Алтынай Нарбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Айрым жаштардын ырын укканда капа болуп, маанайым түшөт…”

Кыргыз сахнасында өзүнүн жагымдуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап келе жаткан Алтынай Нарбаеваны кепке тарттык.

Алтынай эже, сиз көп жылдан бери мектепте музыкадан сабак берип иштеп келе жатасыз. Тарбиячы катары айтсаңыз, бүгүнкү жаштар кыргыздын салттык музыкасын кандай кабыл алышууда?
– №67 гимназия мектебинде салттык музыкадан сабак берип иштейм. Мен окуткан балдар кыргыз элинин эзелтеден келе жаткан музыкасын абдан жакшы кабыл алышат. Биздин мектеп музыкалык мектеп болбосо да музыка сабагына аябай чоң көңүл бурулган. Бардык музыкалык аспаптар бар. Кыргыздын салттык музыкасын өнүктүрүүгө аз да болсо салымын кошуп, керектүү шарттарды түзүп берген жетекчиме аябай ыраазымын. Улуттук баалуулуктарды баалаган жетекчилер көп болсо, биздин ата-бабалардан калган ыйык мурастар жоголбойт эле деп ойлойм. Биз сабак учурунда “Манас”, “Айчүрөк” операсынан үзүндүлөрдү аткарабыз. Операларды аткаруудан кийин балдар-кыздар өздөрүнчө эле Манас, Айчүрөк болуп алышат. Көөдөндөрү рухий мурастарга толуп, жүрөктөрү Мекен деп согуп калганын байкап, өзүмчө кубанып, кудуңдап сүйүнүп калам. Биздин кылым карыткан комуз күүлөрүнүн тарыхтарын унутпасын деп, чоң комузчулар менен жолугушуу өткөрүп, күүлөрдүн тарыхы менен тааныштырып турам. Менин колуман сабак алган улан-кыздар келечекте кыргыздын музыкасын баалаган инсандардан болуп өсүп чыгарынан үмүтүм чоң. Кээде атайын көчөдө, эл арасында жүргөндө жаштардын музыкалык табитин байкап жүрөм. Батыштын музыкасын эмес, комуз күүлөрүн, элдик эски ырларды уккан жаштарды көп эле кезиктирип жатам. Мына ушундай көрүнүштөргө күбө болгондо, салттык музыка унутулбайт экен деп териме батпай кубанып калам.

Сиз сабак берген окуучулардын арасында комуз кружогуна катышкан балдар-кыздар барбы?
Мен 1-класстан 7-класска чейин фольклордон сабак берем. Ар бир класстан кеминде эле 10дон ашык бала комуз кружогуна катышат. Мунун өзү эле кыргыз салттык музыкасынын өнүгүп бара жатканы десек болот.

Маданият үйдөн башталат деген сөзгө кошуласызбы?
Бул сөзгө толугу менен кошулам. Негизи эле адам баласы жарык дүйнөгө келгенден тарта эле сырткы таасирлерди кабыл ала баштайт. Анын биринчи кабыл алганы ата-энесинин баскан-турганы. Наристе алгач энесине карап түздөнөт. Эгер ата- эне жогорку маданиятка ээ болсо, баланын маданияттык деңгээли жогору болору шексиз. Наристеге үч жаштан беш жашка чыкканга чейин мыкты пайдубал курулган болсо, аны кийин жаман чөйрө буза албайт.

Кыргыз эстрадасы акыркы жылдары жаш ырчылар менен толукталып өнүгүп жаткандай. Бирок улуу муундагы эстрада ырчылары “сан жагынан өскөнү менен, сапаты талапка ылайык келбей жатат” – деген пикирлерин билдирип келишет. Бүгүнкү кыргыз эстрадасынын сизди өкүндүргөн жагы…
Кыргыз эстрадасынын өнүгүп-өсүп жатканына көз карашым түз. Азыркы жаш ырчылардын арасынан Мирбек Атабеков, Омар, Омалардын талантын баалайм. Адамда беш манжа тең эмес дегендей, арасында эптеп-септеп ырдагандары да жок эмес. Бирок мен бул нерсеге өкүнбөйм. Эл баарына тараза. Эл өзү электен өткөрүп алат. Учуру келгенде мыктылар иргелип, сахнада түбөлүккө калат. Буга бөркүмдөй эле ишенем. Мени өкүнткөнү – кечээ эле айылдан келип, бүгүн кыргызча ырларды орусча акцент менен ырдаганы. Ушундай ырчыларды көргөндө зээним кейип, заманам куурулуп кетет. “Ы” деген тамга менен “и” тамгасын ажыратып айта албаган ырчы да ырчыбы? Акцент менен ырдаган ырчы өзүн аябай маданияттуу сезип, орусча мыкты билерин, кыргызча чала сүйлөрүн калайыкка жар салып, мактанып сыймыктанар. Бирок ал өзүнүн деңгээлинин төмөндүгүн билгизип жатканын сезбесе керек. Ушундай ырчылардын ырларын укканда Россиядан келген орустар, кыргызча ырдап жаткандай таасир калтыра берет. Бирөөнүн калемине таандык ырын бузуп ырдаганга кимдин акысы бар. Ырды аздектеп, ага аяр мамиле жасаш керек. Ыр сенин балаңдай эле болуп калат. Анан эле бирөө келип, балаңдын баш кийимин колуна кийгизип койсо жүрөгүң ооруйт да. Кыргыздын татынакай таза сөздөрүн булгаган ырчылар менин кыжырымды гана кайнатат. Алардын ырларын укканда черим жазылбай эле капа болуп, маанайым түшөт.

Кылымдар бою кыргыз элинин канына сиңип келе жаткан фольклордун аксап жатканынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
Кээ бир адамдар Батыштын музыкасын уксам маданияттуу, билимдүү көрүнөм деп ойлойт. Деңгээли төмөн, өзүн элге көрсөткүсү келген адамдар кыргыздын салттык музыкасын чанып, Батыштын музыкасына басым жасайт деген пикирдемин. Көөдөнү рухий баалуулуктарга толгон адам алгач, өзүнүн музыкасын, каада-салтын баалайт. Өзүмдүн окуучуларыма: “Эгер сен бийик адам болгуң келсе, алгач өзүңдүн музыкаңды баала. Улутуңдун руханий баалуулуктарын түшүнбөсөң, баалай, аздектей албасаң, башка элдин музыкасын эгерим барктай албайсың. Башка элдин тилин, дилин билүү үчүн, а дегенде өзүңдүн тилиңди бил. “Өз агасын агалай албаган бирөөнүн агасын сагалайт” болбой, өзүбүздүн музыканы баалагыла, күүлөрдү уккула деп көп айтам. Салттык музыканын улуулугун балдарга түшүндүрүүгө колумдан келишинче аракет кылып жатам.

Кыргыз сахнасында аккордеон менен чыккан аялзатынан жалгыз гана сиз болсоңуз керек?
Биз Рыспайдын ырларынын сыйкырына таасирленип өстүк. Чынында, айыл жергесинде эстраданын коштоосунда ырдоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен аккордеон, комуз, гитара менен чоңойдум. Мындан сырткары биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары аккордеондо, комузда мыкты ойношот. Жан дүйнөмө аккордеон менен комуз сиңип калган. Устатым Сатыбалдиев Асан агай аккордеондун сырларын алгачкылардан болуп үйрөткөн. Азыр алардын саны тогузга жетти. Көпчүлүгү белекке келген. Тогузун тең кезек менен ойноп турам.

Белекке келген буюмдун баары баалуу сезилет эмеспи. Кимдин берген аккордеону жүрөгүңүзгө жакыныраак?
“Бир бетиңди өпсөм, бир бетиң калат” дегендей, бирин айтсам бири таарынып калат го. Баарын бирдей көрөм. Анткени бардыгы менин талантымды баалап, чын дилден берилген белек.

Эмнеге гитара, комузду эмес, салмактуу аккордеонду тандап алдыңыз эле?
Биздин үйдө баары музыканы сүйгөн, сөз багып, сөздү баалаган адамдар болчу. Атамдан тартып байке-эжелериме чейин аккордеондо ойноп, аябай мыкты ырдашчу. Алар кечинде аккордеондорун колуна алып ырдап калышса жандарына чуркап барып, аспаптарын талашып ойной берчүмүн. Аккордеонду тандап алуума бир чети үй-бүлөм таасир берсе, бир чети Ырыскүл эже таасир этти окшойт.

Төртүнчү класста окуп жүргөнүмдө Ырыскүл Үкүева деген айым “Ыр кесе” телеберүүсүндө “Насыйкат” деген ырды аккордеон менен ырдап чыккан. Ошондо катуу таасирленгем. Кийин аны көрбөй калдым. Мүмкүн ал да ырдабай калган чыгар. Үйдүн кичүүсү болгондуктан эрке кыз элем. Өз каалаганымды жасачумун. Ошол адатым кармап, ата-энеме чыр салып, аккордеон сатып бергиле деген талап койгом. Ал кезде ата-энем пенсионер болчу. Иштебесе кайдагы акча. Аны түшүнчү белем. Айтканымдан кайтпай көгөрүп, ата-энемди тамекиге иштетип аккордеон саттырып алгам. Ошондон тарта аккордеонду колумдан түшүрбөй келе жатам. Менин сырдашым, муңдашым болуп калды. Жүрөгүм ооруп, жан дүйнөм кыйналганда, ичиме бугум батпай буулгуп кеткенде, сырымды, муңумду аккордеон менен бөлүшөм. Башкалар сыяктуу аккордеон мени сатпайт.

Ар бир эле устат өз өнөрүн артындагы жаштарга үйрөтүп, шакирт калтырып кетет эмеспи. Сиздин да жолуңузду улай турган шакирттериңиз барбы?
Артымдан чуркап, аккордеон үйрөтүңүзчү деген жаштар деле жок. Бир чети аккордеон үйрөтүп, шакирт даярдаганга убактым да чектелүү. Бир эмес төрт жерде иштейм. Кечинде той-топурга чакыруулар болот. Чынында, такыр убактым жок. Ырдайм деген жаштар үчүн биздин мектепте “Алтын булбул” деген кружок бар. Каалоочулар келип сабак алышса болот.

Маегибизди башка нукка бурсак. Жолдошуңуз чыгармачылыктан алыс адам экендигин билебиз. Чыгармачылыгыңызга кандай карайт?
Башында каршы болуп жүргөн. Акыры мен жеңдим окшойт. Азыр унчукпай калды. Бирок чыгармачылыкты баалайт, кадырлайт. Эркек да, аны да туура түшүнүш керек.

Чыгармачылыктын түйшүгү оор эмеспи. Эрте кетип, кеч келгенде жолдошуңуз менен пикир келишпестиктер болбойбу?
Болот. Бир айлап сүйлөшпөй калабыз. Кайсы күйөө эле аялынын түн бир оокумга чейин тойдо жүрүшүн кааласын… Башында машина менен тойлорго жеткирип барчу. Кийин кыжыры келип, алып барбай калды. Анан машина сатып алдым. Азыр өзүм айдап барып келем. Кээде кеч келсем, көңүлү көтөрүңкү болсо колумдагы кийим-кечемди көтөрүп киришет. Маанайы жок болсо, эшикти ачып барып жатып алат. Ичтен сызып гана тим болом. Башка кесиптин ээси боло албасам, башка жол менен оокат кыла албасам, эмне кылайын. Жүрөгүм музыка деп турса Кудай берген таланттан кантип качам.

Жарашууга биринчи кадамды ким жасайт?
Жаш убакта алгачкы кадамды мен жасачумун. Канча урушуп таарынтса да кайра эле барып сүйлөй берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен мен дагы көк бет болуп бара жатам. Азыр айлап сүйлөбөй жүрө берем. Балдарыбыз бизге көпүрө болуп, ошолор аркылуу сүйлөшүп турабыз.

Балдарыңыз бой жетип, эс токтотуп калыптыр. Сиздердин ортодогу мамиле балдарыңызга терс таасирин тийгизет деп коркпойсузбу?
Ата-эненин мамилеси балдарга сөзсүз таасирин тийгизет. Муну жакшы билем. Биз таарыныша кеткенде кызым менен балам да муңайып, бизди жал-жал карап калат. Кээде балдарды ойлоп кечиримдүү болууга аракет кылам. Бирок жүрөк деген назик болот турбайбы…

Мезгилдин өтүшү менен ортодогу сүйүү өчүп, сый гана калат деген сөзгө кошуласызбы?
Эми жаш кездеги сүйүүнү өчүрбөй сактап калуу биздин колдогу иш. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда тунук сүйүү бар үчүн биздин курган чеп кулабай келе жатат деп ойлойм.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.