АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН СҮЙҮҮНҮН, АРМАНЫ БОЛОТ ЧЕНЕГИС

Кыргыз поэзиясына зор салым кошкон көп кырдуу талант Эркин Тазабеков 70-жылдардан тарта кыргыз элине аты таанылып, өз жүзүн көрсөтө алды. Акындын “Булуттуу кеч”, “Айыл жаштары” аттуу ырлар жыйнактары поэзия сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун алган. Бул саныбызда акын, журналист, котормочу агабыздын бейнеси жана сүйүүсү туурасында сөз кылабыз.

ЭЛ ЭМГЕГИҢДЕН ЭСКЕРСИН…
Эркин Тазабеков шарпылдаган толкуну күнү-түнү басылбаган Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылында 1946-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Көөдөй Тазабеков да акын-жазуучу болгон. Көөдөй аганын куудулдук, чукугандай сөз тапкан таланты бар эле. Акындык жайы болгону менен, ферма башчысы, башкарма, дүкөнчү болуп иштеген. Анан Ысык-Көл райондук “Коммунизм таңы” деген гезитте журналисттик да кызматты аркалаган. Талант тукум кууйт деп коёт эмеспи. Көөдөй агайдын уулу Эркин агай да колуна калем кармап, көөдөндө оргуп жаткан сезимдерин сыртка чыгара баштайт. Эркин агай бир үйдүн эң улуусу боло турган. Өзүнөн кийин беш карындашы бар.

Акындын ырлары башка калемгерлердин саптарынан лирикалуулугу жана драмалуулугу менен айырмаланып турат. Бүгүнкү күндө Эркин агайдын дээрлик көп ырларына аты белгилүү бир топ обончулар элге жаккан мукам обондорду жаратышкан. “Шумкар”, “Кайыр кош”, “Кел бийлейли, ырдайлы” деген обондуу ырлары азыркыга чейин хит болуп келе жатат.

Тазабековдун чыгармачылык жолу байсалдуу болгон. Эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинен баштап, өмүрү өткүчө Улуттук телерадио компаниясында кызмат өтөгөн. Кыргыз телесиндеги “Мыскыл жана тамаша” көрсөтүүсүн уюштурган да мына ушул инсан. Кыргыз радиосунун тарыхында биринчи болуп “Үзүлбө менин үмүтүм” аттуу сандан-санга уктурулуучу сериал жазып, 130дан ашык бөлүгүн эфирге алып чыккан.

“УУЗ МАХАБАТЫМДЫ ЭСТЕП, САГЫНАМ”
Эркин агайдан калган туяктарды тарбиялап келе жаткан Сайраш эже эскерүүсүндө буларга токтолду:
– Бул жашоого адам бир гана жолу келет. Бир жолу жаралган өмүрдүн таттуу кези – жаштык, сүйүү… Эркинге арналган ууз махабатымды эстеп, сагынам. Ошол күндөр карегиме келе түшкөндө кечээ гана болуп өткөндөй туюлат.

Эркин экөөбүз радио комитетинен таанышканбыз. Бою узун, сымбаттуу, адамды өзүнө тартып ала турган касиети бар жан эле. Жумушка байланыштуу мамиле акырындан сүйүү отун тутантты. Бул кайталангыс таттуу күндөр 1969-жылдар болчу. «Ырсыз жашоонун даамы супсак» деген Эркин кооздукту, сулуулукту, аруулукту, нөшөрлөп жааган жамгырды өзгөчө сүйчү. Чогуу өткөргөн күндөрүбүздү, жадакалса көз алдыбызда болуп өткөн окуяны да ырга айлантып салчу. Бир жолу мага арнап жазган алгачкы ырын окуп берди:

Көңүлгө бүт орноп элесиң,
Көңүлгө сүйүүнү себесиң.
Жүрөккө жаштык толтуруп,
Өмүргө өчпөс ыр бересиң.

Көргөндө сен түшкөн ПАЗикти,
Козголот жан дүйнөм, делебе.
Кетпейсиң оюмдан негедир,
Көрөмүн түшүмдө сени эле,
– деген ырын образга кирип окуп берсе аябай күлдүм. Анткени мен ПАЗик делген кичине автобуска түшүп алып керектүү жерге плёнка жеткирчүмүн. Кийин “сен жүргөн жерлер, сен түшкөн ПАЗик жүрөгүмө жакын” деп айтып жүрдү.

Акыры ак сүйүү бизди бир бүтүнгө айлантты. Биз сүйлөшүп жүргөндө Эркин Улуттук университеттин филология факультетинде окучу. Бир эле убакта сабагын да окуп, телерадиодо да иштеп жүрдү. Чарчоо дегенди билчү эмес. Катуу айтышпай, бири-бирибизди сыйлап, таттуу күндөр кучагына оролдук. Тун уулумду төрөп ооруканага жатып калдым. Эркин кечинде төрөтканага келди. Терезеден сүйлөштүк. «Сайраш, мени эртең аскерге алып кеткени жатышат»,– деди.

Мындайды күтпөгөн жаным жашка муунуп калдым. Көз жашым буурчактап көзүмдөн төгүлүп жатты. «Алтыным, сен акыл-эстүү жансың го, ыйлабачы. Бир аз чыдасаңар уулум экөөңөрдү алып кетем» деп сооротту.

Ошентип, Эркин Ыраакы чыгышка аскерге кетти. Айтканындай эле уулум экөөбүздү жарым жылдан кийин алып кетти. Ал жакта эки жылга жакын жашап калдык. Эркин кандай темадагы ыр жазбасын дароо мага окутчу. Анын биринчи редактору мен элем. Кызмат өтөп жүргөнүндө ырларын орус тилине которуп, жергиликтүү гезиттерге берип жүрдү. Учкан куштай зымыраган эки жыл соңуна чыгып, Эркин кызматын өтөгөн соң мекенибизге кайтып келдик. Ата журтка болгон сүйүү андан алыстаганда билинет эмеспи. Эркиндин мекенин сагынганын ушундан бил, келери менен кичине эс алайын дебей, ата журтуна болгон оргуштаган сүйүүсүн ырга айлантты.

Сүйүү, турмуш, айрылуу…
– Турмуштун күнгөй-тескейи адамды ары-бери чайпап айласын кетирет экен. Эркин экөөбүз дагы тагдырдын бороонуна кабылып, эки айрылыш жолго түштүк. Ошондо да бири-бирибизди кыя албай көпкө жан дүйнөбүз жанчылып жүрдү. Муну ачык айтпаганыбыз менен, ички туюмубузда сезип жаттык. Ошондо учугу жок ой-талаада чырмалган акын “Кайыр кошту” жараткан.

«ЭРКИН БАЙКЕМ ЖҮРӨГҮ ТАЗА АДАМ ЭЛЕ»
Эркин агайдын карындашы Мунара акын туурасында мындайча эскерет:
– Токтоо, кең пейил, боорукер агам бар эле. Токтоо болгону менен, аябай тамашакөй болчу. Улуу-кичүү деп бөлбөй, бардык адамдарга бирдей мамиле кылчу. Байкемди бирөө жамандап жатканын угуп калып «сиз жөнүндө тигил минтип айтты» десем, «мейли, өзүм ак болсом болду» деп тим болчу.

АКЫНДАН ОМОКТУУ ОЙЛОР…

Ак сүйүүдө дегеле ката барбы?

***
Сүйүү деген бүтпөс ыйы жүрөктүн.

***
Сагынган кандай жакшы, бар болсо сагынарың…

***
Айтылбай калган сүйүүнүн, арманы болот ченегис.

БУЛ ӨМҮР ТҮБӨЛҮКТҮҮ БОЛСО ЭМНЕ!
Шурудай тизилген ырларды жараткан акын эми жок. Асылган оору менен канчалык кармашпасын, ага багынып берди. Акын 57 жаш курагында, 2003-жылы дүйнөдөн өттү. Балдары, 80 жаштагы энеси кан какшап калды. Шордуу эне… Жалгыз баласынан топурак буюрбаганын кара. Эркин агайдын энесине жазган акыркы каты мындай эле:

Айдарым желге айттым,
Апама жеткиргин деп.
Жазга окшоп жайнап турган,
Жашоомо кеч кирди деп.

Апаке, апакебай,
Айта албайм көргөнүмдү.
Жүрөгүң сезди бекен,
«Апа-а!» деп өлгөнүмдү?

АТАМА
Акындын уулу Нурлан Тазабековдун атасына арнаган ырынан үзүндү:

Бар элең эми жок болдуң, ата,
Боздодук канча болбодуң, ата.
Бейитиң басып үстүңдөн, ата,
Бозоргон сайын бозордуң, ата.
Күн менен кошо сен батып, ата,
Кызарып кайра чыкпадың, ата.
Кокуйлап турган уулуңдун үнүн,
Козголуп неге укпадың, ата?..

“Супер-инфо”, №420, 19-25.11.2010-жыл.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.