркүрөткөн, титиреткен толгоосу катуу сезим.Күмөн менен коркунуч адамды акырын гана алсыратып жүрүп жеп таштайт… Ошондуктан, ушундай сезимдерге бийлетип жедеп жетиккен адам, өзүнөн-өзү боз куурайдай сынат, же ак кылычтын албарс мизиндей ташты да жара чабат. Ооба, ошондой!.. Ошондой!..

Кандайдыр
Эмнегедир
Эптеп эле чарчай берсе
Адаммын
Акылым бар
деп мактанып кереги эмне?

Акындын айтуусунда чарчоонун чоң себептери бар. Чындыгында чарчайм деп эле чарчай берсе, бул анткорлук болор эле. Лирикалык каармандын чарчоосу азаптуу, машакаттуу күрөштүн чарчоосу. Омордун чарчоосу – чарчатпастын чарчоосу.

“Чарчоонун жүзүнчү ыры” аттуу ырлардын циклин окуганда кандайдыр бир “роман” окугандай канааттанам. Бул – өзүнчө ыргак менен жазылган, өтө кылдат окууну талап кылган айрыкча оригиналдуу, өзгөчө чыгарма. Омордун чыгармачылык өмүрүндөгү адам суктана турган катаал да, касиеттүү да көрү нүш.

Акын болуу кандай кыйын?!
Оңой болуу –
Президент.
Акын угат чөптүн да ыйын
укпайт аны президент.
Акын болуу кандай оор!
Жеңил болуу –
Президент.
Акын жүгү –
Бүтүн бир доор.
Төрт жыл иштейт Президент.

Курбум, калемдешим, замандашым Омор, жогоруда сенин “Эки монолог” аттуу өз ырыңдан цитата келтирип, өзүңө кайрылып жатам. Сен “чөптүн да ыйын” уккан чабыттуу акынсың. Узак жаша!

Сейит ЖЕТИМИШЕВ, жазуучу, «Кыргыз туусу», 12.11.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Чарчап, чарчабас Омор

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.