Аида Эгембердиеванын “Аяны”

Совет учурунда адабияттын өнүгүшүнө өзгөчө кам көрүү менен ошол “аталык мамиле” өткөн кылымдын 60-80-жылдарында “кыздар поэзиясы” деген бир агымдын жаралышын шарттады. Анан жаңы кылым башында ал агымдын доошу угулбай, адабияттын өзүнүн таскагы ташыркап, акын кыздардын жоон тобу жапайы рыноктун жана казан-аяктын “ырын” ырдап калды. Жалпы хордун доошу басаңдаганы менен ошол хордо өз үнүн чыгарып жаткандар да болду. Алардын бири – Аида Эгембердиева. Анын адабиятчы катары, “Манас” изилдөөчү катары, этнолог катары жазгандарын кызыгуу менен окуп жүрсөм да, бул жолу “Айат” басмасынан чыккан “Аян” деп аталган ырлар жана котормолор жыйнагы тууралуу учкай сөз кылуунун эби келип турат.

Ырды жазбай калганыма көп болду,
Ыргактардын күтө берип жылуусун.
Жазам десем жаза турган сап жокпу,
Айтам десем айтчу ой жокпу мен үчүн, – деп акын кыз азыркы жалпы жазуу өнөрү менен алектенгендердин армандуу жашоосун туюндуруп келет да, сөздүн, ырдын жооптуулугун сезүү менен:
Эски, эски ача берип муңдарды,
Жерге түшкөн жоолук сымал булгандым, – деп кетет.

Дал ушул саптарда акындын ачыктыгын да, назиктигин да, ички сырын да окурманы менен бөлүшө алуучу лириктерге эң эле керектүү атуулдук пафосун да көрө алабыз. Ал өзү жөнүндө жазат, тагыраагы, өз түйшүгүн, балага, жарга, куттуу очокко сүйүүсүн, кайгы-капасын жазат, өз чыгармачылыгына канаат кылбаган абалын жазат, Ошко, Душанбеге, Ереванга барганда алган таасирлерин жазат, биз билген жана биз билбеген адамдарга карата арноолорун жазат, ошолордун баарында өзүн көрсөтөт, өзүн ортого коёт да, башкалардын баары аны айланып жүрөт. Акындык “Менди” поэзияга алып чыгуу деген ушунда эмеспи. Ал “Менин” алып чыга алат. Анын “Мени” уяң, тартынчаак, жалбырактай дирилдек жана турмушту жакшы көргөн, ага жашоо үчүн келген лирикалык каарман. Анын ошол каарманы ырлардан түшпөй келген Ысык-Көлдү мындайча көрөт:
Көлбүгөн келбетиңден айланайын,
Кыргыздын маңдайына бүткөн чырак.
Бир майин жүз сылаган илебиңден,
Көзүмдөн салаа жашым кеткен турат.

Мына ушул өзүнчө көрө билүү, өзүнчө сөз айтуу, кичи мекенге берилгендикти көрсөтүүнүн башкаларга окшобогон чечилиши.

А.Эгембердиева ырларын жеңил жазат, өзүн өзү ыр жазып жатып кыйноого салбайт, бул уйкаштыктарынын эркиндигин, шыдыр уйкашты ээрчип кетпегендигин шарттайт. Анан ал өтө эле татаалдыкка, ашыкча метафоралаштырууга да куштарланбайт, ойду жоргонун жүрүшүнө салып туюндуруп берет.

Акындын жетилүүсү, чыгармачылыкта башка акындар менен теңтайлашууга жарап калгандыгын анын азербайжан акыны Фикрет Годжаны жана армян акыны Сильва Капутикянды кыргызчага которгондугунан кадыресе сезилип турат.

Аида Эгембердиеванын “Аян” жыйнагы анын чыгармачылыгындагы бир белес, алдыда дагы далай белестер, ашуулар бар демекчибиз.

Абдыкерим Муратов, «Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.