“МАНАС” ЭПОСУ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

(долбоор)

Ушул мыйзам кыргыз улутунун көөнөрбөс руханий мурасы катары “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү, анын негизинде жарандарды, келечек муундарды тарбиялоо, дүйнө элдерине кеңири таратуу, таанытуу менен байланышкан маселелерди Кыргыз Республикасынын руханий маданият, улуттук идеология тараптарындагы мамлекеттик саясатынын негизи катары аныктайт.

1-БЕРЕНЕ. “МАНАС” ЭПОСУ

“Манас” эпосу – дүйнө элдеринин оозеки поэтикалык чыгармаларынын алтын казынасына кирген кыргыз улутунун эпикалык маданиятынын урагыс зор эстелиги. “Манас” эпосу – кыргыз элинин эркиндигин жана биримдигин, ата-журттун бүтүндүгүн баскынчы душмандардан коргогон баатыр Манастын, анын уулу Семетейдин жана небереси -Сейтектин жасаган эрдиктери жөнүндө баяндаган улуу чыгарма.

“Манас” эпосу 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы жыйыны тарабынан кыргыз тилинин жана адабиятынын башаты, улуттук маданиятынын, адеп-ахлактык, тарыхый, социалдык жана диний салттарынын негизи катары таанылган.

“Манас” эпосу кыргыз элинин жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында пайдубалдык улуттук идеология катары, таалим-тарбиялык жана тарыхый-маданий мааниси бар улуу мурас.

“Манас” эпосун миңдеген жылдардан бери манасчылар айтат, сактайт жана аны манасчылар гана муундан муунга жандуу өткөрүп берүү салтын ишке ашырат.

2-БЕРЕНЕ. “МАНАС” ЭПОСУН САКТОО, ПАЙДАЛАНУУ, КЕҢИРИ ТАРАТУУНУН УКУКТУК НЕГИЗДЕРИ.
“Манас” эпосу жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Тарыхый – маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына негизделет, жана ушул Мыйзамдан, анын негизинде кабыл алынган укуктук жоболордон турат.

“Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндөгү” КР мыйзамынын жоболору “Манас” эпосуна толук колдонулат.

3-БЕРЕНЕ. “МАНАС” ЭПОСУН САКТОО, ӨНҮКТҮРҮҮ, АНЫН НЕГИЗИНДЕ ЖАРАНДАРДЫ, КЕЛЕЧЕК МУУНДАРДЫ ТАРБИЯЛОО, ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНЕ КЕҢИРИ ТАРАТУУ, ТААНЫТУУ ЖААТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ИШТЕР.

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү:
а) Ушул мыйзамдын негизинде –
– “Манас” жана башка эпостор, дастандар, жомоктор боюнча киноэпопеяларды, анимациялык фильмдерди тартуу;
– эпосторду, дастандарды, фильмдерди дүйнө элдеринин тилдерине которуу, таратуу;
– КР Илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият Институтунун Кол жазмалар бөлүмүндөгү “Манас” эпосунун жарык көрө элек үлгүлүү түрлөрүн китеп кылып чыгаруу;
– “Манас” жана башка эпос, дастандарды кыргыз, англис, орус жана башка тилдердеги түрлөрүн атайын ачылган Интернет – сайттарга салуу;
– “Манас” жана башка эпос , дастандардын адабий, сүрөт, кинофильм түрлөрүн даңазалаган республикалык жана эларалык фестивалдарын, көргөзмөлөрүн, жумалыктарын уюштуруу боюнча:
а) Атайын мамлекеттик программаны кабыл алат;
б) Атайын мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн каражат бөлөт, топтойт;
в) “Манас” – киноэпопея аттуу Мамлекеттик дирекцияны түзөт жана “б” бөлүкчөдө белгиленген каражаттар ушул Мамлекеттик дирекцияга чогултулат.
2.Ушул Мыйзам, калктын ар кандай катмарларынын арасында “Манас” жана башка эпосторду, дастандарды сактоо, жайылтуу жана терең окуп-үйрөнүү үчүн укуктук эрежелерди аныктайт, жөнгө салат.
3.Кыргыз өкмөтү манасчылардын аткаруучулук чеберчиликтерин өнүктүрүү жана алардын өнөрүн мамлекет тарабынан колдоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
4.Кыргыз өкмөтү өлкөнүн ичинде, ошондой эле эларалык чөйрөлөрдө “Манас” жана башка эпосторду, дастандарды изилдөө, илимий-популярдык китептерди басып чыгаруу, башка тилдерге которуу жана жайылтуу боюнча иштерди каржылайт.
5.Ар бир жылы тогуздун айынын акыркы ишемби, жекшемби күндөрү Кыргызстандын баардык айыл-кыштактарында, шаарларында “Манас” майрамы өткөрүлөт.

4-БЕРЕНЕ. “МАНАС” – КИНОЭПОПЕЯНЫН МАМЛЕКЕТТИК ДИРЕКЦИЯСЫНА ШАРТ ТҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ.

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
а. “Манас” – киноэпопеянын максаттарын ишке ашыруу үчүн каражат маселелерин чечет;
б. “Манас” – киноэпопеянын Мамлекеттик дирекциясына бардык шарттарды камсыз кылат: имарат, айлык, унаа ж.б. чыгымдар.
2. “Манас” – киноэпопея эларалык коомдук фонд, анын бөлүктөрү, филиалдары;
“Манас” – киноэпопеянын Мамлекеттик дирекциясы жана ал түзгөн ишканалар, мекемелер:
а. Мамлекеттик салыктардын бардык түрлөрүнөн;
б. Ар кандай төлөмдөрдөн
толук бошотулат.

5-БЕРЕНЕ. “МАНАС” ЭПОСУН САКТОО ЖАНА КОРГОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ИШТЕР.

1.Бул Мыйзамдын негизинде мамлекеттик иш-аракеттерди КР Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын орган – Мамлекеттик дирекция жүргүзүлөт.
2.Мамлекеттик дирекция “Манас” жана башка эпостор, дастандарга байланышкан улуттук кызыкчылыктарды өлкө ичинде да жана башка мамлекеттерде, эларалык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан коргоого алат.
3.”Манас” эпосун коргоо жана колдоо иштерин мамлекеттик жөнгө салуу:
o “Манас” эпосунун кол жазмаларын, китептерин, эстеликтерин, фильмдерин жок кылуудан, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн, тарыхый окуяларды бурмалоодон коргоо;
o “Манас” эпосу менен байланышкан эстеликтерди, археологиялык табылгаларды, музей экспонаттарын сактоо;
o “Манас” эпосунун текстерин, кол жазмаларын жана алардын сакталышын камсыз кылган мыйзамдарга ылайык чараларды көрөт.

4.”Манас” эпосун ЮНЕСКОдо каттатуу иштери КР Маданият министрлигине, КР Тышкы иштер министрлигине, Кыргызстандын ЮНЕСКО боюнча комиссиясына тапшырылсын.

5.”Манас” эпосуна сый-урмат көрсөтүү, аны окуп-билүү, жайылтуу – Кыргызстандын ар бир жаранынын өзгөчө атуулдук милдети.

6-БЕРЕНЕ. МЕКЕМЕЛЕРГЕ, НЕРСЕЛЕРГЕ МАНАС, “МАНАС” АТТАРЫН КОЛДОНУУ.

1.Кыргыз Республикасынын борбору Манас деп аталсын;
2.Улуттук тарых музейи Улуттук Манас музейи деп аталсын;
3.Кыргыз Республикасынын борбору Манастын борбордук аянтына Манастын эстелигин орнотуу үчүн конкурс жарыялансын;
4.”Манас” айткандарды, жазгандарды, изилдегендерди, сценаристтерди, режиссёрлорду, операторлорду, аткаруучуларды даярдоо; “Манасты”, башка эпосторду дүйнөнүн башка тилдерине которо турган адистерди даярдоо үчүн Манас институту түзүлсүн.
5. Менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка түрлөрүнө тиешелүү мекемелердин аталышына жана чыгарган нерселерге, буюмдарга Манас, “Манас” аттарын колдонуу ушул мыйзамга ылайык, Мамлекеттик дирекция тарабынан белгиленген тартипте гана жол берилет.

7-БЕРЕНЕ. “МАНАС” ЭПОСУН САКТОО, ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КЕҢИРИ ТАРКАТУУ, ТААНЫТУУ ЖААТЫНДАГЫ ЭЛАРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК.

Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын атынан КР Маданият министрлиги, КР Тышкы иштер министрлиги жана “Манас” – киноэпопея Мамлекеттик дирекция:
o “Манас” эпосун изилдөө, жайылтуу жана башка өлкөлөргө кеңири таанытуу багытында эларалык кызматташтыкты;
o Эларалык уюмдар уюштурган ар кандай программаларга катышууну;
o Кыргызстандан башка өлкөлөргө мыйзамсыз чыгарылып кеткен “Манас” жана башка эпосторго байланыштуу тарыхый эстеликтерди эларалык келишимдерге ылайык Кыргызстанга кайра кайтарууну жүзөгө ашырат.

8-БЕРЕНЕ. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН КҮЧҮНӨ КИРИШИНИН ТАРТИБИ.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“МАНАС” мыйзам долбоорун “МАНАС” – КИНОЭПОПЕЯ эларалык коомдук фонддун демилге тобу даярдады.

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on ““МАНАС” ЭПОСУ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.