КУУда “Сынчы” ийрими иштей баштады

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетиндеги “Сынчы” ийрими өз ишин кайрадан жандандырды. Бул туурасында бүгүн адабиятчы Айсулуу Көкөева билдирет.

Бул күнү жаш адабиятчы жана сынчылар акын Аида Эгембердиева менен жолугушуу өткөрүштү. Аталган ийрим өз ишин 1970-жылдары эле баштап, ага алгач азыркы белгилүү адабиятчы, профессор, филология илимдеринин кандидаты Калыбек Байжигитов жетекчилик кылган.

Ийримдин мүчөлөрү Аида Эгембердиеванын жаңыдан жарык көргөн “Аян” (2010) аттуу китебин талкуулашты.

“Сынчы” ийриминин учурдагы жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты Болот Акматовдун айтымында, бул – алгачкы жолугушуу. Мындан ары карай эки жумада бир ушул сыяктуу жолугушуулар өткөрүлүп турмакчы.

А.Мураталиева, «Кабар» МА, 14.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.