Нуралы Капаровдун эскерүүсүнөн… (С.Жигитов тууралуу)

* * *
“Бир күнү эң жакшы көргөн ини-досу Аман Токтогулов: “Саке, “Шуулдаба, теректеримдин” биринчи варианты мыкты чыкты, эми бул ырды мындан мыкты классика кылып иштеп чыгалы, мен ар бир сабын, сөзүн, уйкашын талдап, сындап, керек болсо талкалап берейин, сиз жадабай, оңдоп-сызып, бузуп, улам бир жаңы вариантын жаза бериңиз, акыры көгөрүп олтуруп ушул ырды чыныгы классикага айланталы” деп кайрылыптыр. Чынында эле ошондой иштешкен экен. “Улам бир вариантын жазып Аманга берем, Аман кылайган кемчилигин тапса эле сызып-чийип, «талкалап» кайра колума карматат. Ал талкалагандан тажабай, мен оңдоп-түзөп жаңы вариантын жазгандан тажабай, акыры эл оозуна алынып кеткен акыркы вариантын жаздым” деп эскерер эле Салижан аке”.

* * *
“Түшкүсүн ар кимибиз ар кайсы жерден арзан тамак издеп убара болбойлу деген максатта редакциянын имаратынын биринчи кабатындагы бир бөлмөнү “ашканага” айлантып, түшкүсүн чогуу-чаран ошол жерден тамактанаар элек. Күндөрдүн бир күнүндө “ашканада” тамактанып олтурсак: “Оу-уу, “маданиятчылар” кандайсыңар?” деп Салижан ага адатынча жаркылдап салам айтып кирип келди. “Келиңиз, агай, келиңиз” деп бирибиз шляпасын, экинчибиз плащын алып, дагы бирибиз төрдөн орунтук камдап тосуп алдык.
Үстөлдүн үстүндө үйүлгөн тамакты көргөн Салижан аке:
– Охо-хо, ниетимдин түздүгүн карачы, тамактын үстүнөн чыгыптырмын. Ырас болбодубу, бүгүн силердин эсебиңерден бекер тамактанып алайын, – деп эки колун ушалап, тамаша сөздөн ыргытып, хахалап карсылдап күлүп, тамакка олтурду.

Дагы бир күнү тамактанып олтурсак Салижан аке дагы кирип келсе болобу! Кирип келе жатып эле нысаптуу, ынсаптуу Салижан аке артка кетенчиктеди.
– Келиңиз, агай, келиңиз, – деп олтурган ордубуздан жапырт тура калдык. Салижан аке ачылган эшиктин туткасын кармап, кирсемби-кирбесемби деген эки анжы ойдо саал тымып туруп калып, анан босогону аттады.
– Бу силердин гезитиңер кийинки кезде эмне эле начар чыгып жатат десе, керээлдин-кечке тамак ичип олтура берет турбайсыңарбы, – деп тамаша сыяктуу сөзү менен таарып өттү.

Бир кызыбыз Тоңго бешик тойго, бир кызыбыз Таласка келин тойго барып, тоодой эт, толтура боорсок көтөрүп келген экен, кыдыракей олтурган кабарчылар гезиттин кабарчыларындай эмес, тойдун меймандарындай болуп бирден майлуу устуканды колубузга койкойтуп кармап олтурсак бул жолу да Салижан аке аңдоосуз “жарк!” этип кирип келип, “Ой, бу, силер дагы эле тамак ичип отурасыңарбы?!” деп “жалп!” өчкөндөй өңү өзгөрө түштү. Демейде калдалаңдап алдынан чуркап чыгып тосуп алчу кабарчыларыбыз да бул жолу “Келиңиз, агай, келиңиз” деп, чоң күнөө кетирип, кечирим сураган баладай басмырт үн менен ызаат көрсөтүшүп, жер карап жарданып туруп калышты. “Отур, отура бергиле” деп Салижан аке менин катарымдагы бош орунтукка көчүк басты.
– Тамактан алыңыз, Салижан аке, – десем, тарелкадагы кесек-кесек кесилген майлуу эттин арасынан бир кесим кара кесек этти вилкасынын учуна илип алып жатып мага эңкейип:
– Нуралы, кабарчыларыңды күндө мындай майлуу эт менен багып отурсаң, байдын дөбөтүндөй күржүйүп семирип кетип үрбөй калып жүрбөсүн, – деп кулагыма адатынча күлбөй туруп, угулар-угулмаксан үн менен шыбырады. Көзүмдөн жаш чыккыча үнүмдү сыртка чыгарбай ичимен бүлкүлдөп күлдүм.

Салижан ага ченебеген мээнеткеч адам эле. “Биз байыркы элден болгонубуз менен тарыхый жактан артта калган жаш элбиз. Өнүккөн-өскөн элдерге теңелиш үчүн кара жанды карч уруп он эсе, жыйырма эсе артыгыраак күч менен күнү-түнү талыкпай иштешибиз керек” деп тамакка тап, жумушка ыкшоо кыргызды көргөндө күйгүлтүккө түшүп, тегеренип-тегеренип кетээр эле…

“Биз өзүбүздүн алыбызды билбей туруп саны көп чоң эл менен чоң мамлекеттерди мисалга тартып, алар андай экен, мындай экен деп ошолорго теңелгибиз келет. Чоң эл деген чоң эл. Чоң мамлекет деген чоң мамлекет. Аларга теңелиш кайда? “Тең-теңи менен, тезек кабы менен” дейт кыргызда. Биз өзүбүз курдуу, өзүбүзгө ылайык Бахрейин, Монголия сыяктуу мамлекеттер кантип жашап, кантип өнүгүп жатканынан тажрыйба издеп, үлгү алганыбыз туура. Кыргыз дунгандай мээнеткеч, еврейдей куу, чечендей намыскөй эл болгондо гана кыйын элдин катарына кирет” деп таасын-таамай, кулакка куюп айтаар эле”…

* * *
Кез-кез ашказаны гана ноокастай калып дарыланганы болбосо, эртең мененкисин чуркап, көнүгүү жасап, качан жолукпайын Салижан аке тың, чыйрак жүргөн. “Манас” кыргыз-түрк университетине флюрография келип, студенттерди, окутуучуларды медициналык кароодон өткөрөт. Өпкөсүндө кара так бар экени ошондо билинип, бар балакеттин баарын ошондон башталат…

Адеп сырдаш, жакын кишилеринен айрымдарыбыз эле билбесек, көбү билчү эмес. Түркияга барып текшерилип келгенден кийин: “Өпкөдөгү шишик злокачественный эмес экен. Бирок көп кечиктирбей операция жасатып алдырып сал деди” деп, анча коркунучтуу эмес экенин билгенден кийин сүйүнгөнүнөн ачыкка чыгарып жиберди. Ар ким, ар кандай акыл-кеңешин айткандай болуп жүрүштү. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агабыз: “Салижан, өпкөңдөгү шишикке бычактын мизин тийгизе көрбө, тим кой, козгобо” деп эки-үч ирет менин көзүмчө айтты. Салижан аке деле ошондой ойдо болчу. Өзү да операциядан качканын, бир жылга чукул элдик медициналык ыкма менен тымызын дарыланып, куландан соо жүргөн. Анан эле бир күнү оозуна кан келип жатат деп өзүбүздүн эле Бишкектин врачтарына операция жасатып жиберишиптир… Кийин-кийин операциядан көпкө оңоло албай жүрүп, оңолгондон кийин: “Операцияга бекер макул болуптурмун, Нуралы. Жанагы мен дарыланган элдик медициналык ыкмада оозума кан келгени шишиктин тамырлары жарылып айыга баштагандын белгиси экен. Ошол жерин байкабай калыптырмын. Кийин ал ыкманы аягына чейин кунт коюп окуп жатып, ошол жерин таап алып аябай арманда калбадымбы” деп сыр кылып айткан эле”…

* * *
“Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап качып турчу. “Кың” десе баса калмай кыраандыгы бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агам дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин “кармаша албай”, жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок, Салижан аке сөздү ырбатпай дароо токтотуп, бөлөк сөзгө буруп кеткен. Ишенбай ага сыртынан жоош, токтоо көрүнгөнү менен чала-чарпыт түшүнүгүң бар маселе боюнча талашка түшсөң, оңбогондой кырс киши. Сөзүңдү кыя чабат. Акыл-эс, билим, тажрыйба жагынан экөө бирдей эле даражада сыяктанат, болду-болбоду Салижан ага Ишенбай аганын кырс кыялынан жалтайласа керек деп көпкө чейин өз ичимен ушундай бүтүм чыгарып жүрдүм. Бир күнү иш кабинетимде олтурсам Салижан ага адатынча жаркылдап кирип келди. Аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп, сөздүн ыгы келе калганда көңүлүмдө жүргөн суроомду узатсам:

– Ээ, Нуралы, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Ишенбайдын башы бүтүн адам. Ишенбай алгандай билимди биз өчөйүп өз жерибизден чыгалбай жүрүп алалган жокпуз. Ишенбайдай англис, япон тилин билбесек, Япония сыяктуу өнүккөн капиталисттик мамлекетте он беш жыл жашабасак, Арбатов сыяктуу академиктер менен, Хонда сыяктуу миллиардерлер менен маңдай-тескей олтуруп баарлашпасак, аныкындай билим-тажрыйба бизде жок болуп жатпайбы. Каймагынан ажыраган көк сүттү ичкенсип советтик цензуранын чыпкасынан өткөн орус тилиндеги китептерди окудук, бардыгы жаап-жышырылган социалисттик түзүлүштөгү мамлекетте жашадык. Кайсы бир жөөт диссиденттердин каңырыш сөздөрү аркылуу угуп жүргөн чет тилдеги баалуу китептерди, илимий эмгектерди Ишекем бурмаланган, бычып-тонолгон орус тилинде эмес, түп нускада – англис, япон тилинде эбак эле окуп алган. Маселени мыкты билген кишиден чала билген киши чарылдап талаша бергени уят. Мен Ишекемдин түп нускадан алган билимин, дүйнөнүн тең жарымын өз көзү менен көрүп, өз жон териси менен сезип кыдырып, жашап келген турмуштук тажрыйбасын сыйлайм, – деп, түштүктүк досторум айткандай, агынан жарылды…”

* * *
“Биздин тукум кебете-кешпирден да, баатырлык, балбандыктан да кудай айткан тукум экен. Бирок мага келгенде ошол укум-тукумдун мыкты шыбагасы артпай, көзүм жымшык, башым чоң, боюм бакене болуп жатпайбы” – деп хахалап каткырып алып, түшүндүрө сүйлөгөнү эсимде…

Салижан акенин Муса деген чоң атасынын атасы (аты эсимде калбаптыр) токсондон ашык жашап, кемпири өлүп, өзү арып-карып төшөк тартып жатып калганда: “Кой, атамды бакпасам болбойт” деп акталаалык саяктардан аял алат. Алган аялы эзилген сары, кебетеси серт, бою жапыз, ыргайдай арык, эптеп эле ысык жаны бар бирдеме экен, аны көрүп намыстанган урук-туугандары, алган аялы тукумду бузат, ушундайында кетиртели дешип чогулуп Мусаныкына келишет. “Туугандардын ынтымагынан чыгып кайда барам, макул, кетирейин” – дейт Муса. Капшытта жаткан атасын сөөмөйү менен көрсөтүп: “Мынабу шордууга кыйын болду. Ичкен-жегенин билбей төшөгүнө кое берип коет. Тукумум жакшы улансын деп баланча агам баландай сулуу катын алды эле, ал сулуу катынды бак десек, жийиркенип карабай койду. Түкүнчө агам түкүндөй сулуу катын алды эле, ал андан бетер ыргыштаган неме экен, жаа бою качып жолобой койду. Айлам кеткенде катынды өзүм үчүн эмес, ушул шордуу атам үчүн алдым эле. Бизге ушул катын чыдады. Ишенбесеңер, атамдын төшөнчүсүн ачып карап көргүлө, бок-сийдиктин өзү эмес, жыты да жок! Кетир деп жатасыңар, кетирейин!” – деп обдулуп тура калса, кетиртебиз деп чогулуп келген туугандары кайра тескерисинче: ” Кой, айланайын, кетире көрбө, сөзүбүздү кайра артка алдык. Укум-тукумуңар өссүн, өмүрлүү болгула, кудай кармашкан колуңарды ажыратпасын!” – деп батасын берип тарашыптыр. Ошол чоң чоң энемден кийин бою асман тиреген өңдүү-түстүү баатыр-балбандын тукумдары мага окшогон өңү серт, кибиреген тукумга айлана баштаптырбыз” – деп Салижан аке укум-тукумунун таржымалын айтып калаар эле.

Салижан аке чындап эле баатырдын, балбандын тукуму экенинен кенедей да шек саначу эмесмин. Өзү айткандай, бою кодо, өңү серт (буга да кошулуш кыйын) болгону менен хандан-бектен кайра тартпаган баатыр жүрөк киши эле. Ал жалтанбай айткан чыркыраган чындык сөздөрдү Салижан акеге чейин да, кийин да эч ким айталган жок! Аталарынын балбан денин албаганы менен, баатыр жүрөгүн алган экен!”

“Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде рак оорусу жөнүндөгү кандай медициналык, элдик табыпчылык китептер болбосун баарын таап окуп чыгыптыр. Тажрыйбалуу онкологдор биякта калсын. Төшөк тартып жатып калганда да үстөлүнүн үстү жалаң ошондой китептерге толуп кетиптир. Ал-жайын сурап барган кишинин кайра өзүнө кайрат айткан адаттан тыш кайраттуу адам эле. “Ээ, бир кудайдын башка салганын көрөбүз да. Андан көрө өзүңдүн ишиңди айтчы, өзүң кандай?” деп онтоткон оорусун билгизбей жадырап-жайнап кайра өзүңдүн ал-жайыңды сурачу…

Салижан аке өтө чынчыл адам эле. Ал өзүнүн оорусуна да чынчыл көз караш менен карады. Үмүт отун жандырам деп ашкере көңүл айтып, “буюрса айыгып кетээрсиз” деген “алдамчы” сөздөрдү уккусу келбей, “ооба, ошентип койсоң эле оңолуп кетем” деп мыскылдап карагандай, терс бурулуп кетээр эле.
– Нуралы, рак деген оору өмүргө чыгарылган приговор экен! – деди бир күнү. Ал мени менен коштошуп жатканын түшүндүм. “Ооба” дегендей башымды ийкедим. Жыйырма жылдан ашуун ага-дос болуп жүргөн Салижан агамдын өмүрүнүн саналуу күндөрү калганын түшүнүп, көзүмө жаш тегеренди”…

* * *
“Көрүнүктүү кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен татыктуу бирөөсүнүн бейнесин кыргыз тилинде жаздырып, адегенде түрк тилине которуп, китеп кылып чыгарып, андан ары Европа тилдерине котортуп жайылталы деген жакшынакай идея менен акылдашканы түрктөр Салижан акеге келишет.

– Албетте, Чыңгыз Айтматовдон ылайыктуусу жок,- деп кеңешин айтат Салижан аке. “Кимге кайрылсак болот, ким жазат?” деген суроо чыгат. Кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн жоон топ окумуштууларды акыл таразасынан өткөрүшсө, ылайыктуулары аз. Колунан келе турган окумуштууларга кайрылышса, көбү убактыбыз жок эле деп маданияттуу баш тартышат. Акыры айланып олтуруп Салижан акенин өзүнөн суранышканда, биринчиден, убактысы жок экенин, экинчиден, Айтматовду изилдеген окумуштуу эмес экенин айтып баш тартса да болбой, акидей асылышканынан аргасыз макул болот. Кыскасы “Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятына адеп келгенде” деген макаласын жаза баштады. Материал түрктөрдүн колуна тийгиче “Кыргызстан маданиятына” баса баштадым… Улам кийинки бөлүгүн алып келген сайын деги кандай жазып жатам деп пикиримди сурайт. “Мыкты!” деп баш бармагымды чычайтсам, “ошондой эле болсун” деп өзү да сүйүнүп жүрдү. Чынында эле өмүр бою Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп, жазып, нан таап жеп жүргөн кыргыз “айтматововеддердин” бардыгын бириктирип чогултуп келсе да жазалбай турган мыкты эмгекти Салижан акем жаратты. Түрктөр да, биз да ыраазы болдук.

“Эми, Салижан аке, муну уланталы” деп акыл салдым. Ч.Айтматовдун сый-урматка жеткенге чейинки жана андан кийинки чыгармалары, табылгаларын, адашкандарын, ийгилик-кемчиликтерин так, даана ажыратып жазып, кыргыз окурмандарынын көзүн ачмай болдук. Бир топ башында бышырып жүргөн ойлорун ортого салып, ал ойлоруна өзү да каткырып-күлүп жыргап, ана жазам, мына жазам деп өзү да катуу камынып жүргөнүндө жанагы жаман оорунун диагнозу чыгып калды. Адегенде Москвага барып көрүнөйүн деп камданып жатып, түрк коллегаларынын кеңеши менен Түркияга барып текшерилип келди. Күтүлбөгөн кошумча түйшүктөр көбөйдү. Ичинен санааркап туталанганы менен, сыртынан баягысындай эле жаркылдап, жайдары жүргөнсүдү. Бир күнү “Салижан аке, Айтматовду кандай кыласыз, жазасызбы?” десем: “Нуралы, өпкөмөн жанагы жаман оорунун диагнозу чыккандан бери жазуу ишине сууп калдым” деп жан адамга айтпаган сырын айтты. Ал эми бөлөктөргө болсо, “күндүн жашоосуна беш эле миллиард жыл калды деген бир окумуштуунун макаласын окуп алып, түбөлүктүү эч нерсе жок турбайбы деп жазгым келбей калды” деп тамашага чалып күлдүрүп жооп берип жүрдү”.

«Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.