ЭНЕ ТИЛИБИЗДИН УЛУУЛУГУ ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨРҮ

“Кыргыз тили Ысык-Көл болсо, мен анын бир кочушун гана иликтедим”
К.К.Юдахин, академик

Эпилог
Биз, кыргыз эли дүйнөдөгү бактылуу элдин бирибиз деп ойлойм. Себеби, дүйнөдө жети миңге чукул тил, эки жарым миң улут бар. Анын ичинен 192 улут гана өз суверенитетине ээ. Биз ошол өз эгемендигине ээ болгон улуттун бирибиз.

Дүйнөдөгү атактуу лингвист, Америкадагы жандуу тилдер институтунун директору Дэвид Хариссонддун айтуусу боюнча (“Независимая” гезити №16, 2007-ж.) ошол жети миңге чукул тилдин ичинен 83 тил гана эң кеңири таралган. Ал тилдерде адамзаттын 80 пайызы сүйлөшөт. Ал эми 3500 тилде болсо дүйнөдөгү калктын 0,2 пайызы гана өз ара пикир алмашат. Анын айтымында, эки жумада бир тил жок болуп, 382 тил таптакыр мисмилдирик болуп кетүү коркунучунда. Демек, тил Кызыл китепке кирген жаныбарлардан да алда канча ылдамдык менен жок болууда. Ар бир тилдин жок болушу – бул эң ириде улуттун жок болушу. Улуттун жок болуусу дүйнөлүк цивилизация үчүн орду толгус жоготуу.

СССР державасы жашаган 70 жыл ичинде дээрлик 96 тил жоголуп кеткенин бүгүн орус окумуштуулары айтышууда.

Ушундай күр-шар түшкөн глобалдаштыруу доорунда, капиталдык байлык рухий дөөлөткө, күч-кубаттуу державалар алсыз өлкөлөргө үстөмдүк кылган заманда кыргыз тили жок болуп кетиши мүмкүнбү? Ушул тууралуу ой жүгүртсөк дедик. Оболу кыргыз тилинин улуулугу тууралуу кеп салсак.

Кыргыз тилинин улуулугу
Ар бир улут өз эне тилин ыйык деп эсептейт. Себеби ал эненин сүтү менен келет. Өмүр бою ошол тили менен адам болуп жашайт. Деген менен тилдин эң байыркылыгын далилдей турган лингвисттер арасында мыйзам ченемдүүлүктөр бар. Ошолорго кайрылсак.

Биринчиден, эң байыркы эл өтө кыска, эки-үч эле тамгадан, же бир эле муундан турган сөздөрдү кеңири пайдаланган. Кайсы тилде бир муундан турган сөздөр көбүрөөк болсо, демек, ошол тилдин тарыхта илгери пайда болуп, байыркы тил экенин тастыктайт. Андай сөздөр кыргыз тилинде оголе көп. Маселен: от, суу, эл, жер, ак, көк, бар, кел, ии, өтө, ор, оор, жүр, же, ме, тээ, бул, ал, туз ж.б. Окумуштуулардын айтуусуна караганда, бул сөздөр биздин заманга чейинки VI кылымдагы шумер заманына таандык.

Экинчиден, тил байлыгы ири алды лексиканын, синонимдердин көптүгү менен бааланат. Студент кезибизде биз менен болгон жолугушууда атактуу тилчи Жээнбай Мукамбаев агайыбыз “В.И.Лениндин 53 томдугуна караганда “Манастын” эки томдугунда сөз көп” деп айткан эле.

Белгилүү тилчи, профессор Карбоз Дыйкановдун жазганына ишенсек, анда СССРдин илимдер академиясы ал томдуктарды эсептеп, эки жарым миллион сөз, 37600 лексика колдонулганын далилдеген. “Манаста” болсо төрт жарым миллион 73 миң сөз бар. “Манас” эпосу ойдун гана эмес, сөздүн да чалкып жаткан океаны болуп жатпайбы. Сөздүн ар түрдүүлүгү жана сөз байлыгы – бул эң ириде улуттун ой чабытынын тереңдиги, даанышмандыгы. Себеби, сөз ойдун туюндусу катары пайда болот.

Дагы бир мисал, жылкынын сымбаты орус тилинде 18-20 сөз менен эле сүрөттөлсө, кыргыз тилинде 800 сөз менен көркөмдөлөт.

Ал эми байыркы кыргыз турмушунун негизги куралы болгон жебенин жүздөн ашык аталышы бар экен. Биз ашып кетсе 3-4 түрүн билебиз. Же азыркы күндөгү бирден бир аскердик держава болгон Орусиянын аскердик куралдар сөздүгү жүзгө чукул эле терминди камтыса, “Манаста” жалаң эле согуш куралдарынын 220 түрү бар экен. Же болбосо, сары түстүн эле кыргыз тилинде тогуз түрү бар (кочкул сары, сапсары, сары, күлгүн сары, мала сары, күңүрт сары, ак саргыл, саргыч, чийкил сары). Дагы бир мисал, К.К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” кыргыздын төл сөздөрү дээрлик 78,2 пайызды түзүп, 22,8 пайызы чет сөздөн кирет. Ал эми коңшу өзбек сөздүгүн негизинен араб, иран сөздөрү, татар сөздүгүндө орусча, уйгурларда болсо кытай сөздөрү басымдуураак кылат.

Үчүнчүдөн, кыргыз тилинде фразеологиялык сөздөрдүн эле курамы сегиз миңге жетет. Фразеология – негизинен ойдун кенендигин, сүйлөм маданиятын жана көркөмдүгүн аныктайт. Маселен, кыргызда “өлдү” деп айткан өтө оройлук болуп эсептелет. Аны “ичээр суусу бүтүптүр”, “көрөөр күнү бүтүптүр”, “о дүйнө салыптыр”, “каза болуптур”, “чын дүйнөгө кетиптир”, “акка моюн сунуптур”, “өтүп кетиптир”, “үзүлүптүр”, ж.б.у.с. сөздөр менен айтылат. Европа элинде сөз түз маанисинде айтылып, фразеология өтө сейрек кездешет. Дегеле, түрк тилдеринде бир да тил кыргыз тилиндей фразеологиялык сөзгө бай эмес.

Төртүнчүдөн, кыргыз тили поэтикага эң бай тил экендигин белгилүү котормочу С.Липкин айтып чыккан. Себеби, кыргыз баласы төрөлсө бешик ырын угуп уктап, сыркоолосо ырым-жырым, дарылык ырлары менен дарылап, тамаша салса акыйнек менен, сүйсө күйдүргөн ырлар менен билгизип, жылкы кайтарса “бекбекей” айтып эрикпей, эгин эксе “оп майда” айтып эрмек кылып, жаштар үлпөт ырларын созсо, карыясы санат-насыят ырларын нускап, өлүм алдында керээзин да ыр менен айтып, жамандыкты да ыр менен угузган кыргыз эли ыр жандуу, ыр заадалуу эл эмеспи. Ошондуктан “Манас” эпосундай улуу океанды жаратып атпайбы. Дагы бир өзгөчөлүгү – кыргыз тилинин бири-бирине өтө шайкештиги же уйкаштыгы. Поэзиянын салтында бөтөн элде, атургай англис, немис поэзиясында да адатта ар бир саптын эң акыркы эки-үч мууну гана уйкашат. Кыргыз тилинде айрыкча Жеңижоктун, же азыркынын алп акыны Шайлообек Дүйшеевдин мисалында карасак, биринчи саптын биринчи сөзү да жана соңку сөзү да уйкашып, обонсуз эле ыр ырдалып жаткандай сезилет. Маселен,
Тентиген элди жыйнадың,
Темирден найза ыргадың,
Телмирген жетим-жесирди
Тегизге бөлөп сыйладың.
Теңирим Манас сен эми
Термелеп жүрүп ырдадым.
Текейден башын үзгөндөй
Тегиңди качан булгадым.
(Ш.Дүйшеев, “Эки дөөнүн кармашы”, Б., Бийиктик, 174-бет).

(Уландысы бар)

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, саясат таануу илиминин доктору,
«Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.