Сен кетсең кеттиң менин түнөгүмдөн, кетпедиң жүрөгүмдөн

Акын Табылды Мукановду эскерүү.

“Таарынычым таш боордукка айланган”
Жаңы үйлөнгөн жылдары ичсе дагы үйгө өз убагында келип, печканы эртең менен туруп жагып берип анан ишке кетчү. Биз бактылуу учурларды көп эле өткөрдүк. Бала төрөлгөндөн кийин деле көпкө чейин ошентип жардамдашып жүрдү. Турмушта адам күтпөгөн кескин бурулуштар, өйдө-төмөн жагдайлар көп болот экен. Ошондой кыйын кырдаалда кээ бир адамдар туруштук бере албай, өткөөл көпүрөдөн өтө албай, сезимдери чачыраган бойдон кала берет турбайбы. Табылды экөөбүз алгачкы жылдары кыйышпас жубайлардан элек. Бара-бара биздин үмүт-тилегибизге кара көлөкө түшкөн күндөр көбөйө баштады. Ага анын эмоциялуу курч мүнөзү, ташкындаган талантынын мен түшүнө элек эпкиндери ээликтирип турганда, ичкилик кошул-ташыл болду окшойт. Анын үстүнө менин бир мүнөз, көктүк жайым дагы себепкер болду го деп ойлойм.

Ичкиликтин айынан не деген эр азаматтар ээрден кулап, ара жолдо калып, өзүнөн пас адамдарга басынып беришкени жашыруун эмес да. Ошол толкун Табылдыны дагы серпип өттү окшойт. Деги эле акындын жары болуш – көп кырдуу мамилени талап кылган, татаал тагдырга туш кылат экен эми ойлосом. Болуп өткөн ар бир чыр-чатактан ортобуз алыстай берди. Ар кайсы үйгө көчүп-конуп жүрмөй. Басынмай. Кечирмей. Иштеген жериндеги ак ниет адамдар акыл насаатын айтышып, ишке чыкпай калган күндөрүн жашырышчу. Ал эми акынбыз деп дуулдаган достору “Күнчүлүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин” деген ушул деп арак-шараптын кызыгына батышып, Табылдыны ары-бери делдектетишти. Мен алардан ажыратып калууга алсыз да, жаш дагы элем. Улам бир айрылышуудан кийин кечирим сурап, кат жазып өзүн басынтмай бара-бара өнөкөткө айлана баштады. Жазган каттарына жооп бербей, таарынычым таш боордукка айлана баштады.

Жубайы КлараТурдукожо кызынын эскерүүсүнөн
Маркум Табылды Муканов кыргыздын кыйын чыккан акындарынын бири. Анын “Каректеги жер”, “Арчадай жашыл элем”, “Жүрөктүн кагышы”, “Жан дүйнө” ж.б чагылгандай ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Бирок анын өмүр тагдыры өкүнүчтүүрөөк өткөн экен. Жубайы Турдукожо кызы Клара экөө бирин-бири сүйүшүп баш кошушканы менен, экөөнү түркүн тоскоолдуктар ажыратып, алыстатып турган. Ошол сүйүүдөн, ажырашуулардан жүрөк түтөп, нечен сүйүү каттары, сүйүү ырлары жаралган.

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз Эл акыны: “Табылдынын өлүмү табышмактуу болду”
– Жакшы акындар дербиштей болуп жүрөгү менен ырга берилет. Мен 60-70- жылдары чыккан акындардан болсом, Табылды Муканов бизден кийинки муундан келген акын. Ал кезде мен ошол учурда 100
миң нуска менен жарыкка чыккан Ала- тоо журналында эмгектенчүмүн. Москвадагы замандаштарым менен дагы байланышым бар. Жолдошум Сагын Наматбаев дагы жакшы кызматтарда иштечү. Ошондуктанбы жаштардын баары мага кайрылып, жардам күтүшчү. Табылды Муканов поэзияга өзгөчө калем менен келди. Аны айрым ак сакал, көк сакалдар түшүнө бербеди. Жан-дүйнөсүндөгү айтайын деген оюн айталбады. Анын кыйналып ара жолдо жүргөнүн көрүп көп эле кеңештеримди бердим. Бирок ага үй-бүлөдөгү жакындарынын колдоосу керек эле. Ал кийинки күндөрү жакын досу Тургунбай Эргешов, Турар Кожомбердиевдин тагдырлары окшошуп, үй-бүлө маселесинен жапа чегишти. Табылдынын өлүмү табышмактуу болду. Кийинки күндөрү таптакыр эле элден бөлүнүп жалгыздап калган. Айрымдар катуу ооруга чалдыккан дешет. Айрымдар аракка ууланган дешет.

Маркабай Ааматов, акын: “Советтик өкүмчүлдүктү кабылдай албады”
– Табылды Муканов көздөрү өткүр бүркүттүкүндөй, өзү курч адам эле. Биз алардан кийинки муун анын ырларына шыктанчубуз. Табылды Муканов жана башка бир катар белгилүү акын-жазуучулар ошол кездеги “Мугалимдер газетасында” эмгектенишчү. Ошол газета бизге чыгармачылыктын уюткусундай сезилчү. Табылды Мукановдун жүрөгү назик, баардык кайгы капачылыкты жүрөгү аркылуу өткөргөн адам эле. Советтик өкүмчүлдүктү акын анчалык кабылдай алган жок. Ошол учурда вулкандай болуп, биринен бири өткөн муун атылып чыкты. Алар Курбанаалы Сабыров, Тургунбай Эргешов жана башкалар эле. Булар өзгөчө муун болду. Табылды Мукановдун поэтикасы тууралуу өзүнчө, кенен сөз кылсак болот. Ал бир өзүнчө дүйнө да.

ТААРЫНЫЧ
Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп,
Жаш чайган көздөрүмдү
жакама катып алып –
көргөзбөй адамдарга, маңыроо Айга…
Бир гана мени жоктойт акын-арык
солууга күчү жетпей,
ташууга алы келбей.
Эх, андан бир стакан басып алып
кетем мен, кеткенде да келгис болуп.
Жаш чайган көздөрүмдү
жакама катып алып.
Ал кезде сен уйкунун кулу болуп,
дүйнөгө тынчтык бербей коңуругуң,
түшүңө сүйгөнүң чал болуп кирет
жакындап…
чечип бүтпөй колу курун…
Саа калат:
бөлмө-бөлмө аба калат,
түтүнү, күлү жатат чылымымдын,
бир тамчы жашым калат от жүзүңдө,
айрылып теңи калат ысык ырдын.
Ый калат,
күлкү калат… –
баары калат!
Аларды сен байлык деп баалабастан,
издейсиң жумшап мага кыйкырыгың
күз тоноп, кыш онтоткон кара бактан.
(Мен тургай бактар алек өзү менен,
каап, силкип таштай албай
кышкы чакты…)
Туу кылып жүрөм, жаным, таарынычты,
Жер шарын бир чарк айланып чыккычакты,
Жер шарын чарк айланып чыккычакты…
10.12.1969-ж. (“Жан дүйнө”)

ЭЛЕГИЯ
Күттүм сени эшикти ачып коюп,
арашан кан боло жаздап шыргалаң.
Өпкөмдөн өтүп жатты кара шамал,
ыркырап чоочун иттей
талашып мен жамынган
ак шейшепти…
бир үмүт алдайт мени шыйпалактап,
алдаймын ал үмүттү өлгөндө араң.
Бир жансыз тымтырс
турат көчө, көңүл,
өмүрдү көксөп жатып өчөбү өмүр?
… Эшигимден шар дей түшүп
таң далай,
эшигимди мөндүр чертет манжадай,
эшигимди шамал ачат жашыруун,
эшигимди шамал жабат
сенден сыпаа, акырын…
Түн мактанат, ай-жылдызын
алып чыгып койнунан.
Чымыратып бойду кан –
сен жашаган,
сен дуулаган,
сен өлгөн;
Канча кайгы мени көздөй жаа тартып,
шар жандырат ой-санаамды эми өргөн.
Тургансыйсың каалганы ача албай,
тургансыйсың күтүп мени балкондо…
Ойлор келет, ойлор келет шарактап,
карасы жок, сарысы жок,
баары – аппак.
Сен эмессиң, сен эмессиң, а сыртта,
мени күткөн: кара шамал…
жаан…
аптап…
Жаан сенин чачыңдай!
Шамал сенин ачууңдай!
Аптап сенин денеңдей…
1974-жыл (“Жан дүйнө”)

* * *
Сен кетсең, кеттиң үйдөн – түнөгүмдөн,
кетпедиң жүрөгүмдөн,
ойноктоп сүзүп жүрдүң кандарымда.
Калдым мен ак жаанында
махабаттын.
Жаз маалында ажыроо кандай тозок:
чыйырчыктар экиден учуп барат,
барат сүзүп экиден ак куулар да,
бир уя салып жатат эки ак чымчык,
келет өсүп кош тал чөп ташты жара.
Тиктешет эки бирдей тыйын чычкан
Мончоктой көздөрүнө кумар жыя…
Сүйүүбүз экөөбүздүн кайдан келген
адашып буларга, ыя?
1974-ж. (“Каректеги жер”)

Каттар, каттар. Кларочка,
Мен бул катты кыялымда сага жаш баладай эркелеп, элесиңди кадимкидей көз алдыма келтирип… жазып олтурам. Кечир, мен сенин алдыңда өзүмдү жигитмин деп кербез кармабадым. Кечир, мен сенин алдыңда куру намыска чиренип сага сыр алдырбай койгум келген жок. Кечир, өзүмдүн ички дүйнөмдү сахнадай кең ачып салдым сага. Кечир, мен сенин алдыңда өзүмдү барктуу, кадырлуу кылып көрсөтпөдүм. Сен мени беш колуңдай билдиң го! Адамдын өзүнө карап баа берүү чеберчилик. Бул катты болоор-болбос шыгыма салып жазып жаткан жерим жок, баары көңүлдүкү…
Сенин Табылдың, 1968-жыл.

Мен өтө оор абалда жатам, келип жеңилдетип кой… Мен туңгуюкка түшүп кеттим. Келип тартып ал. Тез эле таарынып калуучулук өтө эркеликтен, назиктиктен го я? Сөзгө көп баа бербеген келесоороок боз улан болгонумда, же боз кыз болгонуңда мынчалык бири-бирибизди кайгыга салышпайт элек. Сөз, тил таарынгандыкы таттуу дейт. Тил алып жолукчу, бузбачы ден соолукту. Сени саргара күткөн “кызыл-аскердик” жигит, же кызыл-аскердик уландарды ысык-көлдүк кыздар жактырбайбы. Сүйлөшөлүчү, көп эле сөздөр бар. Жек көрүүңдү жакшы көрүүң жеңе албаса, ал сүйүү эмес. Мен сенден чыныгы сүйүүнү күтөм, талап кылам деп жек көрүнүп алдым. Күтөм. Күтөм. Жоодураган көздөрүңдөн, бөйтөйгөн эриндериңден жаным.
Сенин Табылдың, 1969-ж.

Клара,
Менин ырысым, алтыным, уюткум, кечирчи мени, келчи, үй-жайыңа ээ болчу, мени кайгыга түртпөчү, уйкум качты, Кларочка! Менин жөлөгүм, таянычым болчу. Жоодурду, анан курсактагыңды жетимсиретпечи. Л.Толстой “Сени түшүнгөн киши кечирет” деген. Мен сени сүйгөнүмдү тана албайм. Сагындым сени. Жүрөгүңдү, пейилиңди сагындым, анан денеңди, кылыгыңды сагындым. Сен менин татынакайымсың! Тазамсың! Сени төрөгөн ападан, сен төрөгөн Жоодурдан айланайын. Клара мен деле жыргап жүрөт дейсиңби, ата-эне болбосо же уялаш болбосо. Сен неге кечире албайсың мени? Ушул катты буркурап жазып жатам. Күтөм деп Табылдың, 1974-ж.

Даярдаган Жамиля Таштанбекова,
“Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.