“Ленфильмде” жылдызы жанган Динара Асанова

Кыргыз кызы, белгилүү кинорежиссер Динара Асанова тирүү болгондо ушул күздө 68 жашка чыкмак. Ал “Ленфильм” киностудиясында мыкты тасмаларды жаратып кетти.

“Кино – менин жашоом”
Кыргыз кызы, белгилүү кино режиссер Динара Асанова “Бейтааныш” (Незнакомка) деген аталыштагы кино тасманы Мурманскиде тартып жүрүп, 43 жашында жүрөк оорусунун кесепетинен күтүүсүздөн каза болот. Ал өзүнүн кейиштүү кыска өмүрүндө он тасма тартса да, кино өнөрүндө мыкты чыгармаларды жаратып кеткен чебер катары өчпөс из калтырып кетти.

Ага көзү өткөндөн кийин 1985-жылы “Безери балдар” (Пацаны) киносу үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Өзүнүн “Баардыгыңарды абдан жакшы көрөм” (Очень вас всех люблю) деген китебинде кино анын жашоосу экенин, ошондуктан бул өнөрдү жанындай сүйөрүн айткан.

1960-жылы Динара Асанова Бишкекте (Фрунзе) орто мектепти аяктагандан кийин “Кыргызфильм” киностудиясында режиссердун жардамчысы болуп ишке орношуп, “Тяньшандык кыз” тасмасында эмгек жолун баштайт. Ошол кездеги кино тармагындагы жаш жигиттер анын карагаттай көздөрүнө, мээримдүү жүзүнө ашык болуп, артынан далай чуркаганын чогуу иштешкен оператор Манас Мусаев эскерди.
Биринчиден абдан сулуу кыз болчу. Баягы Мидин Алыбаевдин “Ак чыныда көзүң укмуш карагат”,- дегениндей эле көзү капкара болчу. Тим эле бели ичке. Чынын айтканда көргөн балдардын баары ашык болчу.

Манас Мусаев белгилегендей Динара Асанованын чыгармачылык чыйыры “Кыргызфильм” киностудиясынан башталган. Москвадан атайын мамлекеттик комиссия келип, кыргыздын таланттуу жаштарын тандап алышат. Динарнын ошол кездеги жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамила” повести боюнча жазган режиссердук иштери, көз карашы комиссияга жагып, Москвадагы Бүткүл союздук кинематогрфия институтуна (ВГИК) окууга кабыл алынат.

1968-жылы окууну аяктап жатканда дипломдук иши катары “Рудолфио” деген кыска метраждуу тасма тартат. Бул кинодо башкы каарман бойго жеткен кыз өзүнөн бир канча жаш улуу адамды жактырып калган аруу сезимдери, Рудольфтун ал кызга кичинекей эселек катары мамиле кылганы, экөөнүн ортосундагы муундар ортосундагы карама-каршылык чагылдырылат.

Жылдызы “Ленфильмде” жанган
Айрым кыргыз киночуларынын айтымында, Динара Асанова окууну бүткөн 1968-жылы Бишкекке бир нече жаш режиссерлор, операторлор да окууну бүтүп келишип, кино тартууда көйгөйлөр пайда болот. Анткени ал мезгилде “Кыргызфильм” студиясында жылына эки көркөм фильм, беш документалдуу-хроникалык тасма тартылуучу экен. Ошого байланыштуу Динара бул жактан кино тартууга ага кезек кеч келерин түшүнүп, “Ленфильм” киностудиясына ишке орношот. Ал жерде 1975-жылы “Доңкулдактын башы оорубайт” (Не болит голова у дятла) деген толук метраждуу кино жаратып, анысы Румынияда өткөн фестивалда эл аралык сыйлыкка татыктуу болот.

Бул тууралуу анын замандашы Манас Мусаев буларга токтолду.
– Мен Москвага иш сапары менен барып калдым. Ошондо Динарага жолуксам ал Румыниядагы кинофестивалдан жаңы эле келиптир. Анан айтты:”Румыниядан узатып жатканда купенин ичи толтура гүл болуп калды. Мындайды өмүрүмдө биринчи көрүшүм” деп. Анын кинолору нукура турмуштан алынган окуяларды камтып, карапайым элдин, коргоосуз балдардын тагдырын чагылдырган.

“Безери балдар” көп байге алып берди
Динара Асанова баш аягы он чакты кино тасма тартканы менен анын “Безери балдар” (Пацаны) киносу күтүлбөгөндөй атак-даңк алып келет. Ал кино өспүрүмдөр колониясындагы шок балдардын кылмыш дүйнөсүнүн “карышкырлардын мыйзамы” менен жашаган татаал тагдырын чагылдырат. Анда башкы каарман он үчтөгү бала бирөөнүн чөнтөгүнөн төрт сом уурдап алганы үчүн балдар абагына кесилет. Балдар калоониясынын тарбиячысы башкы каармандын ролун Валерий Приемыхов аткарып, анын да кино өнөрүндө “жылдызы” жанат. Валерий Приемыхов 1970-жылдары Бишкектеги орус драма театрында үч жылча иштеп, Москвага ВГИКке сценаристтер бөлүмүнө окууга кетет. “Безери балдар” тасмасы бир катар эл аралык, союздук фестивалдарда баш байгеге татыктуу болуп, бул тасма үчүн Динара Асанованын көзү өтүп кеткенден кийин СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылат.

Нева жээгиндеги кусалык
Кыргыздын таланттуу кызы мекенинен сыртта, “Ленфильм” киностудиясында иштеп жүрсө да анын чыгармачылыгын сыйлап, ленинграддык киночулар өз кызындай мамиле кылганын журналист Шеримбек Кумаев анын кесиптештери менен жолугушканда күбө болгонун айтты.
– Мен 90-жылдары ЛГУда окуп жүргөндө дипломдук ишимди Динара Асанованын киночыгармачылыгы тууоалуу жаздым. Ошондо “Ленфильмге” барып, аны менен үзөңгүлөш чогуу иштешкен, бирге жүргөн адамдары менен жолугуштум. Алардын баары Динаранын эмгекичилдигин, адамгерчилигин баалашып, өзгөчө адам катары баа беришти. “Ленфильмде” аны абдан сыйлашып, жылына эскерип турушарын айтышкан.

Шеримбек Кумаев Динара Асанованын жолдошу Николай менен жолугушканы барганда үйүдө Динара тарткан сүрөттөр илинип турганын белгиледи. Анын айтымында, Динара кинодон бош убактыларында сүрөт тартып, живопистерин үйүнө илип же белекке берип, көңүлү көтөрүңкү убакта ырдаганды абдан жакшы көрчү экен.

Динара Асанованын кесиптештери жана күйөөсү Николай Юдин Динара Кыргызстанга барып, Чыңгыз Айтматовдун бир чыгармасын кино кылып тартууну пландаштырып жүргөнүн, бирок ал максатка жетпей калганын айтышкан.

Динара Асанова каза болгондон кийин ошол кездеги кинематография биримдигинин жетекчиси Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен Бишкектин бир көчөсүнө анын ысымын ыйгаруу тууралуу өкмөттүн чечими чыгат. Бирок өткөн кылымдын 90-жылдары бийлик тарабынан ал ишке ашырылбай жатканда, Ленинградда окуп жүргөн Шеримбек Кумаев ошол жактагы жүздөн ашуун кыргыздын колу коюлган катты Фрунзе шаардык кеңешине тапшырып, алардын өтүнүчүнөн улам бул иш чарага көңүл бурулуп, көп өтпөй киностудия жайгашкан Лесная көчөсүнө Динара Асанованын аты берилген.

Анын замандаштары кийинки мезгилде таланттуу кинорежиссер Динара Асанова мекенинде эскерилбей калганын, анын чыгармалары эле эмес өзү да унутулуп баратканын белгилешти.

Динара Асанова 1942-жылы 24-октябрда Бишкекте (Фрунзе) шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1960-62-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында иштеген. “Тянь-Шандын кызы”, Ар кимдин жолу өзүнчө” кинотасмасында тартылып, “Аптап” киносунда Лариса Шепитконун кинотобунда режиссердун жардамчысы болот.

1963-жылы ВГИКке окууга өтүп, М.И.Ромм менен А.Б.Столперден билим алат. Дипломдук ишин “Рудолфио” кыска метраждуу тасмасы менен жактап, кийинчерээк “Ленфильмге” ишке орношуп “Кайгы”, “Аялым кетти”, “Эч кимге кереги жок”, “Ардагым менин жалгызым”, деген толук метраждуу тасмаларды тартат. Ал Ленин комсомолунун сыйлыгын алып, Россия федерациясынын эмгек сиңирген ишмери наамына татыктуу болот.

1985-жылы 4-апрелде Динара Асанова “Бейтааныш” кинофильмин Мурманскиде тартып жүргөн учурда күтүүсүздөн каза болуп, сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Кыргыздын чыгаан режиссер кызы тууралуу 1986-жылы “Жолдош Динара Асанова”( режиссер Ричард Дентон, Би-Би-Си), 1987-жылы “Бардыгыңарды жакшы көрөм” (режиссеру Игорь Алимпиев), 1988-жылы “Динара”( режиссер Виктор Титов), 2003-жылы “Динара Асанова” (режиссерлер Марина Чудина менен Екатерина Харламова, “Ленфильм”) документалдуу тасмалар тартылган.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 17.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.