“Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,/Тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыгат!”

Ооба, кыргыз улуттук жазма адабиятындагы көркөм поэзиянын чебери, таланттуу акындын бул айтканы баатырдык. Минтип өзү жөнүндө чоң сөздү батынып айтуу залкарларга гана мүнөздүү. Чынында да поэзия айдыңында анын өлбөс ырлары утуру келген мезгил менен кошо жаңырып, канчаларды артка калтырып таскак салып келе жатат… дагы таскак салып өзү айткандай тээ алыстан чаң ызгыткан шаңы менен кылымдарга кете бермекчи. Анын  залкарлыгы ошондо.

Акын дагы бир ырында “Таштан болор, кумдан болор төшөгүм, аз да болсо сыртта калар сөздөрүм, өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп таскак салып өтөрмүн!” дейт. Ыр ааламынын асманында даңкандары чачырап, саманчынын жолундай жарыгы өчпөс изи менен миң-миңдеген жүрөктөрдү багынтып келет. Аны ким эстесе дагы аялуу, жүрөккө сүртүп эстейт. Кыргыздын кымбат акыны тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Жигиттиктин гүлүндөй 35 гана жашта “өмүргө кас” оорунун айынан  “кайтпас күнгө калкып кете бергенине” алтымыш жыл өтүптүр. Аны эскербей коюу мүмкүн эмес. Төмөндө айрым эскерүүлөргө окурмандар үчүн гезит бетинен орун бердик.

Акындардын акыны
Алыкул Осмонов менин дүйнөмө бала чактан жакын.  Мен ошон үчүн Алыкул темасына  кайрылганымдын жөнү бар. Анын чыгармасынын негизинде 1982-жылы тарткан “Толубай сынчы” аттуу мультфильмим Франциядагы эл аралык фестивалда дипломго татыктуу болду.

Акын дүйнөдөн өткөндө биз борборубуздагы №5 мектепте окучубуз. Эсимде, азыркы орус драма театрынын имаратынан узатышкан. Ага биз да катышканбыз. Андан бери 60 жыл өтүп кетиптир.

Буйрук экен, 1990-жылы мага Алыкул сыйлыгынын лауреаттыгын ыйгарышты. Алыкулдун Панфиловдогу  музейинде менин тарткан сүрөт­төрүмдүн көбү турат. Чынында мен бул акынды сүйөм. Алыкул мезгил өткөн сайын бийиктиги өсүп жаткан улуу талант. Ошон үчүн аны эл сүйөт.

Сагын ИШЕНОВ, КРнын эл артисти, кинорежиссер, Алыкул сыйлыгынын лауреаты

Биздин асманыбыз –Алыкул
Алыкул – биздин мектебибиз. Биз барыбыз ошондон өсүп чыктык. Ал биздин поэзиядагы “а” тамгадан башталган алфавитибиз, “б” тамгадан башталган билимибиз.

Алыкул биздин поэзия асманыбыз. Анын жанган жылдызы тирүүлүккө таңды алып келген Чолпон жылдызындай өчпөс жарык жылдыз.

Анатай ӨМҮРКАНОВ, КРнын эл акыны, Алыкул сыйлыгынын лауреаты

Ата Журтка бүгүн сендей ким ооруйт?!
Ооруп жатып Ата Журтун ойлогон,
Садага чаап жанын жандай ыр үчүн.
Онтосо да ырлар менен онтогон,
О Алыкул, о Алыкул сүйүктүүм!

Эки жаның болсо бирин аябай,
Берсем деген досуң тургай касыңа.
Адамбыз деп душманыңа карабай,
О Алыкул, таазим сенин жаныңа!

Сураганын сурагандай бербеген,
Бул өмүрдөн эрте кетип баратып.
Ыймансызды, ыпластыкты жектеген,
Ырлар үчүн келген эле жашагың.

Боройлогон бороондордо жол тосуп,
Кыргыз элдин эртеңкисин ойлонуп.
Ата Журтка бүгүн сендей ким ооруйт,
О Алыкул, О Алыкул, бир боорум!

Фатима АБДАЛОВА, Алыкул сыйлыгынын лауреаты

Жаш акындарды  Алыкул менен тарбиялаш керек
Орус адабиятында Гоголду өзгөчө белгилешет. Орус жазуучулары Гоголдун шинелинен чыккан деген сөз ошон үчүн айтылып калган. Ал эми кыргыз адабиятында акындардын баары Алыкулдун “Ата Журтунан” чыгышкан.

Алыкулдун поэтикалык ойлоосу боюнча сөз кыла тур-  ган болсок, ал мезгил өткөн сайын жаңырып турат. Бирок сөз чеберчилигинин деңгээли андай эмес.  Ошон үчүн поэтикалык ойлоосуна эталон түзүү үчүн жаш акындарды биринчи Алыкул менен тарбиялаш керек.

Кожокелди КУЛТЕГИН, Алыкул сыйлыгынын лауреаты

“Ата Журт” бүгүнкү күндүн да ыры болуп турат
Алыкул – кыргыз поэзиясынын таң чолпону. Ага кимдер гана таасирленбеген?! Азыркы биздин мыкты акындарыбыздын баары анын ырларын сүйүп жетилишкен.

Бирок, бир кызыгы азыркы учурга чейин анын бийикти-   гине жете албай келатышат. Мисалы, “Ата Журт” аттуу ырына теңдеш ыр жарала элек. Бул ыр мына бүгүнкү биздин элибиздин, өлкөбүздүн ыры болгондой актуалдуулугу ого бетер бийиктегени чындык. Акындын күчү ушул эмеспи! Акындык касиети, таза талант экени ушул эмеспи!

Атантай АКБАРОВ, Алыкул сыйлыгынын лауреаты

“Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!”
Айтылуу акын Алыкулдун бул ыр сабын ким билбейт. Бул ырга бир нече обон да чыгарылган. Ырда акындын мекенине, эл-журтуна деген сүйүүсү, урматтоосу анын орошон ой-сезиминен, кылкурттай назик көңүл туюмунан көк кашка тунук тоо булагындай атырылып чыгат, аны окуган окурманды да, тыңшаган угарманды да толкундатат, ойго салат, мекенчилдик, атуулдук сезимин бүлөп, жандандырат.

Акындын чыгармачылыгынын азыркы учур үчүн сабактары эмнеде турат? Ириде акынды түйшөлт­көн маселелерди, көйгөйлөрдү акын туйгандай туя билүүгө умтулууда турат. Нагыз акындык жаратымдардын, демек акындын өзүнүн да түбөлүктүүлүгү, коом, эл үчүн асылдыгы, баалуулугу дал мына ушунда. Мисалдарга кайрыла кетсек, ошол эле  “Ата Журт” аттуу ырынын маани-маңызы ыр жазылган учурга караганда азыркы учурга ар тараптан дал келип, актуалдуу болуп турат. Азыркы учурда үч  жагдай акындын “Ата Журт” деген ырынын түпкү маңызын ачып берүүгө шарт түзүп олтурат. Биринчиси – Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болгондугу, кыргыз баласы үчүн Ата Журт жана мамлекет деген түшүнүктөрдүн ажырагыс байланышта кабылдана баштаганы. Ата Журтка кам көрүү, ал үчүн күйүү деген түшүнүк мамлекеттин бекемдиги, биримдиги үчүн кам көрүү деген түшүнүккө дал келет.

Экинчиден, акындын ыр саптарында айтылгандай, Ата Журттун асманында кара булут, сур булут айланып турат. Эгемендик алганыбыз менен мамлекеттик өнүгүүнүн өркүндөө жолуна түшө албастан, өлөсөлүү бойдон турабыз. Демек, “сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт”  деп анын келечегине бел байлаган чыныгы патриоттор, мекенчилдер аба-суудай талап кылынып жатат.   Үчүнчүдөн, өлкөдө моралдык кыр-даал да туруксуз. Жер-жерге бөлү­нүүчүлүк, улут­тар ортосундагы карама-каршылык, араздашуу, бийлик жана байлык үчүн күрөш барып-келип эле Ата Журттун келечегине балта чапчу чоң коркунучка айланууда. Коомдогу турукташтык, мамлекеттеги биримдик үчүн күрөштүн маани-маңызы барып-келип эле Ата Журт үчүн күйүү деген маанини билдирип калды. Ушунун баары акындын “Ата Журт” деген ырынын кыргыз баласы үчүн канчалык баалуу экенин айкын тастыктап жатпайбы.

Айта берсе Алыкул акындан алчу сабактарыбыз али көп. Али чети оюла элек. Өкүнүчтүүсү, учурда анын чыгармачылыгын да, өзүн да талаптагыдай даражада урматтай албай олтурабыз. Бардык чыгармалары толук чыкпай жатат. Өмүр баянын, чыгармачылык жолун толук жана терең изилдөө боюнча иштер колго алынбай жатат.

Койчуке КАНАЕВ, философия илимдеринин кандидаты

Жоктоо
Кымбат ырдын кийин  кыйын чыкмасы,
Анда бир жан, Азыр гений, устасы.
Бир үлпөттө жоктоп турду  катарын,
Же көзүнөн ныпым көз жаш  чыксачы.
Дайра күйүп, күн түнөрүп,  жер онтоп,
Катуу бороон-бирөө сөзүн  уксачы!
Жоомартынын орду жок –
Лира турат шолоктоп!..
Жусубунун орду жок –
Муза ыйлайт шолоктоп!
Мукайынын орду жок –
Мурас ыйлап, тур жоктоп!
Күрс-күрс этип,
Өзү жоктоп, өзү онтоп…
Же бир көз жаш чыксачы.
Же бир киши уксачы.
Толубайдай сынчы болуп ал өзү,
Карайласа:
Шырдакбектин жоргосундай  бирөөсү,
Көкаладай бирөө келет  чуу жарып,
Дагы бири –
Толубайдын тулпарынын  тим өзү!

Ошол жоктоп олтурган,
Ошондогу алсыз бул,
Атагы азыр таш жарган,
Чыгаан акын Алыкул!

Өзү оорукчан, көкүрөгү от  жалындап,
Мүнөзү түнт. Дили таза,  көңүлү ак.
Күнү кыска, түбөлүккө жолу  ачык,
Куш төрөсү буудайыктай  чабыттап.

Анын ыры кыргызга кан,  жан эле,
Мүрөк эле, жаңы аткан  таң эле.
Күлүктүгү жоого минсе  ак жолтой,
Жарышта озчу Аккуладай  бар эле!

Низамидин Мурзаев, Чоң-Алай району, Ленин атындагы мектептин мугалими

Даярдап, жазып алган Бактыгүл ЧОТУРОВА,
Алыкул сыйлыгынын лауреаты,
“Кыргыз туусу”, 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.