Кыргыз театрларынын ыйы жана ыры

70-80-жылдары кыргыз маданияты дүркүрөп өнүгүп, Кыргызстандын булуң-бурчтарына чейин театрлар ачылып, эл батпай аншлаг менен спектаклдер коюлуп, кассаларда билет калбай калчу дешет. Ал мезгил менен бүгүнкү күндүн айрымасы асман менен жердей.

Театр, сезимдерди тазартчу, эс ала турган жай. Ал жерден жан дүйнөңдү байытып, турмуштагы болуп жаткан баардык чындыктарды алса болот. Бирок биздин заманыбыздын шартында мындай жерлер унутулуп бара жатат. Мисалы, биздин өлкөдө жалпысынан алганда 18 театр бар. Алардын ичинен сегизи Бишкек шаарында, экөө Ошто, бирөө Алайда, жана жети дубанда бирден областтык театр жайгашкан. Азыркы учурда баардыгы иштеп жатканы менен келген элдин каттоосу сейрек. Компьютердик оюндар жаштарды азгырып жаткандыгы жашыруун эмес. Келечек ээлери театрга барганча, интернетке кирип кызыктуу кинолорду көрүүнү, баарлашууну артык көрүшөт. Демек, азыртадан аракет кылып, жаштарыбызды виртуалдуу дүйнөдөгү калпыс жолунан сууруп чыгып, жашоосуна рахат тартуулай алчу, сезимдерин сергитчү жайлардан эс алдырууга аракет кылуубуз зарыл. 70-80-жылдары кыргыз маданияты дүркүрөп өнүгүп, Кыргызстандын булуң-бурчтарына чейин театрлар ачылып, эл батпай аншлаг менен спектаклдер коюлуп, кассаларда билет калбай калчу дешет. Ал мезгил менен бүгүнкү күндүн айырымасы асман менен жердей. Кыргыз мамлекети өз алдынча болгондон бери ар кыл революция, төңкөрүштөрдүн кесепетинен өлкө өзү эле эмес, маданияты дагы артка кеткени белгилүү. Биз бүгүнкү материалда учурдагы театрлардын акыбалы, аткарып жаткан иштери тууралуу азын-оолак сөз кылууну туура көрдүк.

Т.Абдумомунов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык драм театры
Үч жылдан бери ремонт жүрүп жаткан бул жерде бүгүнкү күндө да уланып жатат. Театрдын сезондук ачылышы 25-октябрда болгон. 100 орундуу кичи зал убактылуу иштеп, бир жумада 2-3 жолу спекталдер коюлуп турат. Башкы жетекчи Марат Алышпаевдин айтымында, мурдагыга караганда жылыштар бар. Театрдын 785 орундуу чоң залы ишке киришип калса, бутуна тургузууга болот. Финансы маселесин чечүү үчүн кызматкерлер мектептерге, университеттерге спектакль коюп, ар кайсы жакта чапкылап жүрүшкөн убагы. Жакында Кыргызстандагы Германия элчилиги тарабынан беш миң евро колдоо көрсөтүлүп, 8-декабрда театрда түрктөрдүн Германиядагы жашоосу тууралуу “Кур намыс” аттуу спектакль болду.

“Президент Роза Отунбаева 8 млн. сом жардам көрсөткөн. Анын тогуз жүз алтымыш миңине театрдын үстүндөгү шиферлерин алмаштырдык”-дейт директор Марат Алышпаев. Мына ушундай демөөрчүлөрдүн акчаларын үнөмдүү пайдаланып, жакында эле 375 000 сомго он сегиз орундуу “Мерседес” кичи автобусун сатып алышкан. Мурда гастролдорго чыкканда атайын унаа жалдап жүрүшсө, азыр өздөрүнүкү менен каалаган учурунда кете беришет.

М. Жангазиев атындагы куурчак театры
Албетте, аты эле айтып тургандай бул жай куурчактар менен жан дүйнөнүн сырларын аччу жер. Жакында эле Казакстандын Ак-Төбө шаарында болуп өткөн куурчак театрлардын фестивалында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен баргандардын арасынан калыстар тобунун баасында, образдарды кооз жаратылыштагы жан жаныбар, канаттуу куштардын сүйлөөсү менен түзүлгөн жомок сценарий аркылуу ачып беришкендиги үчүн эң мыкты деген баага арзыган. Фестивалда башка мамлекеттердин баланын жан дүйнөсүнө башкача терс сезим калтыра турган автомат, атышуу, кан төгүү сыяктуу агрессивдүү көрүнүштөр менен сүрөттөлгөн спектакли сынчылардын купулуна толгон эмес.

Театрдын акыбалы бүгүнкү күндө түзүк десек болчудай. Таланттуу артисттер иштеп, жаштарды кармап калуу максатында жүз, элүү пайыз өлчөмдө айлык акыларын көтөрүп беришкен. “Мындан сырткары үй жайы жок, кыйналган жаштар үчүн жаз башталса жатакана салдырууну пландап жатабыз”- дейт башкы директор Темирлан Сманбеков. Айлык акылары башка театрлардай өкмөт тарабынан каржыланат. Андан сырткары коюлган спектаклдерден түшкөн акчалар кызматкерлердин маянасына кошумча төлөнөт. Бул жердин кызматкерлеринин айлык акысы 4000 сомдон 7000 сомго чейин.

Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы театры мышык ыйлагыдай абалда
Ар кайсы жерлерде баш калкалап, өзүнчө имараты жок иштегенге шарты да келишпей, “көрүнгөн жердин күкүгү” болуп жүргөн бул театр азыр оор акыбалда турат. Кызматкерлердин алган айлыгы күнүмдүк жанды багууга жарабаган 1 900 -3 000 сомдун тегерегинде. Ага карабастан театрдын артисттери болгон күч аракетин жумшап иштеп жатышат. “Жакында Чүй дубанын кыдырып, спектаклдерди коюуга даярданып жатабыз. Жардам көрсөтүлүп, өз алдынча мекеме, унаа берилсе бийик деңгээлге жетишип, бүткүл дүйнөнү кыдырып, фестивалдарга катышууга шыгы бар таланттар иштеп жатышат”- дейт башкы директор Орозбек Айдаров. “Үмүтсүз шайтан”-дегендей үмүт кылып, мамлекеттин стабилдешип, буттан турушун күтүп, чымыркана, ары карап ыйлап, бери карап күлүп иштеп жатышкандыгын айтышты театр кызматкерлери.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Убагында дүйнөгө аты чыккан атактуу “Чолпон” спектакли коюлуп, кыргыздын туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева чимириле бийлеген Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театры бүгүнкү күндө да өз кадыр-баркын жогото элек. Классикалык, фольклордук, улуттук, опералык жанрдагы концерттер коюлуп, көрүүчүлөрдүн аягы үзүлбөйт. Көрүүчүлөр көбүнчө чет мамлекеттен келген өкүлдөр, студенттер. Эл купулуна толуп, 70-80 жылдары атактуу болгон спектаклдер бүгүнкү күндө кайрадан иштелип чыгып, сахнага коюуга аракет көрүп жатышат. Нечендеген фестивалдардын жеңүүчүсү “Чолпон” спектакли кайрадан каралып, жарактан чыгып калган костюмдар жаңыланып тигилип эл алдына тартуулоонун алдында турат. Буга Маданият министирлиги атайын каражат бөлүп берген. Азил-тамаша, күлкү, курч сөздөр камтылган Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” аттуу комедиясын коюуга да даярдык кызуу жүрүүдө. Германиянын, Түркиянын, АКШнын Кыргызстандагы элчиликтери тарабынан каражаттар бөлүнүп турат. 50-60-жылдарда коюлган аппаратуралар алмаштырылбай, ошондогу сахнага жарык берчү лампалар бирде иштесе, кээде иштебей жетекчиликтин айласын түгөтөт. Кээде техникалык каражаттар таптакыр жарактан чыгып калган учурда тетиктерди Россиядан алдырууга туура келет. Бизде андай аппаратураларды чыгарган завод эмес, саткан дүкөндөр дагы жок. Жылына эле оңдоп-түзөө иштерине 10 млн сомдон ашык акча кетет. Мунун баары көрүүчүлөрдөн түшкөн каражатка жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылат. Чыныгы кесибин сүйгөн, фанаттар гана көп жылдарга иштеп калбаса жаштарды мында кармап калуу кыйын, күнүмдүк жашоого жетпеген 3000 сом айлык акыга эч кимдин иштегиси келбейт. “Жакында театрдын таланттуу кызматкеринин Тажикстандын 500 доллар айлык акы сунушунан баш тарта албай ал өлкөгө кетип, андан сырткары артисттер Россия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерге кетип калышчудай”- деп кейиди башкы директор Тимур Саламатов.

“Ишенген үчүн ушундай жан кашайган шартта иштеп жүрөбүз”
Биздин театрлар – кыргыз маданиятынын күзгүсү. Бирок, азыркы учурда 70-80- жылдардагыдай эл агылып келип, спектаклдер биринин артынан бири коюлбай, солгундап турган учуру. “Деги эле жүрөктү өйүгөн маселе, бизде театрлардын келечеги барбы?”- деген суроо менен дал ушул тармактагы бир нече жетекчилерге кайрылдык.

Марат Алышпаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын башкы директору:
– Албетте, ишенем. Ушинтип кичине-кичинеден бутубузга туруп, мамлекетибиз оңолуп кетсе эле театрларыбыз иштейт дегенге үмүтүбүз чоң. Буйруса, чоң залыбыз бүтсө чоң-чоң спектаклдерди коюп иштейбиз. Азыр биздин жаштардын түшүнүгү башка болуп жатпайбы. Болбосо театрда жан дүйнөнү байытуунун уюткулуу күчтүү көрөңгөсү бар. Батыштын бизге келген жаман кинолорунан улам, минтип ар кандай көрүнүштөр көбөйүп кетти. Менин билишимче Америкада силер көрүп жүргөн терс сапаттагы, өсүп келе жаткан жаш муундардын психологиясына тескери таасирин тийгизе турган кинолорду жаштарына көрсөткөнгө коюуга катуу тыюу салынган. Театр менен кино таптакыр эки башка нерсе. Кинодон алган тарбияны жаштар театрдан алса, эң жакшы болмок. Себеби театрда тарбия бере турган, жаштардын психологиясына оң таасирин тийгизе турган кандайдыр тарбиялык мааниси бар спектаклдер коюлат.

Темирлан Сманбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Муса Жангазиев атыдагы куурчак театрынын башкы директору:
– Ишеничим бар. Баштагы союз учурундагыдай болуп, эртең эле укмуш иштеп кетет деп айта албайм. Ушул бойдон эле мамлекет оор акыбалда туруп калмак беле? Парламент иштесе, жашообуз оңолуп, театрлар иштеп, эл баштагыдай келишине ишенем. Келечекте кудай буйруса, кыргыз маданиятын көтөрөлү, мыкты жетишкендиктерге жеткирели деп иштеп жүрөбүз да. Мурдагыдай болуп, күнү-түнү спектаклдер коюлуп эмдиги жылы эле иштеп кетет деп айта албайм го, бирок жакынкы аралыкта менимче 5-10 жылдын тегерегинде кайра ордуна келип калыптанат деп ишенем.

Орозбек Айдаров, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы театрынын башкы директору:
– Эмнеге театрлардын келечеги жок, албетте бар. Ишенген үчүн ушундай жан кашайткан шарт болуп турса дагы иштеп жүрөбүз да. Бүгүнкү күндө батыштын башаламан фильмдери биздин кыргыз жаштарынын психологиясын бузуп талкалап бүттү. Демек, биз аларга каршы согуш ачууга убакыт келип жетти деп ойлойм. Ошондуктан, театр кызматкерлери азыртадан кам көрүп, кийинки муундардын эртеңки келечегине жакшы таасирин тийгизе турган мыкты спектаклдерди коюп, азыртадан аракет кылышыбыз керек. Биз мына ушул принципти карманып туруп, түзүлгөн шарттын начарына карабай иштеп жатабыз.

Тимур Саламатов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору:
– Чыгармачылык деген кандай учур болбосун алдыга кете берчү токтобой турган нерсе. Театрлардын келечегине ишенбейм деп эч качан айта албайм. Мамлекетибиз мына эми араң бутунан туруп келе жатпайбы. Кудай буйруса, стабилдешип, Жогорку Кеңеш иштесе? анан аз-аздап баары ордуна келет деп ишенем. Мына биздин адегенде өздүк унаабыз жок. Гастролдорго чыкканда аябай кыйналабыз, шартыбыз дагы жок. Артисттердин жатаканасы, тамак-ашы, баскан-турганына эле канчалаган акчалар кетет. Жакында айылдарга гастролго чыгалы деп планга киргиздик. Кээ бирлери опера, балет деген эмне экенин билбеген адамдар бар. Мына ушуну эске алып, айыл элинин маданиятын көтөрөлү деген ойго келип даярданып жатабыз. Бирок шарт жагын кандай кылабыз, билбейм. Себеби хорго жок дегенде 50 киши, балетке 20 киши, спектаклге 20-30 киши керек. Ошондо жалпы эсеп менен 100 кишиден ашып кетип жатпайбы. Мамлекет бир жолго түшүп, жаңы шайланган депутаттар иштеп кетсе, биз бул маселени өкмөткө дагы бир жолу сунуштайлы деп жатабыз. Мурда да сунушталган, бирок каралбай жатат. Үмүттү үзбөй турсак бүт баары ордуна келет деп ишенем.

БЕТТИ ДАЯРДАГАН БАЯН КУЛОВА, «Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.