Адабият мугалимдерине арналган китептер

Абдыкерим Муратовдун китептери “Усулчунун устаканасынан” деген түрмөк (серия) менен “Айат” басмасынан чыгарылып, сырты түстүү сүрөттөр менен кооздолгон.

Манас Тешебаев, БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинин деканы
Кыргыз адабиятын окутуу методикасы боюнча илим башкаларга салыштырмалуу аябай артта калган. Анан калса бул илимдин теориялык жана практикалык маселелери дүйнөдө бир гана жерде – Кыргызстанда гана иштелип чыгат. Аталган илим пайда болгондон бери жарым кылымдай гана мезгил өттү, бул, албетте, кандай гана илим тармагы болбосун өтө аз мезгил. Кыргыз адабиятын окутуу методикасы боюнча үч гана докторлук, ондун тегерегинде гана кандидаттык диссертация жакталгандыгын айтсак эле абал андан бетер түшүнүктүү болор.

Мына ошол илимдин азыркы учурда активдүү иштеп жаткан өкүлү катары Абдыкерим Муратовдун ысымын атай кетүүгө тийишпиз. Ал мектепте мугалим, жогорку окуу жайынын методикалык кафедрасында окутуучу, педагогика илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Учурда колдонулуп жаткан окуу программасынын түзүүчүлөрүнүн, 7,11-класстар үчүн окуу китебинин авторлорунун бири. Демек, улуттук адабиятты окутуу илиминин теориясы жана практикасы менен ар тараптан таанышкан окумуштуу катары анын жазган материалдары илим чөйрөсүндө да, мугалимдер арасында да кызыгуу менен кабыл алынат.

Абдыкерим Муратовдун 2009-2010- жылдарда кыргыз адабиятын окутуу методикасы боюнча 5 китеби жарык көрдү.

Биринчи китеби “Кыргыз адабияты сабагында көркөм тексттин маңызын ачуу” деп аталат жана анда ааламдашуу доорундагы адамзаттын абалы жана ушул доордогу адабияттын мааниси, адабиятты окутууга коюлган талаптар жана кыргыз адабиятын үйрөтүүнүн бүгүнкү проблемалары тууралуу сөз кылат. Ушул эле китепте адабий текстти сабакта интерпретациялоонун методологиясын жана методикасын сунуштап, элдик эпикалык чыгармаларды, анын ичинен “Манас”, “Эр Табылды”, “Кожожаш” эпосторунун тексттин үйрөнүүнүн технологияларын көрсөтөт.

Экинчи китеп “Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары” деп аталып, биринчи китептеги жалпы проблеманы – текстти интерпретациялоо методикасын андан ары тереңдетет. Бул эмгекте 1-бөлүк поэзия түрүндөгү чыгармаларды үйрөнүүнү жолдорун жана ыкмаларын ачып берүүгө арналып, Молдо Кылычтын, Жеңижоктун, Калык Акиевдин, Алыкул Осмоновдун чыгармаларынын тексттин талдоо менен теориялык ойлорун практика жүзүндө ачып берет. 2-бөлүк прозалык чыгармалардын тексттерин интерпретациялоо ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталып, анда орто класстарда окутулгун айрым карасөз түрүндөгү чыгармаларды окутуунун методикасы иштелип чыккан.

“Окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруунун жолдору” деп аталган 3-китепте адабият теориясын мектепте үйрөнүүнүн тарыхый эволюциясы, азыркы абалы анализденип, орто мектептерде чыгармалардан кийин өтүлүүчү адабий каарман, троп жана анын түрлөрү, сюжет жана композиция, адабияттын тектери, түрлөрү жана жанрлары, ыр жана анын түзүлүшү сыяктуу теориялык түшүнүктөрдү окутуунун жолдору көрсөтүлөт.

Төртүнчү китеп “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” деп аталып, анын 1-бөлүмүндө Чыңгыз Айтматовдун адабий портрети негизги учурлары көрсөтүлүү менен кыска, бирок мазмундуу ачылып берилет. 2-бөлүмү “Усулкана” деп аталып, жазуучунун “Атадан калган туяк”, “Жамийла”, “Ак кеме”, “Фудзиямада кадыр түн”, “Кылым карытар бир күн”, “Ысык-Көлдүн куту жана куну” деген чыгармаларын окутуу боюнча ойлор айтылып, 3-бөлүмдө жазуучунун чыгармаларын мектепте үйрөтүү боюнча мугалимдердин тажрыйбалары, алардын сабактарынын жүрүшү тууралуу анализдер сунуш этилет.

Төртүнчү китеп “Адабиятты жаңыча окутуу: методдор, каражаттар жана иштелмелер” деген аталыш менен чыкты (бул китеп Б.Байсабаев менен авторлошуп жазылган), анда азыркы адабият сабактарындагы жаңычыл ыкмалар, интерактивдүү окутуу, стандартсыз сабактары тууралуу теориялык ойлор айтылып, ал идеяларды кандайча ишке ашыруу керектиги кээ бир сабактардын иштелмелери аркылуу практикалык жактан тастыкталып көрсөтүлгөн.

Жогорудагы китептердеги жалпылык – көркөм чыгарманы адабий-теориялык, эстетикалык жактан талдоонун дидактикалык жактан майнаптуу жана мугалимдер үчүн ылайыктуу жолдорун иштеп чыккандыгында, экинчиден, жалпы дүйнөдө болуп жаткан билим берүү тармагынын жаңылыктарын кыргыз адабияты мугалимдерине алып келгендигинде, үчүнчүдөн, абдан көп мугалимдердин тажрыйбаларын жыйынтыктап, аларга таянгандыгында.

Абдыкерим Муратовдун китептери “Усулчунун устаканасынан” деген түрмөк (серия) менен “Айат” басмасынан чыгарылып, сырты түстүү сүрөттөр менен кооздолгон. Бирок өкүнүчтүүсү – нускаларынын өтө аздыгы, 300 гана даанада басылып, башкы керектөөчүлөр болгон мугалимдерге толук жетпей калгандыгы.

«Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.11.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Адабият мугалимдерине арналган китептер

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.